Коомдук-саясый гезит
№06, 29.02.08-ж.




◄◄◄
  Дин иштери боюнча мамагенттиктин
директорунун орун басары Канатбек Мурзахалилов:

"Дин тутуу ар кимдин өз жүрөгүнөн чыккан ишеним"
Кыргызстан ачык, демократиялуу өлкө болгондон бери коммунисттик идеология-атеизмдин бош калган ордун диний идеология басты. Бүгүнкү күндө түркүн түстөгү диний уюмдардын, агымдардын, коомдордун эсебине сан жетпейт. Ар кимиси алынын келишинче кыргызды өз кудайына жетелөөдө. Мындай кырдаалга карата ой бөлүшүп берүүсүн өтүнүп, дин иштери боюнча мамагенттиктин директорунун орун басары К.Мурзахалиловго кайрылдык.
- Канатбек мырза, илгери эки эле салттуу динибиз бар эле, эми эркиндиктин шарапаты менен мунун саны бир топ көбөйдү. Адегенде элге булардын эсеби жөнүндө маалымат бере кетсеңиз?
- Туура, негизги эки салттуу дин - ислам жана орус православиялык дини, андан тышкары баптисттердин, адвентисттердин, "элүүчүлөрдүн" жана Иегова күбөлөрүнүн аз сандагы майда топтору болгон. Бүгүнкү күндө болсо Кыргызстанда жалпысынан 2158 дин обьектиси каттоодо турат. Булардын ичинен эң чоңу ислам динине тийиштүү 1784 обьект, анын ичинде 1668 мечит, 8 ислам университети, 50 медресе, 9 областтык казыят жана башка 48 ислам багытындагы фонддор, коомдук уюмдар бар. Ислам дининдеги салттуу багыт сунниттерден тыш 1 шииттик мечит жана ахмадийлердин 1 коому катталган. Ал эми христиан динине караштуу 359 диний объект катталып, православиялык 45 храм, 1 аялдар монастыры, 1 чиркөө мектеби (Ош шаарында) бар. Протестанттык багыттагы 308 диний объект болсо, мунун ичинде баптисттердин 49, лютерандардын 21 адвентисттердин 30, Иегова күбөлөрүнүн 41, "элүүчүлөрдүн" 52, пресвитериандардын 33, харизматтардын 43 чиркөөсү, католиктердин 4 коому, бахаилердин 12, иудейлердин 1, будисттердин 1 коому бар. Булардан тышкары 22 ар кандай чет элдик диний миссиялар жана эч кандай багытка кирбеген (деноминаци яланбаган) 16 диний уюмдар иштөөдө. Бул жерде айта кетчү кошумча сөз - диний уюмдардын массалык түрдө катталуусу 1991-1996-жылдарга туш келди. Андан бүгүнкү күнгө чейин диний уюмдарды каттоо иши кескин азайды.
- Кечиресиз, азайды деген менен башка өлкөлөрдө тыюу салынган айрым диний уюмдардын бизде катталып жатышына кандай пикирдесиз?
- Чет өлкөлөрдүн көбүндө мыйзамдуу түрдө тыюу салынган саентологдордун чиркөөсү, кришна коому, Мун чиркөөсү, Махариши, ыйык Исус Христос чиркөөлөрү сыяктуу уюмдар коомдук уюмдардын пардасын жамынып, адилет министрлиги тарабынан каттоодон өтүп алышкан. Башкача айтканда жашыруун түрдө иштешүүдө. Мыйзамдардын уруксат берилбеген тарабынан жылчык таап, коом ичине сүңгүп кирип кетишкен десек болот. Ошондуктан азыр долбоору даярдалып жаткан дин эркиндиги жөнүндөгү мыйзамда мындай жагдайлардын баары эске алынат деп ойлойм. Кошумчалай кетээр нерсе - бүгүнкү күндө элдин динге карата түшүнүгү бир кыйла өстү, ошондон улам болсо керек, айрым диний уюмдар эл келбей койгонунан жабылып жатат. Мисалы өткөн жылда ири диний окуу жайы - Борбор Азиялык реформаторлук семинария жана пресвитариандык багыттагы бир чиркөө жабылды.
- Канатбек мырза, диний конфессиялардын өз ара мамилелери көзөмөлдөн чыгып кетпейт деп ким кепилдик бере алат? Улуттук коопсуздук маселелери бар дегендей?
- Жашыруун эмес, буга чейин мусулман жана мусулман эмес кыргыздардын ортосунда сөөк жашыруу маселелери боюнча Ысыккөлдө, Нарында, Чүйдө чырлуу жагдайлар чыккан. Анткени мусулмандар да православиялык христиандар да өз көрүстөндөрүн эч качан беришпейт. Бул шариятка да, христиандардын окуусуна да эч туура келбейт. Жогорудагыдай жагдайларда маркумдардын арбагы, жакын туугандары гана азап тартаары түшүнүктүү. Ал эми ар кандай дин тутуунун айынан үйбүлөлөрдүн бузулушу, жакын адамдардын бет карашпай кетиши ж.б.у.с. турмуштук трагедияларды айтпасак да алардын коомго тийгизген залалы канчалык оор экенин көрүп турабыз. Дин тутуу ар кимдин жүрөктөгү ички ишениминен келип чыгып аткан соң (булардын арасында турмуштук тартыштыктын айынан анча-мынча тыйын-тыпырга, гумманитардык колдоолорго азгырылгандар да арбын экенин унутпашыбыз керек) аны тигиндей, мындай деп жолго салууга эч кимдин акысы жок, бул ар бир жарандын Конституциялык укугу. Биз эл арасында жалаң түшүндүрүү иштерин гана алып барган, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы көпүрө катары кызмат өтөгөн мамлекеттик органбыз. Кудайга шүгүр деп койсок болот, конфессиялар ортосундагы толеранттуулукту сактоодо башка өлкөлөрдөгүдөй бизде оркойгон чоң кемчиликтер, чоң чыр-чатактар жок. Бирок майда проблемалар бар, биз андан качпайбыз.
- Кечиресиз, башка динге өтүп жаткан өз боордошторубузга эмне кеңеш айтаар элеңиз?
- Жогоруда муну ар кимдин өз иши, өз укугу дедик. Ошентсе да динин өзгөртүүнү каалаган улутташтарыбызга айтаарым: башка динге өтүүдөн мурда мунун алды, артын, кесепетин абдан терең ойлонуп туруп, анан бир чечимге келүү керек. Өзүлөрүнөн мурда да жакындарын ойлоолору зарыл.
- Жакында эле евангелдик христиандардын өкүлдөрү кайрылуу менен чыгышты. Буларга эмне жетишпей жатат, максаты кандай?
- 1996-жылы кирген убактылуу жоболордун айрым жерлерин оңдоп, кайрадан иштеп чыкканбыз. Ал жобонун алгачкы берилишинде диний уюмду түзүү үчүн 10 эле адам жетиштүү делинсе, биз мунун санын 200гө чыгаруу боюнча жаңы долбоор бергенбиз. Жогорудагы дин өкүлдөрү муну дин жөнүндөгү мыйзамды катаалдатуу катары баалап жатышат. Бирок, аталган долбоор али ишке кире элек, ошондуктан дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Албетте, коомдо пикир жаратып, өзүлөрүн бир көрсөтүп коюу максаты да бар экени көрүнүп турат.
- Мусулмандар Конгресси деген эмне? Ал бүткүл кыргызстандык мусулмандар атынан сүйлөй алабы?
- Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандарынын Конгресси бул коомдук уюм. Анын Кыргызстандагы жалпы мусулмандардын атынан сүйлөөгө укугу жок. Республикадагы мусулмандардын атынан муфтият жана муфтий гана сүйлөй алат.
- Чоң рахмат!

Б. МУРЗАЛИЕВ




  Кечиресиз, меникин да угуп коюңуз...

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров:
"Жакшы режиссер же оператор болуш үчүн сөзсүз ВГИКти бүтүүнүн кереги жок"
- Эрнест мырза, З.Эралиевдин маегине карата кандай тактоолорду кийирмекчисиз?
- Замир байке менен таанышканыбызга 35 жыл болду. Тээ бала кезден кино дүйнөсү өзүнө азгырып, режиссер болсом деген тилек менен 27 жашымда кино тармагына келдим. Администратор, директор, директордун орунбасары, сценарист болуп иштеп жүрдүм. Замир байке өзүнүн "Шайтандын мөөрү" деген тасмасына жардамдашып иштеп бербейсиңби деген сунушун айтып, иштешип калдык. Чынында бул мен аралашып жүрүп көп нерсени үйрөнгөн алгачкы тасмалардан эле. Жеке мамилеге келсек, ал киши менен саламыбыз түз, өтө эле ынак, ысык достордон эмеспиз, кайым айтышкан деле учурубуз болгон жок. Баягы пикир келишпестиктер болуп жаткан мезгилде Замир байкеге мен адам катары сыйлашып жүрө берели, кырчылдашсак жумуш боюнча гана кырчылдашалы деп ачык айтып экөөбүз кол алышканбыз. Кийин Алматыда "Евразия" жумалыгында да чогуу болдук, сүйлөштүк, бири-бирибизди түшүнүштүк. Бул бир. Экинчиден, "Боз салкын" Ысыккөлдө өткөн Эларалык кинофестивалдын "Күмүш түндүгүнө" ал фестивалдын гендиректору З.Эралиев болгону үчүн гана татыган жок, жалпы журттун, көрөрмандардын сүйүүсүнө ээ болгон үчүн чоң сыйлыкка жетти. Ошондуктан Замир байке маегинде айткандай мен "уяла түшкөнүм" жок, уяла турган жөнүм да жок болчу. Үчүнчүдөн, жакшы режиссерлор же операторлор сөзсүз ВГИКти бүткөндөрдүн ичинен чыгышы керек дегенге мен түк кошулбайм. Кандай кесип же өнөр болбосун аны менен алпурушкан адамдын ички көрөңгөсүнө, билимине (билим деп сөзсүз ошо кесиптин дипломун айтып жатканым жок), даярдыгына жараша болот. Ал эми дээринде жок болсо ВГИКти беш жолу бүтсө да, андан эч нерсе чыкпайт.
Бүгүнкү кино тартабыз деген балдарды колдоп гана турушубуз керек. Булардын бир гана кемчилдиги, өзүлөрүнө ылайык билими жетишпейт. Өзүлөрү көрүп жаткан деңгээлде гана кино тартып жатышат. "Көрө-көрө көсөм болот" дейт эмеспи даанышман кыргыз макалы. Маселен, мен деле өмүр бою окуп, үйрөнүп келе жатам, ошол эле Замир байкеден, Актандан көп нерселерди үйрөнгөнүмдү эч качан танбайм.
Бахтияр ШАМАТОВ




