Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
  Экөө

Жогорку Кеңешинин депутаты Шарипа Садыбакасова жубайы Асылбек Абиров менен.
1970-жылы баш кошушкан. Эки кыз, бир уул, үч неберелүү болушкан.
- Шарипа Садыбакасовна, кайсы жерге келин болгонсуз?
- Аксакалыбыз Кегитилик болот. Ошол жакка келин болгом.
- Сүйлөшүп жүрүп баш кошконсуздарбы же сизди ала качып кетти беле?
- Биз 17, 18 жашта баш кошкон жокпуз, тотугуп, жашыбыз бир топко келип калганда баш кошконбуз.
- Кайсы жерден, кандайча таанышып калдыңыздар эле?
- Аксакал анда летчик болчу. Иш боюнча командировкага көп баргандыктан самолетто көп жүрдүм. Ошондо таанышып калганбыз. Аксакалыбыз пенсияга чыгып, азыр үйдө. Ага чейин аскердик учкучта, граждандык авиацияда башкы башкармалыгынын орун басары болуп иштеген.
- Сиз өмүр бою жетекчилик кызматта иштеп келатасыз. Сурайын дегеним, "Аял кишинин кызматы күйөөсүнөн жогору болуп калса, күйөөсүн башкарып алат экен" деп айтышат. Сиздин жолдошуңузга болгон мамилеңиз кандай?
- (Күлүп) Балдарыбыз үйбүлө күтүп, кичүү кызыбыз да турмушка чыкты. Үйдө бири-бирибизге таяныч болгон эки гана киши калды. Ал - экөөбүз. Анан кимибиз кимибизди башкармак элек. Мен негизи тынчтыкты жакшы көрөм. Иштен кийин жакшы темада сүйлөшкүм келет.
- Жолдошуңузга кандай мүнөздөмө бере аласыз?
- Жогорку билимдүү. Бүгүнкү күнгө чейин китеп колунан түшпөйт. Көп окуйт. Гезит, журналдын баарын окуп, теле-радиодон жаңылыктарды калтырбай көрөт. Патриоттук сезими күчтүү. Кыргызстан үчүн күйүп-бышмай жагы бар. "Ой, депутаттар эмне кылып жатасыңар, Каркыра жайлоосу казактарга кетип жаткан турбайбы" деп жана башка дагы көп нерсени айтып, жумуштан чарчап келгениме карабай кейип-кепчип тосуп алат. "Ар бир нерсенин алгачкы документтери болот, ошону кара. Башындагы нерсени билбей туруп ал ишке эрте баа берген болбойт. Иштен чарчап келдим. "Кайгылуу Какейдей" болбой тынч болчу. Үйгө келсем дагы үйдө "Какей" десем, түшүнүп, лирика окуп, пианинодо ойноп менин көңүлүмдү көтөрүп жибермей жагы бар. Негизинен ак көңүл киши.
- Жолдошуңузду үйдө сизге "оппозиция" киши десек болобу?
- (Күлүп) Оппозициялык маанайда сөз ыргытканы менен ошол маселени туура түшүндүрүп берсем туура түшүнөт. Бир нерсенин чын-төгүнүн билгиси келсе, интернетке кирип, ал жерден окуп тактап алат.
- "Турмушта таарынуу бар, жарашуу бар" дегендей, таарынышып калган учурлар болсо керек?
- "Медалдын эки бети бар, жашоонун күн-түнү бар" дегендей, адамдын турмушу жаратылыштын төрт кубулушуна сыят эмеспи. Анын сыңарындай, биздин үйбүлөдө да төрт кубулуш болуп кетет. Бирок, ошону болтурбаш үчүн кышын кыштай, жазын жаздай туура пайдаланыш керек деп ойлойм.
- Биз билгенден көп сүйлөбөгөн, көп күлбөгөн, оор басырыктуу айымсыз. Биз үчүн мүнөзүңүз табышмак. Табышмактын жандырмагын билсек болобу?
- (Күлүп) Мени сессияда "А" же "Б" дебей, унчукпай олтура берет" деп журналисттер сынап жүрүшпөйбү. Мен мектепте окуп жүргөндө тентек кыз болчумун. Тентектигимден апама арызданышып кыздар үйгө көп келишчү... Мүнөз кызматка жараша өзгөрөт тура. Кызмат сени маданиятка, этикага, көп окуп, изденүүгө, билим жагынан жогору турууга тарбиялап, турмушка болгон көз карашыңды өзгөртөт экен. Мен көп жыл мекеме жетекчиси болуп иштеп калдым. Бирөөнү жетектеш үчүн көп нерсеге андан жогору турушуң керек. Улук болбосоң сени сыйлабайт. Бирок, "Улук болсоң да кичик бол" дегендей, ар бир кызматчынын мүнөзүнө жараша мамиле кылууга аракет кылам. Мисалы, биздин коллективдин көпчүлүгү кыздар. Кырк кызда кырк кыял бар. Кырк кыялдын кырк түйшүгү болот, ага чыдаш керек.
- Сизди Кыргызстандагы он бай кишинин бири деп айтышат. Бардар айым деп айтсак болобу?
- Болот. Кыргызстандагы 10 бай кишинин тизмесине мени да кошуп, 5-каналдан атымды атап жатканын угуп "уучум кур эмес, атагы чыккан айымдардан экемин" деп сүйүнүп калдым. "Пенденин оозунда эмне болсо, Кудайдын кулагында" дегендей, силерге окшогон журналисттер "бай" деп айта берип байытып салдыңар. АКБ Кыргызстан акционерлердин биримин. Буга тобо десе болот. Биздин акционердик капиталдын төлөгөнү 160 млн сом. 30 пайыз менен эсептегенде 48 млн сом болот. Бул деле чоң байлык деп эсептейм. Акционердик капитал банктын ичинде жаткан капитал. Ал элге, анын ичинен бизге иштеп берсин.
- Бардар киши бай жерден гана келин алат деп айтышат...
- Биз эч качан балдардын тагдырына кийлигишкен эмеспиз. Балдар өздөрү бири-бирин табышты. "Турмуш курабыз" деп баш кошконго даярданып калышканда ата-энелик милдетибизди аткарып, колдоп бердик.
- Балдарыңыздын бирөө жарымы сиздин кесибиңизди уладыбы?
- Көп жылдан бери банк системасында иштеп келатам. Мээнет менен түптөгөн ишимдин учугун балдарым уласа экен деген ниетте банк системасына орноштургам. Экономика факультетин бүтүрүшкөн. Өз кесиптери менен иштеп жатышат.
- Дагы эле банкка башчылык кылып жатасызбы же жетекчиликти балдарыңызга өткөрүп бердиңизби?
- Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болуп шайлангандан бери банкта иштебей калгам. Ал жерге жөн гана коомдук жардам катары барып турам.
- Бала кезиңизде банкир болом деп ойлобосоңуз керек?
- Бала кезде врач болсом дечүмүн. Атүгүл тикенектен ийне жасап, аны укол деп кыздарга сайып ойночумун. 7-8 жаштарда болсом керек.
Мурда 7-классты бүткөндөн кийин окуу жайларга тапшыра беришчү. 1956-жылы 7-классты (Оштон Аравандан бүтүп келгем) ийгиликтүү аяктап, эжемди ээрчип шаарга келип калдым. Эжем менен жездем мугалим болуп иштешчү. Окууга өткөрүп коюшту. Келечекте кандай адистикти алып чыгаарымды деле түшүнгөн эмесмин. Оюмдун баары эле эртерээк окуумду бүтүп, апама кол кабыш кылып, жардамдашсам экен деп жүрүп бүттүм. Качан гана колума диплом алып, банкка иштегенден кийин гана бул кесип деле "экономиканын врачы" экенин түшүндүм. Биз Совет учурунда "ооруп" калган мекемелерди дарылап, жөнгө салып чыкканга өбөлгө түздүк десем жаңылышпайм. Себеби, тартыштык, мүчүлүштүк, финансы себебин таап, эмнеден бул мекеме кыйналды, кайсы жерден аксады деп кемчиликтердин баарына анализ жасачубуз. Ал кезде экономисттердин банкка иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Көп тармактуу экономикага кол кабыш кыла алган мыкты адистер бар болчу. Практика жүзүндө көп нерсени түшүнүп, үйрөнүп, экономика жагын тандап, ушул багытта иштеп кеттим. Мамлекеттик банктан таалим-тарбия алып, тепкичтен тепкичке көтөрүлүп, жетекчиликке чейин жеттим.
- Бир туугандарыңыз да банк системасында иштейби?
- Бир туугандарым ар тараптуу тармакта окуп, жогорку билимдүү болушту. Баары үйлүү-жайлуу, очор-бачарлуу. Апам алты баланы жалгыз өзү тарбиялады. Атам 35 жашында эле ооруп каза болуп калыптыр. Апам чиедей балдары менен атамдан өтө жаш калган. Ошондо мен 3 жашта экем. Биздин үйбүлөлүк турмушка апамдын салымы чоң. Биз кечирээк турмуш куруп, чакан турмушта жашадык. Балдарыбызды багып, иштегенге шарт түзүп берди. Уулдарынан уруксат сурап, атайы Атбашыдан келип, биздин турмушубузду оңоп, жолго салып берди. 30 жылдай апабыз биз менен чогуу жашады. Ошол учурда тели-теңтуштар келип калганда: "Балдарыңыздын кимисин көбүрөөк баккыңыз келет?" деп апамдан сурап калышса, "Кимиси начарыраак жашаганын карагым келет" деп жооп берчү. "Начар жашаганы Шарипа менен Асылбек болсо, анда калган балдарыңыз кандай жашайт болду экен?" деп күлүп калышчу. Азыр кичүү уулунунун колунда. Биз менен жашап жүргөндө мен жумушка кетип баратсам, чакырып алып: "Сен атаңды тартып алангазар болдуң. Ак көңүлдүк жайың да бар эле. Документтерге абайлап кол койсоң" деп узатып калчу. "60тан ашып калсам деле апам мага акыл үйрөтө берет" деп сөзүнө кичине таарынгансып калчумун. Көрсө, энеге өмүр бою бала бойдон кала берет турбайсыңбы. Сени жамандыкка кыйбай калкалап турат экен.
- Апаңыз канчага келип калды?
- Апам кыбырасын көргөн касиеттүү киши. 99 жашка келди. 60тай небереси, 50дөй чөбөрөсү бар. Биздин үйдө жакшы нерсеге айланган бир салт бар. Жыл сайын бир туугандар 8-мартта чогулуп, апамдын ак батасын алабыз. Ошого көнүп калгандыктанбы, "силерге бата берип, дагы бир топко чейин тура турсам экен" деп калат. Бата берүүнү парз катары көрөт. Апабыз биринчи коммунисттерден. Өлкө башынан эмнени өткөрсө, ошону чогуу башынан өткөрүп келатат.
- Сиздин дикцияңыз дикторлукка туура келет. Үнүңүз да жагымдуу. Жакшы ырдайт окшойсуз?
- 1960-жылдары болсо керек. Самолетто бир киши менен катар отуруп, баарлашып калдым. Кыргыз телевидениесинде телережиссер болуп иштейт экен. "Сиздин үнүңүз бийик чыгып, дикторлукка ылайыктуу экен.Телевидениеге келбейсизби?" деп калды. "Артист болгум келбейт, бирок сахнанын артынан кагазыңарды окуп бергенге макулмун" деп тиги кишини катуу таарынтып алгам. Илгери айылдагылар "ким болсоң ошо бол, бирок артист болбо!" деп көп айтышчу эмес беле. Кулакка сиңип калгангабы, түз эле тарс айтып жиберип, тиги кишини ыйгайсыз абалда калтыргам. Анын үстүнө кагазды окуганга киши жок болуп жаткан экен деп да түшүнүп алыптырмын. Ал эми ырга такыр шыгым жок. Мектепте жүргөндө классташтарым менен сахнага хорго чыккам. Бир убакта эле агай: "Шарипа, түш сахнадан, сенин үнүң бузуп жатат" деп калды. Ошондон кийин ырдабай калгам.
- Анда музыка сабагынан "аксачу" турбайсызбы. Кайсы сабакты жакшы көрчүсүз?
- Математика. Эсеп чыгарганды жакшы көрчүмүн.
- Дагы эмнеге кызыкчу элеңиз?
- Мондалин черткенге кызыкчумун. Илгери кыңылдатып калчубуз. Ал өнөр жаш кез менен кош айтышып калды окшойт.
- Кол өнөрчүлүк жагына кандай элеңиз?
- Жакшы. Сайма, туш кийиз саймай, шырдак шырымай, курак курамай, кийим-кече тиге коймой өнөрүбүз бар эле. Кыздарыныкын да, неберелеринин себинин баарын апам даярдап берген. Кол өнөрчүлүк да өзүнчө искусство. Аны кооздоп-түзөгөнгө убакыт жетишчү эмес.
- Кандай жанрдагы китептерди окуйсуз?
- Жаш кезде адабий, тарыхый, философиялык китептерди окучумун. Азыр денсоолукка байланыштуу китептерди окуп калдым. Кайсы чөп кайсы ооруга дары болду экен деп денсоолуктун алдын алып калат экенсиң. Ал эми Дастан Сарыгуловдун "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген аталыштагы китеби столумдун үстүндө турат. Автордун китебин окуп, анализ жүргүзгөнгө убакыт жок болуп жатат.
- Диетада отурган кезиңиз турбайбы?
- Жок, кармабайбыз деле. Этсиз тура албайбыз. Таттуу, даамдуу тамактан баш тартпайбыз.
- Үйдөн тамактанасызбы же кафеденби?
- Үйдөн жасалган тамакка не жетсин. Үйдөн эле тамактанабыз.
- Турмушта идеалдуу киши жок. Калп айткан учурларыңыз болду беле?
- Болгон. Бардык эле адам калп айтат болуш керек. Мисалы, бирөөнүн жаман жактарын көрүп калсаң, кыйышпас кишиңдин көңүлү үчүн калп айтасың. Врачтар деле пациентти "эртең өлөсүң" деп ачык айта албай, "айыктыңыз" деп ооруканадан чыгарып коюп жатпайбы. Бул деле калп айтуунун бир маданияты.
- Маегиңизге чоң ырахмат.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!