улуулугун улут унутпайт

Биздин кыргыз элибиздин тарыхында Манастан баштап, ар бир доорубузда эл арасынан чыккан, журт камын ойлоп өмүрү өрнөк болгон инсандарыбыз көп.
Сөз мына ушундай учук улоочу, көрөгөч, ойчул, курч, жөнөкөй, иштерман, уюштургуч, заманыбыздын залкар мамлекеттик ишмери Султан Ибраимович Ибраимов жөнүндө болмокчу.
Ата-энеси Чүй өрөөнүндөгү Алчалуу айылында жашап колдору жөндөмдүү - бири уста, бири уз, мээнеткеч адамдардан болгон.
1927-жылдын 20-сентябрында зарлап жүрүп Султан деген балалуу болушат.
Айтмакчы, кай бир кубулуштар илимде изилденип бүтө элек эмеспи. Балдары токтобой жүргөн ата-эне Султан төрөлөөрү менен аны башка үйгө таштап, кайрадан сатып алышат, ырымдап. Андан кийин да балдары токтобой жүргөндүктөн кызына орусча Мария деп ат коюп, карындаштуу болот.
Ата-энеси Кудайдан тилеп алган балдары жетиле электе эле кайтыш болуп кетишет. Кичинесинен эле жетим калган Султан жетимчиликтин азабын көп тартат.
Көп узубай эле согуш башталат. Тестиер кезинен эле ошол жалпы элге келген апаатчылыкты башынан кечирет.
"Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун "Жамиласындагы" араба менен эгин ташуу, бастыруу, поездге жүктөө кудум эле менин жашоомо окшошот", - деп айтканын уккан элек.
Согуш аяктагандан кийин, орум-жыйым кеч бүтүп, окууну уланта албай, трактор айдап 1944-1946-жылдары Дөң-Арык МТСында иштеп калат.
Эптеп каражат чогултуп, 1946-жылдан 1949-жылга чейин Фрунзедеги гидромелиорация техникумун окуп бүтүп, 3 жыл Чүй сугат тармагында гидротехник болуп иштейт. Кай жерде болбосун ал зирек болуп, иштин майын чыгара иштейт.

Үйү жок адисти
Ахунбаев үйлүү кылган
1952-1955-жылдары Ташкенттеги Ирригация инженерлери жана Айыл чарбасын механизациялаштыруу институн эң жакшы баалар менен аяктап, 1955-жылы Кыргыз Илимдер Академиясына кенже илимий кызматкер болуп кабыл алынат.
Турмушунда ошол кезде жалпы эле кыргыз жаштары көргөн кыйынчылыкты көрө баштайт. Ар кайсы батирде жашоо азабын тартат. Же бир жардам берер жакыны жок. Тапкан тыйын-тыпырын айылдагы бир туугандарына жеткирет.
Батирдин азабынан кай бир учурларда темир жол вокзалында түнөгөн учурлары да болгон.
Жашаганга туруктуу жери жок болгондуктан тажаганынан айылга барып жашоону чечип, арыз менен кайрылганда, ошол кездеги Илимдер Академиясынын президенти Иса Ахунбаев кол койбой: "Айылга качпай өзүбүздөн жетекчилер көп чыкса болот эле, анча-мынча кыйынчылыктарга чыдагыла", - деп, көп өтпөй үй маселесин да чечип берет

Министр кезинде айылдашынын карын күрөгөн
1961-1966-жылдары Кыргыз Мелиорация жана Суу чарба министрлигине көтөрүлөт. Кийинки учурлардагы кабинетинен чыкпаган министрлердей эмес, такай эл арасында жүргөн министр болгон. Республикабыздын түштүгүндө 15 күн болсо, калган күндөрүн түндүгүндө өткөргөн, ал бараарын айтып жарыялабай эле кыдырып, жакындан көрүп чыкчу. Кемчилигин бетине айтып, одоно бузгандарын жумуштан дароо эле алчу экен. Анын изин жашырып башка жумушка кое койгон эмес, законду бузганды закондун негизинде каматкан. Ошентип тартипти катуу сактаган. Султан Ибраимович регионго, жердешчиликке, уруучулдукка, тууганчылыкка караган эмес, кай бирлерге окшоп пара алган эмес, таза иштеген. Ал жупуну, жөнөкөй адам болгон. Бийликтеги адаммын деп кекирейген эмес. Айылдаштары айтып эскерип калышат: министр болуп иштеп турганда айылдан бир адам өтүп кетип, эл чогулуп келсе үйдүн тегереги калың кар. Баргандардын көбү кызматтагы адамдар болгондуктан туруп эле калышкан экен дейт. С.Ибраимов келээри менен пальтосун чечип ыргытып, колуна күрөк алып, карды күрөй баштаганын көрүп, тургандардын бардыгы бир заматта карды тазалашып кол кабыш кылып жиберишет. Мүңкүрөп кайгыга түшкөн үй ээлеринин да жүрөгүн жылытышат. Эл кызыкчылыгын жогору коюп, сезон убагында үй бетин көрбөй иштеген. Ошол үчүн иш артка эмес алдыга жылган.
С. Ибраимов 1966-1968-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болуп иштейт.

Орошон ойлорун
Ошко барып орундатты
1968-1978-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы болуп, Кыргыз мамлекетинин түштүк бөлүгүн 10 жыл жетектеген. Ушул убакыт ичинде ал өзүнүн өзгөчө ишмердүүлүгүн, алысты көрө билген чарбачылдыгын, акылдуу саясатчылыгын көрсөткөн. С.Ибраимов бул кызматка келээри менен бүтүндөй Ош шаарына ген. план түзүлүп ошол пландын негизинде көп кабаттуу үйлөрдү курдуруп, жолдорду оңдоттуруп, кичирайондорду түздүрүп, облустун мамлекеттик администрация имаратын курдурган. Ошондой эле аэропорт, обл. керек жарак союзунун имаратын, облпрофкомун, кыргыз, өзбек театрын, көп кабаттуу үйлөрдү, ж.б. курдурган.
Ал убакытта 5 жылдык план алып иштешкен. С. Ибраимов 5 жыл бүткүчө күтүп олтурбастан ишти уюштуруп тез эле бүткөрүп койчу. Болбой калды дегенде эле ашар ыкмасы менен бүткөрчү. Мисалга Сулайман тоосундагы музейди пландан мурда эле бүткөргөн.
Ош облусун жетектеп турган учурунда Союздун туусун 8 жолу жеңип алууга татыктуу болушкан.
Ири ирригатор, ири жетекчи Улуу Адам С. Ибраимов жомоктогудай иштерди аткарып кеткен. Баткен суу сактагычын, дың жерлерди өздөштүрүп, жаңы совхоздорду түзгөн. "Папан" суу сактагычын куруп баштаган. Ооруканалар комплексин долборлоо жана куруу иштерин баштаган. Чаткал өрөөнүн өздөштүрүү, Токтогул ГЭСин куруу жана иштетүү, Кара-Көл шаарын куруу, Кемпир-Рабат, Нарын гидрокаскаддарын пландаштырганга жетишет. Жол маселесин колго алып, ташты шагыл кылып майдалай турган жана гудрон, асфальт чыгаруучу завод, цехтерди кура баштаган. Жүздөгөн, миңдеген көпүрөлөрдү курган. С.Ибраимов Ош элинин сыймыгына татыган. Өзүн ошол кездеги чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер катары көрсөткөн. Мына ушундай иштермандыгы менен 100 жылда бүткөрүлүүчү ишти 10 жыл ичинде эле аткарууга жетишкен! Ошентип, түштүк жергебизди "Ордендүү Ош" деген атак-даңкка ээ кылган. Ал 1978-жылдын август айынан баштап ноябрь айына чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1978-жылдын декабрь айынан 1980-жылдын декабрына чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин Председатели болуп иштеген.
Ал жетекчи катары карамагындагыларга катуу талап коюп, айтканын аягына чейин аткарып, ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаган. Ал ошол убактагы ички иштер министрлигинин ишинин таза эместигин билген. Ачык айтканда, аны Брежневдин күйөө баласы Чурбанов колдоп жүргөнүн да билүүчү. Буга мисал ар дайым эле Токмоктогу эт комбинатындагы эки эт муздаткычтын бирөө иштебей бузулуп, ичиндеги эт жараксыз делинип керектен чыгарылып, мал багуучулардын эмгегин уюшкан мафия жеп келген. Байкап калган Өкмөт башчысы С. Ибраимов өзү келип эт муздаткыч чыгарган заводдон мастер алып барып текшерсе, атайын эле эң керектүү иштете турган тетигин сууруп иштетпей коюшкандыгын көрсөткөн. Бул муздаткычка бир канча тонна эт баткан. Ошондо, С. Ибраимов дагы 3-эт муздаткычты койдуруп коюп өзү көзөмөлдөйт. Үчөөнү тең этке толтуртуп, элибизге эт кенен болуп калат. Ошентип дүйнөгө аты чыккан Бостонов баштаган мафиянын бети ачылат. Султан Ибраимович бардыгына көз жуумп койгон эмес. Бүткүл СССРде жүргүзүлүп жаткан экономикалык, саясый багыттарында туура эмес фактыларды керектүү жерлерде ооз эки түрүндө да, жазуу түрүндө да далилдеп айтып келген.
Көз боёмочулук, паракорлук, элдин мүлкүн каалагандай талап-тоноочулук анын жан дүйнөсүнө тынчтык берген эмес.
Таза адамдын өмүрү кыска беле
Ал 1980-жылдын күз айларында Москвада болуп, Кыргыз мамлекетинин келерки беш жылдыкта дүркүрөп өсүшүнүн эң жакшы пландарын түзүп, Борборго өткөрүп келген. Бул план СССР өлкө башчысын таң калтырып кызыгуусун арттырган экен.
Бир канча айдан кийин Компартиянын кезектеги съезди болмок. Ал съездге чейин Кыргыз эли көрүнүктүү башчысынын эли-жери үчүн, келечек муундар үчүн жогоруда түзүп кеткен пландарын аткаруу иш-бактысы буюрбады.
Мен 1980-жылдын 4-декабрындагы каргашалуу окуядан кийин пьеса жазууну өзүмө-өзүм ичимен ант берип, кымбаттуу Рева Касымовна жеңебиздин оозеки айтып берген эскерүүлөрүнүн негизинде 15 жылдан кийин драманы жарыкка чыгардым. 1995-жылдын февраль айында Ош кыргыз драм театрында алгачкы премьерабыз болду. Эл Султан уулун сагынып жүргөн экен. Зал толтура эл болду. Спектакль бүткөндөн кийин сахнага улам бири чыгып эскерип, кай бири көзүнө жаш алып жатты. Мени Ош обкомунун мурдагы катчысы Барпы Рыспаев колумдан кысып куттуктады. Мен ага "рахмат" - деп, мындай деген сунуш айттым: "Барпы Рыспаевич, ушу театрдын курулушун Султан ага салдырган экен. Курулуп жатканда эртең менен келип бир карап, кечинде иштен үйүнө бара жатып бир карап, дайыма көзөмөлдөп турчу экен. Ушул театр-ды Султан Ибраимовичтин атынан коюшса кандай болмок?" - деп сурадым. Барпы Рыс-паевич: Жакшы идея экен, мен муну сахнага чыгып айтайын", - деп сахнага чыгып, элге суроо салды. Залдагы эл дүркүрөп, жапырт колдоп чыгышты. Мен таланттуу журналист, ошол кездеги Ош облгезитинин башкы редактору Абибилла Пазыловдун жардамы менен документтерин даярдашып, Бишкекке алып келгенден кийин ошо кездеги Өкмөт башчысы А. Жумагулов жалпы элдин суранычын колдоп, токтом чыгарып берип, Оштогу кыргыз драм театры Султан Ибраимов атындагы театр болуп калды.
Мына ошентип Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Султан Ибримовдун үлгү болорлук турмуш жолу менен кайгылуу тагдырын чагылдырган тарыхый драма жаралып калгандан кийин башка-башка режиссердун колунан өтүп, өз-өзүнчө чеберчиликте коюлуп жатты. Спектаклдин өзөгү - татыктуу жашоо. Бул туурасында Султан Ибраимов: "Татыктуу жашоо - эң оор сыноо. Мүдүрүлбөсөң күчтүү болосуң" - деп айткандай, ал өзү өмүрүнүн акырына чейин принципиалдуу жана ак ниет бойдон кала берген. Ошон үчүн анын сахнадагы өмүрү бүтүн Акыйкат Жашоонун үлгүсү болуп, өз элинин келечеги үчүн кызмат кылууда," - деп жазган журналист Елена Скородумова /англис тилинен которулган, "Эркин Тоо", 26.Х.2004. 8-бет./
"Султан Ибраимов Кыргызстандын тарыхындагы эң көрүнүктүү тарыхый инсандардын бири, - дейт Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, белгилүү тарыхчы Өскөн Осмонов, - Анын үлгүлүү өмүрү, эли-жери үчүн сиңирген адал эмгеги, тубаса жетекчилик таланты өлкөбүздө массалык нускада басылып чыккан жаңы муундагы окуу китептерине киргизилип кеңири окутулууда".
Өлгөндүн орду толбойт деген, андан бери канча жыл, канча мезгил өтсө да, бир жак капшытыбыз эңшерилгендей. Ошол каргыш тийген кылмышкерлер бул дүйнөдөн көрбөгөн азапты наркы дүйнөдө, тозоктун отунда чыркырасын - деп айтабыз биз.
"Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат" - дейт кыргызда.
Артында тарыхы калды өмүр сүрүп.
Аттиң, көзү түрүү болгондо журттун сый-урматына татыган, балпайган Бакай атадай болуп, баалуу кеңештерин берип турбайт беле!
Мырзабек Тойбаев,
Кыргыз Эл жазуучусу.
("Кыргыз Туусу" гезитинин 2009-жыл, 17-24-июлдагы сандарынан кыскартылып алынды)









Пикир: