Дүйнөнүн эң ири кайрымдуулук жасаган адамдары - 2013
Philanthropic Research Institute (PRI) изилдөө уюмунун маалыматтарынын негизинде америкалык Forbes дүйнөнүн эң ири кайрымдуулук жасаган адамдарынын рейтингин түздү. 2012-жылда PRIда 50 000дөн ашуун чоң жеке кайрымдуулуктар катталган. Жыйынтыктоочу рейтингге эң берешен 50 филантроп кирген. Алардын көбү, тагыраак айтканда 50нүн 40ы Forbesтин миллиардерлеринин тизмесине кирген.
Рейтингдин башында Билл жана Мелинда Гейтс турат, экинчи орунда - Уоррен Баффетт. Microsoftтун негиздөөчүсү жана Berkshire Hathawayдин башчысы - "Тартуулоо анты" (Giving Pledge) кыймылынын жаратуучулары жана лоббисттери. Алар дүйнөнүн эң бай адамдарын байлыктарынын жарымынан аз эмес бөлүгүн кайрымдуулук ишине жумшоого үндөшөт. Бүгүнкү күндө "анттын" катышуучуларынын тизмесинде 100дөн ашык бизнесмен бар, демилгеге россиялыктардан биринчи болуп "Интерросанын" ээси Владимир Потанин кошулган.


1. Билл жана Мелинда Гейтс
Байлыгы: 74 млрд $
2012-жылда 1,9 млрд $ (байлыгынын 2,6%ы) кайрымдуулук жасаган
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 28 млрд $.
Microsoftтун негиздөөчүсү жана Forbesтун версиясы боюнча ааламдын эң бай адамы "католик кайрымдуулугун" моделин түзгөн. Гейтстин ою боюнча рынок жакырларга керек болгон инновация үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартат, анткени алар киреше алып келбейт. Андыктан Гейтстин ою боюнча жакырларды куткаруу жоопкерчилиги филантроп-капиталисттердин мойнуна артылган. "Кайрымдуулуктун максаты - рынокту муктаж адамдардын пайдасына иштөөгө түрткөн механизмди иштетүү. Биз ар кайсы фонддун акчаларын тутум түзүү үчүн пайдаланганбыз. Ал тутум алдында рынок сатып алууну дары-дармектердин өндүрүүчүлөрү бир аз каражат чогултуп, же болбосо жакырданып калбоого кепилдик берет", - деп түшүндүрдү миллиардер 2012-жылда болгон Forbes 400 саммитинде.
Гейтстердин үй-бүлөлүк кайрымдуулук фонду муктаж адамдарга медициналык жардам көрсөтөт, АКШдагы билим берүүнү жакшыртууга жана дүйнөдөгү кедейчиликти жок кылууга каражат бөлүп берет. Жубайлар 1993-жылы Африкага болгон саякатта чыныгы жакырчылык эмне экенин көрүшкөн. Гейтстин ата-энеси, өзгөчө энеси, кайрымдуулук иштерди жасашкан. Ушул жана башка факторлор миллиардерге таасир эткен. Өзүнүн биринчи ири салымын Microsoftтун негиздөөчүсү (бүгүнкү күндө Гейтс 58 жашта) 45 жашында фондго салып, бүгүнкү күндө филантропиянын ишенимдүү адепти болуп саналат.

2. Уоррен Баффетт
Байлыгы: 58,7 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 1,87 млрд $ (байлыгынын 3,2%ы) сарптаган
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 25 млрд $.
Көп жылдар бою "Омаханын оракулу" кайрымдуулукка бардык акчасын өлгөндөн кийин гана жумшаарын айтып келген. Бирок Microsoftтун негиздөөчүсүнүн таасиринен Баффетт өзүнүн оюн өзгөртүп, убакыт өткөн сайын дүйнөлүк филантроптук кыймылдын эң башкы филантропторунун бири болгон. Бүгүнкү күндө ал Гейтстердин фондуна рекорддуу суммаларды которуп келет. 2013-жылдын июль айында гана Баффетт В классындагы Berkshire Hathawayдин акцияларынын 17 миллионго жакынын кайрымдуулукка жумшаган.

3. Жорж Сорос
Байлыгы: 20 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 763 млн $ (байлыгынын 3,2%ы) жумшаган
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 10 млрд $.
Soros Fund Management LLCтин негиздөөчүсү жана Уолл-стриттин тирүү легендасы "ачык коомдун" жактоочусу болуп саналат. Миллиардердин акчалары дал ушул "коомду" түзүүгө кетет. Мисалы, Сорос дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн айкындуулугун жогорулатууга 150 млн $ жумшаган, афроамериканецтер үчүн социалдык тоскоолдуктарды жеңүүгө - 100 млн $. 1979-жылдан баштап ал миллиарддарын ар кандай муктаждыктарга берген - калифорниялык ооруканадагы ийнелерди стерилдөө программасынан баштап, Россиядагы жана Чыгыш Европадагы илимий изилдөөлөргө жана цыгандарга жардам берген.

4. Марк Цукерберг
Байлыгы: 23,4 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 519 млн $ (байлыгынын 2,2%ы) жумшаган
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 549 млн $
Facebook Incтин негиздөөчүсү жана гендиректору - "Тартулоо анты" хартиясынын жазылуучуларынын (подписант) бири. Гейтс менен Баффеттин долбоору жаңыдан иштеп баштаганда ал 2010-жылы байлыгынын жарымын кайрымдуулукка жумшаарына сөз берген.
Ал убакта Цукерберг берешендиги менен айырмаланып турган. Ал Нью-Жерси штатындагы Ньюарка шаарында бекер мектептердин өнүгүүсүнө 100млн $ каражат жумшаган. Каражаттар штатты кеңейтүүгө, 4 жаңы жогорку мектерптердин жана 11 башталгыч мектептердин ачылышына кеткен. 2012-жылы жаш миллиардер Facebookтун акцияларынын 18 миллионун Silicon Valley Community Foundation кайрымдуулук фондуна берүүнү чечкен.
5. Уолтондун үй-бүлөсү
Байлыгы: 144,4 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 432 млн $ (байлыгынын 0.3%ы) жумшаган
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 4.6 млрд $
АКШнын эң бай үй-бүлөлөрүнүн бири кайрымдуулук иштерин унутпастан капиталдарын өстүрүүнү улантууда. Wal-Martтын негиздөөчүсү маркум Жим Уолтондун жубайы Крис-ти Уолтондун жеке капиталы 2012-жылда жогорку бийиктикке жетип, Кристи Американын эң бай айымы болгон.
Андан кийин Forbesтун рейтингинде Жимдин кызы Элис Уолтон турат. Элис легендарлуу бизнесмендин тукумдарынын арасында негизги филантроп катары таанымал. 2011-жылы ал Арканзас штатындагы Wal-Mart мекениндеги Бентонвиль шаарчасында Crystal Bridges америкалык искусство музейин ачкан. Бул кирүүгө акча албаган музейдин ачылышына Уолтондордун үй-бүлөсүнүн Фондунан 1,2 млрд $ сарпталган.

6. Эли жана Эдит Брод
Байлыгы: 6,9 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 376 млн $ (байлыгынын 5.5%ы) жумшаган
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 3,5 млрд $
Kaufman & Broad компаниясынын негиздөөчүсү Брод курулуш тармагында байлык жасаган. Кайрымдуулукка ал жубайы менен акыркы жылдарда киришкен. Бизнесмен мыкты мугалимдерге сыйлык берүү менен билим берүүнү реформалоого аракет жасаган. 2010-жылы Брод Лос-Анжелесте ачылышы 2014-жылга пландалган жаңы Заманбап искусство музейин салууга уруксат алган. 2007-жылы миллиардер Мичигандын Университети алдындагы көркөм музейге 26 млн $ бөлгөн. Ал түзгөн кайрымдуулук уюму медициналык изилдөөлөрдү каржылоого жардам көрсөтөт.

7. Майкл Блумберг
Байлыгы: 31 млрд $
2012-жылда кайрымдуулукка 370 млн $ (байлыгынын 5.5%ы) жумшаган
Бардык жылдар аралыгында жасаган кайрымдуулук иштеринин жалпы суммасы: 2,4 млрд $
Нью-Йорктун мурдагы мэри каражаттарын ар кандай 850 кайрымдуулук фонддорго салган. Блумберг тамеки чегүү менен күрөшүү уюмдарына, курал-жарак жөнүндөгү улуттук мыйзамга каршы фондуна, Нью-Йорк искусство институтуна ж.б. колдоо көрсөтөт.
Даярдаган Нестан Токтобаева
(Уландысы кийнки санда)







Пикир: