ТВЕА компаниясына
бүт дүйнө ишенет
ТВЕА ("TebianElectricApparatusStockCo") Тянь-Шань тоолорунун этегинде жаралып, Дэн Сяопиндин реформаларынын аркасында энергияны үнөмдөө жаатында Кытайда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө алдына ишкана чыгарбаган лидерге айланды.
Жаңы энергия ресурстары өлкөнүн экономикасында зор мааниге ээ болгондуктан ТВЕА компаниясы өз өндүрүшүн өнүктүрүүгө ашыгат. Трансформаторлордун, электр таратуучу жабдуулардын өндүрүлүшү өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыздайт; жаңы материалдарды өндүрүү менен электрондук-маалыматтык технологиялар жаатындагы эл аралык атаандаштыктан озуп чыгууга, ошондой эле техника айдыңында жаңычылдыктын негизин түптөөгө шарттар жаралат; энергиянын жаңы булактарын өндүрүүнү өнүктүрүү менен энергетика тутумун түп-тамырынан бери жөнгө салып, энергетикалык каатчылык көйгөйлөрүн чечип, адам баласынын табият менен таттуу мамиледе жашашына шарттарды түзүүгө болот.
Мамлекеттик коопсуздукту бекем сактап, эл чарбачылыгына өз салымын кошкон ТВЕА компаниясы төмөнкү негизги үч багытта иш алып барат: трансформаторлорду өндүрүү, жаңы материалдарды чыгаруу жана энергия ресурстарын иштетүү. Компаниянын индустриясы экономикалык түзүмдүн жөнгө салынышын тездете турган илимий-техникалык өсүштүн дагы негизги бир бөлүгү болуп саналат.
ТВЕА компаниясы экологиялык жактан коопсуз, илимий-техникалык жетишкендиктеги энергия үнөмдөөчү жабдууну чыгарууну өз милдети катары эсептеп, мунун аркасы менен бүт дүйнөнүн ишенимине кирүүнү максат кылат.
ТВЕА компаниясы - ири жабдууларды өндүрүү боюнча жогорку технологиялуу ишканалардын алдыңкысы гана болбостон, эл аралык рынокто электр энергия жаатында башкы аткаруучу да болуп эсептелет.
Компания тармак боюнча бирөө гана болгон мамлекеттик маанидеги инженердик лабораторияга жана техникалык ачылыштарга ыйгарылган 6өөдөн ашык патентке ээ.
Бул ишкана - трансформаторлорду, реакторлорду, электр зымдарын, кабелдерди, алюминий фольгаларын, жогорку сапаттагы алюминийди жана гелиосистемаларын чыгарган жана экспорттогон эң ири база.
ТВЕА компаниясы - 1,7 млн кВ кубаттуулуктагы трансформаторлорду чыгара турган дүйнөдөгү эң чоң жабдыгыч ишкана.
2009-жылга чейин компаниянын кирешеси 20 млрд юанга жетип, көлөмү 17,4 млрд юандык баа-га арзый турган өндүрүш иши аткарылган, ал эми компанияда эмгектенген жумушчулардын саны 13 000ге жетет.
ТВЕАнын трансформаторлорду жана электрди таратуучу жабдууларды чыгара турган үч ишканасы бар. Ал жогорку класстагы жабдууларды изилдөөдө жана чыгарууда чоң тажрыйбага ээ, 10 кВ - 1000 кВ кубаттуулуктагы трансформаторлорду, ошондой эле реакторлорду, электр зымдарын жана кабелдерди чыгара алат. Ишкана жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын, ири ГЭС, ЖЭС, АЭСтин курулушу боюнча да кызмат көрсөтөт.
Жаңы материалдар жөнүндө сөз кылсак, компания алюминий өндүрүшүнүн чынжырчасын түзүп койду: "таш көмүр - ЖЭС - жогорку тазалыктагы алюминий - алюминий фольгасы - электрод фольгасы". Жаңы материалдарды изилдөө жаатында бул компания Кытайдагы эң алдыңкы ишкана болуп саналат.
Жаңы энергия ресурстарын өндүрүүдө да өндүрүштүк чынжырча түзүлгөн: "таш көмүр - поликристаллдуу кремний - кремний өзөк (кремниевая стержень) - кремний пластина - гелиобатарея - ГЕЭС". ТВЕА жогорку кубаттуулуктагы ГЕЭСтерди, 2 кВ - 200 кВ кубаттуулуктагы бөлүштүрүүчү инверторлорду, 10 Вт - 500 Вт кубаттуулуктагы гелиоэнергетикалык системаларды өчүрүп-жандыргычтарды (выключатели питания), күн батареясы менен иштеген фонарларды, күн батареяларын жана поликристаллдуу кремнийди өндүрөт.


"Кытайды гана эмес, бүткүл дүйнөнү
камсыз кылабыз!"
ТВЕАнын алдыңкы технологиялары Кытайдын экономикасынын өнүгүшүнө салымын кошууда. Бул компания өндүргөн продукция дүйнө жүзүндө эң ири деп саналган "Үч капчыгай" ГЭСинин курулушунда, "Чыгыш-Батыш электр өткөргүчү" сыяктуу долбоорлордо, Пекинде өткөн Олимпиада убагында, Шанхайдагы ЭКСПОдо, "Өзгөрүлмө жана туруктуу токту өткөрүүчү электр чубалгылары" долбоорун демонстрациялоодо, АЭС, ГЭС, ЖЭСтерди жана регенеративдик энергия базасын курууда пайдаланылган. Мындан тышкары, ТВЕА АКШ, Индия, Канада, Пакистан, Вьетнам, Казакстан, Тажикстан, Судан ж.б. өлкөлөрдүн электр чордондорунун курулушуна да катышкан.
Жогорку тазалыктагы алюминий, алюминий жана электрод фольгасы сыяктуу жаңы материалдар авиацияда, космостук навигацияда, мамлекеттик коргонуу жаатында кеңири колдонулат. Ишкананын продукциялары АКШга, Европага, Жапонияга ж.б. өлкөлөргө экспорттолот.
ТВЕА жолу катаал, жетүүгө кыйын болгон аймактардын жашоочуларынын жашоосун жеңилдетип, алардын суу менен жабдуу жана жарыктандыруу маселелерин чечип берген күндүн кубаты менен иштөөчү 3 миңден ашык электр чордондорун куруп берди. Бул компаниянын продукциясы Цинхай-Тибет темир жол магистралынын курулушунда, ошондой эле дүйнөдөгү эң бийик чоку Жомолунгмага Пекин оюндарынын олимпиадалык отун жагуу учурунда да колдонулган.

"12-беш жылдыктын келечектеги иштери "
ТВЕА ишкананын атаандаштыкка туруктуулугун бекемдеш үчүн өз продукцияларын андан ары да өркүндөтүүгө умтулат. Компаниянын максаты - 2013-жылга чейин кирешени 30 млрд юанга чейин көбөйтүү, 2015-жылга чейин ар бири 10 млрд юандан киреше бере ала турган беш базаны түзүү, тактап айтканда, Трансформаторлорду жана электр таратуучу жабдууларды чыгарган Синьцзян илимий-техникалык базасы, Трансформаторлорду жана электр таратуучу жабдууларды чыгарган Шэньян илимий-техникалык базасы, Жаңы материалдарды чыгаруучу Синьцзян илимий-техникалык базасы жана Жаңы энергия ресурстарынын Синьцзян илимий-техникалык базасын түзүү.
ТВЕА адамзаттын жашоосун жакшыртууга өз салымын кошуу үчүн өнөр жайдын жогорудагы үч түрүн өнүктүрүп-өстүрүүгө өтө чоң көңүл бөлөт.
ТВЕА өнөктөштөрү менен эки тараптын кызыкчылыктарын тең көздөгөн чынчыл мамилени түзүүгө аракеттенет, ошондой эле башкаруунун алдыңкы технологияларын да өздөштүрүү менен биргеликте жогорку сапаттагы продукцияны экспорттойт жана башынан аягына чейин куруп берүү ишинде ("под ключ") тажрыйба алмашат. Мунун бардыгы дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.
ТВЕА трансформаторлорду, электр зымдарын жана кабелдерди өндүрүү боюнча биринчи ишкана болуп саналат. Өзүнүн 72 жылдык тарыхында компания көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап, мамлекеттик стандарттарды иштеп чыкты. Компаниянын бирден бир максаты - улуттук экономиканы жаңы баскычка көтөрүп, эл чарбасын өнүктүрүү жана жабдууларды заманбап талаптарга ылайыкташтыруу.
1988-жылдан тартып ТВЕА компаниясы "Кемчиликтерди жоелу, өнүгүүгө кадам таштайлы" деген ураан алдында жаңы стратегияны ишке киргизе баштаган.
1993-жылы ТВЕА акционерлештирүүнү баштаган биринчи компания болуп калды.
1996-жылы Синьцзян кабелдик заводу менен биргеликте компаниянын түзүмү өзгөртүлгөн.
1997-жылы 18-июнда ТВЕА трансформаторлорду чыгаруучу биринчи ишкана болуп калды.
2006-жылы 14-июнда ККП БКнын башкы катчысы, КЭРдин төрагасы Ху Цзинтао менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон баасы 400 млн АКШ доллары менен бааланган 220 кВ-500 кВ кубаттулуктагы электр чубалгыларынын толук курулушу боюнча келишимге кол коюу аземине катышышкан.
2004-жыдын 6-декабрында ТВЕА башкы подрядчик катарында "Түштүк электр тармактары" деп аталган компания менен жана субподрядчик болуп эсептелген "Сименс" компаниясы менен Гуйчжоу жана Гуандун аймактарында туруктуу токтун, кош чынжырдын жана Ү500 кВ тескери токтун ток берүүчү жана трансформатор объектилеринин курулушун жабдуулар менен камсыздоого келишим түзүп, ага кол коюшкан.
2006-жылдын 27-декабрында ТВЕА "Мамэлектртармактары" компаниясы менен 1000 кВ кубаттуулуктагы өзгөрүлмө токтун жогорку вольттуу "Түштүк-Чыгыш-Наньян-Цзиньмэнь" трансформаторунун ишин демонстрациялоо үчүн керектелүүчү жабдуулар менен камсыз кылууга келишим түзгөн.
2007-жылдын 18-июнунда ТВЕА компаниясы "Түштүк электр тармактары" компаниясы менен биргеликте туруктуу токтун жана инвестирлөөнүн өлкөдөгү эң алгачкы трансформаторунун курулушу боюнча, ошондой эле Юньнань - Гуандун аталышындагы жогорку вольттуу ток берүүчү трансформатордук линиянын курулушу боюнча келишимге кол коюшкан.
ТВЕА компаниясы Синьцзян, Ляонин, Хунан, Тяньцзин, Шаньдун, Сычуан аймактарында экологиялык жактан коопсуз 8 районду түптөдү, дүйнөнүн АКШ, Казакстан, Индия, Орусия ж.б. сыяктуу өлкөлөрүндө 27 кеңсесин ачты.
Компаниянын түндүк-батыштагы өнөр жай паркы - жабдууларды өндүрүү боюнча Борбордук жана Батыш Азиядагы эң ири база.
Жаңы материалдарды өндүрүүчү өнөр жай паркы - эң таза алюминийди өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири база.
Жаңы энергияны өндүрүүчү өнөр жай паркы - гелиоэнергетикалык системаларды өндүрүү боюнча эң чоң база.
ТВЕА компаниясы - эл аралык рыноктогу эң ири подрядчик.
Түндүк-чыгыш өнөр жай паркы - дүйнөдөгү трансформатор чыгаруучу эң чоң завод.
Түштүк Кытай өнөр жай паркы - дүйнөдөгү реактор чыгаруучу эң чоң база.
Поликристаллдуу кремний чыгаруучу Синьцзян өнөр жай паркы - Кытайдын батышынан орун алган "Кремний талаасы"ж.б.
Энергиянын жаңы ресурстарын өндүрүү
СУАРдагы кен байлыктарынын арбындыгынан улам ТВЕА компаниясы технологиялык жаңы өндүрүштү өнүктүрүүгө умтулат. Компания СУАРдын Үрүмчү жана Джуньдун шаарларында, Шанси аймагындагы Сиане шаарында ж.б. жерлерде 6 өнөр жай базасын курду:
"ТВЕАга караштуу энергия ресурстарын өндүрүүчү Синьцзян компаниясы", "ТВЕАга караштуу кремний өндүрүүчү Синьцзян компаниясы", ТВЕАга караштуу "БиПи Цзян" гелиоэнергетикалык компаниясы;
"Джуньдун" ачык таш көмүр карьери, ТВЕАга караштуу "Тяньчи" Синьцзян энергетикалык компаниясы, ТВЕАга караштуу "Джунхэ" Синьцзян компаниясы, ТВЕАга караштуу "Джунхэ" Синьцзян компаниясынын жаңы материалдарды чыгаруучу өнөр жай паркы;
Чыңалуусу 1000 кВ жеткен өтө жогорку даражада тазалоочу толук жабык цех дүйнө жүзү боюнча эң алдыңкы цех болуп эсептелет;
Кубаттуулугу 1000 кВ жеткен жогорку вольттуу трансформаторлорду изилдөөчү дүйнөдөгү эң алдыңкы лаборатория;
Өзгөрүлмө жана туруктуу токтун жогорку вольттуу электр тармактарынын, ЖЭС, ГЭС жана АЭСтин курулушу;
1000 кВ чыңалуудагы жогорку вольттуу кабелдерди сыноочу дүйнөдөгү эң алдыңкы лаборатория;
500 кв чыңалуудагы тигилген полиэтиленден жасалуучу кабелдерди өндүргөн дүйнөдөгү эң алдыңкы цех;
Германиядан импорттолуп келген 4000 кабелдик кабестан лебедкасынан турган жабдуу;
Ысыкка туруктуу алюминий эритмесинин 1000 кВ чыңалуудагы, диаметри кең көп тарамдуу зымы;
Башкы подрядчик катары ТВЕА тарабынан Тажикстан Республикасында аткарылган 220-500 кВ чыңалуудагы комплекстүү объектилер.
Көмөкчордондор:
Душанбеде жана Ходжентте 500 кВ чыңалуудагы;
Хатлондо жана Лолазордо 220 кВ чыңалуудагы;
Башкы подрядчик катары ТВЕА тарабынан Суданда иштелген 220 кВ чыңалуудагы электр чордонунун курулушунун долбоору;
Башкы подрядчик катары ТВЕА тарабынан Пакистанда иштелген 132 кВ чыңалуудагы электр чордонунун курулушунун долбоору;
Башкы подрядчик катары ТВЕА тарабынан Казакстанда иштелген комплекстүү долбоор.
ТВЕАга караштуу "Джунхэ" Синьцзян компаниясы салттуу алюминий өндүрүшүнөн ары кетип, электрондук материалдарды чыгарууга чейин ийгиликтүү секирик жасады. Компания жаңы материалдарды өндүрүүдө өз чынжырын түзүп алды: "таш көмүр - ЖЭЦ (жылуулук электр чордону) - эң таза алюминий - алюминий фольгасы - электроддуу фольга". Компания бул тармактагы бирден бир "Алюминий материалдарынын мамлекеттик эксперименттик лабораториясына" ээ. Ошондой эле ал аскер өнөр жайына керектелүүчү Кытайдагы жалгыз таза алюминий өндүрүшүн жаратты. Компаниянын продукциялары RoSHr и SGS эл аралык уюмдарынын сертификаттарына ээ болушкан. ТВЕА эң таза алюминийди жана алюминий фольгасын өндүрүүчү ишканалардын ичинен эң алдыңкысы боло тургандыгын жогоруда айтып кеттик. Анын продукциялары авиацияда, космостук навигацияда, мамлекеттик коопсуздук жаатында кеңири колдонулуп, ошондой эле АКШга, Европага, Жапонияга ж.б. өлкөлөргө экспорттолот.
Бай ресурстарга таянган ТВЕА компаниясы өзүнүн экологиялык жактан коопсуз өнөр жай чынжырын түзүп алган: "таш көмүр - поликристаллдуу кремний - кремний өзөгү - кремний пластинасы- гелиобатарея - ГЕЭС". Компаниянын поликристаллдуу кремнийди тазалоочу жана экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүүчү техникалык жабдууларга патенти бар. Ишкананын фотоэлектрдик продукциясы жогорку кубаттуулуктагы гелиоэлектрчордонлар тутумунда, 2-200 кВ кубаттуулуктагы башкарууну жаңырткычтарда, 10 Вт- 500 Вт күн тутумунда пайдаланылат. Компания темир жол, коммуникациялык, транспорттук, мунай жана туристтик тармактарда 3өөөден ашык гелиоэлектрчордондорун куруп, бул жаатта ийгиликтүү иш тажрыйбасына ээ. Компания бир жылда 100 млн кВ кубаттуулуктагы таза энергияны өндүрөт.

Дүйнөдө эң биринчи:
1000 мегавольт-ампер/1000 кВ кубаттуулуктагы бир фазалуу автотрансформатор дүйнөдөгү биринчи өзгөрүлмө токту өткөрүүчү жогорку вольттуу чубалгыларды (ЛЭП) сынай турган демонстрациялык долбоорлордо колдонулат;
320 мегавольт-ампер/1000 кВ кубаттуулуктагы параллель бириктирүүнүн жогорку вольттуу реактору дүйнөдөгү биринчи өзгөрүлмө токту өткөрүүчү жогорку вольт-туу чубалгыларды (ЛЭП) сынай турган демонстрациялык долбоорлордо колдонулат;
Ү800 кВ туруктуу токтун жогорку вольттуу трансформатору Мамэлектртармагынын жана Түштүк тармагынын өзгөрүлмө токту өткөрүүчү жогорку вольттуу чубалгыларын (ЛЭП) сынай турган демонстрациялык долбоорлордо колдонулат;
Ү800 кВ кубаттуулуктагы жылмалоочу реактор Мамэлектртармагынын жана Түштүк тармагынын өзгөрүлмө токту өткөрүүчү жогорку вольттуу чубалгыларын (ЛЭП) сынай турган демонстрациялык долбоорлордо колдонулат.
533 мегавольт-ампер/500 кВ кубаттуу-луктагы дүйнөдөгү эң чоң бир фазалуу трансформатор АКШга экспорттолот.
Кытайдагы эң биринчи:
840 мегавольт-ампер/500 кВ жогорку кубаттуулуктагы үч фазалуу трансформатор Кытайдагы "Үч капчыгай" ГЭСи үчүн колдонулат.
417 мегавольт-ампер/500 кВ кубаттуулуктагы комплекстүү гидрочордон агрегаты "Тяньван" АЭСи үчүн колдонулат.
720 мегавольт-ампер/500 кВ кубаттуулуктагы үч фазалуу трансформатор Шансидеги "Гуцзяо" ТЭСи жана Сыцзуандагы "Фуси" ТЭСи үчүн колдонулат.
Компаниянын продукциясы Нинся аймагындагы "Тэйяншань" параллель бирикмесинин 10 мегавольт-ампер кубаттуулуктагы гелиоэлектр чордонунун курулушуна, "Ухан" параллель бирикмесинин 2.4 мегавольт-ампер кубаттуулуктагы гелиоэлектр долбоорунда, 2008-жылы Пекинде өткөн олимпиада оюндарында Эверест тоосуна олимпиада отун жандыруу долбоорунда пайдаланылган. Компаниянын продукциялары ошондой эле авиакосмонавтикада, электроникада, турмуш-тиричилик техникасын чыгарууда кеңири колдонулат. "Жибек жолу" долбоорунун аркасында гелиоэнергетикалык мобилдик троллейбустун суу менен камсыз кылуунун жана жарыктандыруунун маселелери чечилген.
ТВЕАга караштуу "БиПи Цзяян" ООО гелиоэнергетикалык компаниясы америкалык ВР компаниясы менен биргеликте түзүлгөн.
ТВЕАага караштуу трансформатор чыгаруучу "Кончар" компаниясы хорватиялык "Кончар" компаниясы менен биргеликте түзүлгөн.
ТВЕАга караштуу "Синьли" болот компаниясы орусиялык болот компаниясы менен биргеликте түзүлгөн.
Төмөндөгү келишимдерге кол коюлган: ТВЕА жана POSCO ортосундагы стратегиялык келишимге; украиналык VIT институту менен ТВЕА ортосунда 330кВ-1150кВ кубаттуулуктагы продукцияны даярдап чыгаруу боюнча эки тараптуу келишимге; казакстандык KEGOC компаниясы менен ТВЕА ортосундагы келишимге.

Компания менен таанышып кеткендер: Хорватиянын президенти Степан Месич трансформатор чыгаруучу Шэньян акционердик компаниясынын иши менен таанышып кеткен;
Түркиянын президенти Абдуллах Гүл башында турган делегация ТВЕАга караштуу жаңы энергия өндүрүүчү Синьцзян компаниясына баш багып кетти;
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Тажикстан Республикасындагы 500 кВ кубаттуулуктагы долбоордун курулуш аянтчасын көрүп кетти. Бул курулуш иши менен башкы подрядчик катары ТВЕА компаниясы алектенип жаткан;
Афганистан президенти Хамид Корзай ТВЕАга караштуу жаңы энергия өндүрүүчү Синьцзян компаниясына келди;
Мындан тышкары, Пакистан президенти Мушалов мырза ТВЕАнын жаңы энергия өндүрүшүн текшерип кетти.

ТВЕА компаниясына
бүт дүйнө ишенет
Соода маркасынын баалуулугу - анын ишенимдүүлүгүндө
Урааны: Бүткүл дүйнө менен ТВЕА компаниясы бир үй-бүлөдөй
Башкаруунун максаты: Кызматкерлер үчүн туруктуу иш абалын түзүү
Жетишкендиги: Кардарлардын ыраазычылыгы, акционерлердин санаасынын тынч-тыгы
Чечүүчү баалуулуктар: Көтөрүмдүүлүк, тең атаандаштык, өз салымын кошууга болгон каалоо, бир нерсени бат үйрөнүү жөндөмдүүлүгү
Компаниянын философиясы: Ишенимдүү, жаңычыл, ийкемдүү болуу, экологиялык принциптерди кармануу жана гармонияга умтулуу
Кытайдагы эң атактуу марка.
Кытайдагы эң жогорку сапаттагы продукция.
Техниканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик Грамотага ээ.
Механикалык жабдууну иштеп чыгуу жана өндүрүү жаатында техниканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жогорку сыйлыкка арзыган.
Белгилүү акын Цю Цун менен композитор Сан Юнун калеминен жаралган "ТВЕА тууралуу ырды" белгилүү ырчылар Дэй Юцзян и Инь Сюймэй аткарышат.
2003-жылдын июль айында КЭРдин Курулуш министрлиги турак жайларын куруу үчүн ТВЕАнын "Энергия үнөмдөөчү курулмалар боюнча мамлекеттик программа" аталышындагы долбоорун тандап алган.
2003-жылдын август айында КЭРдин Курулуш министрлиги ыңгайлуу турак жай куруу үчүн ТВЕАнын "KANGJU улуттук программасы" долбоорун тандап алган.
2003-жылдын ноябрь айында ТВЕА компаниясы КЭРдин Курулуш министрлиги тарабынан "Курулуш техникасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн улуттук сыйлыгы" менен сыйланган.
2004-жылдын январь айында ТВЕА компаниясы КЭРдин Курулуш министрлиги тарабынан "Курулуш техникасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыгы" менен сыйланган.
2003-жылдын декабрында ТВЕА тарабынан курулган турак имараттарга шаарды пландоо боюнча мамлекеттик комитет тарабынан оң баалар берилген ("Төмөнкү тыгыздыктагы турак имараттарын куруу боюнча демонстрациялык долбоор").
2005-жылдын март айында ТВЕА компаниясынын турак комплекстерин куруу боюнча долбоору КЭРдин Курулуш министрлиги тарабынан "Экологиялык таза райондорду куруудагы инновациясы үчүн сыйлыгына" арзыган.








Пикир: