Энергетика жана өнөр жай министрлигинде
Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Нажафи Али, Катар Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мохамед Бин Ирар Умейр Аль-Наими жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар энергетика тармагы боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Азербайжандын элчиси менен болгон жолугушууда Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы мунай иштетүүчү заводдордун курулушу талкууланды. Энергетика жана өнөр жай минис- три белгилеп кеткендей, бул заводдорду ишке киргизүү менен Кыргызстан келечекте күйүүчү-майлоочу материалдарды сырттан сатып алуу көйгөйлөрүнөн кутулат.
"Кара-Балта заводу жакында толук кубаттуулукта иштей баштайт. Мында чийки мунай зат 850 миң тонна көлөмүндө иштетилип чыгарылат. Ошондой эле 650 миң тоннанын тегерегинде мунай продуктыларын иштеп чыгаруу пландалууда. Мындан тышкары, Токмокто мунай иштетүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат. Аталган ишкана бир жылда 450 миң тонна чийки мунайды өндүрө алат. Заводдун курулушун үстүбүздөгү жылдын аягына бүткөрүп, 2014-жылдын 1-кварталында ишке киргизүү пландалууда", - деди министр О. Артыкбаев.
Гидаят Оруджев өз кезегинде Кыргызстандагы ГЭС каскаддарынын курулушу өлкөнүн өнүгүүсүндө эң маанилүү роль ойнорун белгилеп, эки мамлекеттин энергетика жана өнөр жай тармактары боюнча жемиштүү кызматташуусуна кызыкдар экенин билдирди.
Катар Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мохамед Бин Ирар Умейр Аль-Наими 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстанда Катар мамлекетинин элчилигинин ачылганын белгилеп, бул жолугушуунун максаты эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо экендигин айтты. Элчи азыркы учурда иштей турган долбоорлорду аныктоо максатында ар кайсы министрликтердин өкүлдөрү менен жолугуп жатканын жана Катар мамлекети тарабынан инвестиция жасоого аракет кыларын айтып өттү.
Министр О. Артыкбаев да бул демилгени колдоорун, мамлекеттер аралык кызматташтыкты, достук, маданий байланыштарды өркүндөтүү зарыл экендигин белгилеп өттү.
Бул боюнча министр өлкөдөгү ар кайсы тармакты жогорку деңгээлде өнүктүрүү үчүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү сунушун киргизди. Ошондой эле кызматташуунун мүмкүн болуучу тармактары, анын ичинде чакан ГЭСтердин курулушу жана көмүр өндүрүшү жөнүндө айтып, көмүр, газ жана мунайды иштетүү боюнча ачык конкурстарга жана тендерлерге катышууга чакырды. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө да бардык шарттар бар экендигин билдирди. Элчи бул сунуштар тууралуу кызыкдар ишканаларга маалымдаарын билдирди.
Жолугушуунун соңунда министр элчини жана анын үй-бүлөсүн Кыргызстандын түштүгүндө орун алган республиканын маанилүү объекттери болуп саналган Токтогул суу сактагычын жана Токтогул ГЭСин көрүүгө чакырды.
Ал эми Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Нажафи Али менен жолугушууда энергетика тармагы боюнча мамлекеттер ортосунда кызматташууну күчөтүү маселелери талкууга алынды. Ирандын элчиси кызматташууга даяр экендигин билдирип, Кыргызстандын энергетика тармагы боюнча дарамети жогору экендигин белгиледи. Ошондой эле, Нажафи Али эки өлкөнүн энергетика тармагынын министрлеринин жолугушуп, бул тармакта кызматташуу маселелерин талкуулоону сунуштады. Иран ишканалары, өзгөчө "Таванир" компаниясы буга кызыкдар экенин билдирди. Министр бул сунушту колдоп, үстүбүздөгү жылдын октябрь айына жолугушуу мүмкүндүгүн белгиледи.
"Экономиканын өнүгүшү көп учурда инвестиция тартууга түзүлгөн жакшы шарттарга көз каранды, ошондуктан ар бир ишкана ыңгайлуу жана ишенимдүү шарттар бар жерде иштейт", - деди 6-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кытайдын энергетика боюнча агенттигинин директору У Синьсюн Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри О. Артыкбаев менен жолугушууда.
Жолугушууда агенттиктин башчысы эки өлкө ортосундагы саясий, гуманитардык, маданий кызматташтыктын өнүктүрүүнү белгиледи. Ошондой эле, коңшу өлкөлөр ортосунда мындан аркы кызматташуунун келечегине ишеним артаарын билдирди. "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дегендей, биздин кыргыз кошуналарыбыз да ушундай деп эсептейт деп ойлойбуз",- деди ал.
О. Артыкбаев Кыргызстан да Кытай республикасы менен кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин, энергетика секторунда айкындуулукту камсыз кылуу, инвесторлордун ишенимин арттыруу жолу менен энергетика жана өнөр жай тармагындагы мындан ары кызматташуунун келечегине ишенерин билдирди.





Өкмөт энергетикадагы иштер тууралуу маалымдады
Өкмөттүн ишинин негизги жетишкендиктеринин бири Ата мекендик энергетиканы өркүндөтүүгө шарт түзүү жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башчылык кылган Өкмөттүн ушул багыттагы ишинин жыйынтыгына түшүндүрмө берүү менен бул тууралуу Өкмөттүн аппараты маалымдады.
Кыргызстандын өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясынын программасынын энергетика тармагына 16 долбоор киргизилген. Алардын 12си ишке ашууда. Бардык долбоорлор энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана өлкөнүн экспорттук дараметинин өсүшүнө багытталган.
2013-жылдын 3-июлунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында 500 кВ "Датка" көмөкчордонунун курулушу аяктаган.
Мындан сырткары, Айгүл-Таш-Самат 110 кВ электр өткөргүч линиялары, 248 км узундуктагы 220 кВ электр өткөргүч линиялары курулуп бүткөн.
Ошондой эле, "Кристалл", "Төрөбаев", "Узловая", "Алай" жана "Айгүл-Таш" көмөкчордондору модернизацияланды.
Ошентип, өлкөнүн түштүк облустарынын керектөөчүлөрү ишенимдүү электр жабдуулары менен камсыз болду.
Ал эми төмөнкүлөр 2015-жылы ишке кирет: өлкөнүн түндүгүндөгү "Кемин" көмөкчордону; "Датка" көмөкчордонунан "Кемин" көмөкчордонуна чейин 500 кВ жогорку чыңалуудагы линиялар.
Бул объектилер курулуп бүткөндө республикабыздын көз карандысыз өз электр алкагы түзүлөт.




Кокаин мээнин түзүлүшүн
тез өзгөртөт
Америкалык окумуштуулар кокаинди колдонуу бир нече сааттын ичинде мээнин түзүлүшүн өзгөртө алат деп эсептейт америкалык окумуштуулар. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы билдирет.
Жаныбарларга жүргүзүлгөн эксперименттер наркотик канга киргенден кийин мээде окуу жана эске тутуу процессине байланыштуу жаңы клеткалык түзүлүштөр пайда болуп, көбөйгөндүгүн көрсөттү.
Өз тыянактарын Nature Neuroscience журналына жарыя-лаган Калифорния университетинин изилдөөчүлөрүнүн ою боюнча организм наркотикке көз карандылыкка биринчи кадам жасайт.
Чычкандарга жүргүзүлгөн тажрыйбалар көрсөткөндөй, мээдеги түзүлүштүн көп өзгөрүүсү бар жаныбарлардын кокаинге тартылуусу тезирээк пайда болгон.
Эксперименттердин жүрүшүндө чычкандарга ар биринин жыты жана сырткы түзүлүшү башкача эки камераны эркин изилдөө сунушталат. Кемирүүчүлөр өздөрүнө жаккан камераны тандаганда аларга башка камерада кокаин сайышкан.
Андан соң окумуштуулар лазердик микроскоптун жардамы менен тирүү чычкандардын мээсинин клеткаларын изилдешкен.
Кокаин сайылган жаныбарларда эки сааттын аралыгында дендриттүү шипиктер - эске тутуу процессинде активдүү катышкан клетканын үстүндөгү майда мембраналуу өсүштөр пайда болгон.
Көз карандылык пайда болгон учурда наркотик кабыл алган камерадагы орун жана түзүлүш чоң мааниге ээ болгон - кемирүүчүлөр инъекция жасалган камераны тандашкан.
Мындан соң алардын жүрүм-туруму дагы наркотик табууга багытталган.
"Изилдөө наркотикке болгон тартылууну калыптандыруунун так көрүнүшүн берет", - деди Лондон Ханыша колледжинин психиатриялык институтунун доктору Жер Брин Би-Би-Сиге берген интервьюсунда.
"Бирок, азыркы учурда анын натыйжалары наркотикке көз карандуулукту айыктыруу ыкмаларын өнүктүрүүдө кандай жардам берээри белгисиз", - деп кошумчалады доктор Брин.






Пикир: