Коомдук-саясый гезит
№06, 29.02.08-ж.




◄◄◄
  Шыбыр... Шыбыр...Шыбыргак

  Бажычылар акчаны бат жыйнайт

Мамлекеттик бажы комитети 2008-жылы өткөн жылга караганда 3 млрд 985 млн сом көп чогултмакчы. Өкөн 2007-жылы 14 млрд 715 млн сом чогултулган. Ал эми бул жылы 18 млрд 700 млн сом, анын ичинде: НДС - 12 млрд 627 млн сом; акциздик салык 1 млрд 72 млн сом; сырткы операция жана эл аралык соода боюнча 5 млрд, 3 млн сом. Ошентип өсүү темпи 126.5 пайызды түзмөкчү.

  Алтын казуу токтотулсун

Энергетика боюнча эксперт Базарбай Мамбетов Кумтөрдө алтын казууну токтотуу зарылдыгын билдирди.
- Азыр Кумтөр алтын кенинде 700 тонна алтындын запасы бар, ал бизге кенен жетет. Ошондуктан аны өзүбүздүн күчүбүз менен казып алуубуз керек. 180 тонна алтындан болгону 121 млн доллар пайда көрүптүрбүз. Мунун тең жарымынан көбү салык жана башка төлөмдөр үчүн. Кумтөр менен болгон 15 жылдык талаш-тартыш картага көп нерселерди койду. Анын арасында биздин абийирибиз менен ар-намысыбыз да бар. Азыр канадалыктар менен акыркы сүйлөшүүлөр боюнча сөз да болуусу мүмкүн эмес. Биз аларга бир гана алтын казууну токтот дешибиз керек. 67 пайыз бизге эч нерсе берген жок. 17 пайыз активди 2003-жылы өкмөт жашыруун сатып жиберди. Ал эми азыркы 31 пайыз бизге эч нерсе бербейт. Ошондуктан эсибиз барда этегибизди жабышыбыз керек. Болбосо Кумтөрдөн кур жалак калабыз, дейт Базарбай Мамбетов.

  Кыргыз жараны дагы өлтүрүлдү

26-февралдын түнүндө Москва областынын Клин шаарында 1958-жылы туулган Бөрүбай Темирканов киши колдуу болуп каза тапты. Алгачкы маалыматтарга караганда өзбек эмгек мигранттары менен кыргыздардын ортосунда курулуш обьектисинде жаңжал чыгып, мушташка айланган. Бул жыл башынан берки Россияда өлтүрүлгөн 9чу кыргыз жараны.

  Электрдин наркы дагы өсөт

Март айында энергетика боюнча тариф саясатынын долбоору каралат. Улуттук энергетикалык программага ылайык 2008-2012-жылдары тарифтер этап боюнча жогорулайт. Өнөр жай энергетика министрлигинин билдиргенине караганда бул кыргызстандыктардын кирешесине жараша болот. Эгер тариф жогорулай турган болсо 10-15 пайыздан ашпайт.

  Айыл чарбасы колдоого муктаж

Айыл чарбасында буудай айдоо 2007-жылы 40 пайызга кыскарып 1 млн 190 миң тонна буудай алынбай калган. Негизинен республикада кант кызылчасын, дан эгиндерин, пахта, май өсүмдүктөрүн айдоо жылдан-жылга азайып барат. Мунун баары мамлекеттик деңгээлде колдоонун жоктугунан келип чыкканын айыл чарба министри А.Ногоев билдирди.

  Айтматов Азербайжанда

Баку шаарынын президенти Илхом Алиев кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго Азербайжан өлкөсүнүн №1 - "Достук" орденин тапшырды. Анткени азыр бул күндөрү Бакуда Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын илим жана маданият кызматкерлеринин арасында Ч.Айтматовдун 80 жылдык урматына юбилейлик салтанат өтүп жатат.

 "Мал уурулук" рейди

Эки күн бою укук коргоо кызматкерлери "мал уурулук" рейддин өткөрүшүп, 260 кылмыштын бетин ачууга жетишти. Алардын 63ү мал уурулук. Мал уурулук мурдакы жылдарга салыштырмалуу өсүп баратканы ИИМди тынчсыздандырат. Эки күндө эт иштетүү менен алектенген 700 ишкана текшерилип, бул иш боюнча мурда соттолгондор менен да иш алып барышкан.

  Казнанын акчасы кайда чачылат?

Бюджеттин каражаттар менен иштешкен жеке ишканаларды эсептөө палатасы текшере турган ниетин билдирди. Анткени Жогорку Кеңеш "Таатан" базарынан ири өлчөмдөгү курулуш материалдарын сатып алган. Бул жерде негизинен кытай жарандары иштейт. Бюджеттик миллиондогон акчага соода кылышканы менен алар жарыбаган акчаны патент үчүн төлөшөт. Эсептөө палатасы жеке менчик ишканаларды текшерүү үчүн тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүсү зарыл.

  Ош базары тазаланууда

Ушул күндөрү күн сайын Ош базарынын айланасындагы Киев, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндөгү жолдор бул жерде соода кылгандардан тазаланып, темир павилондор алынууда. Албетте, бул аракет ал жерде жан сактап, тиричилик өткөргөндөрдүн нааразылыгын пайда кылды. Бирок Ленин районунун акимчилиги жүздөгөн базарчылардын жаңы соода оруну менен камсыз кылууга убада берип жатат.

  Сокулук районунун сотунда

Сокулук РИИБнин үч кызматкеринин үстүнөн сот процесси башталды. Алар Сокулук РИИБнин начальнигинин орунбасары К.Малабаев, Новопавловка поселкалык милиция бөлүмүнүн начальниги Р.Бакушев, РИИБдин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн начальниги Т.Жумалиев. Булар кылмыш кодексинин 318 статьясынын 2 бөлүмү менен айыпталууда. Эскерте кетүүчү нерсе Сокулук РИИБнин беш кызматкери Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан 2007-жылдын 23-октябрында кармалышкан.

  Менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы

Маммүлк комитети "Түндүк электро" жана "Бишкек жылуулук тармактары" акционердик коомдорунун 80.49 пайыз акциясынын наркын аныктоо үчүн баалоо уюмдарынын арасында тендер өткөрүүнү жарыялады. Тендер реализациялоонун төртүнчү этабынын алкагында парламенттин 2007-жылдын июнь айындагы бекиткен программасына ылайык жүргүзүлөт. Бул программада Кыргыз өкмөтү "Түндүкэлектро", "Бишкектеплосеть" жана Бишкек ТЭЦин концессияга берүү же менчиктештирүүнү ишке ашыруусу каралган. Ал эми "Чыгышэлектро", "Ошэлектро", "Жалалабадэлектро" акционердик коомдорунун мамлекеттик акциялардын пакетин менчиктештирүү чечими ушул жылдын июль айында каралмакчы.

  Чудинов айыл чарбасына көңүл бурду

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында аймактарда координациялык структураларды түзүү зарылдыгын премьер-министр И.Чудинов билдирди. Алардын милдети айдоо аянттарынын себүү иштерине көңүл буруу, өткөн жылдагы азык-түлүктүн кымбатташынын бирден-бир себеби дан эгиндери жетиштүү өлчөмдө айдалган эмес. Жергиликтүү бийлик жазгы талаа жумуштарына оперативдүү кийлигишип баарына даяр турушу керек. Премьер-министр аймактарды өнүктүрүүгө бүгүн өзгөчө мамиле кылуу керектигин баса көрсөтүү. Айыл чарбасынын өсүү темпи 104 пайыздын ордуна 101 пайызды түзгөн. Бул иште эң биринчи жоопкерчилик жергиликтүү бийлик менен айыл чарба министрлигине жүктөлмөкчү.

  Урманаев күнөөсүзмүн дейт

Бишкек аскер соту 27-февралда Жалалабатта Жалалабат облусунун мурдагы губернатору Султан Урманаевдин ишин кароону улантты. Мында С.Урманаев Аксы окуясы боюнча айыпталып жатат. Сотто мамлекеттик айыптоочу катары Ж.Туржанова жана аскер прокуратурасынан А.Абдраев катышты. С.Урманаевди айыптоонун мазмуну ал 2002-жылдын 5-январынан тартып 17-мартка чейин Аксы районунун тургундары менен жолугушкан эмес. 16-мартта Карасуу, Каражыгач айылдарынын тургундары менен жолугушам деп айтып коюп, А.Карыпкуловдун "жолукпа" деген оозеки көрсөтмөсүнөн кийин жолугушуудан баш тарткан. С.Урманаевдин бул жасаганы 17-мартта элдин нааразылыгын жаратып алар Кербенге чогулушкан. Бирок С.Урманаев сотто өз күнөөсүн моюнга алган жок. Ал кылмыш кодексинин 304 статьясынын 4 пункту менен айыпталып жатат.

  Бүбүсара фестивалы

Балет күйөрмандарынын көптөн бери күткөн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы фестивалы 11-марттан 16-мартка чейин Кыргызстанда өткөрүлгөнү турат. Бул фестивалга Россиянын Москва, Новосибирск ж.б. шаарларынан балет жылдыздары катышып, "Лебединое озеро", "Дон Кихот", "Раймонда" сыяктуу классикалык чыгармалар коюлмакчы. Мындан тышкары Мариин чоң театрынын жылдыздары гала -концерти беришмекчи.

  Мэрия ыйгарым укуктарга муктаж

Шаар башчысы Данияр Үсөновдун билдиргенине караганда кээ бир министрликтер шаардын маселелерин чечүүдө тоскоол болуп жатат. Маселен беш айдан бери маршруттук бусиктердин тагдыры чечилбей келет. Салыкчылар патент берсе, алардын ишине мэр жооп берет экен. Ошондуктан шаар турмушуна тиешелүү бардык ыйгарым укуктарды мэрияга берүү зарыл. Ошондо жол кире наркы ж.б. маселелерге мэрия өзү жооптуу болот.

  Эсеп палатасы жылды жыйынтыктады

Эсептөө палатасы 2007-жылы 19.8 млн сом жана 6.6 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын жана материалдык чыгымды уурдоо фактысын ачып чыкты. Бул маалымат эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда айтылды. Жалпысынан 4.54 млрд сом жана 6 млн долларлык финансылык катачылыктар кетирилген. Мунун көпчүлүгү (2.66 млрд сом, 566.3 миң доллар) финансылык тартип бузуудан келип чыккан. Башкача айтканда кошумча төлөө, негизсиз айлык акы, премия, сыйлык, стипендия ж.б. 2.1 млрд сомду, 5.5 млн долларды кайра төлөп ордуна коюуга жатат. Анын 230.5 млн сому 177.1 миң доллары ордуна коюлуп, кайра төлөтүлгөн. Укук коргоо органдарына 460.6 млн сомдук жана 2.5 млн долларлык финансылык катачылык боюнча 213 иш жөнөтүлгөн. 23 адам кызматтан алынып, 52 адам сот жообуна тартылып эркинен ажыратылган.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!