Коомдук-саясый гезит
№03, 08.02.08-ж.




◄◄◄
 "Кто есть кто"

Мен плагиат эмесмин, Р.Исакова плагиат
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору, профессор А.Саадабаевге
М.Апышевдин өткөн жылы "Бишкек таймс плюс" газетасына А.Садыковдун плагиаттыгы жөнүндө жазган макаласына менин аспирантым Р.Исакова жооп жазып, газетага алып барса, баспай койгон. Ошондон кийин макаланы М.Апышевдин үйүнө жиберип, почта ящигине салынган.
Маселенин жөнү мындай: НАКтын эрежеси боюнча бир макала изденүүчүнүн жеке эмгеги болууга тийиш. Ошондуктан ал макаладагы өзүмдүн фамилиямды анын өтүнүчү боюнча алып таштаганмын. Кийин китепке ошол боюнча чыккан. Демек, бул жерде А.Садыковдун эмес, аспирант Р.Исакованын плагиаттыгы жөнүндө сөз жүрүшү керек.
Абдыкадыр САДЫКОВ, филология илимдеринин доктору, профессор



  Каяша

"Өз демилгелүү комиссияга" жооп
Мындай деп атап жатканыбыздын себеби, комиссияны ким түзгөндүгү белгисиз. Ал Апышевдин демилгеси менен жасалган иш экени түшүнүктүү. Жакында "Бишкек таймс плюс" газетасында (01.02.08, №2) "Айыбы ачылды" аттуу макала жарыяланган. Төмөндө ага карата биз өз оюбузду билдирүүнү туура таптык.
Өткөн жылы М.Апышевдин "Бишкек таймс плюс" газетасына (25.05.07, №21) А.Садыков, Р.Исакова жөнүндө жазган макаласына Р.Исакова жооп жазып, газетага алып барган, бирок ал гезитке жарыяланган эмес. Р.Исакованын кемчилдиги бул маселени ошол боюнча калтырып койбой, юридикалык органдарга кайрылса болмок. Ошонун натыйжасында эми минтип маселе кайрадан жаңырып отурат.
Мына эми университеттин айрым кызматкерлери Апышевдин консультациясы менен уюшуп алып, профессор А.Садыковду жаманатты кылыш үчүн макала жазып отурушат.
Филология илимдеринин доктору, профессор, КРУИАсынын коор-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты А.Сыдыков илимдин 37 кандидатын, 4 докторун даярдаган киши. 360 илимий эмгектин автору, анын 57си китеп түрүндө жарыяланган. Апышевдин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн ою боюнча А.Садыков ушунун баарын өзүнүн шакирттеринин эмгектеринен "көчүрүп алып", "байып" жүргөн экен. Минтип айтканыбыз күлкү келерлик иш да! Адетте шакирттери устатынан "уурдайт" дечү эле. Биз бул жолу анын "тескерисинче" болгонуна таң калып отурабыз.
Урматтуу окурман! Азыркы "демократиялык коомдо" кимдин башына кандай ой келсе, ачык айтып, кандай формада болсо да, башка бирөөлөрдү жамандоого шарт түзүлүп калбадыбы? Ошондон пайдаланып жаман көргөн адамдарын түрдүү ыкмалар менен мазактоого кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Капитализмдин мыйзамы ушундай.
Биз "Бишкек таймс плюс" газетасына бир топ адамдардын колу менен жарыяланган жогорку макаланы ошондой ушак, Республикага белгилүү адамдын беделин түшүрүүгө аракеттенген жалаа деп баалайбыз. Эгерде душмандык аракеттер болбосо, филология факультетинде декандын орун басары болуп иштеген, профессор Садыковдон сабак алып окуган Б.Баймырзаев агайына бир ооз кайрылып, "сиз чын эле аспирантыңыздан уурдап алдыңыз беле?" деп сурап койбойбу.
Илимде жетекчи менен аспирант биргелешип макала жарыялоо жолу кабыл алынган. Бул ирет А.Садыковдун жообунда көрсөтүлгөндөй, аспирантына жардам көрсөтүү максатында макаладан өзүнүн фамилиясын алып койгон экен. Ошонун кесепетинен ал тигил "азаматтардын" ою боюнча "ууру" болуп чыгып отурат. Аны "кармап алгандыгына" мактанып, профессор А.Абдразаков группаларга кирип, газетаны көрсөтүп, кыйкырып жүрөт экен. Жарыялангандардын баары эле чындык эмес экендигине студенттер ишенбей тургандыгына биз кепил боло алабыз. Факультетте окуу куралдарын тынымсыз жазып, студенттердин алкышына ээ болгон бул профессор жөнүндө алардын көпчүлүгүнүн пикири жакшы экенин да билебиз.
Уюшулган топтун бул аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. Эгерде алар коллективди бөлүп-жаргыч мындай аракеттерин токтотпосо, биз өз тарабыбыздан дагы башка чараларды көрүүгө аргасыз болобуз.
Ж.Бакашева, филология илимдеринин доктору, профессор
Н.Сыдыков, филология илимдеринин кандидаты, доцент
И.Султаналиев, филология илимдеринин кандидаты
Н.Койчуманова, филология илимдеринин кандидаты, доцент



  Ким "крайний"?

Чындык мен айткандай
Мен жөнүндө М.Апышевдин "Бишкек-таймс плюс" газетасында (25.05.07, №21-саны) "А.Садыков Р.Исакованын Университеттин жарчысына (2004, серия №1, 4-чыг.) жарыяланган макаласынан бир үтүрүн дагы өзгөртпөгөн бойдон "Кыргыз поэзиясы орус тилинде" (Бишкек, 2005, 41-48-беттеринде) аттуу китебине киргизип алган" деп жазган.
Мен профессор А.Сыдыковдун жетекчилиги астында иштеп жүргөн изденүүчүмүн. Мен агайым менен дайыма чогуу иштешкендиктен, жетекчимдин идеяларын пайдаланган болчумун, айрым жерлерде сөзмө-сөз көчүрүлүп калган фактылар бар экен. Туура, мен аны кийин сезип, оңдоп чыкканмын. Биздин кемчилик - авторлошкон деген бир сөздү жазып койбогондугубузда.
Р.ИСАКОВА, КУУнун окутуучусу



  Уктуңбу?

Кош жарандуулук -ишке ашпаган кыял
Орусия эмгек мигранттарын тынымсыз жөнөтүп турган Орто Азия ж.б. КМШ мамлекеттеринин кош жарандуулук туурасындагы демилгесин эч качан колдобоорун Федералдык миграция кызматынын директору К.Ромодановский ачык билдирди. Кыргыз, өзбек ж.б. өз өлкөлөрүндөгү жарандуулугун сактоо менен Орусиянын жарандары боло алабы деген соболго К.Ромодановский мырза "Жарандуулук - бул укуктардын жана милдеттердин биргелешкен айкалышуусу эмеспи. Эгерде кыргыз жараны бизде жашагысы келсе, бирок өзүнүн өлкөсүндөгү мыйзамдар боюнча гана жашап, ал эми Кыргызстанда Орусиянын жарандыгы менен далдалана турган болсо анда бул суроо бизге эмес.
Кош жарандуулукту кандайча түшүнсө болот? Бул эч бир милдеттүүлүктүн жоктугу эмеспи? Кош жарандуулукка ээ болгон адам кайсыл жакка салык төлөйт, кайсы жерде армия кызматын өтөйт? Жөн тил менен кыска айтканда, ал биз менен бир кайыкка түшкүсү келеби, биз менен жүрсүн, кааласа тиги өйүзгө чыга калып карап тургусу келеби, анда анын бизге кереги жок. "Кош жарандуулук маселелери бизде иштелип чыгып атат дегендер өтө жаңылышат. Иштелмек тургай бизде бул маселенин өзү жок" - дейт директор мырза.
Ал эми "мекендештер" деген түшүнүккө токтолуп К.Ромодановский мындай түшүнүк берди: "Мекендештер" дегенде улут жөнүндө бу жерде бир да сөз жок, б.а. жалаң орустар деп түшүнбөш керек. "Мекендештер жөнүндөгү мыйзамга" ылайык биз мекендештер деп мурдагы СССРдин тушунда бирге жашаган бардык КМШ өлкөлөрүндөгү мекендештерибизди эсептейбиз, алардын кай улут өкүлү экендигинин бизге мааниси жок". Ушуну менен кош жарандуулук жөнүндөгү бизде эл коомчулук арасында көптөн бери аягы тыйылбай келе жаткан дуудамал кептерге, жоромолдорго чекит коюлду десек болоор.
Мына эмесе, 1000 кыял…
Бахтияр ШАМАТОВ



  Тилкөйгөй

КЫРГЫЗ ТИЛИ КОРГОЛОБУ ЖЕ КОРДОЛОБУ?!
(Башы өткөн санда)
Дегеле тили буруу жетекчилерден чеке жылыткан бирөө чыкканын билбейт экенбиз. Кузнецов, Силаев, Танаев, Костюк, Глушич дегендер тоноп-тоюнуп, байып алышып, кыргызды каакы ордуна көрбөй, башка жакка бакубат баса беришти. "Өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт" дегенди ойлоп койбойт экенбиз да.
Баса, ушул жылдын 15-январында "Алатоо" программасында Президент К.С.Бакиевдин Бишкек шаарынын мэри Д. Үсөновду кабыл алуусун көрсөттү. Ортосунда орус тилдүү эч ким жок туруп эле мэр президентке орусчага сүйлөп кирди. Кабыл алууда эки башчы кыргызча эмес, орусча сүйлөшөт деп үч уктаса түшүмө кирген эмес. Чынын айтайын, көрүп отуруп ыза кайнап, ыйлагың келет экен. Алардын орусча сүйлөгөнү эле эмес, зээнди кейиткени кыргыз тилинин тагдыры болду. Башчылар баштап өз ара кыргыз тилинде сүйлөшпөсө, "кыргыз тили мамлекеттик тил даражасына көтөрүлө албай калды го" деген күңүрт ой пайда болду.
Токулган тил мыйзамы токулган боюнча кагазда бар, турмушта жок. Аны айтып да, жазып да жатышат. Айтор, кыргыз тили деп какшай берип тил да тешилгендей болду. Менимче, жалгыз эле арга кыргыздардын өз тилин билүүгө патриоттук сезими ойгонмоюн иш жылгыдай көрүнбөйт.
Баарын эле каражатка шылтоолойбуз. Атаганат, шайлоого шам-шаркыт чачылган ченемсиз каражатты кыргыз тилине жумшашса, канчалаган китеп чыгарылып, окуучулардын сообуна калышат эле.
"Манастан аянба, калайык!" дегендей "Кыргыз тилинен аянба, калайык!" деп, ар бир кыргыз эки-үч сомдон чогултсак да бир далай каражат топтолор. Ушундай демилгени да көтөрүп көрбөйлүбү?
Казактар жомокторунан тартып, элдик оозеки чыгармаларын серия-серия кылып, укмуштай кооз чыгарып жатышат. Балдар түгүл чоңдор суктанып окугудай.
Казак тилин казактар кандай сонун бийиктикке көтөрүп алышты. VIII кылымда ташка чегилген Орхондогу Күлтегин эстелигин бабаларынын эстелигиндей барктап, анын көчүрмөсүн чектирип, Астанага орнотуп коюшту.
Тил маселесин кынтыксыз көзөмөлгө алып, казакең кыргыздардан бардык жагынан караансыз озуп кетти.
Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын башчысы Ташбоо Жумагулов жанын жанга үрөп иштеп жатат. Иш чараларын өткөрүп, тил кербени Республиканын аймагын түрө кыдырып, кыргыз тилин коргоо, колдоо, өнүктүрүү жагын түшүндүрүп, канкакшап какылдап сайрап жүрөт. Үмүт ошолордо эле калды. Алардын ишинин ийгиликтүү жүрүшүн, тилге мындан ары да, маселелерин курч коюп, тилге күйүп-быша беришин колдойбуз.
Тил маселесинин калган көйгөйлөрү толтура: адабий тил, адабий тилдин тазалыгы, илимий стил, иш кагаздарынын стили сыяктуу толгон-токой түйүндүү маселелер бар. Азыркы учурда орфографиянын эскиси менен жаңысы жарыша иштеп - башаламан. Топонимдерге да тополоң түшүп, андай да, мындай да жазып, окуучулар түгүл мугалимдердин башы айланып калды. Чыгып жаткан газета, китептердин көбүнүн орфографияң менен жумушу жок. Ар кимдин өз орфографиясы бар болуп калды. Аны тескеген тиешелүү мекеме да жок. Бул жакта да чаржайыттык өкүм сүрөт.
Тилибиздин сүйлөнөр, сүйлөнбөсү, мамлекеттик тилдин иштээр иштебеси, кыргыздын кыргыз тилин билер, билбеси жөнүндөгү маселелер жанды кыйнап жатканда, калган тилдик маселелер орчундуу иштин көлөкөсүндө калат экен.
Кымбаттуу кыргыздар, тилиңердин ата-бабадан калган аялуу мурас экенин сезип, кыргызча сүйлөөнү унутпасаңар. Тилибиз корголобу же кор болобу, болбосо кордолобу, ал - биздин башчыбыздан тартып балдарыбызга чейинкилердин кыргыз тилин билүүсүнө байланыштуу иш. Өз тилин өгөйлөгөн калк өйдөлөбөйт да, өспөйт. Тилин сыйлабаган калк - тирүүлөй өлгөн калк.
Үсөнбек АСАНАЛИЕВ, филология илимдеринин доктору, профессор














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!