  Кылмыш

"Аялымдын жашоого көңүлү жок болчу"
"Акыркы убактарда аялым менен бирге жашоого мүмкүн болбой калган. Ал өз билгенин жасап, кааласа төркүнүнө кетип калып, кааласа кайра келип жүрдү. Мени менен бирге жашоого дегеле көңүлү жоктой болчу. Үй оокаттарын, ал тургай тамак да жасабай калган. Айтор аялымдын кылыктары кыжырымды кайнатып, акыры ажырашып тыналы деп чечтим. Ошол күнү ачуума чыдабай эки бөтөлкө арак ичкем. Аракка мас болуп уктап калыптырмын.
Эртеси ич күптүмдү аялыма айтып, ортодогу мамилени оңдоюн, же ары, же бери болуп биротоло ажырашалы деген ойдо сөз баштадым. Ал менин сөзүмдү укчудай эмес, кайра эле уруш башталды. Анда кет, ажырашам! - дедим. Кет десем кетип баратат. Өзү эле чыгып кетпей, балдарды кошо ээрчитип чыгып баратканында жаным кашайып кетти. Балдарды таштасын, коркутуп коеюн деген ниетте столдун үстүндө турган бычакты алдым. Андан аркысын билбей калдым, аялымды кантип сайып салганым эсимде жок".
Ысыккөл районунун Корумду айылынын тургуну, 1968-жылы туулган, үч баланын атасы Асамудинов Кубатбек Бурганакович өзүнүн кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу тергөөнүн учурунда жана биринчи инстанциядагы сотунун соттук отурумунда болгон окуяны дал ушундайча эскерип, айтып отурду. Ал эми үйдөгү чырга башынан аягына чейин күбө болуп, ата-энесинин урушун угуп отурган кызы Назира: "атам бычакты апамды көздөй ыргытканда ал дарбаза жакка барып түшкөн. Анан апам огородду көздөй баскан, мен анын артынан барганча "атам апамды бычак менен сайып жиберди", - деп айткан.
Ошентип Асамүдүнов Кубатбек Ысыккөл райондук соту тарабынан сегиз жылга эркинен ажыратылган. Бирок өкүм чыккандан кийин өзүнө келип, чыйрала түшкөн Кубатбек жазадан качуу максатын көздөп, өкүмгө каршылыгын билдирип, жактоочусу экөөлөп апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Алардын арызында К.Асамүдүновдун аялы А.Курманкалиева өзүн-өзү бычак менен сайып өлтүргөн деп жазылган. Далил катары аялынын ооруканадан: "мен өзүмдү өзүм сайдым" деп айткан сөзүн бетке кармашкан.
Соттук коллегия жазык иштин ичинде топтолгон материалдарды окуп чыгып, соттук отурумга катышкандардын пикирлери жана соттолуучунун жүйөлөрүн угуп, бардыгын таразалап көргөн соң, биринчи өкүм өзгөртүүсүз калтырылсын деп чечти. Себеби кылмышкер айыбын мойнуна алып, өкүнүп калуунун ордуна ар кандай жоопторду ойлоп таап, кылмыш ишин жомоктотуп, ар кыл "сценарийлерди" түзгөн. Мисалы, биринчи жолку соттук отурумда ал: "мас болгондуктан кантип сайып жибергенимди билбей калдым" десе, экинчисинде "милиция кызматкерлеринин кысымынан улам ушинтип жооп бергем" дейт. Ал эми аялынын ооруканадан "өзүмдү өзүм сайгам" дегенин күйөөсүн жаза жоопкерчилигинен бошотуу максатында айтылган деп эсептейт.
Ошентип өкүм өзгөртүүсүз калтырылды. Өзүнүн аялына балдарынын көзүнчө бычак кезеп, аны мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкер мыйзам алдында өз жазасын алды. Эл болгон соң ар кыл сөздөр айтылбай койбойт экен. "Кубатбекке эң эле аз жыл берди" дегендер бар. Барыдан өкүнүчтүү нерсе - балдардын энесинин өмүрүнүн кыйлышында, балдардын энесиз жетим калышында. Алардын бешиктен бели чыга элек жатып эркек менен аялдын кандуу кармашына көз көрүнө күбө болушунда. Атадан көңүл сууп, жүрөк сестенишинде. Алдаш Белек уулунун айтканы бар: "балалуу аялга камчы көтөргөн акмак, балапан ээрчиткен казга кушун шилтеген мүнүшкөр акмак" - деп. Анынсыңарындай азыркы заманыбызда аялды аял экен деп сыйлабай, анын энелик касиетине карабай ур токмокко, тепкиге алып, ал тургай бычак көтөрүп өмүрүн кыйган акмактар бар. Өлтүргөнү аз келгенсип өлгөн аялынын артынан ыпылас сөздөрдү ыргытып, өзүн жазадан ала качкандыгы анын кандай эркек экендигин көрсөтүп койду. Ал эми аялы болсо өлүм алдында жатса да бардык күнөөнү өз мойнуна көтөрүп, эринин, балдарынын эртеңки күнүн ойлогон. Эрди-аялдын ортосундагы буга чейинки турмушун ийне-жибине чейин казып, иликтеп көрбөгөн соң алардын мурунку жашоосуна эч ким баа берип, экөөнүн бирөөнө бир жактуу айып сөз айта албайт. Бирок канткен күндө да, канчалык ызага муунуп, аракка уугуп турса да анын адам өмүрүн кыюуга эч бир укугу жок болчу.
Үмүт КОНКУБАЕВА, Ысыккөл областтык прокуратурасынын бөлүмүнүн начальниги,
Көйкөл АЙТБАЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!