Коомдук-саясый гезит
№03, 08.02.08-ж.




◄◄◄
  Бул эмнеси…

Финансы полициясы "Кумтөр голд компаниге" иш козгоду
Аталган компания 2003-жылда миллиондогон салыкты төлөбөй койгонун финполициянын тергөө бөлүмүнүн начальниги Турарбек Масыбаев "Аки-Пресс" агенттигинде журналисттерге билдирди. Начальник ырасы компаниянын канча салык төлөбөй жатканын ачык айткан жок, "көп миллиондогон" деген жалпылоо менен чектелди.
"Кумтөр голд компанинин" чоңдору салыкты үзбөй төлөп келе жатканы жөнүндө кечээ жакында эле жарыя айтып, атүгүл өзүнчө көз карандысыз аудиттик текшерүүдөн да өткөнүн, бул боюнча салык инспекциясы менен эч кандай түшүнбөстүк жок экенин кошумчалаган эле. Финансы полициясынын бул күтүүсүз кадамына депутаттар да таң, "Ак жолчу" К.Карабеков эмнеге финполиция бул маалыматты мурдатан айтпай эми ачыкка чыгарып атканына катуу кызыкты. Анын айтымында жагдай өтө "кызык жана карама-каршылыктуу". Өкмөт билбесе, "Кыргыз алтын", депутаттар кабарсыз болсо, бюджеттин негизги бөлүгү бекитилген болсо (баса ага "Кумтөрдөн" түшкөн пайда да кийрилген) анан бары финполициянын айынан аңтар-теңтер болобу. Бул жерде чын эле салык жашыруу фактылары бар же болбосо дагы кандайдыр бир оюндар башталып жатат, бирок мунун артында турган ким деген түкшөмөлүн айтты. Экономика министри А.Жапаров да бул ишке айран таң экенин жашырган жок. Эмнеси болсо да бир кудай, бир финполициянын өзү билбесе дегендей ой кыйытты. Өкмөт башчысы И.Чудинов болсо "Мен финполициянын "Кумтөр голд компаниге" иш козгогондугунун эч кандай жаман жагын көрбөй турам. Финполиция өзүнүн ишин аткарып жатат. Эгерде салыктын бир бөлүгүн төлөбөсө анда төлөөгө тийиш, бул мыйзам маселеси. Жөн-жай иш процесси жүрүп жатат", - деди.
Эксперттердин айтымында "Кумтөр голд к" жана "Центерра" компанияларынын мындай жоругу жөнүндө канадалык басма сөз эчак чуулдатып жазып атыптыр. Демек, жакынкы күндөрдө бул компаниялардын акцияларына болгон баа кескин ылдыйлайт. Андан да жаманы компанияларга келтирилген чыгым (финполициянын айынан) биздин бюджеттин эсебинен толукталат. Эгерде ушундай болсо анда буга жоопкерчиликти финполиция эмес өкмөт тартат. Инвесторлордун өзүлөрү болсо салыкты башынан бери толук төлөп келаткандарын айтып турушат. Бизге ишенбесеңер өзүңөрдүн мамлекеттик салык инспекцияңарга ишенээрсиңер дешүүдө.
Канткенде да бирөөлөрдүн кудуреттүү колу менен "Кумтөрдүн" тегерегинде жаңы оюндар башталып атат окшойт. Анын максаты кандай, мындан ким пайда табат, белгисиз. Бир гана нерсе белгилүү - мындан караламан журт утпайт да, пайда да таппайт.

Б.МУРЗАЛИЕВ




  Эски ыр, эски кайрыктар

Коррупция деп кыйкырган менен иш жок
Коррупцияны эскертүү боюнча Улуттук агенттик ушундай билдирүү таратты. Коррупция менен күрөшүү боюнча бекитилген 59 иш-чаранын бүгүнкү күндө аткарылганы 79 пайыз.
Экономика, транспорт, айыл-чарба, коргоо, маданият, өнөржай, билим министрлери жана Улуттук коопсуздук боюнча Мамкомитет, физкультура жана спорт, улуттук байланыш, маалымат ресурстары, кыймылсыз жүккө укуктарды каттоо, сатып алуу жана матрезерв, айлана-чөйрөнү коргоо, геология, туризм, антимонополдук жана кесиптик билим берүү боюнча Агенттиктердин жетекчилери коррупция менен күрөшүү ишин жандандырбай жатышат. Маселен, билим берүү министрлиги мониторинг жана кызматкерлердин эмгегинин натыйжалуулугун аныктоо боюнча жоболорду иштеп чыккан эмес. Билим берүү тармагында коррупциянын өтө жогору экенин биринчи класстын окуучусунан өйдө жакшы билет. Мектеп окуучуларынан, студенттерден акча алмайлардын аягы тыйылмак тургай өстү. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агенттик кызматынан кыянаттык менен пайдаланып жумуштан айдалган кызмат адамдары жөнүндөгү маалыматтык фонду түзүү боюнча КР өкмөтүнүн кароосуна эч бир сунуш кийирген эмес, бул иштердин абалына кызыккан да эмес.
Коррупция менен көп жылдардан бери күрөшүп келатабыз дейбиз, бирок анын күндөн-күнгө өсүп баратканын гана көрүп жатабыз. Мындай күрөштүн майнабы болбогондон соң ар 15 мүнөт сайын коррупцияга аеосуз күрөш жарыялай берип элдин көкөйүнө тийип да бүттүк окшойт. Жөн эле токтотуп койбойлубу.

Бакыт ЖОЛДОШЕВ




  Эфирде Эшимканов

Жаңылануу жазалоо эмес
Журналист, саясатчы, экс-оппозиционер Мелис Эшимкановдун Улуттук телеканалга жетекчи болуп дайындалганы андагы иштеген кызматкерлердин нааразылыгын, ошону менен бирге ыраазылыгын да пайда кылды. Эшимканов гезитте жүргөндө кет деген кызматкери кетип, өл дегени өлүмүш болуп турчу да. Башкача айтканда Мелис мырзанын кабагын көргөндө кабарчылары калтырап турчу экен. Эшимканов мына ушуга көнгөн окшойт.
КТРге келгени мындай болбоду. Бейшенбек Бекешовдун көз айнектин артындагы тамашаны билбеген көзүн көрүп коркуп эле кетсе керек. Жаңылаймын, реформа кыламын деген аракети колдоого аларлык. Ал жерде союз мезгилинен бери иштеп "эмгегинен баа таап" жаткандар менен коштошом деген туура. Антпегенде КТРди эч ким көрбөй калган. Жанагы бир канча экономикалык, саясий программалар элди жадатып бүттү. КТРди койсоң эле эки-үч адам сүйлөшүп аткан болот деп эл да тажады.
Акыркы эки жылда Россиянын борбордук телеканалдарында экономикалык жана саясий маселелерди талкуулаган программалар дээрлик жоголду. Бардык маселелер жаңылыктар программасынан гана берилип жатат. Алардын ордуна кызыктуу сериалдар берилүүдө. Бул абдан туура. Анткени КТР көп жылдан бери оңолбогон, экономика менен ыплас саясатты элдерди чакырып талкуулай берип тамтыгын чыгарды. КТР азыр деле оңолгон жери жок. Аны жаңылоо үчүн көптөгөн адамдар менен коштошууга, анан да соттошууга туура келет. Жанагы ачкачылык жарыялагандардын башчысы Б.Бекешовдун "Коломто" берүүсү да коом алдында өз милдетин өтөп бүттү десек болот. Эми кайнене менен келин алакасын, эрди-катын мамилесин талкуулай бергенден эч майнап чыкпайт. "Коломто" программасы өз убагында мыкты болгон. Бирок аны ХХI кылымдын акырына чейин сүйрөп барууга болбойт.
Бүгүн элдин басымдуу бөлүгү улуттук телеканалдан эмнени көргүсү келет? Ушул суроого жооп катары өз оюбузду да айта кетсек ашыкча болбос. Жанагы саясат, экономика жөнүндөгү ой, пикирлердин баары "Алатоо" жаңылыктар программасында болгону жакшы. Президент, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жумушу деле ушул программадан чагылдырылса. Өнөр адамдарын, маданият кызматкерлерин, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн, мугалимдерди катыштырган интерактивдүү оюн-зоок берүүлөр уюштурулса.
Эң мыкты сериалдарды Улуттук телеканал өзү тартып же башка уюмдар менен келишим түзүп, аларга заказ берип элге көрсөтүп турса. Биздин тарыхый инсандарыбыз жөнүндө бүгүнкү күндүн талабына ылайык документалдуу көрсөтүүлөр берилсе.
Көч бара-бара түзөлөт дейт. Эң башкысы М.Эшимканов кызматкерлерди кыскартып, улуттук каналды жаңылаш дегени колдоого аларлык. Бирок жанагы ачкачылык жарыялап Эшимканов бизди ушуга мажбурлап жазалап жатат дегендер өз ара сүйлөшүп, түшүнүү, мыйзам жолу менен чечишсе дурус болмок. Алар кыскарып калган программаларын бүгүнкү күндүн жаңы талаптарына ылайык жаңылап, жаңы долбоорлорду алып чыгышса, аларга деле Эшимкановдорго деле, ортодо тажаган элге деле жакшы болмок…

Эркебай АБДИБАИТОВ




  Талап-тулап!..

"Эшимканов кетсин, Бекешов келсин!"
Кыргыз Республикасынын президентине,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Эл башы, Журт башчылары!
Биз көпчүлүк эл, КТРдин ичиндеги азыркы болуп жаткан кырдаалды көрүп, гезиттен окуп, кол куушуруп унчукпай отуруп кала албадык.
Кыргызда бир макал бар: "Бир кумалак, бир карын майды чиритет" деген. Мелис Эшимканов жүргөн жер качан болсо ызы-чуу экенин моюнга алыш керек. "Ленинчил жаш" гезитин менчиктеп алган. "Агым" гезити да качан көрсөң чаң-тополоң, ушак материалдарга бай. Депутаттыкка да соттошуп жатып келди. Митингдерде оозуна громкоговорителди такап: "Бакиев кетсин эле, кетсин!" деп өңгөчү үзүлгүчө кыйкырып жүрдү. Депутаттарды таркатканда алгачкылардан болуп мандатын тапшырып чыгып кетти. Ошо чыгып кетиши менен депутаттарды таркатканын колко кылып, өзү өмүр бою эңсеп келген КТРге жетекчи болуп барганы жаамы журтка маалым. Арадан жыл айланбай 2, 3 айдын ичинде "башы бата электе" эле, кыргыздын жүзү болгон улуттук телени сапырып, "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деп реформага жамынып алып, КТРди экиге бөлүп салды. "Эфирди Эшимкановдоштуруунун жүзү" деген Б.Бекешовдун макаласын окуп, биз кыжырдануу менен кабыл алдык.
М.Эшимканов кыйратып атам эле дейт, бирок теледен андай деле кыйраткан көрсөтүүнү учурата элекпиз. Кыйратпаса деле коллектив менен тил табышып иштеп кетсе болмок. Иштеше албады, эми бир Эшимканов деп 1500 кишини иштен кетириш керекпи?
Урматтуу эл башылар! Ушунун баарын үстүртөн көрүп, билип, баамдап турасыздар! Бирок, эмне үчүндүр унчукпай отурганыңыздарга таңыбыз бар. Тилинен чаң чыккан демократ, спикер А.Мадумаров жана жакында шайланган жаш депутаттар неге үндөбөйт? Бир Эшимканов деп ачка отургандардын бирөө жарымы жан таслим болуп кетишин күтүп атасыздарбы?
Мамлекеттик жооптуу кызматка коер алдында, ошол адамды медициналык текшерүүдөн өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алынса. Муну биз Эшимкановдун эки жүзүнөн, эки эстүүлүгүнөн, кубулма мүнөзүнөн улам кайрылуу жасадык. Биздин негизги талабыбыз: "Эшимканов кетсин, Бекешов келсин". Ачкачылык акциясында отургандар өз орундарына келишсин!
Надырбек Алымбеков, Эл акыны,
Дүйшөн Абдылдаев, "Акыл-эс, рух жана ыйман" коомунун төрагасы
Доктуркан Турдуева, коомдук ишмер,
Дүйшөгүл Жусупов, "Жетиген" ынтымак кыймылынын төрагасы,
Жакып Медетов, жазуучу,
Жеңишбек Кичинебатыров, куруучу













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!