Коомдук-саясый гезит
№05, 22.02.08-ж.




◄◄◄
  Кино ааламындагы бушайман

Кыргызкино улуттук концернинин төрагасы Замир Эралиев:
"Үйрөнчүк кинорежиссерлордун жанында Феллини менен Куросава ким болуп калыптыр?"
Акыркы кездерде кино тартсам деген адамдар көбөйдү. Далай тасмаларды тартып салышты, дагы тартып жатышат. Камераңды бере тур, мен да бир кино тартып алайын деп чамынгандар андан көп. Экранда тегеренип жүргөн атамекендик киноышкыбоздордун "шедеврелери" калың калктын тибитине жооп берет окшоду, арасында мыкты аталгандары бар, сыйлык алып аткандары бар. Мына ушулар туурасында пикир бөлүшүүсүн өтүнүп белгилүү кинорежиссер, "Кыргызкино" Улуттук концернин президенти Замир Эралиевди кепке тарттык.
- Замир мырза, биздеги бүгүнкү күндө жаралып жаткан көркөм тасмалар туурасында оюңуз кандай?
- Туура айтасыз, бүгүнкү күндө айрым адамдар тарабынан тартылып жаткан тасмалар жаандан кийинки козу карындай жайнап кетти. Мен профессионал киночу катары бул тасмаларды жалпы жонунан примитивизм деп айтаар элем. (примитивизм- жөнөкөй, үстүртөн, баео, терең эмес) Кыргыз киносунун бул "жаңы ачылышынын" башатында режиссер Актан Арым Кубат турат. Таланты жок деп айта албайм, таланттуу жигит, бирок кино боюнча билими жок. 90-жылдардан кийин кыргыз кинолору тартылбай калган кезде "өрдөк жокто чулдук бий" болуп кино өнөрүнө келген.
- Кечиресиз, Арым Кубаттын кинолору дүйнө жүзүн кыдырып, сыйлыктарга ээ болду го?
- Туура. Бирок аалам бетинде кыргызды өмүрү көрбөгөн, тааныбаган элдер, алардын ичинде кино ишмерлери, режиссерлор, киносынчылары ж.б. бар. Маселен, биз ВГИКте окуп жүргөндө башка улуттагы теңтуштарыбызга өзүбүздүн улуттук тамактарыбызды жасап берсек "оо-ий мыкты турбайбы жеген тамагыңар" деп суктанып, кызыгып жешчү. Кино деле ошондой рухий азык. Кыргыздын салт-санаасы, эли момундай турбайбы деп экзотика катары кызыгып деле байге ыйгарып коюшат, туурабы?
- Сиздин пикириңизче бүгүнкү тасмалардын кемчилдиги кайсы?
- Менимче, ошол эле Актандын "Бешкемпир", Эрнест Абдыжапаровдун "Айыл өкмөтүндөгү" кээ бир эпизоддор көрарманга канчалык эстетикалык рахат тартуулап, канчалык табитин калыптандырат деп ойлойсуз? Эми мындай көрүнүштөр турмушта болсо болгондур, анан эми аларды түз эле элге алып чыгуунун канчалык зарылдыгы бар эле? Чыгармачылыкка жоопкерсиздик мамиле деген мына ушундай жерлерден эле оркоюп чыгып калып атпайбы? Жаман жагыбызды көрсөткөндү да кылдат билип, жакшы жагыбызды алып чыксак болбойт беле? Улуу адабият, улуу кинематография гана адамды ар дайым аруулукка, изгиликке, тазалыкка чакырат.
- Мыкты кино деген кандайча жаралат? Ошондой кино азыр бизде тартылып жатабы?
- Төгөрөгү төп келишкен жогорку көркөмдүктөгү тасма жылдар бою тартылат. Тилекке каршы, бул жаттан алып караганда кыйратып атабыз деп айталбайбыз, качан кыйратаарыбыз да белгисиз. Чынында азыр бизде жадагалса дурус бир спектаклибиз жок, элибиз рухий азыктан кур калды. Агайыбыз Чыңгыз Айтматов менен Туркменистандан атайын келген режиссер "Чыңгызхандын ак булутун" сахнага чыгарбаса, кантмекпиз? Дагы бир арман, ушундай сонун спектаклди эл көрбөй жатат, ал тургай жетекчилер да көрбөй жатат. Ошондуктан, искусствого толук колдоо көрсөтүлбөй жаткандай сезилет. Азамат экен, ошол эле сексендеги пайгамбарыбыз Ч.Айтматов " Качан тоолор кулаганда" аттуу роман жазды. Мындан башка көркөм өнөр жаатында оозго алаарлык, купулга толоорлук эч нерсе жарата алган жокпуз го? Ырас Нурбек Эгендин "Аталар керээзи" эл оозуна алынып, а түгүл "Оскар" сыйлыгына да көрсөтүлдү. Бир жагынан буга кубансак да болот, мындай ийгиликтерибиздин аздыгына өкүнсөк да болот.
- Кечиресиз, бүгүнкү кыргыз сериалдарычы? "Министрдин кызынын махабаты", "Туңгуюк" деген ж.б. кинолорду укмуш тартылыптыр деп атышпайбы?
- Эми мындай да. Мен 17 жыл бою (!) кино менен алпурушуп келаткан, элге аты чыгып калган Актандай режиссерду сындап атканымдан кийин берки сен айткан кинолор жөнүндө сөз кылгым да келбейт. Сөз кылганга жараша татыктуу чыгарма жөнүндө сөз кылыш керек да туурабы? Мейли Актан, Эрнесттер го кинодо көп жылдан бери иштеп келатышат. Кино тартуу боюнча таптакыр түшүнүгү жок адамдардын "кино шедеврлерди" жаратып жаткандарына кантип күйбөйсүң, кантип өкүнбөйсүң? "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген даанышман кеп бекеринен айтылбаган да кыргызда.
- Улуттук кинокадрларды бат эле даярдайбыз дегендер чыкты эле?
- Бул Актандын программасы болчу. Курс ачабыз, 9 айда балдарды операторлукка, режиссерлукка үйрөтөбүз, курска Н.Михалков, А.Кончаловскийлер келет дешип жар салышкан. Ырасы мен мындай ай чапчыган программаларга көп деле ишене бербейм. Анткени 9 ай ичинде профессионал операторду, режиссерду андан бетер, даярдап чыгууга таптакыр мүмкүн эмес. Өзүң ойлоп кара, 9 ай курсакта жаткан бала төрөөлөрү менен эле чоң кишидей болуп кетеби? Аны ата-энеси канчалаган азап-тозок менен багып, отуздун кырына чыкканда гана адам катары калыптанып атпайбы?
- Замир Тажибаевич, эми улуттук кино тармагына келсек. Конфликтиңер бүттү окшойт. Эми кандай жаңы идеялар, пландар бар дегендей...
- Мен башынан эле бөлүнбөйлү, улуттук киноискусствону чогуу көтөрөлү деген идеяны айтып келатам. Бүгүн да бул позициямдан тая элекмин. Кыргыздын киночуларынын башын бириктирейин деп жатам. Мына буюрса тематикалык план түздүк. Кино тартам деген режиссерлордун баары сценарийлерин берип жатышат. Улуттук кинонун мэтри Б.Шамшиев баш болуп "Жаңгак токойдун караандары" аттуу сценарий берди. Муну биз чынында күткөн эмеспиз. "Эралиев киностудияга келсе мылтык алып чыгып тосом" деген Эрнест Абдыжапаров "Ашык болгон ууру", Н.Абдыкалыков "Казак-кыргыз бир тууган", "Бейтааныштар менен оюн", М.Алыкулов "Чал", А.Арым Кубат "Жийде" аттуу сценарийлерин беришти. Мындан тышкары "Аралаштын" 9 сценарийи бар, экөөсү тартылды, дагы экөө тартылып жатат. Дагы бир жакшы жаңылык - АКШдан наркы 100 миң доллардан ашык "Сони XD Финишен" деген камера алып келдик. Америкалык кинорежиссер Жорж Лукас өзүнүн айтылуу "Жылдыздардын согушу" тасмасын ушундай камера менен тарткан. Мунун эмнеси жаман? Эки жээк болуп бөлүнүп жүрүп эмнени таптык? Маселен, ошол эле Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкыны" мен гендиректорлук кылган Ысыккөл кинофестивалында "Күмүш түндүктү" жеңди. Кийин "мен фестивалда гендиректор болдум, сенин тасмаң болсо ошо фестивалдын "Күмүш түндүгүнө" татыды". Мени студияга кийирбейм дебедиң беле? Фестивалдын призин да албай эле койбойт белең?" деп тамашаласам уяла түштү. Ошондо туура эмес сүйлөп алыптырмын дейт. Бир кезде киного өзүм ээрчитип келген бул жигит кетирген катачылыгын моюндап атканы албетте жакшы, буюрса алдыда баарыбыз жасай турган иштер, каражат болсо тарта турган мыкты кинолорубуз көп.
- Маегиңизге рахмат!

Бахтияр ШАМАТОВ




  Асема ТОКТОБЕКОВА:

"Кино деп жүрүп жигитим менен ажыраштым"
- Эл сени "Боз салкын" тасмасынан кийин таанып калышты. Жакшы ойногон деп жатышат. Сценарий менен мурда эле тааныш белең?
- Жок, сценарийди мен окуган эмесмин. Мен күтүүсүздөн келип калдым. Жайында жумушумда бир киши менен иштешип жатып, экөөбүз көңүлдүү олтуруп, көпкө сүйлөшчүбүз. Көрсө ал киши Эрнест байкенин иниси экен. Тасмага мен ошол киши аркылуу бардым. Барсам фотосессия болуп, кастинг жүрүп жаткан экен. Мен фотосессияга катышпай эле дароо кастингке тартылдым. Болбосо кинотармагында атайын окуу жайын бүткөн эмесмин. Өзүмдүн жөндөмүм, шыгым менен гана киного тартылып калдым.
- Кинонун эң бир кызыктуу жери ала качуу эпизоду эмеспи. Тартылууда кыйынчылыктар болдубу?
- Кыйынчылыктар болду. Анткени кагып-силкүү, тепкен көрүнүштөр бар. Эрнест байке тартып жатканда чындап эле тебе бер деди. Чындап тепсем жини келип таарынып калбайбы деген да ойлор болду. Бирок тартылганда чындап эле тээп салдым.
- Баланын жеңесин эки жолу көмөлөтө тепкениң чын элеби?
- Чын эле болду, тартылып жатканда кудум турмуштагыдай баары күтүүсүздөн болуп кете берди. Менин бут киймим такалуу болчу. Тепкенимде бир эженин көзүнө тийиптир. Анан ал эженин ачуусу келип машинадан сууруп түшүп кадимкидей мушташып кирдик. Ал эпизоддорду бүт дитимди коюп аткардым. Тепкеним, каршылык көрсөткөнүмдүн баары чын.
- Сени азыр ырчылык жаатына ооп кетет деп атышат?
- Ооп кетет эмес эле, ырчылык жагым деле бар. Экөөнү тең алып кетем деген оюм бар. Буюрса баары болот.
- Кинодон кийин сага сугун арткан күйөрман жигиттер болдубу?
- Пайда болду, киного чейин эле алар көп болчу. Ошондуктан көчөдөн жүрө албайт экенсиң.
- Азыр жүрөккө чок салып, махабатын арнап жүргөн бирөө барбы?
- Жок, аны менен коштоштум. Себеби, таарыныштык, ал аябай кызганды. Кантип түшүндүрөм. Ага үйдө анын оокатын жасап жүргөн аял керек. Чыгармачыл, мен сыяктуу болбойт экен.
- Дагы киного тартылууга сунуштар болдубу?
- Болду, эки киного тартылмакмын, бири ушул жылы болуп калышы мүмкүн.
- Киного тартылганыңа гонорар көп алдыңбы?
- Алдым. Бирок көп эмес.
- Чыгармачыл кыздар арасында сага тымызын кызгангандар барбы?
- Кызганыч болуш керек. Чыгармачыл жактан билгеним "роль" деген адамга көп нерсени берет экен. Бул үчүн эмнелерди гана кылышпаганын эми билип таң калдым.
- "Боз салкын" тасмасы башталгандагы ыр сеникиби?
- Ооба, мен ырдагам, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйм, англисче ыр чыгарам.

Келдибек НАЗИРОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!