Коомдук-саясый гезит
№04, 15.02.08-ж.




◄◄◄
  Экөө

Жогорку Кеңештин депутаты, "Агым" газетасынын кожоюну Бегалы НАРГОЗУЕВ жубайы Афиза МЫРЗАПАЯЗОВА менен.
Баш кошкондоруна 25 жыл болду. Эки уул, бир кыздын ата-энеси.
- Бегалы Молдогозуевич, жакында эле өткөн туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Кесиптешиңиз Аскар Салымбеков экөөңүздөрдүн туулган күнүңүздөр бир күндө турбайбы. Жылкы союп, ресторанда чогуу белгилешти деп уктук...
- Аскар Мааткабылович экөөбүз көптөн бери таанышпыз. 5-февраль күнү "Бегалы экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күндө экен" десе мен тамаша катары кабыл алып койгом. Чынында эле ошол күнү төрөлүптүр. Паспортуна 9-февраль деп жаңылыш жазылып калганы менен ал киши туулган күнүн 5-февралда белгилейт экен. Ал күнү бири-бирибизди куттуктап гана койгонубуз эле болбосо, ал өзүнчө, мен өзүмчө белгиледим. "Экөө чогуу өткөрдү" деген жөн гана ушак кеп.
Мен негизи туулган күндү белгилегенди жактырбайм. Билген достор куттуктап келип калышат. Анан белгилегенге туура келди. Анын үстүнө транспорт, туризм жана курулушту өнүктүрүү комитетиндеги депутаттардан "парламенттин баарын чакыра албайбыз, комитет ынтымактуу бололу" деген он киши мага чейин туулган күндөрүн белгилеп өткөрүшкөн болчу. Анан алардын чайын ичип алгандан кийин, өткөрбөй коюуга болбойт экен. "Старый город" деген кафеде белгиледим, эки сааттай гана отурдук. Башка комитеттен Ибрагим Жунусовду чакырдым. Экөөбүз 1988-жылдан бери таанышпыз. Мен "Ногдаун" деген көркөм фильминде директор болгондо, ал музыкасын жазган.
- Киностудияда иштедиңиз беле?
- 5-класста окуп жүргөндө адабий багытты тандап алып, жазуучу болсом деген тилек менен адабий китептерди (айылдагы китепканадан китептерди көп алчумун) окуп, даярданып жүрдүм. Мээнетим жанып, КУУга каалаган окуума өтүп кеттим. 4-5-курстарга барганда кино менен "ооруп" калдым. Адабияттан киного өтүп, киностудияда иштедим. Ал кезде Москвадан билимиң болбосо азыркыдай кино тарттырчу эмес. Москвага барып окууга тапшырайын деген таттуу кыялда жүргөндө кайра куруу башталып, ал кыял калып калды. Ошол учурда киностудияны каржылаганга финансы жок иштебей ал он жылдай токтоп калган.
Анан мен бизнес тармагына өтүп кеттим. "Аман Эйр" жана "Эсен Эйр" авиаагенттигин ачып, ал жерден азыноолак ийгиликтерди жараттым.
- Атаңыздын, чоң атаңыздын аттарынын "козу" менен аякталышы кандайдыр бир нерсеге ырымдалып коюлган го?
- Университетте окуп жүргөндө кыргыз тилинен сабак берген Сапарбаев деген мугалимибиз менин фамилияма көңүл бурган эле. "Наркозу" деген "Күчтүү төө, нардай болгон козу турбайбы" деп чечмелеп берген. Себебин атамдан кызыгып деле сурабапмын. Менин оюмча, чоң атам өзүнүн атына уйкаштырып коюп койсо керек. Чоң атамдын аты - Наркозу. Балдарынын аттары - Атакозу, Маматкозу, Молдокозу. Молдокозунун баласы менмин. Атам дагы балдарынын аттарын уйкаштырып койгон экен. Ата-энем көп эле балалуу болуптур. Мага чейин Наралы, Молдалы деген агаларым болгон. Алар кичине кезинде кызамык менен ооруп, ошондон чарчап калышкан экен. Туруп калганыбыз алтоо. Баарыбыз үйлүү-жайлуу, очор-бачарлуубуз.
Эки уул, бир кызым бар. Чоң уулум - Амантур, 22 жашта. Үйлөнүп, бизди неберелүү кылды. Аты Аяна. 10 жаштагы кызым Даянага уйкаштырып коюшкан. Кичүү уулумдун атын дагы Эсентур деп чоң уулум койгон. Ал азыр 8 жашта.
- Куданы кайсы жерден күттүңүз?
- Жумгалдан. Амантурга "тигинин кызын ал, мунун кызын ал" деп эч кимди таңуулаган жокпуз. Жактырган кызына үйлөндү. Кудалардын алдына түшөөрдөн мурда ал жердин салт-санаасын сураштырсам, "Алар куданы аябай аракка кыйнашат. Жатаар аяк, тырп этээр аяк" деп эле куя беришет" деп калышты. Анча аракты кантип көтөрөм деп жаныма эки досумду ээрчитип алдым. Ал эки досум баргандан "Качан арак куясыңар?" деп кудалардын шаштысын кетирип, шайын оодарышты. Аларга алаксып калган куда тарап мени көп кыйнашкан жок. Бирөөнүн көңүлүн кыйбай алып койгонум болбосо, аракка анча эмесмин. Кызыл кургак вино ичем. Тамеки тартпайм. Ал эми тамакка табитим жакшы. Жеңеңердин бергенин жей берем. Тамак ылгабайм. Бирок, камыр тамакка жакынмын. Шапалак деп коюшат го, ошону жакшы көрөм. "Түштүк тараптагылар палоого жакын го, палоо баспайсыңбы" деп калгандар да болот. Бала кезден апамдан үйрөнгөн эки гана тамакты билем. Этти, куурдакты жакшы бышырам. Үйдө эч ким жок болуп калганда ашканага баш багып билген тамагымды жасап жейм. Ачка отурбайм. Атам апам жок болсо үч күн болсо да ачка отура берчү. Ошонусун билген апам бир жакка барса "чалым ачка калат" деп шаша берчү.
- Камырды колго жайган даамдуу болот эмеспи. Жеңебиз камырын колго жайып тамак жасап береби?
- Даяр эле камырдан жасап берет. Азыр ал тамакка чек койдум. Анткени, камыр тамак жесем эле салмак кошо турган болуп калдым. Былтыркы эле парламенттик шайлоодо Аксыда иштеп жүргөндө камыр, эт (чакырган жердин баары эле эт, камыр менен сыйлай беришти. Негизи эле аксылыктар конокту ушинтип сыйлашат) жей берип салмагыма 3 кг кошуп келипмин. Бишкекке келгенде аны байкаган досторум: "Сен шайлоодо иштебей эле, эс алып жаткансың го" деп тийишишкен.
Бир форманы кармаш үчүн камыры жок тамакты жегенге аракет кылам. Жашылча- жемиштерди, балыкты көп жейм. Кайсы күнү кайсы тамакты жей турганымды жеңеңер жакшы билгендиктен даамдуу кылып жасап берет.
- Жеңебиз бүгүнкү күндө эмне иш кылып жатат?
- Жеңеңер КУУнун физика факультетин бүтүргөн. Жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин ЭВМ заводунда оператор-программист болуп орношкон, ал жер талкаланып, жабылып калганча иштеп жүрдү. Анан ФОМСта бухгалтер болуп иштеди. Учурда "Аман эйр" авиаагенттигинде финансы директор болуп иштейт.
- Жубайыңыз менен кайсы жерден тааныштыңыз эле?
- Жубайымды 1-класстан бери эле тааныйм. Экөөбүз классташпыз.
Афиза аябай жакшы окучу. Жакшы окуган кызды жигиттердин баары жакшы көрөт эмеспи. Алардын катарына мен дагы кирчүмүн. Бирок, жанына даап бара алчу эмесмин.
- Сезимиңизди кат аркылуу да билдирген жок белеңиз?
- Жок. Себеби, кыздарга кат жазгандан коркуп калган жайым бар болчу. Өзүмдөн улуу бир кызды жакшы көрүп калып ага арзуу катын жазсам, ал кат эжекелердин колуна тийиптир. Катты кармап алган эжекелер "окуудан чыгарабыз" деп чогулуштарга салып, бир топ чыр кылышкан. Ал кезде "кыздарга кат жазуу" дагы тартип бузгандыкка кирчү. Ошондон улам, кыздарга кат жазгандан чочулап калгам.
- 8-Март майрамында белек берүүнүн шылтоосу менен дагы арзууңузду билдире алган жоксузбу?
- 8 - Март майрамына балдар акча чогултуп, кыздарга белекти коллективдүү берчүбүз. Ал убакта белектерден мода - атыр, атыр самын эле. Кыздар болсо жүзаарчы тигип беришчү. Жүзаарчыга "Бдан Сга" деп же "А + К" деп жазып берген чечкиндүү кыздар бар болчу. Бирок, андай кыздар сейрек кездешчү. Афизага болгон арзуумду студент болгондо гана билдиргем.
- Жубайыңыздын аты кызык экен...
- Мектепте жүргөндө Апиза (айылга ушул ат менен белгилүү) эле дечүбүз. Паспортунда Афиза экен. Татар акушер-врач койгон экен. Сыягы, киндик энеси окшойт.
- Жубайыңыз менен таарынышкан учурлар болсо керек. Сизге таарынып канча жолу төркүнүнө барып келди эле?
- Албетте, турмушта баары болот. Таарынышуу, кайра жарашуу учурлар көп болгон. "Эстүү келин этегин чаптырбайт" дегендей, жеңеңер мага таарынып төркүнүнө кетип эселектик кылган жок.
- Ошентсе да жеңеге кол көтөргөн учурларыңыз болду беле?
- Жаш кезекте ачуулукка алдырып ага тап берген учурлар болуп калчу. Бирок, жемин жедирбеген жеңеңер бар. Андай учурда тили менен баарын жайкап кетчү. Азыр эми элүүнү таянып калдык, андай көрүнүштөр болбойт. Анын үстүнө колубузда келин бар. Жаш үйбүлөгө биз үлгү гана көрсөтүшүбүз керек.
- Эртең менен сизди ишке жөнөтүп турабы?
- Күндө кийим-кечемди жөнгө салып, ысык чайын берип жөнөтөт. Кокус менден эрте ишке кетип кала турган болсо, кийим-кечемди үтүктөп, шкафга илип, тамагымды даярдап кетет.
- Баш кошконуңуздарга 25 жыл болуптур. Бул күндү белгилейсиздерби?
- Буйруса белгилейбиз. Датасы эсимде жок. Датасын жеңеңер жакшы билет. Күз мезгилинин октябрь айында баш кошконбуз.
- Күз мезгилин жактырасызбы?
- Тойдун баары күзгө ылайык да. Арзанчылык дегендей. Мен негизи жаз мезгилин жактырам. Айлана жапжашып болуп, мажүрүм тал самсалап, бак-дарактар бүр ачып, айтор, жаратылыш кооздукка бөлөнөт. "Сүйүүлөр да жазда башталат" дегенге да ишенем.
- Бизге тиешеси жок болсо дагы 14-февралды "Ашыктар күнү" деп жаштар белгилеп жүрүшөт. Сиздин көз карашыңыз?
- Бул күнү ашыгына арзуу сезимин айта албай жүргөн жигиттер чечкиндүү болушуп, сүйгөн кызын кафе-ресторанга чакырышат. Түз эле "мен сени сүйөм" дегенден көрө ушундай жол менен сүйүүсүн билдиргени жакшы да. Ошондуктан бир күндүк сүйүү күнүн белгилеп коюу туура деп ойлойм.
- Көпчүлүк мырзалар менен маектешип "алгачкы сүйүүңүз?" деп суроо салсак эле, "биринчи сүйүүм - жубайым" деп жооп беришет. Сиз кандай дейсиз?
- "Көңүл миңди сүйөт, жүрөк бирди сүйөт" дегендей, көп кызга көңүлүң түшкөнү менен жүрөктө жүргөн кызды жар кылып тандап аласың да. Афизага чейин көп кыздарды жактыргам. Аны Афиза өзү деле жакшы билет. Анткени жактырган кыздарымды ага ээрчитип барып тааныштырып, "сага жагабы, кандай экен? Сындап бербейсиңби?" деп андан классташ катары кеңеш сурачумун. Бирок, эмнегедир эч кимисин жактырчу эмес.
- Жубайыңыз дагы тымызын ичинен сизди жактырып жүргөн го?
- Балким... 5 классташ (мени кошкондо) бала классташ кыздарга үйлөнүптүрбүз. Чогулуп калганда менин мектептеги шоктугумду эстеп күлүп калабыз.
- Тентектигиңизди ата-энеңиз билчү беле?
- Билишчү. Мен өзүм бирөөгө тийишчү эмесмин. Тийишкен киши менен кармашчумун. Бизге күн көрсөтпөй кошуна бала күндө эле сабай берчү. Ачуум келип, бир күнү аны мен сабап салдым. Анын ата-энеси келип менин ата-энеме даттанышат. Ошондо атам чыбык менен мени аябай сабаган.
Атам бизди катуу тартипте кармачу. Мүнөзү катуу киши. Атам кыздарын эркелетчү, а апам болсо бизди эркелетчү. Атам кара жумушту үйрөткөнгө аракет кылчу. Жакшы кылган ишиңди да мактачу эмес. Жадакалса саамайыбыздан да сылап койчу эмес. Негизинен ата-энем турмуш тиричиликке тың кишилер болчу. Тың болгондуктан бала-чакасын жакшы камсыздандырышты. Экөө тең мектепте 4-класска (ал кезекте 4 класстык эле билим алышчу экен) чейин эле окуган. Өздөрү билим жагынан өксүү болгон үчүн бизге билим берүүгө аябай аракет кылышчу. 1-5-класска чейин өздөрүнүн билими жеткенче катуу көзөмөлгө алышты. Биз дагы 5-класска чейин жакшы окудук. Баарыбызды жогорку билимдүү кылышты. 5 жыл окуумду бүткөнчө ата-энемден стипендия сыяктуу ай сайын акча алып турдум. Азыр апам жок. 64 жашында көзү өтүп кетти. Атам 78де. Апамдан кийин жашык болуп калды. Апам жөнүндө сөз болсо эле жашып кетет.
- Кандай шоктуктарды кылчу элеңиз?
- Топ бала шоктук кылса дагы, аны менден көрүшчү. Айтор, бардык нерсеге мени "крайний" кылышчу. Эсимде калган нерселерди айтып берейин. Эсимде, балдар кыздардын сумкасын 2-кабаттан таштап жиберишиптир. Аны да менин мойнума коюшкан. Бир жолу мугалимдер бизди Өзбекстанга экскурсияга алып барабыз деп калышты. Сабактан кийин, "ал жакка барып эмне бар? Ысык, дагы. Андан көрө тоого кеттик" деп балдарды азгырып кеткем. Мугалимдер жалаң кыздарды алып барышыптыр. Тоого мен үндөп кеткеним билинип калып, ошондо да мектептен чыгарабыз деп коркутушкан. Шоктугум мектепке дүң болгондон кийин, класста кыбыр эткендин баарын менден эле көрө беришчү. Агайыбыз табуретканын үстүнө жаздыкча коюп олтурчу. Ошонун астына балдар муштумдай болгон муздак ташты коюптур. Байкабай үстүнө отуруп алган агай ачуусу келип "сенин гана кылганың" деп мени доскага чыгарып алып сабаган.
Ороз деген классташым экөөбүз бир партада отурчубуз. Ал дагы билинбеген бейбаш болчу. Алдыда олтурган эки кызга буту менен тээп тийишпейби. Анан ал кыздар бурулуп туруп, дароо эле мени бетке чаап жиберишти. "Мен эмес" деп үнүмдү катуу чыгарып айтсам, аларга болушуп, мугалимдер мени урушушкан. Балдар менен мушташкан учурлар көп болду.
- Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!