Тарыхыбыз
качан такталат?
Редакциядан: Мурдагы тарыхыбызды айтпай эле коёлу, кечээки - Совет доорундагы эле окуяларга, инсандарга баа берүүдө Кыргызстанда да толгон-токой карама-каршы ой-пикирлер, көз караштар орун алууда. Бирок, биздин маалыматыбыз боюнча, биздин өлкөдөгү тарыхый-маданий стандарттар боюнча азырынча атайын долбоорлор жок. Төмөндө бул багытта Россияда жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында макаланы жарыяладык.

Совет доору - тарыхтагы карама-каршылыктуу мезгил, ошондуктан ал мезгил жана ал заманда болуп өткөн окуялар тарых китептеринде ар кандай вариантта чечмеленип келатат. Ал эми мектеп окуучулары 2000-2012-жылдардагы окуяларды окуп, үйрөнүүлөрү зарыл. Россия илимдер академиясынын Россия тарыхы институтунун окумуштуулары ушундай чечимге келген. Алар окуу китептерине тарыхый-маданий стандарт долбоорун талкууга алышкан. Россия тарыхый коому (РТК) тарабынан сунушталган стандарттын версиясында окуу курсун 2000-жыл менен чектөө сунушталат.
XX кылымдын тарыхын мектептин окуу китептеринде кандайча чагылдыруу керектигине арналган тегерек үстөлдүн жыйынтыгы боюнча окумуштуулар "ал доордун көп татаал суроолору боюнча бир пикирге" келди деп билдирди Россия тарыхы институтунун директорунун орун басары Сергей Журавлев. Анын пикири боюнча илимий чөйрөдө консенсуска келбеген окуялар жана процесстер окуу китептерине "варианттары менен" киргизилүү керек.
Совет доорунда "XX кылымдын башкы окуясы" деп аташкан 1917-жылдагы Октябрь революциясына карата консенсуска жетишилди. "Азыр болсо конкреттүү окуяны революция деп айтпас-тан, "процессти" революция деп эсептөө сунушталууда", - деп түшүндүрдү Журавлев мырза. Тегерек үстөлдүн катышуучулары азырынча февраль революциясы деп аталган "1917-жылдын февраль айындагы төңкөрүштү" революциялык процесстин башталышы деп эсептешет. Октябрь революциясын дагы дал ушул сыяктуу төңкөрүш деп аныкташ керек. Бул төңкөрүштүн күнү - 25-октябрды жарандык согуштун башталган күнү катары эсептөө сунушталууда. Согуштун аякташы революция-нын процесс катары аякташы болуп саналат.
Окумуштуулар 1937-1938-жылдардагы репрессияга карата маселе боюнча дагы консенсуска келишти. Маселен, бул "капыстан чыккан көрүнүш" эмес деген көз карашка бардыгы макул болду. Сергей Журавлевдун айтканы боюнча репрессиялар "большевиктер өлкөдө орноткон пролетариат диктатурасынын логикасына туура келген". Совет мезгилдеринде массалык репрессиялар актаган көрсөтмөлөр (дүйнөлүк согуш коркунучу убагындагы "бешинчи колонна"), андан соң аларды жектөөлөр (ИИУКнун (НКВД) "чектен чыгуулары"), эми негизсиз деп табылды. Илимий мамилени сактоо үчүн тарыхчылар "натыйжалуу менеджер" же "кандуу баш кесер" сыяктуу мүнөздөмөлөрдөн такыр баш тартышты. Тарыхчылар терминдер туурасында да талашып-тартышты. Кээ бирлери "сталиндик социализм" деген терминден баш тартууну сунушташты. Бирок анда хрущевдук ала-шалбырт доорунан ажырагыс "десталинизация" термининен да баш тартууга туура келет.
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуш өзгөчө маселе болду, бирок мында дагы консенсуска жетишилди. Кайра курууга баа берүүдө дагы окумуштуулар консенсуска жакындашты. Михаил Горбачевдун реформаларына оң баа берилип, бирок өтө кечиккен реформалар деп белгиленди. Журавлев мырза "СССР өзүнүн туу чокусуна өткөн кылымдын 60-жылдарында жеткен" деп эсептейт. Ошондуктан, анын ою боюнча, 70-жылдардан баштап, өлкөнүн тарыхы курсунда экономика маселелери олуттуу орун ээлеши керек. Ансыз кайра куруунун маңызы да, СССРдин урашынын себептери да, Борис Ельциндин реформаларынын карама-каршы жактары да түшүнүксүз болуп калат.
90-жылдарга карата тарыхчылар бирдиктүү баа берише элек. Бирок Сергей Журавлев бул маселе боюнча консенсус болот деп үмүттөнөт (РТК стандарттын акыркы вариантын Россия президентине 1-ноябрда көрсөтүүгө тийиш). Эгерде тигил же бул маселе боюнча макулдашуу болбосо, анда тарых боюнча окуу китептерине тарыхый инсандардын, окуялардын, процесстердин ар кыл варианттагы чечмелөөлөрү берилүүсү керек.
Тегерек үстөлдүн катышуучуларынын көбүн таң калтырганы - тарыхый-маданий стандарттын авторлорунун мектеп окуучуларына өлкөнүн 2000-жылга чейинки тарыхын билүү жетиштүү деп эсептегени. Алардын ою боюнча мектептеги тарых - жөн гана илимий предмет эмес, тарбиялоо-чу сабак болуп саналат. Ошол себептен азыркы муун өз тажрыйбасынан билген жана эсинде сакталган мезгилди окуп-үйрөнгөнү абзел. Ошондуктан стандартка 2000-жылдан 2012-жылга чейинки мезгилди киргизүү сунушталууда.

Булак: kommersant.ru
Которгон Изат Дүйшеева




Сабакты Өкмөт өзүнөн баштаса...
Республиканын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" 2013-жылдын 5-мартындагы токтому жарыяланганда ага "Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруудагы олуттуу кадам катары баа берип, абдан кубандык эле. Бирок ал токтомдун кандай аткарылып жатканы тууралуу эмнегедир коомчулукка кеңири маалымат берилбей жаткансыйт. Атүгүл мамлекеттик тилдин сабаттуулугуна Өкмөт өзү анча көңүл бурбай жатканы кабыл алган документтеринен байкалууда. Кеп Өкмөттүн 2013-жылдын 3-октябрындагы N411-б буйругунун расмий тилден мамлекеттик тилге которулганы жөнүндө.
Буйруктун кыргызча текстинде мындай деп жазылган: "Эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү боюнча Борбор-Азиялык корпорация" (мындан ары - БАК) чет өлкөлүк жоопкерчилиги чектелген коомдун башкаруусуна өткөрүлгөн "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын объекттеринин ишинин экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин комплекстүү текшерүүнү жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн".
Анын орусча тексти төмөнкүдөй: "Для проведения комплексной проверки деятельности объектов свободной экономичес-кой зоны "Бишкек", переданных под управление иностранного общества с ограниченной ответственностью "Центрально-Азиатская корпорация по развитию свободных экономических зон" (далее - ЦАК), на предмет соответствия законодательству Кыргызской Республики в сфере экологической и технической безопасности образовать межведомственную рабочую комиссию в составе согласно приложению".
Демек, сөз "чет өлкөлүк жоопкерчилиги чектелген коомдун башкаруусуна өткөрүлгөн "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын объекттери" жөнүндө эмес, "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын чет өлкөлүк жоопкерчилиги чектелген коомдун башкаруусуна өткөрүлгөн объекттери жөнүндө болуп жатат. Сабатсыз которулгандан улам сүйлөмдүн мааниси таптакыр бурмаланып, "Бишкек" эркин экономикалык аймагы чет өлкөлүк жоопкерчилиги чектелген коомдун башкаруусуна өткөрүлүп калган.
Ушул эле документте айрым терминдер тийиштүү мыйзамдардын кыргызча тексттеринде биздин оюбузча кыйла так которулганына карабастан, башка варианттарда берилген. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө мыйзамында, атүгүл Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясында да "территория" деген сөз "аймак" деп которулган: "территории свободных экономических зон" - "эркин экономикалык зоналарынын аймактары", "таможенная территория" - "бажы аймактары" ж.б. (тилекке каршы, ал ченемдик-укуктук актылары мурда да расмий тилден мамлекеттик тилге которулган). Өкмөттүн укук актылары конституция, кодекс, мыйзамдардан төмөнкү даражада экенине маани берилбей, "зона" деген термин аталган буйрукта "аймак" деп которулган.
Өкмөттүн эле эмес, парламент кабыл алган мыйзамдардын, мамлекет башчысынын жарлыктарынын да кээ бир котормолору анча так эмес. Аларга кийинки макалаларыбызда токтолобуз.
Алым САБАКОВ





Кытайлык кыргыздардын сөздөрүнө
кирген кытайча терминдер
Уландысы. Башы №22 санда
(2013-жыл, 25-сентябрь)
"Шинжаң кыргыз адабияты" журналына жарыяланган материалдардын негизинде түшүндүрмөлөр
Эзип цайындаган жуңий дарысын ...
Жуңий - кытай
Сен мени шюжиңжуйичи ...
Шюжиңжуйичи - ревизионист
Капаратип жиңлиси Жапаш …
Жиңлиси -башчы, жетекчиси …
Гомиңдан
Гомиңдан - илгерки бийликтин аталышы
Жуңхва эл республикасынын…
Жуңхва - кытай
"Солчул" лушияңдын баштамчылыгы …
Лушияң -жол
Улутту сыфан мектептер …
Сыфан - окуу жайы
Анзаларды текшерип …
Анза - иш кагаз
Жунго кыргыз басмалары ...
Жунго - кытай
Партиянын лушан, фаңжин саясаттарын …
Лушан - жол, фаңжин - багыт
Азыр ал Хаңжу дашөсү …
Дашө - университет
Дашөсүңдөр ушул киши …
Дашөсүңдөр - студенттер
Кара чаар силиң демите …
Силиң - колбашчы
Керек болот жамылга …
Жамыл - бийлик
Кеп жетпейт кыйын дарынга
Дарын - чоң, атка минер
Алдында даяр туңчусу
Туңчу - тилмеч, котормочу
Абалыбызды шаңжанга жеткирип бер десе …
Шаңжаң - аким
Катиптерге пийлесе …
Пийлесе - кол коюп берсе
Квайжи болгон Ибрай ...
Квайжи - бухгалтер
Пароход дүйү ...
Дүй - отряд
Жапониянын зуңлиси Жуңзингин бизди кабылдап сөз сүйлөдү ...
Зуңли - премьер
Алар диянши менен сабак угуп ...
Диянши -телевизор
Жаанбай журин ...
Журин - жетекчи
Гуңшеден 5 кило этке кагаз берген ...
Гуңше - коммуна
… туңзи, маамаа дешип кулагымды …
Туңзи - жолдош
генерал-полковник
(Уландысы кийинки сандарда)
Даярдаган Абдылда КАРАСАРТОВ







Пикир: