Коомдук-саясый гезит
№04, 15.02.08-ж.




◄◄◄
  Тагдыры тайкы кыргыз алтыны

"Кумтөр" келишими кийинкиге калды
Депутаттар ана-мына ратификациялайбыз деп турушкан КР өкмөтү менен "Центерра Голдинк" компаниясынын ортосундагы келишимге каршы чыкканын вице-спикер К.Исабеков аталган компанияга иш козгогон финполициянын материалдарын терең изилдеп чыккандан соңку бүтүмү менен түшүндүрдү. Эми вице-спикердин сунушу боюнча Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун кароону убактылуу токтото туруу жөнүндө токтом кабыл алышы керек. Бул токтом долбоорунда КР өкмөтүнө жана Генпрокуратурага "Центерра Голдинк" компаниясынын түзүлүшү канчалык мыйзамдуу болгонун, дегеле Кумтөр кени боюнча өкмөттүн чет элдик компаниялар менен түзгөн келишимдеринин закондуулугун карап чыгуу сунушталат. Эч кандай тендер өткөрбөй туруп берилген лицензиянын мыйзамдуулугуна токтолуп, вице-спикер "Эгерде парламент Кумтөр боюнча мурдагы келишимдерди мыйзамсыз деп тапса, анда Кыргызстанга баштапкы 67%дык акция калышы керек, чет элдик компаниялар болсо куру калган пайданы төлөп бериши керек" деген ачык, так пикирин билдирди. 8 жолку соттошуулардан кийин гана чет өлкөлүктөрдөн 76 млн сом жер салыгы өндүрүлгөн. 2006-жылда болсо бийик тоолуу коэфицент үчүн 6 млн долларлык кошумча төлөнүп, ошондой эле Соцфондuо төлөмдөр жасалган. Кумтөрдө учурда 1800 кыргыз жараны жана 100 чет элдик адис иштешүүдө. Бирок чет элдиктер биздин жарандардан 20 эсеге көп айлык алышат. Дегеле Кумтөр кенин казуу башталгандан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандан 181 т алтын ташылып кеткен.
Экономика министри А.Жапаровдун маалыматына ишенсек бүгүнкү күндө кыргыздын казынасында алтын жок. Буга чейин казынага салык төлөмдөрү гана түшүп турган. Алтын маселесинин тегерегинде түзүлгөн кырдаалдын ак-карасы эми айкын болуп калды көрүнөт. Кыргыз финполициясы чет элдик компанияларга кошоктоп туруп экс-премьер, азыркы орус жараны "Газпром нефтинвест" компаниясынын гендеректири Н.Танаевге да жаңы иш козгоду. Так ушу киши өкмөт башында турган чакта, 2003-жылдын 31-декабрында КР өкмөтү "Центерра Голдинк" компаниясына финансылык жеңилдик берген инвестициялык келишим бекиткен. Аталган келишим президент тарабынан да Жогорку Кеңеш тарабынан да ратификацияланган эмес. Ошондуктан "Центерранын" финансылык жеңилдиктен пайдаланууга укугу болгон эмес. Н.Танаев жогорудагы мыйзамсыз келишимге кол койгон мамлекеттик ири кызмат адамы катары жооп бериши керек.
Жыйынтыктап айтканда алтын чарбасында буга чейин боткону айда чалып келишкен экен, азыркы бийлик аны кантип иретке келтирет, мезгилинде көрөөрбүз. Жогорку Кеңештин шаршемби күнкү жыйыны вице-спикер К.Исабековдун сунушун кубаттап, алтын келишимиy ратификациялоонун долбоору жөнүндөгү мыйзамды өкмөткө кайтарды.

Бахтияр ШАМАТОВ




  Эсеп палатасы билдирет

Жогорку Кеңеш жегичтердин уюгубу?
Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн казнадан жыл сайын эбегейсиз өлчөмдөгү акча бөлүнөт. Башкача айтканда, партиялык тизме менен келген азыркы парламентке чейинки чакырылыштардагы депутаттардын турмушу Ленин айткан "коммунизмдегидей" эле болгонун азыр да экс-депутаттар тамшанып сөз кылышат.
Мисалы депутат бекер үйдө жашап, бекер машинада жүргөн. Эл аралык байланыш телефону менен каалаган жагына чалып жадаганча сүйлөшкөн. Бул жөнүндө сөз да, маселе да болгон эмес. Чырдын баары чөнтөк телефондон чыккан. Мисалы, экс-депутат Карганбек Самаков сотка менен миллион сомду сүйлөшкөнү тууралуу чуу чыкты эле аңгыча депутаттын бөлмөсүнө ууру кирип, сейф жоголуп изи сууп кетти. Кийин муну "бир эле мен сүйлөшкөн эмесмин, жалпы комитет сүйлөшкөн" деген билдирүү таратышты. Тактап айтканда, Самаковдун чөнтөк телефонун комитеттеги депутаттар сурап алып сүйлөшүп турушкан.
Март окуясынын чыгышына себепкер болуп 2007-жылы таркатылган Жогорку Кеңеш 2005-жылдан 2007-жылга чейинки үч жыл ичинде 159,9 млн сомду бюджеттен бөлүнгөн акчадан сырткары ашыкча пайдаланышкан.
67,0 млн сомду сыйлык, материалдык жардам катары беришкен. Бул акча бюджеттик мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. 1997-жылдан 2005-жылга чейин депутаттарга 2,9 млн сомдук алты айлык компенсация төлөнүп берилген.
Бул мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга, эмгек кодексине каршы келет.
Командировкалык чыгымдарды төлөө 1,2 млн сом болуп белгиленген чектен ашып, жасалма авиабилеттерге жана ар түрдүү квитанцияларга 2,5 млн сом төлөнгөн.
726,5 миң сом жана 53,0 миң АКШ доллары күтүлбөгөн командировкалык чыгымдарга сарпталган. Бул да мыйзамсыз төлөнгөн акча болуп эсептелген.
КР турак жай фондун менчиктештирүү мыйзамын бузуу менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын чечимине ылайык 9 квартира акысыз берилген жана 16 кызматтык квартира рынок баасынан 40 пайызга төмөн арзандатылып сатылган. Ал эми бир экс-депутат эки чакырылышта эки үй алып, бирин өзүнө менчиктештирсе, экинчисинде жашап турган. Кээ бир депутаттар өзүнүн жашаган менчик үйү бар туруп же жакын туугандарынын үйүн батирледи деген шылтоо менен 3,1 млн сом сарпташкан.
Гараж кызматкерлерине жана ЖК референттерине жолдонмолор 50 пайызга арзандатылып, бул үчүн 819,8 миң сом төлөнгөн. Анан да белгиленген чектен тышкары арзандатылган жолдонмолор берилип, такыр бөтөн кишилерге 196,9 миң сомдук компенсация төлөнгөн.
2005-07-жылдары тендерден тышкары 11,3 млн сомдук-мыйзамсыз сатып алуулар аныкталган.
Бөлүнгөн лимиттен сырткары 398,4 миң сомдук электр жана жылуулук энергиясы ашыкча пайдаланылган.
Жогорку Кеңеш 2005-07-жылдары 20,4 млн сомдук сатып алууларды жүргүзүп, анын 1,4 млн сомуна сатып алуу, дүкөндөрдүн кассалык чектери, квитанциялары болгон эмес.
Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүшкөндө бюджеттик каражатты 35 млн сомго ашыкча жумшап, биринчи тендердик келишимди бузуп, кайрадан тендер өткөрүшкөн. Экинчиси биринчисиндеги бааларга караганда алда канча кымбат болгон. Келишим да түзүлгөн эмес.
Куруучуларга 34 млн сомдук каражатты алдын-ала туура эмес төлөп беришкен.
Электрондук добуш берүүгө жумшалган 1206 миң сомдун чыгашасы документ менен ырасталган эмес.
"Биор" жоопкерчилиги чектелген коому 2005-жылдын 10-ноябрындагы келишимге каршы 61885,9 миң сомдук 110 квартиралуу үйүн курууга 10 млн сом төлөнүп, анын 4 млн сому алдын-ала берилген. 2004-жылдын 17 августундагы Өкмөттүн токтомун бузуу менен 370 миң сомдук автотетиктери, 1 млн сомдук бензин жокко чыгарылган.
6 автоунаа авариялык абалда турат, анын бешине айдоочулар күнөөлүү, үч автоунаага болгон 1 млн сомдук чыгым айыптуулардан өндүрүлгөн эмес.
Мына көрдүңүзбү окурман, жакшылап саресеп салсаңыз жогорку миллиондордун артында не деген көз боемочулук, алдамчылык иштер жатат. Элдин салыгынан чогулган мамлекеттик акча оңду-солду сарпталып, Жогорку Кеңештеги шылуундардын чөнтөгүнө кетип жатканын оңой эле байкайсыз. Эсептөө палатасы бүт баарын таза текшерип чыкты дегенден алыспыз.
Балким эсептөө палатасынын жетекчиси, экс-депутат Искендер Гаипкулов эски коллегаларына кичине ырайым кылгандыр. Ошондой болсо да бул маалымат өлкө башчысы К.Бакиевге, Жогорку Кеңешке жана башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Мунун жыйынтыгы кандай болот убагында көрө жатарбыз.

Келдибек Назиров




 "Күйөө бала" дале эсте

Адил Тойгонбаевди казактар бизге береби?
Баш прокуратура экс-президент А.Акаевдин күйөө баласы, казак жараны А.Тойгонбаевди тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чыгарып берүү боюнча Казакстандын укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлө баштаарын билдирди. Март революциясынан кийин Акаевдин үйбүлө мүчөлөрүнө алты кылмыш иши козголгон. Аларга ылайык айыпкерлер 3 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөттөргө кесилмек. Учурда А.Тойгонбаевге карата тергөө иштери токтотулган. "Күйөө бала" казак жараны болгондуктан ал тараптын мыйзамдарына ылайык чыгарып берилбейт. Жогорудагы сүйлөшүүлөргө караганда А.Тойгонбаевдин иши боюнча тергөө материалдары казакстандык тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилип, кыргызстандын тергөөчүлөрү "күйөө баланы" ошо жактан суракка алса болот. Анткени эки өлкөнүн ортосунда бул боюнча тийиштүү мамлекеттер аралык келишимдер бар. Өзгөчө кылмыш иштери боюнча башкармалыгындагы атын атабаган маалымат булагы А.Тойгонбаев Канттагы цемент-шифер комбинатынын (КЦШК) акцияларын будамайлап сатуудагы иштери боюнча жооп берүүгө тийиш деп эсептейт.
Комбинаттын акциялары боюнча буга чейин Чүй облпрокуратурасы иш козгогон. ИИМдин тергөө материалдарына караганда Данияр Жалишев аттуу казак жараны мамлекеттик ири акча каражаттарын уурдоо максатында аукциондук комиссиянын төрагасы Б.Эмилбаев менен кылмыштуу келишим бекитип, аукционго катышуу үчүн А.Шариповдун атына жазылган документтерди кармашкан. Аукциондо КЦШКнын акцияларынын мамлекеттик пакетинин бир бөлүгү сатыкка коюлмак. Б.Эмилбаев болсо 30 млн сомдук акциянын баасын 3 млн сомго түшүрүп, 13 пайыздык акциялар пакетин Шариповго саткан. Мындан мамлекет 26 млн сомдон ашуун зыян тарткан. Кийинчерээк Жалишев акцияларды өзүнө каттатып комбинаттан 34 млн сомдук дивидендди чөнтөккө салган.
Акаевдин империясы кыйрагандан кийин укук коргоочулар тарабынан дубалга такалган Жамишев биринчи эле суракта А.Тойгонбаевдин жазгырма кишиси экенин мойнуна алган. Парламенттин экс-депутаты, ушул ишти иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Б.Шерниязовдун айтымында комбинаттын 30% акциясы "күйөө балага" караштуу болгонун уккан элек. Бирок А.Тойгонбаев качып жоголгон соң, бул акциялар кимдин колунда калганын бүгүнкүгө чейин эч ким билбейт. Иштин чоо-жайы ушул. Башпрокуратура чындап А.Тойгонбаевдин артынан түштүбү, эгерде түшсө кийинки кезек Акаевдердин киминде, же бул буга чейин боло келген жөн эле кожокөрсүн куру далбасабы, убагы келгенде көрөөрбүз. Адил Тойгонбаев болсо учурда "Улуттук стратегиянын эксперттик борбору" деген аты бар аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзө турган ишкананы башкарат. Анын кайын журттагы криминалдык "ишмердүүлүгү" туурасында сурашканда "мунун мага кызыгы жок, Кыргызстандагы мага карата козголгон бир да иш менен тааныштыгым жок. Мени эмнеге айтып жатышкандарын түк түшүнбөйм" деди.

Бахтияр ШАМАТОВ




  Криминал жыттанабы…

Кыргыз чиновнигинин уулу аферистпи?
Февралдын башында элдин бүйрүн кызыткан маалымат тарады. Москвада жүргөн бир кыргыз өткөн жайдан жарандык алып берем деп аердеги далай кыргызды шорлотуп жүргөн имиш. Эми мындай көрүнүш сыртта боло келген, болуп да жатат, буга ызы-чуу түшкүдөй эмнеси бар деп койсок болмокчу, бирок кептин баары ал шылуун Кыргызстандагы чоң кызматтардын бирин мыкчыган белгилүү инсан, дин иштери боюнча мамагенттиктин жаңы директору Каныбек Осмоналиевдин уулу болуп чыгып атпайбы. Колдогу маалыматтарга караганда Осмоналиевдин Рыспай аттуу уулу бар экендиги, ал Москвадагы кыргыз диаспорасында иштээри чындык. Рыспайга алданган мекендештер тарабынан эки жүздөй адамдын ар биринен жарандык алып берем деп 1, 1.5 миң доллардан акча алып изин суутуп кетти деген доомат коюлууда. Муну Орусияга жаңы эле элчи болуп барган Раимкул Аттокуров да телефон аркылуу кыргызстандык ММКларга ырастаганын уктук. Акчасын алдыргандар Москвадагы элчиликтин маңдайына пикетке чыгышууда дешет. Бирок кызыгы бүгүнкү күнгө чейин алдангандардын биринин да аты-жөнү расмий түрдө аталып, окуянын ак-карасы териштириле элек. Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин айтымында Рыспай Осмоналиев азыр изделүүдө. Демек "шамал жүрбөсө теректин учу кыймылдабас" дегендей, чоң чиновниктин уулунда чын эле бир мандем бар окшойт, болбосо эмнеге из жашырып жүрөт болду экен? Анын машинесинен 90го жакын адамдын документтери, тизмеси табылганы менен бул Рыспайдын айыбына далил боло албасы белгилүү, өзү "табылып" бирдеме айтмайынча жагдайдын караңгы-жарык тарабы ачыкка чыкпайт го деп турсак "24 Kg" маалымат агенттигине өзү кабар берип, документтерди каттоо иши сүйлөшүлгөн мөөнөттө бүтпөй создугуп кеткенин, үч айлык мөөнөт ичинде "маселени толук чечип бүтөөрүн" билдиргени маалым болду. Логикага таянсак кеп тегин жерден чыкпаганы көрүнүп турат. Маселеңерди чечип берем дегени менен чиновниктин уулуна тийиштүү органдардын бере турган суроолору бар болуп калды окшойт. Маселен, жарандык алып бергенге ортомчулук кылгыдай, анысы үчүн акча топтоп алгыдай Рыспай Осмоналиевде кандай укук бар? Атасынын атына жамынганбы же башка колдогон күчтүү кожолору барбы? Рыспай Осмоналиев мына, элчиликке келип түшүндүрмө берем, коем дегени менен ошо боюнча келе элек. Кыргызстандагы маалымат агенттиктерин коюп, мекендештер менен батыраак чечишип алса болот эле.

Бахтияр ШАМАТОВ














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!