Мамлекеттик тил күнү
23-сентябрь - Мамлекеттик тил майрамына карата иш-чаралар республиканын бардык жеринде бала бакчалардан тартып, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, мамлекеттик мекемелерде өткөрүлдү.
Бул күнү "Кыргызстан" улуттук энциклопедиянын 4-томунун бет ачары болуп, китеп жармаңкеси өттү. Ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония-да "Айтыш" коому тарабынан уюштурулган төкмө акындардын эл аралык айтышы жыйынтыкталды. Бул сынакка 29 акын катышып, 500 миң сом байге коюлган. Баш байге - 100 миң сомду жаш акын Болот Назаров жеңип алды. 1-сыйлык - 70 миң сомду төкмө Азамат Болгонбаев, 2-сыйлык - 50 миң сомду Амантай Кутманалиев жана 3-сыйлык - 30 миң сомду Абдылда Нуралиев утуп алышты.
Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун берүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына 24 жыл болду. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзам кабыл алып, анда кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан оңдолуп, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.


Түркия менен Россия Кыргызстандын 238,1 млн $ өлчөмдөгү карызын кечти
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги насыя берүүчү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу тышкы карызды кыскартуу боюнча иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"2012-жылдын октябрь айында Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосунда карызды кечүү тууралуу келишим күчүнө кирген. Казыналыктын катчылыгынын маалыматы боюнча 49,2 млн $ суммадагы карыз эсептен чыккан", - деп айтылат маалыматта.
Үстүбүздөгү жылдын май айында мурдагы берилген насыялар боюнча Кыргызстандын Россия алдындагы карыздарын жөнгө салуу боюнча келишим күчүнө кирген.
"Азыркы мезгилде келишимге ылайык 188,9 млн $ суммадагы карыз эсептен чыкты. 300 млн $ өлчөмүндөгү калган карыз 2016-2025-жылдар ичинде жылына 30 млн $дан төлөнүп, бара-бара кечилет", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Үстүбүздөгү жылдын 31-июлуна карата мамлекетибиздин Корея алдындагы тышкы карызынын жалпы суммасы 15,3 млн $ды түзгөн. Өткөн жылы Бишкектеги Кореянын Эксимбанкынын өкүлдөрүнүн кыргыз тарабы менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын мындан аркы иштери тууралуу протоколго кол коюлган.
Азыркы учурда кыргыз жана корей тараптары менен Кыргызстандын Кореяга карызынын түзүмүн өзгөртүү тууралуу келишимге кол коюуга даярдыктар көрүлүүдө.


ЖККУнун Жамааттык
коопсуздук кеңешинин сессиясы
2013-жылдын 23-сентябрында Россиянын Сочи шаарында ЖККУнун Жамаатык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү. Анда 2020-жылдарга чейинки мезгилде ЖККУ мамлекеттеринин аскердик кызматташуусун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аткаруу боюнча иш-чаралары, Уюмдун 2014-жылга бюджети, ошондой эле уюштуруучулук жана администрациялык-финансылык маселелер каралды.
2014-жылы Афганистандан коалиция-нын аскерлеринин чыгарылышын эске алуу менен бул өлкөдөгү кырдаал талкууга алынып, "Тажик-афган чек арасын чыңдоо боюнча Тажикстан Республикасына жардам көрсөтүү жөнүндө" чечим кабыл алынды.
Сессияда "Жамааттык коопсуздук келишими жөнүндө уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын коммюникесине" кол коюлду жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин "Сириядагы жана анын тегерегиндеги кырдаал жөнүндө" билдирүүсү кабыл алынды.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Кыргызстан Уюмда төрагалык кылган мезгилге жакшы баа беришти.
Жалпысынан уюмдун мүчөлөрү ЖККУнун алкагында аскердик кызматташуу жана азыркы заманбап коркунучтарга, б.а. терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга жана маалыматтык коопсуздукка байланыштуу коркунучтарга каршы туруу боюнча жыйынтыктарга баа берилди. ЖККУ жамааттык коопсуздук тутумун чыңдоодон жана анын натыйжалуулугун жогорулатуудан тайбас-тыгын билдирди.



Энергетика жана өнөр жай министрлигинде

* * *
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев ЕБРРдин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Лариса Манастырли менен жолукту.
Эки тарап негизги донору АБР болгон "Токтогул ГЭСин жандандыруу" долбоорун каржылоодо ЕБРРдин катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн 190 млн АКШ доллары керектелет, анын 75 млн АКШ долларын ЕБРР берүүгө даяр. "Токтогул ГЭС-ин жандандыруу" долбоорунун экинчи фазасы "Электр чордондору" Ачык акционердик коомунун (ААК) финансы жана башкаруу аудити маселелерин карайт.
Жолугушуунун жүрүшүндө Л. Манастырли кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу үчүн министрликке энергетика тармагын реформалоо планынын башка бөлүмдөрү боюнча сунуштарды түзүүнү сунуштады. О. Артыкбаев чакан ГЭСтерди курууга кызматташууга даяр экендигин белгиледи. ЕБРР өкүлчүлүгүнүн башчысы аймактык жылуулук ишканаларын оңдоп-түзөөгө кызыкдар экенин билдирип, "азыркы мезгил - өлкөгө пайда алып келген иштерди жасоого жакшы учур. Биз силердин алган жигердүү багытыңарга шыктанып, өнүгүү жолундагы аракеттериңерди колдоого даярбыз" - деди ал.
Энергетика жана өнөр жай министри "Европалык Реконструкция жана Өнүгүү Банкынын" энергияны сактоо секторунун жемиштүү ишин белгиледи, бирок О. Артыкбаевдин ою боюнча жеке сектордогу курулуштун алдындагы энергияны сактоонун нормаларын сактоо көзөмөлү маселесин чечүү керек.
* * *
Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен Түштүк Кореянын "Mine Reclamation Corporation" (МИРЕКО) корпорациясы Көмүрдүн сапатын башкаруу тутумун биргелешип изилдөө боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
* * *
"Түндүк электр" ААК тарабынан борбор калаабыздын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда электр түйүндөрүнө мыйзамсыз туташтырылган курулуштар боюнча рейд жүргүзүлгөн.
Тилекке каршы, мындан бир нече жыл өтсө да жергиликтүү бийликтер аталган жаңы конушту электрлештирүү жана жалпы электр камсыздоого туташууга уруксат берүүчү документтерди расмий түрдө каттоо маселелерин чечпей келет.
Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар өз күчтөрү менен электр түйүндөрүнө туташууга аргасыз болушууда жана мындай жагдай электр жабдууларга жана түзүлүштөргө күч келгендиктен, аварияларга алып келүүдө.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Түндүкэлектро" ААКга бир нече ирет кайрылып, аталган көйгөйдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте чечип, абалды жөнгө салууну талап кылган. Бирок эки жылдан бери аталган ишкана натыйжалуу чараларды көрө алган жок.
Министрлик "Түндүк электр" ААКнын жетекчилигин бул маселени создуктурбай кароону талап кылды.
Жергиликтүү бийликтердин жана калктын демилгеси менен же башка каражат булактарынан (мисалы, эл аралык гранттар ж.б.) каражат табылса, "Түндүк электр" ААКнын трансформатордук көмөк чордондорун же жогору чыңалуудагы линияны орнотуу маселесин карап чыгып, жардам көрсөтүүгө милдеттүү экени белгиленди.
* * *
2013-жылдын август айында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана РЭКтердин ишеним телефондоруна 1103 кайрылуу түшкөн.
Алардын ичинен электр энергияны өчүрүү боюнча жана керектөөчүлөрдү тейлөө сапатына 542 кайрылуу түшкөн, эсеп приборлорун алмаштыруу боюнча - 283, төлөөнүн туура эмес коюлган эсептерине - 117, башка өтүнүчтөр боюнча - 161 кайрылуу түшкөн.
1) Энергетика жана өнөр жай министрлигинин коомдук кабылдамасына 2013-жылдын август айында 32 кайрылуу түшүп, алардын бардыгы чечилген.
Коомдук кабылдама абоненттерден бардык суроолор боюнча даттанууларды кабыл алып, аларды кыска мөөнөттүн ичинде карап чыгууда.
2) "Түндүк электр" ААКга 353 кайрылуу түшкөн, алардын ичинде:
o электр менен камсыз кылуу сапатына - 188 кайрылуу 53%
o керектөөчүлөрдү тейлөө сапатына - 63 кайрылуу 18%
o төлөөнүн туура эмес коюлган эсептерине - 38 кайрылуу 11%
o эсеп приборлорун алмаштыруу боюнча - 26 кайрылуу 7%
o башка суроолор боюнча - 38 кайрылуу 11%.
"Түндүк электр" ААК келип түшкөн кайрылуулардын бардыгы чечилген.
3) "Чыгышэлектро" ААК боюнча 151 кайрылуу түшүп, алардын ичинен:
o эсеп приборлорун алмаштыруу боюнча - 43 кайрылуу 28%
o төлөөнүн туура эмес коюлган эсептерине - 31 кайрылуу 21%
o керектөөчүлөрдү тейлөө сапатына - 27 кайрылуу 18%
o электр менен камсыз кылуу сапатына - 27 кайрылуу 18%
o пайдалануу режимин чектөө боюнча - 21 кайрылуу 14%
oбашка суроолор боюнча - 2 кайрылуу 1%.
151 кайрылуунун 138и чечилип, 13ү чечилүү үстүндө.
4) "Ош электр" ААК боюнча 375 кайрылуу түшүп, алардын ичинде:
o эсеп приборлорун алмаштыруу боюнча - 209 кайрылуу 56%
o төлөөнүн туура эмес коюлган эсептерине - 33 кайрылуу 9%
o керектөөчүлөрдү тейлөө сапатына - 86 кайрылуу 23%
o электр менен камсыз кылуу сапатына - 17 кайрылуу 5%
o бузуу актыларын түзүүгө - 17 кайрылуу 5%
o башка суроолор боюнча - 15 кайрылуу 4%.
375 кайрылуунун 310у чечилип, 65и чечилүү үстүндө.
5) "Жалал-Абад электр" ААК боюнча 192 кайрылуу түшүп, алардын ичинде:
o бузуу актыларын түзүүгө - 101 кайрылуу 53%
o керектөөчүлөрдү тейлөө сапатына - 59 кайрылуу 31%
o төлөөнүн туура эмес коюлган эсептерине - 15 кайрылуу 8%
o электр менен камсыз кылуу сапатына - 12 кайрылуу 6%
o эсеп приборлорун алмаштыруу боюнча - 5 кайрылуу 3%.

192 кайрылуунун 117си чечилип, 15и чечилүү үстүндө.





Пикир: