Коомдук-саясый гезит
№02, 01.02.08-ж.




◄◄◄
  Кумир менен жолугушуу

Айгерим менен кичинекей Жээнбек
Биздин окурмандарыбыздын бири, төрт жашар Жээнбектин атасы Сабит редакцияга чалып, уулунун кумири ырчы Айгерим Расул кызы менен жолугуштуруп берүүбүздү суранды. Себеби, Жээнбек Айгерим ырдап чыккандан бери жакшы көрөт экен. Гезиттерден сүрөтүн көрсө кесип, аны катып алат. "Дискотека" деген ырын ырдай берет. "Айгерим менен жолугат элем, сүйлөшөт элем" деп көптөн бери айтып келатат" дейт атасы. Окурманыбыздын суранычын аткарып коелу деп Айгеримге телефон чалсак, убактысынын жоктугуна карабай, "бала деген бала да" деп жолугушууга макул болду. Жолугушуу 28-январга, саат 16.00го белгиленген эле. Толкунданган кичинекей бөбөк колуна букет роза гүлүн, кичинекей жумшак күчүк кармап алып, байкеси, эжесинин коштоосу менен редакцияга жарым саат эрте келип алыптыр. "Жолугушууну уккандан бери шаштырып, жаныбызды алды. Роза гүлүн дагы өзү тандады" дейт ээрчитип келген байкеси.
Сүйлөшүлгөн убакыттан Айгерим кечиккен сайын, Жээнбек ары-бери чуркап, "силер мени алдадыңар" деп чый-пыйы чыгып терезени карап, күтүп жатты. Айгерим келгенче Жээнбек менен сүйлөшсөк, боорду эзди.

4 жашар Жээнбек:
"Айгеримди Атбашыга ала качам"
- Жээнбек, сени үйүңдөгүлөр эмне деп эркелетишет?
- Мен беш бир тууганмын. Эң кичинекейи менмин. "Жеку" деп эркелетишет.
- Жеку, Айгерим эжеңдин ырын жакшы көрөсүңбү же өзүнбү?
- Эже дебейм, Айгерим эле дейм. Анткени аны мен алам да. Айгерим сулуу кыз. Ырын да, өзүн да жакшы көрөм. "Дискотека" деген ырын ырдап берейинби.
- Айгерим сенден чоң да.
- Мен да чоңоем. Азыр Айгерим келсе "мен чоңойгончо мени күт" деп айтам. Бирок, силер эшикке чыгып турасыңар. Экөөбүз гана калганда айтам.
- Сени күтпөйм десечи?
- Анда Алмаз, Дастан деген досторум менен Айгеримди "Лимузин" менен Атбашыга ала качам. Бизди таятам, таенемдер, Ак мамамдар күтүп алышат. Анан Айгеримге апам жоолук салат.
- Өзүң шаарда жашасаң. Атбашыга барып эмне кыласың?
- Мал багам. Айгерим да мал багат. Аны ырдатпайм.
- Мал сатып, Айгеримге машина алып бересиңби?
- Кыздар да айдайбы? Айдайм десе кичинекей "Джип" сатып берем.
Аңгыча көптөн күткөн Айгерим да келип калды. Ага чейин такылдап сүйлөп жаткан Жээнбек Айгеримди көргөндө сүйлөбөй, башын жерге салып уялып калды. Атүгүл, берем деген белектерин да Айгеримди тике карай албай, сол колу менен араң берди. Айгерим ага ыраазы болуп, Жээнбектин бетинен өөп, жаңы чыккан дискин белекке берди. Кудуңдаган бөбөк "Баарыңар ушул жерде отуруп тургула. Биз эшикке чыгып келебиз" деп элди күлдүрдү. Айгерим Жээнбектин ою менен болуп, сыртка паркка чыгып, аны менен сүрөткө түштү.
Бирок уялган Жээнбек Айгеримге аны менен эмне үчүн жолугам дегенин, ага болгон арзуусун айтып бере алган жок, купуя бойдон кала берди.

Ырчы Айгерим РАСУЛ кызы:
"Биринчи жолу жигит менен жолугушуп жатам"
- Айгерим, кичинекей күйөрманың менен биринчи жолугуп жатасыңбы?
- Мен бөбөктөрдү абдан жакшы көрөм. Ошондуктан убактымдын жоктугуна карабай, Жээнбек менен жолугушууга келдим. Негизи Жээнбекке чейин кичинекей күйөрмандарым менен телефон аркылуу көп сүйлөшкөм. Бирок, биринчи жолу жигит менен жолугушуп жатам. Жээнбек эмки жылы 5 жашка чыгат экен. Менин балдар үчүн атайын ачкан студиям бар. Эгер Жээнбектин ыр, бийге шыгы болсо, анда студияга кабыл алам. Боло турган концерттериме чакырам. Жолугушууну үзбөөгө аракет кылам. Кумир менен жолугушууга көмөк жасаган сиздерге, редакцияга ыраазычылык билдирем.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА




  Ким? Кайда? Качан?

Салима темир тулпарлуу болду
Таланттуу ырчы кызыбыз Салима Балтаева жаңы машиналуу болду. Мурдагы кызыл "Джип" машинасын ак "Джипке" алмаштырды. Мурункусун жакын туугандарына сатты. Өзүмө ак жол каалап ак түстөгү машина алдым" дейт ырчы.

Жеңишбек Мухаммеддүү болду
Быйыл ажы болуп келген, төкмө акын Жеңишбек Токтобеков уулдуу болду. Ал жубайы кош бойлуу болуп турганда ажылык сапарга кеткен. Мекеде жүргөндө кол телефонуна "Сүйүнчү, уулдуу болдуң" деген билдирүү барат. Мекеден мекенине аман-эсен кайтып, ажы болуп келген Жеңиш Аллага ыраазы болуп уулунун ысмын пайгамбардын атынан Мухаммед деп коет. Үч кыздан кийин уулдуу болгон ажы бешик тоюн 1-февралда, мына бүгүн кафеде белгилегени турат. Бешик бооң бек болсун, Жеңишбек!

Бакыттын "Күмүш кемери" жана "күмүш таажысы"
Эстрада ырчыларынын концертин кээде алып барып, анда-санда сахнага көрүнүп койгон, мыкты тамада Бакыт Букаев жакын арадагы майрамдарга карата эки сынак өткөргөнү турат. Мырзалар арасындагы "Күмүш кемер" аттуу сынагы 23-февралда, ал эми айымдар арасындагы "Күмүш таажысы" 8-мартка карата Баткенде болот. Уюштуруучулук иштердин баары өзүнүн мойнунда болгондуктан, конкурс боюнча иш кагаздарын бүтүрүп, жаңы костюмдарын тиктирип, чоң даярдык көрүп жатат.

Азат гезит ачты
Жаш ырчы Азат "Асман пресс" аттуу коомдук-саясий гезит ачканы турат. Биринчи саны 5-февралда жарыкка чыгат. "Гезит менен алаксып калбай, чыгармачылыгымды кошо ала кетем" дейт ырчы. Эки тизгинди бир кармайм деген жаш ырчы жакында чыга турган гезитине тызылдап чуркап жүрөт.

Алькамил Алькамилдин өкүл атасы
Алькамилдин турмушунда кубанычтуу окуя болду. Ал мындай: Токмок шаарында жашаган Наргиза ырчыларды, өзгөчө Алькамилди баалачу, кумир тутчу. Анын ырларын сүйүп укчу. Ал былтыр турмушка чыгып, жаңы жылдын башында уулдуу болду. Уулуна жетине албай Алькамиль де пат койгонго да үлгүрдү. Мунун уккан жолдошу менен туугандары башында бир азга ойлонуп, кийин макул болушту. Кубанычы койнуна батпаган Наргиза Алькамилге телефон чалып болгон окуяны баяндап берип, Алкамилге кичинекей Алькамилге өкүл ата болуп беришин өтүндү. Ырчы Алькамиль ал сунушка макул болуп, адашы Алькамилге арча бешик белек кылып, ага ардайым колдоо көрсөтүп турууга убада берди.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!