Кыргыз спортчулары
2013-жылы жылдызы жанган спортчулар
Кыргыз спортунун тарыхында бокс боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан Азат Үсөналиевди жылдын мыкты спортчусу деп атоого болот. Азат Үсөналиев Иорданияда өткөн Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп, учурда Украинада машыгып, эл аралык деңгээлде мушкер экенин далилдеди, - деп башкы устат Адылхан Бекболотов билдирди.
Иорданияда өткөн бокс боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында кыргыз жигиттери 1 алтын, 3 коло байге уткан. Азат Үсөналиев Азия чемпиону аталса, Эрмек Сакенов, Өмүрбек Малабеков жана Сергей Паренко коло байгелүү болгон.
2013-жылы жылдызы жанган спортчулардын бири деп балбан кыз Айсулуу Тыныбекова болду. Быйыл Болгарияда өткөн жаштар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында алгач ирет кыздардан дүйнө чемпионатынын коло медалын жеңип келди. Казанда өткөн Универсиада оюндарында, жаштар арасындагы Азия чемпионатында, эл аралык турнирлерде дагы Тыныбекова Кыргызстанды дүйнөгө таанытты.
Быйылкы жыл мен үчүн жеңиштүү жыл болду. Эмдиги жылы Азия оюндарын утсам деген тилегим бар, - дейт жылдын мыкты балбаны Айсулуу Тыныбекова.
Дзюдо күрөшү боюнча 2013-жылы Азия чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган, эл аралык турнирлерде жеңишке жеткен Лондон олимпиадасынын катышуучусу Юрий Краковецкийди дагы жылдын мыкты спортчусу деп атасак жарашат.
Быйылкы жылдын спорттогу үмүтү деп жаш шахматчылардын аракети болгонун адистер айтышууда. Шри-Ланканын Хиккадуве шаарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Азия чемпионатында 15 жаштагы кыргызстандык Артур Жакыпов Азия чемпиону аталган эле.
Жайында Монголиянын борбору Улан-Батордо өткөн грек-рим күрөшү боюнча уландар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык 10 балбандын баары байгелүү орунду ээлеп, командалык эсепте биринчи орунду ээлеп келген. Алар бул Азия таймашында 3 алтын, 7 коло байгелүү болду. 58 кило салмакта Нурсултан Ташболотов, 63 кило салмакта Рустам Рахматулаев жана 76 кило салмакта Абдулазиз Ашымбеков бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиондору аталды.
2011-жылы Тайландда өткөн Азия чемпионатында да кыргыз балбандары командалык эсепте биринчи орунду ээлеген. Ал эми 2012-жылы Бишкекте өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында кыргыз балбандары 8 медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду экинчи жолу камсыз кылган. Анда 2 алтын, 4 күмүш жана 2 коло байге болгон.
Монголиядагы жаштардын Азия чемпионатында кыздардын эркин күрөш таймаштарында 40 кило салмакта Динура Сулайманова да алтын медаль тагынды. Динура Сулайманова былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген.
Быйыл Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн жабык имараттардагы Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байге утуп келген.
Кыргыз спорт тарыхында кикбоксчу Алексей Федосеев жабык имараттардагы Азия оюндарынын алгачкы чемпиону аталды.
Июнда Тайландда өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байге уткан. Кыздардан Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону болсо, грек-рим күрөшүнөн Камбар Жоробеков, Самат Шырдаков, Бекболсун Асаналиев күмүш, Фарзанда Надиров коло медал тагынды. Эркин күрөштөн Азим Ивахов менен Урмат Газибеков үчүнчү орунду ээлеген.
Бишкекте өткөн оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия биринчилигинде бишкектик Алексей Долголев чемпион аталган.
Казанда өткөн Универсиада оюндарында Кыргызстандын курамасы бардыгы болуп 12 медаль алган. Алардан 2 алтын, 2 күмүш, 8и коло байге болуп саналат.
Универсиаданын бел боо күрөшү боюнча күч сынашууларында Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков алтын медалга ээ болгон. Аларды жылдын мыкты спортчусу деп атоого толук негиз бар. Спорттун ушул эле түрү боюнча күмүш медалды Нагира Сарбашова ээлеген. Ал эми коло медалга Канимет Барпыбеков, Бекболсун Кушубаков жана Бурул Алыкулова татыган. Бел кур күрөшүнүн классикалык ыкмасында Нуржан Рыскул уулу, Дуулатбек Сапарбек уулу жана Кадыр Келсинбеков коло медалды утуп алган.
Акыркы 12-коло медалды самбо спорт чебери Артур Тё багындырган.
162 мамлекеттен Кыргызстандан барган курама 26-орунду ээледи. Универсиадада спорттун 12 түрү боюнча 98 кыргыз спортчулары ат салышкан. Эсиңиздерге сала кетели, 6-июлдан 17-июлга чейин Казанда жайкы Универсиада оюндары спорттун 27 түрү боюнча өткөрүлгөн. Студенттердин дүйнөлүк таймашына 162 мамлекеттин 10 миңден ашуун өкүлү катышкан.
Түштүк Кореянын Чунчон шаарында өткөн таэквандо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында кыргыз спортчулары 9 медалдын ээси болду.
Азия биринчилигине Кыргызстандан 10 спортчу катышты. Алар 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло байге утуп, олжолуу келди. Он үч жаштагы бишкектик Максим Ким жана Тамерлан Юсупов өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону аталды.
Таэквандо боюнча өспүрүм-дөрдүн Азиянын ачык чемпионатына 60 мамлекеттен 2 миңден ашык жеткинчек спортчу катышты.
Июлда кыргызстандык спортчулар Өзбекстандан олжолуу кайтып келди. Армрестлинг же кол күрөш боюнча Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 25 медаль жеңип алышты.
Азиянын чемпиону болуп, алтын медаль тагынган Мирлан Байчериков, Чыңгыз Мамакеев, Рустам Жалилов, Анатолий Сахаров адистердин көңүлүн бурду.
Кыз-келиндерден дүйнө чемпиону Ольга Ярославцева Азия чемпиондугун 8-ирет жеңип алууга жетишти. Ал дүйнө чемпионатында 2 ирет чемпион аталып, 3 күмүш медаль тагынып, 5 жолу коло байгелүү болгон.
2013-жылдын күзүндө Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жоокердик искусство өнөрү боюнча Бүткүл дүйнөлүк экинчи оюндар өттү. Мында жүзгө жакын өлкөнүн эки миңдей спортчусу спорттун 15 түрү боюнча мөрөй талашты. Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргоп, алар бокс, самбо, кикбоксинг, тай бокс боюнча таймаштарга катышты. Жыйынтыгында 1 алтын, 5 коло байге утуп келди.
Мында кыргызстандык балбан Чыңгыз Аканов алтын байгелүү болсо, тайбоксчу Данияр Кашкараев, кикбоксчулар Сталбек Дарканбаев менен Рашид Аманкулов, мушкерлер Бактияр Өтөгөнов, Адилет Бекиев коло медаль тагынды.
Ушул өтүп бараткан жылдын ноябрында Казакстандын Павлодар шаарында өткөн тогуз коргоол боюнча Азиянын ачык чемпионатында Анарбек Жамакеев чоңдор арасында Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынып келди. Мында Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, Түркия, Монголия, Кытай, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандын эки жүздөй спортчусу акыл тайм.






Пикир: