Энергетикадагы коррупцияга каршы кадамдар
Редакциядан: Коррупция жөнүндө сөз - бул эгемендүүлүк доорундагы Кыргызстандын өткөн тарыхы же бүгүнкү көйгөй маселелери тууралуу гана сөз эмес. Бул - өлкөбүздүн эртеңки тагдыры, улуттук коопсуздугубуз тууралуу дагы өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү сөз экендиги ырас.
Экономикалык иш жүргүзүүдөн түшкөн пайданы, жаратылыш ресурстарынын үзүрүн негизинен бийликтеги бир ууч адамдар жана алардын жан-жөкөрлөрү гана көрүп келишкени баарыбызга маалым. Ал эми 2010-жылкы ушул бир ууч адамдардын зулум бийлигине карата "элдик күрөштөн" кийин коррупция канчалык деңгээлге төмөндөдү? Коомдук, мамлекеттик турмушубуздун кайсы тармагы коррупциядан канчалык даражада тазаланды? Бүгүн мамлекеттик бийликтин коррупцияга аралашпаган кайсы бутагы, тармагы бар? Бул жат көрүнүшкө каршы кандай күрөш жүргүзүлүп жатат? Бул багытта натыйжалуу чараларды көрүүгө жөндөмдүү экенин мамлекет далилдей алдыбы? - деген табигый суроолорго акыркы кездеги мамлекет башчысынын жана бийлик бутактарынын коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан иштеринен жооп табылат деген үмүт жаралууда.
Бирок өлкөдө реалдуу күрөшкө аттанган менен, майлуу-сүттүү ордунан оңой-олтоң козголбой турган бекем тамыр алган коррупция илдетин аз убакыттын ичинде жоюп жиберүү оңойго турбасы акыркы учурлардагы саясий ыйкы-тыйкылардан улам көрүнүп калды.
Ал эми учугу катардагы карапайым калктан башталып, мамлекеттик машинага барып такалган энергетика тармагындагы коррупциянын деңгээлин азайтуу мүмкүн эместей туюлганы менен, ал тармакта мурдагыга салыштырмалуу жигердүү реформа башталганы, бул реформанын маңызы да коррупцияны жоюуга багытталып жатканы менен окурмандарыбыз аздыр-көптүр кабардар.
Мына ушул маселелердин тегерегинде дагы терең маалымат алуу максатында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергияны бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Маратбек Абжалбекович ЧОЛПОНКУЛОВГО кайрылдык.


- Маратбек мырза, коррупция боюнча фактылар энергетика секторунун кайсы тармагында көбүрөөк?
- Энергетика тармагында да коррупциялык элементтер бар экендигин моюнга алышыбыз керек. Себеби бул коррупция эбактан бери тамырлашып калган. Акыркы жылдары андагы коррупциянын тутумдашкан жолдоруна бөгөт коюу аракети жүрүп келет.
Алсак, министрликтин демилгеси менен "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын 2012-жылдын июнь айынан 2013-жылдын июнуна чейинки мезгилде финансылык жана чарбалык иш алып баруусу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан ушул жылдын 26-августунан баштап, 18-ноябрына чейин текшерилди, аудит жүргүзүлгөн учурда бир катар финансылык ченемдерди бузуу учурлары аныкталган. Мындай кемчиликтер боюнча атайын акт түзүлүп, анда толугу менен финансылык каталар көрсөтүлгөн.
Эсептөө палатасынын регламенти боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгынын негизинде министрлик жана "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы тарабынан администрациялык жана финансылык тийиштүү чаралар Актыда көрсөтүлгөн финансылык ченем бузууларды оңдоого жана жоюуга, ошондой эле мыйзамдуулукту бузган адамдарды жоопко тартууга багытталат. Бул фактылар боюнча башкы директор, башкы бухгалтер, жана мекеменин тиешелүү адистери жооп берүүгө тийиш.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Антикоррупциялык кызматтын материалдарынын негизинде, 2013-жылдын 4-февралында Башкы прокуратура тарабынан "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши ачылган. Антикоррупциялык кызматтын иликтөөлөрүнө ылайык, Сокулук райондук электр тармактары ишканасы 2011-жылдагы бекитилген 3 млн кВт сааттар боюнча жана Бишкек шаарынын 110-кварталындагы факт түрүндө жок абоненттерге кВт сааттар жазылып жана жыл этегинде атайын чечимдерге киргизилип, жокко чыгарылып жүргөн иштер боюнча мыйзам бузуулар болгон деген факт менен бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жалпысынан алганда, энергетика секторунун электр энергиясын бөлүштүрүү тармагында коррупция фактылары көп, анткени ушул тармакта республикабыздын ар бир электр энергиясынын керектөөчүсү (калк) менен мамиле бар эмеспи. Бул мамилелер көп жылдардан бери чиеленишип калган, азыр көпчүлүк керектөөчүлөр электр энергиясын ашыкча колдонуп, аз төлөө аракетин кылгандары жашыруун эмес. Андыктан маселенин ушул жагдайында көптөгөн мыйзам бузууларга, энергияны уурдоого каршы иштер аткарылышы керек.

- Энергетикалык компаниялардын ичинде коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү кандай? Коррупция-га каршы күрөшүү боюнча ички коопсуздук кызматы барбы? Бар болсо, анын иши тууралуу айтып берсеңиз?
- 2007-2012-жылдардан бери ишти уюштурууну күчөткөндүктөн, оң тенденциялар болду. Алсак, жалпы жоготуулар 1,7 эсеге кыскарды (36,2%дан 21,2%га чейин), анын ичинде техникалык жоготуулар 18,9%дан 16,9%га чейин, ал эми коммерциялык жоготуу-лар дээрлик 4,7 эсеге азайды (17,2%дан 3,6%га чейин). Ушул эле 5 жыл мезгилиндеги акчасыз бартер, өз ара чегермей, натуралай төлөмдөр токтоп, жалпы төлөм 86%дан 94,3% га өстү. 2013-жылдын 10 айында төлөмдөрдү жыйноо 101,8%га жеткирилди, жалпы жоготуулар 16,5%ды түздү. Мындай көрсөткүчтөргө тек гана уюштуруу ыкмасын жакшыртуунун негизинде жетиштик. Бирок бул жетишкендиктер мындан ары жеткиликтүү деле ийгилик алып келе албасы белгилүү. Анткени, техникалык жабдууларды жаңыртуу, электрондук автоматташкан тутумдук эсеп приборлорун колдонуу сыяктуу акча каражаттарын талап кылган иштер жолго коюлмайынча, энергетика тармагында жакшы натыйжаларга жетүү мүмкүн эмес.
Коррупцияга каршы үзгүлтүксүз күрөшүү жана ички коопсуздукту сактоо максатында "Ошэлектр" жана "Жалалабадэлектр" ачык акционердик коомдорунда ички иштерди атайын талдоо жана көзөмөлдөө боюнча бөлүмдөр иш алып барышууда. Ал бөлүмдөр жоготуулар кайсы жерде көбөйгөнүн, акча каражатынын чогултулушу кайсы жерде аз болгонун талдоого алуу менен, электр энергиясын уурдоого каршы ишти такай көзөмөлгө алышат.
Мындай иштер башка энергетикалык компанияларда электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмдөрүнө жүктөлгөн. Бул бөлүмдөр да жогорудагыдай энергетикалык коопсуздук, талдоо, көзөмөл иштерин аткарышат.

- Коррупция фактылары болгон учурда энергия керектөөчүлөр кайда кайрыла алышат?
- Коррупция фактылары боюнча керектөөчүлөр министрликтин minenergopromkg@gmail.com электрондук почтасы, 0(312) 56 11 13 ишеним телефону боюнча, ошондой эле жергиликтүү электр энергиясы менен жабдыган тийиштүү райондун электр тармагындагы керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөө борборунун менеджерине кайрылса болот.

- Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жакынкы пландар тууралуу айтып берсеңиз?
- Энергетиктер тарабынан бүгүнкү күндө ички иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүү, анын негизинде башкарууну реформалоо, электр энергия-сын жоготууларды азайтуу жолдорун кароо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Энергетика тармагынын бардык түзүмдөрүндө өлкө жетекчилигинин демилгелүү иш алып баруу менен катар бул тармактагы өткөрүлүүчү тендерлерди ачык-айкын өткөрүү көрсөтмөлөрүн жана талаптарын аткаруу боюнча жигердүү аракеттер жүргүзүлүүдө.
Бул багытта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Антикоррупциялык кызматы министрлик менен биргеликте жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлө турган иш-чаралар иштелип чыгып, учурда мерчемдүү кадамдар башталды.
- Куруп берген маегиңизге ыраазылык билдиребиз. Тармактагы коррупцияга каршы башталган ишиңер үзүрлүү болсун.
Маектешкен
Тамара КОЗУБЕКОВА






Пикир: