Дүйнөнүн эң ири кайрымдуулук
жасаган адамдары - 2013

(Уландысы. Башы өткөн санда)
Миллиардер өзүнүн альма-матери жөнүндө да унуткан жок: ал Жон Хопкинстин Университетине 200 млн $ кайрымдуулук көрсөткөн. 2011-жылы Блумберг айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Sierra Club фонддоруна, Alliance for the Arts искусствосун коргоого, пропагандалоого жана өзүнө өзү кол салууну алдын алуу тобуна 330 млн $ которгон.

8. Пол Аллен
Байлыгы: 15,9 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 327,7 млн $ (байлыгынын 2,1%ы) жумшаган.
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 2 млрд $.
Forbesго берген интервьюларынын биринде Microsoftтун уюштуруучуларынын бири илимди каржылоо - жашоосунун приоритети экендиги тууралуу айткан. Анын кылган иштерин көрүп, ал айткан сөзүнө бекем экенин билсек болот. 2011-жылы миллиардер Вашингтон штатынын Университетине 26 млн $ түрүндө баалуу белек берген.
Бизнесменди өзгөчө неврология кызыктырат: ал баш мээни изилдөө боюнча институт түзгөн (Allen Institute for Brain Science). Анын салынышына 500 млн $га чукул каражат сарптаган. Өзүнүн биринчи 100 млн $ кайрымдуулугун Аллен чычкандын мээсиндеги гендердин түзүлүшүнүн компьютердик моделин түзүүгө жумшаган, кийинки 100 млн $ын - адамдын мээсине аналогиялык моделге жумшаган.

9. Чак Фини
Байлыгы: 7,5 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 313 млн $ (байлыгынын 15,65 %ы) жумшаган.
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 6,3 млрд $.
Корей согушуна катышкан Чак Фини коньяк, атыр жана тамеки сатып, акча топтогон. Ал Duty Free Shoppers түйүнүн негиздеген. Бирок бизнесмен уникалдуу филантроп катары белгилүү. Фини өзү жакыр өлкөлөрдү кыдырып, кайрымдуулук фонддорун негиздейт - бардыгы айтылган максат үчүн: 7,5 млрд $ байлыгын төлөөсүз таратуу.
Анын The Atlantic Philanthropies фонду билим берүүгө, илимге, саламаттыкты сактоого, жарандык укуктарды коргоого жана АКШ, Австралия, Вьетнам, Түштүк Африка, Бермуд аралдары жана Ирландиядагы карылар үйлөрүнө 6,2 млрд $ берген. 12 000 студент билим алган Ирланддык Лимерк Университети Фини белекке берген 170 млн $га өзүнүн жашоосу менен милдеттүү.
10. Гордон жана Бетти Мур
Байлыгы: 4,9 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 250,5 млн $ (байлыгынын 5,1 %ы) жумшаган.
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 2,3 млрд $.
Intelдин негиздөөчүлөрүнүн бири Гордон Мур жана анын жубайы Беттинин үй-бүлөлүк кайрымдуулук фонду илимди өркүндөтүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого жана медайымдарды окутууга каражат которот. Медицина кызматкерлерин окутуу идеясы Беттиге таандык: бир күнү ага инъекция жасоодо туура эмес дары сайып салышкан. Ошондой эле жубайлар Гавайидеги дүйнөдөгү эң ири оптикалык телескоптун курулушун каржылашат. Бул долбоор менен Калифорния технология инс-титуту жана Калифорния университети иштейт. 2007-жылда эле жубайлар аталган долбоорго 200 млн $ бөлүп берген.










Пикир: