Коомдук-саясый гезит
№02, 01.02.08-ж.




◄◄◄
  Кайгы жокто

Борбордук эски аянтта азырынча намаз окула берет
Борбордук эски аянтта жыл сайын эки жолу - Курман айт жана орозо айт намаздары окулуп келатат. Бул жерге келип намазга жыгылууну каалагандардын саны да жылдан-жылга өсүп отуруп быйыл 60 миңдей адамга чыкты. Алла Тааланын көзү түз эмеспи, кылкылдаган калың эл чогулган бул намаздарда буга чейин бир да тартип бузуулар болгонун укпадык да, көргөн да жокпуз. Кыскасы бул иш өзүнүн калыптуу нугунда келе жатат. Тилекке каршы ИИМдин экс-министри Б.Ногойбаевдин эски аянттагы окулчу айт намаздарын башка жакка жылдырсакпы таризинде өкмөткө жолдогон сунуш катын илинчик тутунушкан айрым күчтөр же адамдар көптөн бери сенсацияларга, ызы-чууларга (майдабы, чоңбу мааниси жок, иши кылса чуулуу болсо болду) "суусай" түшкөн айрым маалымат каналдары, бейөкмөт уюмдар, интернет сайттары аркылуу эл, коомчулук арасын козутууга аракет жасашууда. Маселен 29-январь күнү "АКИ-пресс" маалымат агенттигинде Кыргызстан жана Борбор Азиядагы мусулмандар конгрессинин президенти Б.Нурдинов, Элдин ар-намысын коргоо комитетинин төрагасы А.Токталиев жана "Акыл эс, рух жана ыйман" коомунун төрагасы Д.Абдылда уулу журналисттер үчүн жыйын чакырышып, маселени түз эле кабыргасынан коюшту. "Эгерде ИИМ жана дин иштери боюнча Мамкомитет майрамдык намазды аянтта окууга тыюу сала турган болсо анда биз өзүбүздүн тарыхый территориябызды (бу кишилердин сөзү боюнча азыркы Жеңиш аянтында 1916-жылы мечит болуп ал революциядан соң бузулган) кайрып берүүнү талап кылабыз. Биз демөөрчүлөрдү да таап койдук, алар 100 миңден 200 миң кишиге чейин батыраар көп кабаттуу мечит куруп бергенге даяр", - дешти. Президентке, өкмөткө кат жолдошоорун, эгер талап орундалбаса эл аралык сотторго чейин кайрылышаарын кошумчалашты. Кыскасы кайсы жагынан жыра тартсак экен деп турушкан НПОчуларга, укук коргоочуларга ж.б. дурус эрмек табылгансып калды шекилди.
Деги мынчалык эмне болуп кетти экен? Тийиштүү адамдарга пикирин сурап кайрылсак чынында иштин жөнү жөпжөнөкөй эле экен.



Бакыт Сеитов, ИИМдин басма сөз катчысы:
"Эч ким тыюу салган жок, ал жөн гана сунуш..."
- Жанагы сиз айткан катты декабрда министрлик өкмөткө сунуш катары гана жөнөткөн. Аянтта намаз окууга тыюу салуу жөнүндө бир да сөз жок ал катта. Ошол кат кандай ким аркылуу экени белгисиз, "Кg - 24" кабар агенттигине келип түшкөн. Аталган агенттик каттын мазмунун коомчулукка толук жарыялабагандыктан эл арасында ар кандай өйдө-төмөн пикирлер пайда болду окшойт. Чынында аянтта намаз окуган адамдардын саны өсүп жатат, быйыл 60 миңге чыкты. Мындай көп сандагы адамдар топтолгон жерде ар кандай провокаторлор тарабынан күтүлбөгөн иш-аракеттер жасалып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жарандардын укугун, бейкуттугун, коомдук тартипти коргоого түздөн-түз жоопкер орган катары биз мына ушул кызыкчылыктын гана алкагында өкмөткө жогорудагы сунуш менен кайрылганбыз. Элдин баары эле билет, Ош шаарында да айт намазы борбордук аянтта окулат. Өткөн жылкы айт намаз учурунда "Хиз-бут-тахрирдин" баракчаларын таратып жүрүшкөн 40 адам биздин кызматкерлер тарабынан кармалган. Ошондуктан этиет, сак болушубуз керек.

Канатбек Мурзахалилов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары:
"Жаңы мечиттин курулушу менен бул маселеге логикалык чекит коюлат"
- Бул иштен ызы-чуу жаратып, саясатка айлантууга эч кандай негиз жок. Мамлекеттик органдар мусулмандардын диний башкармалыгы менен бирдикте изилдешип чечиле турган маселе. Чынында биздегидей борбордук аянтта намаз окуу жөрөлгөсү башка бир да светтик мамлекеттерде жок. Андыктан жаңы мечиттин курулушу менен бул маселеге логикалык чекит коюлат.

Шакир Маматов, Бишкек шаарынын казысы, Борбордук мечиттин имамы:
"Бишкектеги 34 мечитке эл батпай, калгандары аянтка келишүүдө"
- Биз албетте мамлекеттик органдардын тартип, коопсуздук маселелери туурасындагы пикир, иш-аракеттерин туура түшүнөбүз. Бирок биздин оюбузча жылына бир жолу бир сааттан айт намазынын аянтта окулушу тартип сакчыларына да, шаар калкынын коопсуздугуна да эч кандай кедергисин тийгизбейт. Биринчиден, бул намазга таң эртеңден даараты бар, ичкилик ичпеген, Алла Таалага түз нээтин ачууга дилгир момун мусулмандар келет.
Экинчиден, айт күнү бизде расмий түрдө майрам деп белгиленген. Намаз өтө эрте башталгандыктан ал автомобиль кыймылы жанданганга чейин эле тарап кетет.
Үчүнчүдөн, бийликтер айт намазынан эмес, ичкилик ичилген, ар кандай бейбаштыктар көп болгон башка массалык майрамдардан этиет болууга тийиш.
Бишкек шаары жана анын тегерегиндеги 34 мечитке эл батпай, бул жакка ошо калгандары келишүүдө. Намазга жыгылган адамдардын санынын өскөнүнө биз чочулабай кайра кубанбайбызбы? Өкмөт тарабынан жаңы чоң мечитке жер бөлүп берүү жагы чечилди. Буйруса, ал жерге сметалык наркы 13.5 млн долларлык мечит түшөт. Бул эми 2-3 айда эмес, жакынкы 3-5 жылда бүтө турган иш болгондуктан азырынча айт намазын аянтта эле окуп турганыбыз оңго дейм.
Намаз окугандардын саны жакынкы жылдарда 100 миңге чейин жетет дешүүдө. Ушунча кишини бир саат намаз окуп тарап кетет деп ооз менен айтканга оңой. Киев, Токтогул, Москва, Совет, биягы Фрунзе, Жибек Жолу көчөлөрүнө чейин жол кыймылы токтоп калып атат. Баса, бүгүн бизге маалымат жетти, жаңы мечит курулушу үчүн 7-8га жер бөлүндү дешти. Демек, маселе жакынкы убакыттарда чечилип калаар.

Бахтияр ШАМАТОВ




  Бирсобол

- Аянтта намаз окулбашы керек деген пикирге кандай карайсыз?
Турсунбай Бакир уулу, КР акыйкатчысы:
Экс-министри Б.Ногойбаевдин бул каты чоң чыр-чатакка алып келиши мүмкүн. Айт намаздарын борбордук аянтта окутпаса - анда абсурд чечимди андан ары улантып, Жаңы жылды да өткөрбөө керек, балаты да орнотпоо керек.
Айт күндөрү расмий майрам болуп, мекеме-уюмдар иштебейт, натыйжада транспорттук кыймыл да азыраак болот. Намаздын көп деле тоскоолдугу болбойт. Эрте менен бир-эки саат убакыт кетет.
Ошондуктан мен буга каршымын.

Жолдошбек Зарлыкбеков, "Де-факто" гезитинин кабарчысы:
- Мен караманча-каршымын. Биринчиден, мечиттерге анча элдин баары батпайт. Аянтта эле окулганы туура. Эмне үчүн мурда А.Акаев уруксат берип, Осмонакун өзү келип жүргөндө унчукпай эми каршы болушат? Тескерисинче, эл канчалык көп келсе, аны көрүп башкалар да намазга келип, аз болсо да акырындап ыйман жолуна түшө баштайт.

Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" уюмунун төрайымы:
- "Аянтка намаз окулбасын, чыр-чатак чыгат" деп айткан Болот Ногойбаев Кудайды тааныбаган киши. Аянтка чыр чыгарайын деп намазга жыгылбайт. Ушунча элдин убалына калбайлы десе, анда башка жерден жай таап беришсин. Алардын жыгыла турган жерин даярдабай туруп тыюу салган туура эмес. Бул маселени бийлик оң жакка чечет деп ойлойм.

Элден Калчакеев, Эларалык уюмдун өкүлү:
- Мен бул чектөөгө кошулам. Азыр мындайга уруксат берсек, азыр алар суранса, 15-20 жылдан кийин өкмөттөн талап кыла башташат. Бардык нерсе өз чегинде болгону жакшы. Ашынган фанатизм жакшылыкка алып келбейт.

Эрнис Кыязов, МТРКнын башкы директорунун орун басары:
- Элдин намазга көп барышы жакшы көрүнүш. Ал жерде кандайдыр бир чыр болуп кетет деген туура эмес. Буга чейин андай көрүнүш болгон эмес. Эгер аерде намаз окуганга болбойт деп мыйзам түрүндө чечим кабыл алынса, анда аны аткарууга тийишпиз. Бирок андай чечимди коомчулуктун пикирин да эске алуу менен кабыл алуу керек.

Акбар Сүйүнбаев, ырчы:
- Аянтта эле окуган туура болот. Мечиттерге барсын десек, аякка эл батпайт. Ошондуктан бир жылда эки жолу борбордук аянтка уруксат берип койсок, эч нерсе деле болбойт.
Мен өзүм аянтка намазга бара элекмин. Намазды жаныбыздагы эле кичинекей мечитте окуйм. Эми бизди билесиздер да… "элге көрүнөйүн деп аянтка келиптир" деген сөздөр болуп кетиши мүмкүн.

Султан Садыралиев, ырчы:
- Намазды кайсы жерде окуса да боло берет. Аянтка эл, өзгөчө жаштар көп келет. Бул ыймандуулуктун белгиси. Намаз окубагандар көрүп, алар да келиши мүмкүн.
Бирок мен өкмөт же органдар кандай чечсе, ошондой кыла беришсин, мен ага каршы болбойм. Мен жума намазын да, айт намазын да мечиттен окуйм.

Даярдаган Венера КУТМАНАЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!