Коомдук-саясый гезит
№02, 01.02.08-ж.




◄◄◄
 "Кайдасың?.." программасынын алып
баруучусу Нуркамал АСКАНОВА:

"Коңшу мамлекеттер менен келишим түзөлү деп жатабыз"
- Нуркамал айым, "Кайдасың?.." программасынын долбоору Россиянын "Жди меня" программасынан келип чыккан дешет?
- Мен он жылдан ашык убакыттан бери атуулдарыбыздын арыз даттанууларын иликтөөгө алып, укуктарын коргоого багытталган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын закондорун пропагандалаган "Адилет" программасында иштеп келдим. Бул аралык менин укуктук сабатымды көтөргөнгө жана тажрыйба топтошума мүмкүндүк берди. Сиз сурап жаткан долбоордун идеясы ушуга байланыштуу, ал 2005-жылдын башында бышып жетилген, бирок ошол жылдын март айындагы окуялардан кийин убактылуу токтотконбуз. Убактылуу дегенибизге карабай, бир жарым жылга чейин бул программанын жолу ачылган жок. 2007-жылдын башында гана долбоордун жетекчиси Нышанбек Кочкоровдун аракети менен ошол кездеги көркөм кеңештин колдоосуна татып, алгачкы көрсөтүү 5-апрелде эфирге чыккан.
Албетте, бул көрсөтүү Россиядагы "Жди меня" программасына окшош деген пикирлер дагы айтылып жүрөт. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, он жылдан бери "Шок-факт" программасы аркылуу жер жерлердеги милиция бөлүмдөрүнөн келген билдирүүлөрдү кыска убакытта маалымдап коюу менен чектелип келгенбиз. Он мүнөттүк көрсөтүүгө батпай калган кайрылууларды мазмунуна жараша бөлүп, жоголуунун себептерин иликтеп көрүү максатында ушул программаны ачканбыз. Бирок, иш жүзүндө андай эмес болуп чыкты, тагыраак айтканда "Шок-факт" программасына официалдуу түрдө каттоого алынган адамдарга издөө салынган болсо, "Кайдасың" программасына Республиканын булуң-бурчунан, алыскы райондордон милиция бөлүмдөрүнө кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок, укугун коргоого алсыз, социалдык жактан төмөнкү деңгээлде жашаган калктан кат аркылуу кабарлар тынымсыз келе баштады. Ошонун натыйжасында ушул программа ачылды.
- Канча кишини жолуктура алдыңыздар?
- 2007-жылдын апрель айынан декабрь айына чейин 168 адамга издөө жарыялап, алардын ичинен 50дөн ашык адамды жакындары жана тууган-уруктары менен жолугуштурдук. Биздин максат жакындарын телевидение аркылуу жолугуштуруу. Бирок, эфирге чыккандан тартынгандар бар. Кадр артынан жолугуштурган учурлар да болду.
- Сиздерге "аферисттерди таап бергиле" деп кайрылгандар болобу?
- Эми адам болгондон кийин ар кандай маселелер менен кайрылышат. "Эртең, бүрсүгүнү эле берем деп чоң суммадагы акча алды эле, ошол аферистти таап, акчамды кайрып бергиле" деп кайрылгандар да болду. Андай адамдарга биз кайсы жакка кайрыла тургандыгын түшүндүрүп беребиз.
- Россиянын "Жди меня", Казакстандын "Бармысың баурум" көрсөтүүлөрү менен байланышыңар барбы?
- Бүгүн бул көрсөтүү Кыргызстандын элине чындап эле керек экендиги белгилүү болду. Айрым учурда Россиянын "Жди меня" жана казак туугандарыбыздын "Бармысың баурум" көрсөтүүлөрүнө интернет аркылуу байланышка чыгабыз. Албетте, алар биз менен байланыш түзүүгө каршы болбогону менен иликтөө иштеринде биз унутта калабыз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Россиянын өзүндө эле миллиондон ашык адам издөөдө турат. Демек, ар бир өлкөдө дайынсыз жоголгон өз атуулдарын издеп тапканга шарт болушу кажет. Ал эми мындай шартты ишке ашыруу үчүн улуттук 1-каналдын "Кайдасың?.." программасы атуулдарыбыздын укугун коргой турган тиешелүү министрликтер менен биргеликте иш алып баруу жакшы натыйжа бермек. Ошондуктан, быйылкы жылы Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана консулдук кызматтары менен, Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү менен, Транспорт министрлиги менен, ошондой эле Миграция жана жумуштуулук комитети менен иш алып барууну колго алып жатабыз. Андан тышкары, коңшу мамлекеттер менен оозеки эмес, кагаз жүзүндө иш алып баралы деген чечимге келдик. Келишим түзсөк, байланыш бекем болот да.
- Жыл жаңыргандан бери көрсөтпөй калдыңар. Себеби эмнеде?
- Жаңы жылга чейин редакторлук, алып баруучулук жана издөө, иликтөө иштери менен Кылычбек Мурзалиев экөөбүз алектенип келдик. Ал эми тасмага түшүрүп, көркөмдөп-монтаждоо боюнча дагы эки адам эмгектенишчү. Учурда жетекчилик колдоого алып, чыгармачыл топтун санын көбөйтүп берди жана көркөм кеңештин сунушу боюнча студиябызды жаңыртып жатабыз. Кудай буйруса, март айынын башында көрүүчүлөрүбүз менен жаңы студияда жолугуп калабыз.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА




  Пул заман, кул заман

Сахалин сапары
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Самолеттон сыртка чыксак арылдаган муздак шамал тегерете согуп кар үйлөп турган экен, ичиркентип жиберди заматта. Күтүү тосмосунун нары жагында котолошуп турган элге көз чаптырсам тегиз шамалга күйгөн кара кыргыздар көрүндү. Самолет эмей эле бүт Кыргызстан көчүп келгенсип кудуңдап турушкан бул адамдардын көздөрүнө тигилип жүрөгүм эңшериле түшкөндөй болду, тосмосу, сакчылары болбосо жабыла чуркап самолетту өпкүлөп, жыттап жибергенден кайра тартышпасы бышык окшойт. Он эки миң чакырымды учуп олтуруп жеткен жердин бул түбүнөн мага буюрган тузу канчалык, кантсе да эми үйгө кайтаар күнгө чейин алдыда чети оюлбай "миң жыл" түгөл жатат, мына бул жалаң жалпак дөңсөөлөрдөн турган бул аралда эмне жашоо күтүп турат, ким билет. Мээрими ата-эненикиндей, өз үйүң өлөң төшөгүң Кыргызстан, Бишкек, жылуу жумшак редакция калды, иштен кайтсаң чайын белендеп тосуп турчу жарың, жарпыңды жазаар бала-бакыраң, баары-баары алыс калды. Бул мусаапыр жерде ээн чөлкөмдүн бөрүсүндөй жойлоп жалгыз өзүң жүрөсүң. Жаңы жашооңду калыптуу ыгына салганча, суугуна, шамалына, адамдарына көнгөнчө канча заман бар алдыда, келгин жашоо сага эмне ырыскысын камдап турат, буйруганы эмне, эми көрө бересиң "Бишкек таймстын" кабарчысы… Күнү-түнү өңкөңдөп чуркап, тытынып макала жазып, жарыбаган акча тапсаң да ошонуңа маашырлана, атың улук, супараң курук болуп жүргөнүңө топук канагат кылып келген сен эми бу жерден кантээр экенсиң. Бу жердеги өлө-тала акча эрегиште башкалар менен тең боло аласыңбы да жокпу… Мына бул кудайдын назарынан сырт калган дүйнө аралда сенин журналист, чыгармачыл назик жан экениң менен иттин иши жок, жадагалса жаныңда чогуу учуп келгендердин "ээ, беш, алты шише насвой алып албапсыз да жол киренин теңин көтөрмөк" деп түшкөндө тыңсына акыл айткандарын кара, сен эми чогуу жашап, иштээр адамдар, жаңы Сахалин дүйнөң ушул. Түшүп-түшпөй атып көөнүмдөн сызылган бул ойлорго кантип жооп таап өзүмдү кантип чыйралтаарга айла таппай турдум. Кудум аскерге жаңы келгендей ахыбалдамын. Ар качандан бир качан айланып эле көрө берчү түш бар эле. Кайрадан аскерге жөнөп бараткан болом, "эй, мен деген служба өтөгөм да бул кандай?" деп улам бир чоңдорго чуркайм, барышың керек, тамам дешет тигилер. Түү энеңди, эми дагы баягыдай "салабон" болуп кайра баары башынан башталат турбайбы дейм, жиним келгени ушунчалык, эмне болсо ошо болсун деп туруп түз эле военкомду алкажакадан алам. Ал тарс бир койгондо ойгонуп кетем, карасам эле түшүм, куурап атканда куп гана бир муштаган жанымдагы "военкомго" ушунчалык ыраазы болуп кетем, чек жок. Көрсө ошо түштүн аяны бейм бул, мына кайта-кайта кире берип акыры Сахалинге келдим, дегеле адамга түш бекер кирбейт экен го…

Корсаков
Чыгыш Сибирлик кайсы бир генерал-губернатордун атынан коюлган биздин Токмоктой келээр бул шаарчаны адеп көргөндө үрөйүм учту. Согуш жүрүп кеткендей кыйраган, ураган, союз маалында башталып бүтпөй аңгырап жарым калган үйлөр, караса көзү тонуңду тешип кетчүдөй жүдөңкү эли чөгүп турган көңүлүмдү ого бетер чөктүрдү. Так ушул шаарча сыяктанып үч көчкөн журттай ээн калган биздин Сүлүктүнү эстедим, өзү да аябай окшош экен Сүлүктүгө, бир жери чуңкур, бир жери дөң, бир жагына кыйшайган эл толо автобусу, жадагалса орустары да так өзү тобо… боз чаңгыл булутунан өлүмтүк баш баккан күнүн карап ичиркенип турам, бир оокумда кыргызча бакылдашып, шарактап, каткырыгы таш жарган топ бала өтүп калды. Чала кызуу, катуу "ямдашып" бараткандарына караганда өзүмдүн үкаларым окшойт. "Мына айлыңа келгендей эле болосуң дебедим беле" дейт жанымдагы киши. Чын эле деп мен да ичимен көңүлүм жайлана түшкөнсүдү. Иштей турган жерибиз ушул шаардан 20 чакырымдай нары Пригородное деген жер экен, адегенде бул жактан доктурга бир сыйра көрүнүп, анан жарактуу деген справкасын алып барыш керек деди аксакал.
Эртеси таң атпай поликлиникасына барсам, эл деген ушу жерде түнөгөнбү билбейм, толуп кетиптир. Поликлиникасы да Николай заманда курулган эки-үч кабат жыгач там экен, коридорунан эки киши сыгылып араң өтөт. Эл бүт эле кыргыздар. Анализ тапшырып, ренгенге түшүп, иши кылса кыбыр эткенине чейин акча төлөп, больницасын байытып аткан соң бу жердегилер жактырбай турса да анысын билгизбей лам деп ашык сөз сүйлөшпөйт. "Эй, сийдикти кимге бериш керек?", "ашыкча ыстыканың болсо бербейсиңби?", "котур печети кайсы кабинетте экен?" дешип эле ары-бери чуркап, кымгуут түшкөн кыргыздарга чурк этпей кезекте отурушкан жергиликтүү орустар жүрөгү түшө алая карашат, бири-бирине баш чайкашат. Кезектин быт-чыты чыгып, кимиси башы, кимиси аягы билинбей чачырады, эптеп эле кире калсам деген кыргызча айла иштеп кетти. Мен да эптеп атып кирип ишти бүтүрдүм. Бу жерде заң-закон катуу экен, врачтары биздегидей болсо дароо акча чогулта коюп, тарс-тарс печатын басмак да айдап иймек. Жок кайдан, ар бир адамды эрикпей көрүп, казагын жазып дегендей убаракерчилик, түйшүк. Мынча эмнеге жандарын кыйнашат деп аяп да кетет экенсиң. Менин алдымда кирген бир балага "каныңда кант көбөйүп кетиптир" деп кол койбой койсо бала байкуш жалдырап "постав, сестра постав" деп аткан, анан чөнтөгүнөн акча сууруп чыгып сунуп калды эле "эртең кайра тапшырасың" деп акчасына карап да койбой кабинеттен айдап чыкты. "Ала бербейсиңби" деп сынамыш болуп сурасам "эшиктин ары жагында мени ким аңдып турганын кайдан билем" деп атпайбы. Кийин билсем буларда ушундай экен, салыкчысы болобу, обэп-мобеп деген итибай-чотубайлары акча алына турган шектүү жерлерге такай "подставной өрдөктөрүн" кое берип турушат экен. Жадагалса жашың 18ге толо элек деп мадырабаштарга тамеки саткандан коркушат экен дүкөнчүлөрү. Бу да болсо тартип эмей эмне. Бизде 1-класстын баласына деле арак, тамеки сата беришет го, аны ким карап атыптыр.
Байкасам бу жерде дагы эле совет доорундагы эреже-тартип күчүндө окшоду, биздегичилеп күндүр-түндүр иштеген дүкөн, кафе дегеле жок. Саат 5-6 да жабылат, ишемби, жекшемби баягыдай дем алыш.

Жумуш
Кыргызча карапа чаптагыч десем элдин боору эзилээр, азыркы тил менен айтканда кафельщик же плиточник десем жарашат. Кыла турган ишим ушул. Чынында мындан коркпойм, анткени кафелин жаңы көрүп жаткан жерим жок. Тээ армиядан, стройбаттан үйрөнө келген өнөрүм. Кийин деле Бишкектен чаптап жүргөм, кыскасы колум билет дегеним. Курулуп жаткан завод япондордуку болгон соң аердеги орустун курулуш чоңдору келген ишчилерди сынактан өткөрүп алат тура. Мен бу жердеги үч чоң имаратка тендер утуп Ангарскиден ишке келген АУС аттуу (Ангара курулуш башкармалыгы) орустун фирмасына иштей турган болдум. Документ тапшырып атсам отдел кадыр аял "башка эле фирмага аракет кылсаңар болмок, бул кудай урган аферисттердин фирмасы" деп жүрөк түшүрдү. Көрсө гендеректири Середкин деген еврей (өзүнүн фамилиясы Фрайзман го сыягы, аялынын фамилиясына өтүп алган) маянаңдын теңин берсе берет, бербесе жок, бүт эле өзүнө шыпырат дейт. Чын эле ошондой экенин кийин билдик. Сашка, Александр Жумаев деген татар, Юрий Сергеевич Гущин экөөлөп бизден экзамен алышты. 2-3нү гана кулатышып башка фирмага которуп ийишти да биз болсо иштеп калдык.

(Уландысы бар)
Бахтияр Шаматов













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!