Коомдук-саясый гезит
№02, 01.02.08-ж.




◄◄◄
  Жыйында эмне кеп?

Президент Курманбек Бакиев:
"Сыртка жумушчу күчүн экспорттобой, атамекендик товарларды экспорттошубуз керек"
30-январь күнү өлкө башчысы К.Бакиев область губернаторлору жана Ош, Бишкек шаар мэрлери менен жыйын кеңешме өткөрүп көптөгөн маселелердин тегерегинде ой бөлүштү жана зарыл болгон тапшырма милдеттерди кабыргасынан койду.
Президент министрликтердин жана ведомстволордун өз ара байланышын жакшыртууну өкмөт колго алышы керек деп эсептейт. Министрликтер өз кезегинде региондордун кызыкчылыгына байланышкан бардык маселелер боюнча өзгөчө кадр маселелеринде жергиликтүү башкаруу органдары менен дайыма макулдашып иш алып барууга тийиш. Президенттин пикиринде бул ишти биринчи вице-премьер көзөмөлдөшү жана жергиликтүү органдардын жетекчилери менен бирдей жоопкерчиликти алып жүрүшү керек. Губернаторлорго кайрылган президент мындан ары ар бир область жетекчиси региондордогу кырдаалга түздөн-түз жооп бере турганын баса айтты. "Мен силерден Урматтуу губернаторлор жана мэрлер, - деди президент, экономиканы өнүктүрүү жана социалдык маселелерди чечүү боюнча ыкчам жана натыйжалуу иш-аракеттерди талап кылам. Ийгиликтин биринчи ачкычы - бул мыкты түзүлгөн жана реалдуу аткарыла турган программаларды түзүү керек, иш мына ушундан башталат".
Чынында акаевдин заманында деле программа атмайга кокобуздан тоюп келбедикпи. Алыбызга карабай, ченебей туруп түзүлгөн бул программалардын кагаз жүзүндө гана калганы болбосо элдин эсинде жок. Алардын көбү республикалык бюджеттен каржыланууга багытталгандыктан жергиликтүү казналарды көбөйтүү деген эч кимдин оюна да келген эмес. Мамлекет которот, мамлекет берет деген совет доорунан бери келаткан бул "өлбөс" психологияны бүгүнкү турмуш өзү эле жокко чыгарса да, анын тамыры айрым аткаминерлердин аң-сезиминен, ой жүгүртүүсүнөн соолуй элек. Андыктан өлкө башчысынын программаларды түзгөнгө өзгөчө басым жасап жатканы бекеринен эмес. Президенттин ой калчоосунда программалар стратегиялык мүнөзгө ээ болуп 10-20 жылдык болочок прогноздорго эсептелиши керек. Экономикалык, социалдык маселелерди чечүүдө жетекчилер акыйып республика бюджетин акмалабай жергиликтүү ресурстарды, мүмкүнчүлүктөрдү жандыруулары зарыл. Экономикалык өнүгүүнүн чечүүчү фактору борбордоштурулган каражаттары эмес, жер-жерлердеги жетекчилердин жана элдин өзүнүн демилгелүүлүгү болушу керек. Ошондо гана жергиликтүү бийликтин кадыр-баркы көтөрүлөт. Жер-жерлердеги жетекчилер ишкерлерди "керек" учурунда гана эстебей аларга колдоо көрсөтүп турушса болмок. Ишкерлер четтен товар ташыгандын ордуна өзүлөрү товар чыгарчу шарт түзүү керектигин белгилеген президент "сыртка жумушчу күчүн экспорттогондон көрө өзүбүздүн товарларды экспорттогонго жетишкенибиз жакшы эмеспи?, - деди.
Региондор аралык долбоорлор жөнүндө кеп козгогон өлкө башчысы эл менен байланыш маселесине өзгөчө токтолду. Аким акелерге ар бир айылдын эли менен айына бир жолудан кем эмес, ал эми губернатор мырзаларга ар бир кварталда бир жолудан кем эмес жолугушуп туруулары айтылды. Буюрса үйдөгү жылуулуктан тартып көчөдөгү коопсуздукка чейин жетекчилердин көз кырында болот окшойбуз. "Бул эртеңки же түшкү тамакты ичкенди унутпагандай эле дайыма эсиңерде болушу керек", - дейт президент. Кеңешме соңунда өлкө башчысы ММКлар менен иштөөгө өзгөчө маани берүү зарылдыгын, алар аркылуу калың журт өз районунда, областта эмне иштер аткарылып, эмнелер аткарылбай атат кабардар болуп туруусу максатка ылайык экенин айтып, райондук маалымат каражаттарын материалдык-техникалык жактан колдоо зарылдыгын белгиледи.

Б.МУРЗАЛИЕВ




  Эсеп палатасы эсеби

2006-жылдын бюджети кандай аткарылды?
Ток этээрин айтканда 2006-жылда макроэкономикалык стабилдештирүү боюнча максаттар орундалган жок. Ички дүң продукциянын өсүшү белгиленген 8.0% көлөмдүн ордуна 5.3%ды түздү. Республикалык бюджеттин 2006-жылдагы киреше бөлүгү 21.4 млрд сомду түзгөн жана бул көрсөткүч белгиленген прогноздордун 97.1%ы болуп эсептелет. Бул себептен айлык акылар боюнча 4.1 млн сом, Соцфондго төлөмдөргө 1.8 млн сом, элге берилүүчү жеңилдиктерге 2.3 млн сом, стипендияларга 1.1 млн сом (бардыгы 9.7 млн сом) акча каржыланбай калган. Салыктар боюнча карыздар 2006-жылда 1.1 млрд сомго жетти же 2 эсеге көбөйдү, мунун 66%ы энергетика ишканаларынын үлүшүнө туура келет. Каражаттардын таңкыстыгына карабай Минфиндин Борбордук казначействосу бюджетти толуктоо үчүн колдогу резервдерди пайдаланган эмес. Маселен, "Манастагы" америкалык авиабазадан түшкөн акча каражаттары толук өлчөмдө кирешеленбей калган. Казначейство тарабынан приватизациядан, чет элдик кредиттерден, ошондой эле бюджеттик ссудалардан түшкөн акча каражаттары өз убагында которулбагандыктан 612.6 миң сомдук айырма акча бюджеттен кыйгап кеткен. Дүйнөлүк Банктын кредиттеринин 10.5 млн сомдун проценттик үстөгү бюджеттик ресурстарга кийрилген эмес. 2006-жылда баш-аягы болуп 4 млрд сом акча каражаттары казначействону "айланып" өткөн.
Республиканын банктарында өтө сак, аяр кредиттик саясат жүргүзүлө баштаганынан улам банктык резервдердин өсүшү байкалган. 2005-жылга салыштырганда бул көрсөткүч 2051.8 млн сомдон 2889.1 млн сомго өскөн. Ички кредиторлук карыздарды төлөөнүн деңгээли өтө төмөн түшүп кеткендиги мамлекеттик сырткы карыздарды төлөөдөгү маселелердин негизгилеринин бири бойдон калууда. Бул болсо өз кезегинде өлкөнүн кредиттик рейтингине көлөкө түшүрүүдө. 2006-жылдын 31-декабрына карата өнөржай ишканаларынын мөөнөтү өтүп кеткен карыздары 2.962.5 млн сомго жеткен. Бирок аталган сумманын 995.9 млн сомго (энергетика сектору) төмөндөтүлүп берилгенин эсеп палатасынын аудиттери чукуп чыгышты, башкача айтканда энергетика секторунун реалдуу карызы 3.958.2 млн сомду түзөт. Ушундай эле карыздар "Электрстанциялары" (790.4 млн сом), "Улуттук электр тармактары" (1.769.0 млн сом), "Кыргызстан аба жолдору" (295.8 млн сом), "Манас" аэропорту (япондук кредиттер боюнча 31.9 млн сом) сыяктуу ишканаларынын мойнунда келатат. Кыскасы айта берсе тартип бузуу деген дагы толтура.
КР премьер-министри И.Чудинов мырза 2006-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Эсеп палатасынын жыйынтык аудити туурасындагы өкмөттүк токтомго кол койду. Өкмөт бул текшерүүдөн өзү кандай жыйынтык чыгарат али белгисиз. Учурда Эсеп палатасынын бул маалыматы Башкы прокуратурага жиберилди. Ал жерден жыйынтык кандай чыгат, кимдердин баштары "тоголонот", кимдердин колуна кишен салынат убакыт көрсөтөт.

Б.Мурзалиев




  Тообо!!!

Жапондордун 2,5 млн долларын кимдер энчилеген?
1999-жылдагы Баткен коогалаңында ислам боевиктери тарабынан туткундалган төрт жапон жараны жана генерал Анарбек Шамкеев баш болгон алты милиция кызматкери үчүн жапондор төлөгөн 2,5 млн доллардын чоо жайын Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу парламент трибунасынан туруп ачык айтып салды.
Т.Бакир уулунун айтканына караганда биринчи беш туткунду бошотушкан күнү аны улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы М.Ашыркулов чакырып, азыр жапон элчиси келээрин айткан. Элчи келип сүйлөшүп кеткен. Андан соң коопсуздук кеңешинин төрагасы Б.Жанузаков келип сүйлөшүүнү диктофонго жазып алышпасын деген го, унчукпай кагазга "2,5 тонна ун" деп жазып Т.Бакир уулуна карматат. Бул эмне деген суроого Б.Жанузаков "2,5 млн доллар" деп кулагына шыбыраган. Чиновниктер андан кийин Т.Бакирди "жапон туткундарын сатып алуу" процессинен четтетишкен. "Акчанын бир аз бөлүгүн алар тажик министри Мырза Зияевке беришти да калган көп бөлүгүн өз ара бөлүшүп алышты" дейт Т.Бакир уулу.
Депутаттардын "бомбалап ташташкан Каратейит айылынын дарегин өзбек учкучтарына ким берген" деген суроосуна Т.Бакир уулу "бул окуяда Кыргызстандын коргоо министрлиги күнөөлүү" экенин айтып, жабыр тарткандар үчүн өзбек бийликтеринен сот аркылуу компенсация өндүрүп алуу керектигин кошумчалады. Анткени кыргыз генералдары анын берген суроо-талабына ошондо Каратейитти белгисиз учактар бомбалашты деп жооп айтышкан экен. "Ошо кезде мен бул окуяны иликтеген президенттин алдындагы комиссиянын мүчөсү элем" дейт Т.Бакир уулу.

Бахтияр Шаматов













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!