Кыргызстанда
дүйнөлүк стандартта курулган
эң алгачкы соода борбору

"Вефа-Центр" соода борбору Кыргызстандагы биринчи революциядан кийин, тактап айтканда 2006-жылы 4-августта ачылган. Быйыл 7 жыл болду.
"Вефа-Центр" соода борбору Кыргызстанда дүйнөлүк стандартта курулган эң алгачкы соода борбору болуп саналат. Соода борбор архитектуралык стили боюнча, алгачкылардан болуп соода борбору-турак жай-мейманкана үчилтиги колдонулган курулуш болуп саналат. Комплекстин 3 кабаты соода борбору болсо, эки мунарасынын биринде турак үйлөр, экинчисинде ишкана жана мейманкалар жайгашкан.
"Вефа" соода борборунда 65тен ашык дүйнөлүк стандарттагы фирмалар элге кызматтарын көрсөтүп жатышат. Соо-да борбор ачылгандан кийин, калкты тейлөө маданиятынын жогорулугунан, андагы иштин туруктуулугунан улам, Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн күчтүү инвесторлор тартыла баштады, башкача айтканда инвесторлордун өлкөгө болгон ишеними арта баштады.
"Вефа-Центр" соода борборунун жалпы жабык аянты 34000 кв.метрди түзөт, имараттын пайдубалынын аянты 5000 кв.м. Борбордо 191 машина бата турган эки деңгээлдүү автоунаа токтотуучу жайы бар, алардын да аянты 5000 кв.метрди түзөт. Автоунаа токтотуучу жайдын үстүндө 3 кабаттуу соода комплекси жайгашкан. Соода комплекси азык-түлүк маркети, балдардын, аялдардын жана эркектердин саркеч кийимдери сатылуучу бутиктер, оюнчук, китеп, парфюмерия, бут кийим, белек-бечкек дүкөнчөлөрү, акча алмаштыруучу жай, кафе, сулуулук салону, фаст-фуд (шам-шум этүүчү жай), кинозалдар болуп жалпы 72 магазинден турат.
Имаратта 8 эскалатор жана 8 заманбап лифт кабаттардын каттамын камсыз кылып турат. Ошондой эле кошумча панорамалык лифт, жүргүнчү 6 лифт, жүк ташуучу 1 лифт да иштейт.
Комплекстин үстүндө 10 кабаттуу мунаралар бар. Алар заманбап архитектуралык дизайнга туура келүүчү жогорку класстагы курулуш материалдары менен капталган.
Соода борборунда 320 кишиге ылайыкталган конференц-зал, VIP-рестораны жана 12 апарт-отель номерлери эл аралык стандарттагы жогорку мейманканалык кызматты дүйнөнүн бардык булуң бурчунан келген меймандарга көрсөтүшөт.

Заманбап курулуш технологиялары колдонулган шаардын архитектуралык ансамблине төп келген борбор болуп саналат
Соода борборго окшош, европалык стандарттагы соода борбору Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 2007-жылы ачылып, тажик элине кызмат кыла баштаган.
Жакынкы арадагы пландарда соода борборлорун эмес, башка социалдык объекттерди куруу менен ишмердүүлүк тармагын кеңейтүү ою бар.

Биз өзүбүздү чет элдин жараны катарында эмес,
өз жерибизде
жүргөндөй эле сезебиз
Кыргызстан менен Түркия боордош мамлекет болгондуктан, биз өзүбүздү чет элдин жараны катарында эмес, өз жерибизде жүргөндөй эле сезебиз. Бир туугандык сезимибиз менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошуу, биздин негизги максатыбыз деп эсептейбиз. Кыргызстанда, демократиялык башкаруу менен катар ачыктык, адилеттүүлүк орносо, чет өлкөлүк инвес-тициянын агымы мындан дагы көбөймөк деп ойлойм.
Биздин "Вефа-Центр" соода борбору пайдубалынан тарта, ишке кирген күнгө чейин алып келген инвестициянын көлөмү 1 000 000 000 сомду түздү.
Биздин соода комплексинде 390дон ашуун киши эмгектенип жатат, ал эми комплекстин башкаруу тармагында иштеген кызматкерлер 40тан ашат. Кызматкерлер ыңгайлуу иш тартиби, татыктуу эмгек акылары жана башка социалдык пакеттер менен камсыз болушкан. "Вефа-Центр" жергиликтүү калкты иш орду менен гана камсыз кылбастан республиканын бюджетине да орчундуу салым кошуп келет. Алсак, орто эсеп менен Кыргызстандын бюджетине 2013-жылдын 8 айынын ичинде 20 275 093 сом салык төлөдүк.

Аталарыбыз салган
көпүрөнү бекемдөө
үчүн иштейбиз
Кыргыз баатыр аталарыбыз Түркиянын тарыхына да из калтырышкан. Кыргыз баатырларынын түрк аскерлери менен эриш-аркак болуп, аларга жардам берип, бир катар капкалуу шарлардын алынышында жасаган каармандыктары, жакшылыктары үчүн биз карызкор калганбыз.
"Вефа" деген сөздүн сөздүктөрдө көп мааниси бар. Биз анын үчүнчү маанисин "карызды төлөө, сөзүндө туруу, туруктуу болуу" деген маанилерине басым жасадык. Башкача айтканда, биз аталарыбыздын жакшылыгын унут калтырбай, "жакшылыкка - жакшылык" менен жооп кайтаруу максатында өз тармагыбызда аларга таазим кылуу менен соода борборубузга "Вефа" деген сөздү берүүнү ылайык көргөнбүз. Буюрса ушул максаттарыбыз ишке ашып жатат деп ойлойм. Себеби, жалпы журтчулуктун, шаар калкынынын биздин соода борборбузга карата ойлору жакшы. Ал эми биздин жамаат калкты кынтыксыз, жогорку деңгээлдеги маданият аркылуу тейлөөгө ар дайым кызыкдарбыз, - дейт соода борборунун жетекчиси Хулуси Айверди мырза.







Пикир: