Коомдук-саясый гезит
№08, 11.04.08-ж.




◄◄◄
 12-апрель - Космонавтика күнү

В.Терешкова таластын кызыбы?
Ничего не подобно. Орустун эле кызы. Таласты оозанган себебибиз Кыргызстандагы эң шуулдаган өткүр, тың кыздар ошо чөлкөмдөн чыгат эмеспи. Атүгүл "президент болом десең таластык кызга үйлөн" деген элде кеп да бар. Бул сөз жалаң эле Акаевдин аялы Майрам эже таластык экендигинен чыккан эмес, кыргыздын жоон топ мыкты адамдарынын жубайлары, көбү таластык кыздар. Президент эмес космонавт чыкса ушул таластык жигиттерден же кыздардан чыгышы толук ыктымал. Маңдайга бүткөн жалгыз космонавтыбыз Салижан Шарипов кандай болгон күндө да кыргыз эмес, анын үстүнө орус жараны да болуп алган, келсе сый конок гана катарында жүрүп кетип турганы болбосо, карапайым көп кыргызга аты гана угулуп, заты бөлөк.
Кеп аялдар арасынан аалам туңгуюгуна алгач ирет чыйыр салган В.Терешкова жөнүндө болмокчу. Валентина Владимировна журналисттерди көп жактыра бербейт, ошондуктан маалымат каражаттарына берген маектери өтө эле чанда. Тарыхый кинохроникалардан адамзат көргөн биринчи аял-космонавттын космосто 71 саат учуп жүрүп жерге түшүшү, Терешкованын жылмаюу жайылган жүзү гана эсте калган. Чынында 71 саат бою Терешкова кайра-кайра окшуп, кусуп, кыйналганын, улам эстен танганын, байланышка чымырканып араң чыгып турганын эч ким билбейт. Коноордо аппарат аны Жерге түшүргөндүн ордуна, тескерисинче "өйдө" алып кетип калганын, аны эптеп оңдоп, конгондо да катуу шамал көтөрүлүп конуучу аппаратты парашюту менен бирге камгактай алыс учуруп барып араң конгонун, Терешкова ооруканадан гана эсине келгенин эми канча жылдан кийин гана өзү ачыкка чыгарып отурбайбы. Үч сутка бою креслого арчындала байланып, лыкыйа бир калыпта, кораблдин иттин уясындай болгон тар отсегинде отурганды элестетүү кыйын. Мунуң үчүн аял кишиге канчалаган эрк, кайрат керек, айтуу татаал. Бирок үч суткалык космостук кууралдын артынан Валентинага өмүрү соолбос, бүтпөс накта жыргал, жылдыздуу жашоо келди. Ал миллиондогон аялдарга кумир болуп чыга келди, не деген мамлекеттердин падышалары колун кысып, башын ийген, эрдигине чын дилден таазим кылган, кайда кадам баспасын көзүнүн ак-карасы менен тең айланган өлкөнүн эле дейсиңби, бүткүл ааламдын эрке кызына айланды. Сыйлык артынан сыйлыкка, наам артынан наамга марыды, гүлдөрдүн деңизине көмүлдү. Жалгыз бой, суйсалган баатыр кызды ошо кездеги падыша Никита Хрущев өзүнүн жеке демилгеси аркылуу космонавт А.Николаев менен табыштырды. Бирөөлөр Хрущев бул экөөнөн советтик коом үчүн көрсөтмө үлгүдөгү үйбүлөнү жасагысы келген дешсе, башкалардын айтымында бул экөө бири-бирин Хрущевко чейин эле жактырып жүрүшкөнүн айтышат. Иши кылып Политбюро өзү баш болуп шапар тепкен бул шумдук тойдон кийин "үлгүлүү үйбүлө" болгону сегиз жыл гана чогуу жашап ажырашып тынышты. Космонавт күйөө ичкиликтин акесин окуткан, аял атмайга аягы суюк шылкым адам экенин билген соң Валентина ортодогу перзентинин "атасыз калаарынан" түк чочулабай этпей эле араны ачык кылып таштады. "Эри жоктун этеги өзүнө душман" дегендей Терешкованын өзү туурасында деле күбүр-шыбыр айың кептер көпкө басылбай жүрдү, атүгүл Гагариндин өзү менен соо эмес дегенге чейин ушак таратышты. Терешкованын өзүнүн айтымында ага өмүрдө чындап шерик, тагдырлаш болгон бир гана адам - экинчи күйөөсү, белгилүү хирург Юлий Шапошников гана ага кымбат. Ракка чалдыгып көзү өткөн соң бул турмушта жалгыз гана кубанычы болуп небереси Алеша калды. Экөө чогуу жашап келишет. Валентина Владимировна дагы эле болсо коомдук жумуштарды аркалап келет. "Эгерде акчам болгондо космостук турист болуп учуп барып келмекмин, - дейт Орусия армиясындагы бүгүнкү күнгө чейин жападан-жалгыз генерал-майор чини бар Терешкова айым. - Мен көптөн бери табышмактуу кызыл планета - Марсты кызыгып изилдеп келем, ошол планетага биротоло учуп кеткенге даярмын".




  Пул заман, кул заман

Сахалин сапары
(Башы өткөн сандарда)
Сахалинде да Кыргызстандан көчүп барып жашап жатышкан орус туугандар бар экен. Булар 90-жылдардын башында эле баягы "улуу орус көчүнүн" алгачкы толкуну менен козголуп, Орусияга көчүп кеткендерден болуп чыкты. Корсаковдун ичинде да ошол эски жердештерди көрдүк. Александр Федорович деген абышка биздин Карабалталык болуп чыкты. "Өмүр бою Кыргызстанда жашап эми карылык бул жерге буюрган экен, эмне кылабыз... Кийинчерээк көчүп кеткениме далай өкүндүм. Бирок арга жок, биз ушу жерден өмүрүбүздүн аягына чыгат окшойбуз эми", - деп көзүн жалдыратып так-так кыргызча сүйлөп отурса аяп да кетесиң. Бу жердеги орустардан айырмаланып өзүнчө мыкты чарба күтүптүр, жашоосу бир топ тың, эки саан уй, чочкодон өйдө кармайт экен. Квартиранттары да кыргыздар. Абышка Александр Федорович бардык жерде каадасын келтирип туруп, түсү саргыл, туптунук самогон тартат. Бул өнөрү Карабалтада жүргөндө эле кошуналары, достору арасында таасын таанылып, оозго алынып кеткен экен. "Атаңгөрү Кыргызстандагыдай жер-жемиш ушу жакта болсо кана, самогонду кандай тартканды буларга көрсөтпөйт белем, булар самогон түспөлдөтүп эптеп-септеген бирдеме жасашат экен, анысына түк ичим чыкпай койду, жакшы самогон денсоолукка пайда, ал эми булардыкы ооруткандан башкага жарабайт" - дейт барпалаңдап абышка. Чын эле дейбиз биз да кыйраткан самогон билермандары болумуш этип. Ырасы кыргызда самогондун баркы болгон эмес, анын жүз граммы аракка караганда арзан болгонунан гана биздеги "чебер ичкичтер" кызыгып согушат, анын дарылык пайдасы туурасында билгендер деле жок болушу керек. Бизде эркелетип "самаш" атка конгон бул оттуу ичимдиктин тарыхы биз ойлогондон алда канча терең. Накта дыйкандардын колунан чыккан бул орустун элдик шарабы убагында өзүнүн кадыр-баркында болуп, кийин арак, вино, пиво чыгып кеткен соң үчүнчү орунга жылып кетсе да эл арасында дагы эле кеңири пайдаланылып келатат. Эгерде ичет десе эле банкесин башына жаздап алып ичпей, убак, маалы менен аз-аздан ичип турса арактан алда канча пайдалуу экенин көп уктум, аны"жеке тажрыйбада" текшерип да көргөнбүз. Атактуу падыша Петр биринчи өзү самогонду анча-мынча "деңиздин ары жагынан келген" ичимдиктерден жогору койгон дешет. Жан-жөкөрлөр падышанын бул "хоббисин" жакшы билип, карапайым элдин ичинен тандап жүрүп мыкты чеберди табышкан. Ал кургур күндөп-түндөп дүмүрөңдөп ичимдик даярдоо менен алектенген, жер-жемиштин түр-түрүн алдырып, падышанын назик табитин тапкыдай касиетке эгедер мыкты ичимдик тартып, бул өнөрдүн туу чокусуна жеткен окшобойбу. Угушубузга караганда самогонду дагы бир орус падышасы, жайы жанатта болгур Б.Ельцин да жакшы көргөн экен. Кайсы бир чет өлкөнү кыдырып жүрсө шүдүңдөгөн журналисттердин бири "Ельцин мырза, спирт ичимдиктерине кандайсыз, "Мартини, вискиси жагабы же орус арагын жактырасызбы?" деп суроо ыргытып калса анда Боке (Борис) "Мага виски-миски эмес, орустун арагы артык, андан да орустун самогону өйдө" дептир. Самогон деген эмне ичимдик экенин түшүнбөгөн чет элдин журналисти буйдала түшүп, кайра сурайын десе Борис Николаевич жөнөп кеткен экен эчак. Айтпаса төгүнбү дегендей Борис Николаевич Кыргызстанга келип көл тарапта эс алып жатканда да кокустан патриоттук сезими ойгонуп кетип "самогон ичем, тапкыла" деп калбаспы. Ошондо тейлеп жүргөндөр накта азапка кабылган экен, "самаш дүкөндөр" атайын жаптырылып, сатсаңар өлдүңөр деп эскертүү алышкан "усталар" ач кулактан тынч кулак, челектерин каңтарып кол куушуруп олтурушкан сыягы, башка чарба менен алектенимиш этип. "Самаш" эч кимде жок, офицерлер айылдан-айылды түрө чуркап кыдырышып эстери оогон дешет. Акыры четки айылдардан самогонун катып койгон бирөө табылып, жетип барышса ал шордуу камаганы келатышат экен деп укканбы, айтор жүрөгү түшүп зыр койгонго даярданып калыптыр. Иштин чоо-жайын түшүндүрүшкөндөн кийин гана оф деп жеңилдене түшүп, анан баасын бир канчага өйдө тээп туруп пулдаган экен бечара. Бул окуя алигиде Ельцин кызуу болуп алып Акаевдин башын чай кашык менен ургулап "Калинканы" ойногондо болуптур. Кийин аны өзүнүн жан-жөкөрлөрү, сакчы башы генерал А.Коржаков "Ельцин: от рассвета до заката" (аты ушундай болсо керек эле) деген китебине майдалап эзип жазбадыбы. Бирок китепке "Чай кашык окуясы" кирип, "самаш" окуясы кирбей калган. Кыскасы самогон ичимдигин баягы жогоруда кеп кылган абышка ийине жете өздөштүрүптүр, кошуна-колоңдордон тартып өзүнө үйүр алдырыптыр. Сахалиндиктер көбүнчө өзгөчө кышында тоңгон суунун үстүндө керээли кечке балык кармап отурушканда буларды ичтен жылытып , турчу ичимдик болбосо болбойт. Абышканын самогону арактан алда канча күчтүү болуп, ысыгы да узакка жетет окшобойбу, андыктан алдын-ала заказ да айтып коюшат дейт. Иши кылып эски жердешибиздин бул жерге келип бир топ тың жана бардар бакубат өмүр кечирип жатканын көрдүк, бирок боор эти сиңишип, алыс калган ажайып өлкө кыргызстанды сагынганы, куса болгону жаман экен, "бир катуу жаңылдым, балдарымдын кебине кирип биякка темселебей Кыргызстанда жашай берсем эмне", деп башын мыкчыса бооруң ооруйт. Баары бир бул жактын орустары менен камыр-жумур болалбасын, жүрөгүнүн теңи Карабалтада биротоло калганын бир айтып бир койбой далайга каңырык түтөттү.
(Уландысы бар)
Бахтияр ШАМАТОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!