1900-жылы Казанда
жарык көргөн "Таибирнаамэ" китеби түш жоруу жөнүндө

(Уландысы.
Башы 7-бетте)
Түш көрүү жана түштү туура жоруганды билүү пайгамбарга таандык касиеттерден болгон. Эң алгачкы түштү Адам атанын көргөндүгү жөнүндө аты аталган китепте сөз болот.
Адам ата бейиште уктап жатканда ай чырайлуу, сулуу өзү өңдөнгөн бир затты түшүндө көрөт. Чочуп ойгонсо, баш тарабында түшүндө көргөн зат отурат. Бул Ава энебиз болуп чыгат. Ошондуктан эркектер түшүндө сулуу аял затты көрсө кубанат деп жоруйт.
Тарыхка кайрылсак, бардык эле пайгамбарлардын көргөн түштөрү жөнүндө "Тоорот", "Забур" "Куран каримде" жазылганын билебиз.
Булардан түш көрүү Алла тааланын өз кулдарына келечек жазылмыштан кабарсыз калбастыгы үчүн бериле турган сырларынын жана илиминин бири экендигин билүүгө болот.
Ислам дининде түш көрүү Алла таала, рух менен байланыштуу экендигин түшүндүрөт. Бул үчүн ар ким уктаар алдында шарият боюнча дараат алып жатуу керек экендиги айтылат. Ошондо жан күндөй жаркырап, нурун төгүп турат. Ал тургай "Бир адам түшкө ишенбесе, ал сөзсүз Алла таалага жана акырет күнүнө ишенбегендик" болот деп билдирет, китепте. Түш көрүү жана жоруу пайгамбарлардын, олуялардын касиеттеринен болуп эсептелет. Алар түш жорууда өтө чиелешкен маселелерге да жооп табышкан.
Бүгүнкү күндө ааламдар түш көрүү жана жоруу маселесинде эки түрдүү көз карашта экендигин билүүгө болот. Биринчи көз караштагылар түш жоругандык эскиден калган калдык, ал тургай акмактык деп билдирет. Экинчи көз караштагылар, биринчилердин айткандарын жокко чыгарышат.
Диндик ынанымдарда Алла таала бир периштени жаратты жана аны кишилер жазмышта Тактасы Лаухул-Махфуз арасына өкүл кылда. Ошол Малакур-Руая тактап айтканда, түш периштеси башкача ысым менен аталат. Даниял пайгамбардын айтуусу боюнча ал периштени "Садикун" же "Жөлөкчү дос" деп, Ислам дининде түштү үчкө бөлөт.
Биринчиси, "табашир түштөр" тактап айтканда, - кишини сүйүнткөн жакшы түш. Экинчиси, "Тахрир түштөр" - коркунучтуу түштөр. Үчүнчүсү,- "Илхам түштөр".
Демек, жакшы түш көргөн киши бактылуу болот, ал үчүн кудайга жалынып, садага берүү керек.
"Тахрир" жана коркунучтуу түш. "Алла таала Малакур-Руаянга буйрук кылган: Паланча кишиге бир коркунучтуу түш көрсөтүү керек, ал киши күнөөлөрүнө тобоо кылып, бузуку иштерден алыс болсун."
Коркунучтуу түш көргөндөр, албетте, күнөөлөрүнөн тобоо кылып садака берсин деп айтылган. Мухитдин бини Арабий мындай түш көргөн адамдар Аллага жалынып, муну окууну сунуштайт: "Иннах Аллаху Ла йахфа алейхишай-ун фил арзи ва ла фис-саман ва хувас самахул-алим". Кыргызчасы: Алла таала үчүн чындыгында жерде жана көктө эч кандай жашыруун нерсе жок, ал баардыгын билип туруучу аалам.
Мухиттин бини Араби илхам түштөрүн көргөндөргө тобоо келтирип Алладан кечирим сурап, жаман иштерден оолак болууга кеңеш берет.
Мухаммед пайгамбарга 23 жыл вахи, кабар келип турган. Ошондуктан, пайгамбарыбыз өзүнө келген кабардын кырк алтыдан бир бөлүгү түш аркылуу болгондугун өз хадистеринде баяндайт.
Демек, мындан бардык түш Алла аркылуу болорун билүүгө болот. Ошондой эле, чыныгы түштөн тышкары шайтандар аркылуу көргөн жалган түштөр да болот. Коркунучтуу түштөр негизинен үч түрдүү болот. Биринчиси "Илдет түш" оорулуу киши кыйналганынан көргөн түш, андай түштөрдү эч кандай капарга да албаш керек, экинчиси "Илхамдү" мындай түш көргөн кишилер өздөрүн таза кармабай, булганч жүргөн кишилер. Үчүнчүсү "Хаммат түш" күндүз көргөндөрү же ойлогондору түшүндө кайталануу. Демек, жакшы түштөргө жанашкан чаташуу түштөр да көп болот. Кээ бир адамдар "Мен түш көрбөйм" деп айтышат. Бул туура эмес, сөзсүз түш көрөт, түш көрбөдүм деп айткандарын бир нерсени эсте кармоо жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү деп билдирет, таи-бирнаамаде.
"Тухфатал-мүлик" те мындай деп жазылган: Дүйнөдө төрт илим эң жакшы эсептелет: Дин илими, адеп илими, табыпкерлик илими, таибирнаама, түш жоруу илими.
Бирок, бардык киши окшош түш көрсө да, ага карабастан ар түрдүү жорулат. Анткени, Мухиттин ибин Арабадин айтуусунда Султандардын, эл башчылардын түштөрү, аалымдардын түштөрүнөн өйдө турат. Аалымдардын түштөрү наадандардын түштөрүнөн жакшыраак, марттардын түштөрү сараңдардын түштөрүнөн жогору турат. Хадисте бул тууралуу мындай деп айтылган: "Сараң киши диндүү болсо да бейишке кирбейт."
Эң жакшысы баш-аламан түштөрдү жорубаш керек. Бирок, түштөрдүн бардыгын эле жакшы деп айтууга болбойт. Мисалы: жыл башында көргөн түш, жыл аягында көргөн түштөн жакшыраак болот. Ал эми акыл-эси ордунда болгон же жиндилердин көргөн түшү эч кандай мааниге ээ эмес. Таибирнаамада 20-февралдан 22-октябрга дейре көргөн түш күчтүү болот.

Даярдаган А. КАМЫ







Пикир: