Коомдук-саясый гезит
№02, 01.02.08-ж.




◄◄◄
  Иш-сапар

Араптар менен алакабыз жакшырат
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эднан Карабаев 28-январдан түштүк-батыш Азияда расмий сапары менен жүрөт.
29-январь күнү министр Сауд Арапстанынын бир катар министрлери, жогорку кызмат адамдары менен жолугушту.
САнын тышкы иштер министри Низар Обейд Аль-Мадани менен жолугушуу учурунда Э.Карабаев КР президентинин Сауд Арапстанына расмий визитин уюштуруу жана анын чегинде инвестициялык конференция өткөрүү сунушун киргизди. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, нормативдик-укуктук базаларды кеңейтүү маселелери да талкууланды.
САнын юстиция министри Абдалла бин Мухаммед Аль Шейх менен жолугушууда укуктук жардам жана укуктук мамилелер тармагында өкмөттөр аралык келишимдерди түзүү керектиги, инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Юстиция министри СА Кыргызстан менен ар кыл тармактарга кызматташууга даяр экенин билдирди.
КР министри СА министрлери менен катар Эр-Рияд шаарынын губернатору, ханзада Салман бин Абдел Азиз менен жолугуп, эки өлкөнүн башкалааларынын ортосунда соода-экономикалык, муниципиалдык жана маданий байланыштарды күчөтүүнүн зарылдыгы тууралуу пикир алышты.
30-январь күнү Э.Карабеков Азия өнүктүрүү банкынын президенти Ахмед Мухаммед али менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандын гидроэнергетика, тоо-кен өнөр жайы жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлору тууралуу талкуу болду.
Ислам өнүктүрүү банкы Ош областындагы жер титирөөдөн жабыркаган райондорду калыбына келтирүү үчүн 240 миң доллар бөлүп берген.
Ошол эле күнү министр Ислам конференциясы уюмунун (ИКУ) Башкатчысынын орун басары Иззат муфти менен жолукту. Анда Кыргызстандын ИКУга мүчөлүккө кабыл алынышы, 2010-жылды Арап өлкөлөрүнө саякат жылы деп атоо демилгеси тууралуу маселелер талкууланды. Министр мырза ИКУга уран калдыктарына байланышкан экологиялык долбоорлорго көмөктөшүүнү өтүндү.
Э.Карабаев Сауд Арапстанынан кийин Бириккен Арап Эмираттарына, андан кийин Индия иш сапарын улантмакчы.

Алтын КАЗИЕВ




  Иштесе болот экен го

Кыргыз дипломатиясынын ийгиликтери
Аткарылган ишти айткандан эмне чочулайбыз? Ийгилик болуп жатса аны айтпай коюу, элге маалымат бербей коюу тура эмес го. Жалаң жамандыкты, ызы-чууну айтып жазып жатып эмне таптык? Кудайдын кулагы сүйүнсүн, маселен республиканын тышкы иштер министрлиги 2007-жылда бир канча үзүрлүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп конкреттүү натыйжаларга жетишти. Атап айтканда Украинанын ВТО уюмуна киргизүү боюнча иш-аракеттер дурус болду. Украин тарап ВТОго эчактан мүчө болуп келаткан Кыргызстанга болгон 27 млн.доллардагы карызын кайрып берди. Учурда Украина ВТОго толук кандуу мүчө болуп кирди. Ошондой эле Украина менен болгон соода-сатык, карым-катнашы жакшырды. 2008-жылдын 1-январынан тартып Украина Кыргызстандан импорттолуп келчү электр лампочкалардын пошлина акысын алып таштоого милдеттенген. Бул өз кезегинде биздин өндүрүшчүлөр үчүн дурус белек болду. Буга чейин алып кирүү пошлиналары өтө жогору болгону белгилүү.
Тышкы карыздарды кыскартууда, соода-сатык, товар жүгүртүү багытында мындан тышкары да бир топ иштер жасалды. Атап айтканда Кытайга болгон 50 млн. юандык карыз жокко чыгарылып грантка айландырылды. Индия өкмөтүнө болгон 1, 24 миңдик карызды (бул 10 жылдан бери жаткан) жокко чыгарууга индиялык тараптын макулдугун берди. Жеке бизнес үчүн соода жана экспортту жандандыруу боюнча Швейцария менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп ал жактагы эларалык соода борборунан 335 миң 700 доллар өлчөмүндө грант алына турган болду. Грантты реализациялоо 2008-жылдын январынан башталат.
Товар айландыруу боюнча Кыргызстан КМШ жана алыскы чет мамлекеттер менен жандуу иштеше баштады. Маселен, Орусия менен болгон товар айландыруу 2007-жылда 973, 14 млн.долларды түздү, бул өткөн жылга караганда 26, 2 % га көп. Ошондой эле Казакстан (479, 78 млн. дол. өсүү 21 %) Өзбекстан (140 млн.дол.өсүү 40 %), Белоруссия (22,4 млн.дол. өсүү 82,3) өлкөлөрү менен болгон экономикалык соода мамилелери жаңы тепкичке көтөрүлдү. Алыскы чет өлкөлөр менен болгон карым-катнаш да чыңдалууда. Маселен, Түркия (170 млн.дол. өсүү 7,7%), АКШ (84,6 млн.дол. өсүү 84%), Германия 153,4 млн. дол. өсүү 45, 1%), Бельгия (18,6 млн.дол. өсүү 9,3%) мамлекеттери менен болгон байланыштар аталган сандардан эле көрүнүп турат. Бир гана Бельгия менен болгон импорт 49%га азайган. Кытай, Индия, Түштүк Корея, Иран, Араб эмираттары сыяктуу Азия өлкөлөрү менен болгон экономикалык кызматташтык мамилелери да ушундай эле жогорку деңгээлге көтөрүлүүдө.

Бакыт ЖОЛДОШЕВ




  Ышкырыгы таш жарат

Бекназаровдун беш талабы
Экс-депутат Азимбек Бекназаров депутаттыкка өтпөй калгандан кийин Революциялык комитет түзүп, "Революциянын идеяларын ишке ашыруу. 24-март Революциясынын, жалпы элдин үмүтүн актабаган президент К.С.Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү" деп добулбас кагып чыкты. "Айдаганы 5 эчки, ышкырыгы таш жарат" дегендей, бул жарыктык саясатчынын койгон 5 талапты талдап көрөлү.
1. Аялыңызды, ага-ини, уулдарыңызды, жакындарыңызды Акаевге окшоп мамлекетти башкарууга аралаштырбоо болгон;
Биз билгенден Татьяна Бакиева кичинекей балдарга белек берип, балдар үйүнө барып калганы эле болбосо, мамлекеттин саясатына аралашпайт, үйүндө. Президенттин уулу Марат УККда бир орто кызматта, бир бөлүмгө ачендик экен. Көтөрүлгөнүн же чин алганын деле уга элекпиз. Бир туугандарынан Жаныш Бакиев Ө.Текебаевдин "Матрешка" чатагы боюнча чуу чыкканда, арызын жазып кызматтан кеткен. Кийин сот аркылуу бул кишинин актыгы далилденсе да, мамлекеттик кызматка кайрылып барбады. Адыл Бакиев да Кытайдагы соода өкүлчүлүгү кызматын тапшырып, Кыргызстанга баса берди. Азыр бул эки бир туугандары тең мамлекеттик кызматтарга аралашпайт. Ыраматылык Жусуп Бакиевге да ушундай асылуулар болгондо АРИСтен өз ыктыяры менен кеткен эле. Президенттин дагы бир иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси. Эми бир нече миң чакырым алыстан туруп алып өлкөнүн ишине Марат Бакиев кийлигишет деген логикага сыйбайт. Президенттин дагы бир иниси болгону айыл өкмөтү экен.
Ал эми өзүңүз Башпрокурор болуп турганда карачечекей уулуңузду прокурорлук кызматка алганыңызга кантип жооп бересиз?
2. Акаев жана анын жакындары ээлеп алган элдин байлыгын элге кайтаруу;
Бул маселени Т. Турдумамбетов, Д. Үсөновдун ж.б. жардамы менен сиздин жакындарыңыз толук ишке ашырып, элге эмес, өздөрүнө жемиштүү өткөрүп алышты, же кайра сатышууда. Убагында Акаевдин жакындарыныкы болгон Канттагы цемент-шифер комбинаты, Шампанвинкомбинат, Бител, КООРТ, "Кыргызалко", Ош базары, Нарын рестораны, "Айпери" салону, "Аалам сервис" ж.б. объектилер, Көл жээгиндеги "Достук", "Аврора", "Взморье", "Витязь", "Сейил" ж.б. ондогон пансионаттар, Кумтөр, Жерүй, Андаш, Талдыбулак, Чаткалдагы алтын кендер, "Кристалл" ж.б. колдон колго өтүп, ээлери жаңыланууда.
Кант цемент-шифер комбинатынын акция пакетин Акаевдин Айдары менен казак күйөө баласы Адилдин таасири менен казак туугандарга сатылып кетип, азыркыга чейин өкмөттүн цемент менен шифердин баасын ооздуктаганга укуругу жетпей келет. Бааны ооздуктайлы, казактарга контробандалык жол менен сатылып жаткан цементти ооздуктайлы десе эле, тигилер Казакстандан келе турган асбест сыяктуу сырьёлорун токтотуп коюп, иш үзгүлтүккө учурап жатат. Ооба, бул ишкананын акциясын Максим Бакиевде экен дегендер толуп жатат. Бирок Максим "Агым" гезитине берген маегинде "Ооба, бизнесмен катары ар кимди КЦШК кызыктырат. Бирок менин ага эч кандай тиешем жок" деп ачык айткан.
"Шампанвинкомбинаттын" акциясын "Бакай" соода-өндүрүштүк компанияларынын тобунун жетекчиси болгон, маркум М.Ибрагимовдун уулу, азыркы депутат Сергей Ибрагимов мыйзамдуу түрдө эле сатып алган экен. Азыр завод Кантка көчүрүлүп кеткен.
Бителди Айдар Акаев казактарга бир, орустарга бир сатып, акырында орустар ээлик кылып, алар "Скай Мобайл" ишканасын түзүп, анысы кайрадан орустардын "Билайны" ээлик кылган "Вымпелкомуна" сатылып кетти.
КООРТ телеканалы "5-канал" болуп кайрадан түзүлдү. А бирок КООРТ өзү мамлекеттики беле? Ынкылаптан кийин Мелис Эшимканов кожоюн болуп барган болчу.
Чуулгандуу Ош базарында болсо 80 кожоюну бар. Мурда Шамбетов деген Акаевдин кайнагасы Силаев деген шаарбашынын башын айлантып, 6 гектардай аймакты Кулиев менен Бейшеналиев, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишин "Ош базары" ЖЧКнын менчиги деп жаздырып алыптыр. Ал эми "Ош базарына" базардын ортосундагы навестин астындагы 60 сотыхка жетпеген аянт, "Көк базар" гана тиешелүү экен. Мыйзамга ылайык азыркы Ош базары деп аталган жерге 80 кожоюн ээлик кылыш керек экен. Кожоюндар Шамбетов менен бир нече жыл соттошуп жүрүп, аягы азырга чейин бүтө элек. Ал эми Аскар Шамбетов болсо "Көк базарга" азыр да башкалардын колу менен ээлик кылып, акысын жыйнап турат дешет.
Ал эми калган ишканалар, пансионаттар, кен байлыктар жөнүндө да ушундай далилсиз мисалдарды келтире берипсиз.
3. "Аксы окуясын" аягына чыгаруу;
"Аксы окуясын" аягына чыгармак тургай 70 - 80 % бүтүп калган негизги кылмыш иштер жаап жашырылып, күнөөкөрлөр кызматта жүрүшөт. Айрымдарын сотко беримиш болуп, мурдагыдай эле коомчулукту алдамай.
А сиз Башпрокурор болгон учурда эмне үчүн Аксы окуясынын аягына чыкпадыңыз? Анткени ал кезде сизге не до Аксы болгон. Казакстанга качып кеткен Сулайман Иманбаевди, "Рентон групптун" В.Пагын, издөөдө жүргөн криминал Рысбек Акматбаевди, Асанкул Акаевди, премьер Н.Танаев, эл аралык издөөгө алынган Ш.Жайсаңбаевди, "кошелек" Малабаевди ж.б. кишилерди "азаттыкка" чыгарды дешет.
4. Акаев менен Кыргызстандын байлыгын мыйзамсыз менчиктештирип, сатып жегендерди кустуруу, жоопко тартуу. Бул боюнча революциядан кийин козголгон 100дөн ашык кылмыш иштери токтотулуп, же сот тарабынан акталып, ал түгүл айрым жоопко тартылгандар бүгүн Кыргызстанды башкарып, сиздин айланаңызда же Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү - министрлер.
Сизди деле түшүнсө болот, кызмат самап жаткансыз го. Бирок алдыгындай жол менен кызматка жетишкендер жок эмес. Президент оппозициячылардын да баш терисин байкап көрүп, эл үчүн иштеймин десе кызмат берип жатпайбы. Ал эми сизге да бир жолу берип көргөн.
5. Конституциялык реформа жүргүзүү;
Үч жылдын ичинде үч Конституцияга кол коюп, акыры элдик референдумда кабыл алынды деп, өзүңүздүн хандык Конституцияны эл эмес, өзүңүз кабыл алдырып, Акаевдик режимден да ашып түштүңүз.
Ноябрь конституциясы кандай жагдайда, кантип кабыл алынганын Азимбек мырза өзү жакшы билет болуш керек. Анын "до срочно" кабыл алынышы кимдер үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болгонун элдин баары эле билет.
Декабрь конституциясынын кабыл алынышы да кызыктуу фактылар менен коштолгон.
Бирок аны К.Бакиев өзүнө ыңгайлуу кылып түзүп алды деген пикирлер арбып, саясат жасала баштаган эле. Ошондуктан президент аягында Конституцияны жалпы элдик референдумга алып чыкты. Элдин колдоосу менен кабыл алынды. Бир гана кишинин "кыйшык" пикири менен кайрадан өзгөртүлбөйт да.
Ар ким өзүнүн көлөкөсүнө жараша тон бычат демекчи, ар кандай окуядан ар ким өзүнө жакын нерсе гана көрөт окшойт...

Расул БАЗАРБАЕВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!