Кадыр Маликов:
Геосаясий күрөш аймакты
туруксуздукка
алып келүүсү мүмкүн

(Уландысы.
Башы №25 санда)
- Сириядагы каршылаш тараптардын бири кыргызстандык жигиттерди пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтар белгилүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн диний билим алып келген жана алып жаткан көптөгөн мекендештерибиз тууралуу да угуп эле жүрөбүз. Булар келечекте диний-экстремисттик уюмдардын катарын толуктап калбайбы?
- Жаштардын радикалдашып баштагандыгы тууралуу алгачкы кабарлар эчак эле пайда болгон. Радикалдык көмүскө кыймылдар алгач билинбей жашыруун түзүлүп, 2010-2011-жылдары барып көзгө ачык көрүнө баштады. Дал ушул жылдары диний фактор бизнес-түзүмдөргө, саясатка аралашып, кылмыш чөйрөсү менен коюн-колтук алышып кеткендигин билдик. Борбордук Азиядан барган ыктыярчылардын катышуусу менен жүргөн Сириядагы согуш, Ооганстандан НАТОнун аскерлеринин чыгарылышы сыяктуу маселелердин бардыгы радикалдык көмүскө уюмдардын тез калыптанышына чоң таасир этип, коомдун деградацияланышына же артка кетүүсүнө алып келет. Деградация процесси диний чөйрөдө, идеологиялык жаатта, маалымат чөйрөсүндө, деги эле социалдык чөйрөдө өз өкүмүн жүргүзө баштайт.
Арийне, мен бир нече нюанс-тарды белгилеп кетер элем. Кандай гана талдоо жүргүзбөйлү, дүйнөлүк процесстерди сөзсүз эске алуу зарыл. Сирия бүгүнкү күндө дүйнөлүк бүткүл жихад интернационалы мобилдешип, аскерлештирилип жаткан дүйнөлүк жихад борборуна айланып калды. Сиздер байкагандай, Сириядагы согуш эртеби-кечпи аяктайт, анан анын катышуучулары башка бир иш менен алек болуулары керек да.
Борбордук Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан кеткен ыктыярчылар Сириядагы согушка катышып жатат деп айтууга толук негиз бар. Анткени бүгүнкү күндө бул жөнүндө так маалыматтар белгилүү. Мындан сырткары, Кыргызстандын жарандарын Түркия мамлекетине үгүттөп алып кетишип, андан ары Сирияга алып кеткендиги боюнча өкмөт тарабынан аныкталган конкреттүү фактылар да бар. Сириянын аймагынан Тажикстандын, Орусия Федерациясынын жарандары жок кылынган, атүгүл АКШдан, Европадан келгендер да согушуп жаткандыгын далилдөөчү фактылар дагы жок эмес. Мен мында ушул өлкөлөрдүн жарандары болуп саналган мусулмандарды айтып жатам.
- Жаштарды чет өлкөлөргө жибербей, өзүбүздө эле окутууга мезгил келип жетти го дейм. Сиз кандай ойлойсуз?
- Мамлекет азырынча бул маселени чечүүдө каржылоо жагынан алсыз болууда. Каржы гана эмес, медресе менен университеттерди жогорку деңгээлдеги адистер, мугалимдер менен камсыздоого да азырынча чамасы келбейт. Асыресе, Исламдын салттуу формаларын өнүктүрүүнүн өз алдынча долбоорун баштай берүү керек. Антпесе, биздин мусулмандар коому чет элдик ар кайсы борборлорго баш ийген, бири-бири менен келише албаган бир канча топторго бөлүнүп кетиши ажеп эмес. Себеби Курандын аяттарын туура эмес чечмелөө, хадистерди туура эмес түшүндүрүү радикалдашууга идеологиялык негиз берет.
Исламды кечээ эле кабыл алып, ага чейин эмне гана иштерди жасап жүргөнүн унутуп калган адам башкаларды каапыр деп айыптап, аларды өлтүрүүгө үгүттөп калат. Бул Исламды, анын максаттарын, сүннөлөрүн үстүртөн билип алып, аны караманча тескери жолдо пайдалануу болуп саналат.
Мындай адамдар Курандын орус тилиндегисин окуп алып, аны каалаганындай өз билгенинче түшүндүрүп башташат. Мисалы, радикалдуу вахаббиттер мамлекетке жихад жарыялоо үчүн курандагы "Тагут" деген терминди арбын колдонушат. Тагут сөзү шариаттык эмес, исламдык эмес мамлекет дегенди түшүндүрөт. Бул көз караштын жактоочулары атүгүл өзүнө Тагут (идол) түзүүдө исламдык эмес мыйзамдарга баш ийген башка мусулмандарды айыптап келишет.
Бул жерде башка бир маселе жаралат: бийликти Тагут деп жарыялоого ким укуктуу жана качан жарыялоого укуктуу? Маселенин бу кырынан алып караганда радикалдуу топтор Шариаттын негизги шарттарын жана талаптарын, ошондой эле жихаддын шарттары жөнүндө түшүнүктөрдү бузуп, бурмалап жатышат. Мында биз Курандын аяттарын ким каалаганындай чечмелеп жаткандыгына күбө болуудабыз.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем.
Маектешкен Ж. Шарше




Баалуу кагаздар рыногу
2013-жылдын 3 кварталындагы ал-абалы

(Уландысы. Башы 4-бетте)
Эмитенттер жаатында листингдик эмес акциялардын соода көлөмү төмөндөгүдөй:

"Келечек" ААК
2013-жылдын 3-кварталында компаниянын 20 044 885 акциясы менен 184 келишим түзүлүп, соода көлөмү 200, 04 млн сомду түзгөн. Бир акциянын баасы 10 сомго барабар болгон. 2-кварталда ар биринин баасы 1 сомго барабар болгон 29 481 акция менен 316 келишим түзүлүп, соода көлөмү араң эле 29, 48 миң сомго жеткен. 1-кварталда дагы ар биринин баасы 1 сомго барабар болгон 38 091 акция менен 144 келишим түзүлүп, соода көлөмү мында 38,09 миң сомго жеткен. 3-кварталда стратегиялык инвестор тарабынан акциялар сатылып алынып, компаниянын менчик ээлери алмашканын ачык көрөбүз. Дал ушундан улам келишимдин баасы жана көлөмү башка кварталдардын көрсөткүчүнөн бир кыйла жогору экендигин байкоого болот.

"Кыргызнефтегаз" ААК
2013-жылдын 3-кварталында компаниянын ар биринин орточо баасы 20,16 сомго барабар болгон 51 272 акциялары менен 10 келишим түзүлүп, соода көлөмү 1,03 млн сомго барабар болгон. 2-кварталда ар биринин орточо баасы 16,82 сом болгон 77 860 акция менен 8 келишим түзүлүп, соода көлөмү 1,31 млн сомду түзгөн. Ал эми 1-кварталда ар биринин баасы 17,29 сомго барабар болгон 1 222 акция менен 2 келишим түзүлүп, соода көлөмү 21,12 миң сомду түзгөн. Жогорудагыдан улам кызыктар инвестордун миноритардык акционерлердин акцияларын сатып алгандыгын көрөбүз.

"Ак-Куу" ААК
Бул компаниянын акциялары менен түзүлгөн келишимдер боюнча да ушундай эле жыйынтыкка келүүгө болот. 3-кварталда ар биринин баасы 46,00 сомго барабар болгон 500 000 жөнөкөй акция менен 1 келишим түзүлүп, соода көлөмү 23,0 млн сомду түзгөн. Ал эми 1 жана 2-кварталдарда бул эмитент боюнча келишимдер түзүлгөн эмес.
Ошентип, биздин жүргүзгөн талдообуздан улам аналитиктер менен инвесторлор өзүлөрү үчүн төмөнкүдөй жыйынтык чыгара алышат: Өлкөнүн фондулук рыногу портфелдик инвестицияларды ишке ашыруу үчүн мурдагыдай эле туруксуз жана бир калыпта эмес бойдон кала берүүдө. Мунун менен биргеликте компаниялардын акцияларынын анда жүргүзүлгөн соода-сатык операциялары менчикти трансформациялоо учурунда турган айрым компаниялардын акцияларын сатып алууга мүмкүнчүлүктөр пайда болгондугунан кабар берет. Ошондой эле талдоодон корпорациялык облигацияларды рынокто жайгаштыруунун маалы бүткөндүгүн көрүүгө болот. Ошондуктан инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн кийинки облигация рыногунда караштырып, же жаңы чыгарылыштарды күтүүгө туура келет.
Жогорудагы маалымат бизнестин финансы жана консалтинг чөйрөлөрүндө иш алып баруунун бай тажрыйбасына ээ жана Кыргызстандын фондулук жана консалтинг рынокторунда бирден бир алдыңкы орундарды ээлеген "Ниет-Аракет" финансы-консалтинг компаниясы тарабынан тартууланды. Компания инвесторлорго инвестицияны баалуу кагаздардын кайсы түрүнө салуу ишенимдүү экендиги боюнча кеп-кеңештерин берүүгө ар дайым даяр. Бизге кайрылыңыздар, биз Сиздерге жардам беребиз. Тагыраак маалымат алуу үчүн, ошондой эле инвестиция маселелери боюнча биз менен 910124, 910123 жана 910122 телефон номурлары аркылуу, ошондой эле office@niet-araket.kg. электрондук дареги аркылуу байланышсаңыздар болот.

Нурбек ЭЛЕБАЕВ,
"Ниет-Аракет" ФККнын башкаруучу директору






Пикир: