Коомдук-саясый гезит
№04, 15.02.08-ж.




◄◄◄
  Табышмактуу аалам

Түш кантип жорулат?
(Башы өткөн сандарда)
Сакый падышага Жусуп Аллейхиссаламдын жоруганын айтып келет. Падыша таң калып:
- Кайра барып, анын чараларын сурагын, - дейт.
- Мунун чарасы эмне? - деп сурайт Сакый. Жусуп Аллейхиссалам:
- Жети жылга дейре эгинди көп айдап, запасты көп чогултсун. Бул жети жылдан кийин дагы жети жылга дейре жаан жаабайт, чөп өспөйт. Мурдагы запасты ошондо жесин.
Сакый бул сөздөрдү Роянга жеткирип келет. Роян бул сөздөрдү уккан соң "жакшы чара экен" деп, Сакыйга:
- Ошол түш жоругучту бул жерге алып кел деп буйрук берет.
Зындандан чыгарганга келген Сакыйга Жусуп:
- Мени Азизи Мисир Зулайканын сөзү менен зынданга салган эле, 12 жылдан бери зынданда жатам. Барып падышага айткын, Азизи Мисири Зулайканы баш кылып, жаңы катындар эмне үчүн колдорун кескендерин сурап көрсүн, - дейт. Жусуп Аллейхиссалам "Зынданга эмне үчүн түшкөнүмдү", күнөөмдүн бар же жок экендигин өзү аялдардан сурап билсин деген ойдо айтат.
Падыша дароо Зулайканы жана катындарды чакыртып келип бир-бирден сурап, Зулайка менен Жусуп Аллейхиссаламдын бардык окуяларын катындардын кылмыштарын, Жусуп Аллейхиссаламдын абалы жөнүндөгү аңгемелерди угуп, териштирет. Зулайка башында турган бардык аялдар Жусуп Аллейхиссаламдын ак экендигин моюндарына алышат. Ошондо Зулайка Сакыйдан:
- Жусуп мен жөнүндө арызданып сөз сүйлөдүбү? - деп сурайт.
- Сиз жөнүндө эч кандай жаман сөз айтпады, - дейт Сакый.
- Жакшылык, ааламдык да ушунчалык болоор, ибадат да ушунчалык болоор, таквадарлык да ушунчалык болоор. Ал менин жалаам менен 12 жыл зынданга жаткан болсо да, дагы эле менин айыбымды ачкан жок деп падышага барып:
- Падышам, бүгүн мен чыныгы ашык болдум. Баарыбыз үчүн чындыкты сүйлөөнүн убактысы келди.
Күнөө менде, ашык болгон киши мен, аркасынан кубалап көйнөгүн жырткан киши да мен. Ошон үчүн аны күнөөлөп жалаа жапканмын. Мен күнөөлүү, Жусуп чынчыл киши, улуу падышам. Эгер Жусуп азыркыга дейре зынданда жатпаса, анын күйүтүнөн өзүм да жоголмокмун. Бул жерде Зулайка падыша менен Азизи Мисирдин алдында туруп үч чындыкты айтат: Биринчиси, ага менин ашык болгондугум, экинчи күнөө менде, мен ага жалаа жапканмын. Үчүнчүсү, Жусуп чынчыл ак ниет киши дейт. Ушул сөздөрдөн үч түрдүү касиетке ээ болот, ал капыр болчу, иман тапты, карып кеткен эле жашарды, эң аягында Жусуп Аллейхиссалам менен баш кошот.

(Уландысы бар)
Даярдаган Абдылда Карасартов













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!