ШКУ саммитине
сегиз өлкө башчысы келет
Бишкекте 12-13-сентябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Монголия, Афганистан жана Иран президенттери келишет. Бул тууралуу ТИМ министринин орун басары Аскар Бешимов дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында билдирди. "Саммитке ШКУнун беш өлкө башчысы катышмакчы - Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, андан тышкары үч өлкө башчысы байкоочу катары катышмакчы - Монголия, Иран, Афганистан. Ошондой эле Индия жана Пакистан жогорку деңгээлдеги коноктор катары сунушталып, катышмакчы", - деди ал.
А. Бешимовдун айтымында, саммиттин форматы шарттагандай, ар бир президентти 12 расмий жак коштоп келишет.
Саммитте ШКУ банкын жана өнүктүрүү фондун түзүү талкууланат.
"Алдыдагы саммитте талкуулана турган негизги маселелердин бири ШКУ банкын жана өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн талкууга алуу. Бул банктарда сактала турган акчалар, ШКУга мүчө мамлекеттердеги долбоорлорду ишке ашырууга багытталат", - деп билдирди министрдин орун басары.
А. Бешимов кошумчалагандай, ошондой эле саммитте 2014-жылы Афганистандан тышкы аскерлерди алып чыгууга байланышкан аймактык коопсуздук маселелери жана Сирия көйгөйү талкууланат.
Эске сала кетсек, 12-13-сентябрда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өткөрүлөт.




ШКУ жаштар кеңешинин жыйыны өткөрүлөт
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жаштар кеңешинин жыйыны өткөрүлөт. Бул тууралуу ШКУ жаштар кеңешинин төрагасы Таалайбек Дайырбеков шейшемби күнү маалымат жыйынында билдирди.
"Бишкекте 11-14-сентябрда ШКУ жаштар кеңешинин VI жыйыны алгач ирет ШКУ саммитине тушташ өткөрүлөт. Жыйында жаштарды бириктирүү, жаштар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жана ШКУ жаштар кеңешин илгерилетүү маселелери талкууланат", - деп билдирди Т. Дайырбеков.
Ал жыйынга ШКУга мүчө-мамлекеттердин жаштар кеңешинин өкүлдөрү катышарын жана анда Кыргызстан ШКУ жаштар кеңешиндеги төрагалыкты Тажикстанга өткөрүп берерин кошумчалады.





2014-жылга республикалык бюджет жөнүндө
мыйзам долбоору каралат
Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна жаңыдан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун киргизди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ушуга байланыштуу Бюджет жана финансы боюнча комитетинде өлкөнүн башкы каржы документинин долбоорун кароо графиги такталды. Ага ылайык, жаңы бюджет долбоору кыргыз парламентинин баардык тармактык комитеттеринде талкууланып, парламенттик жана коомдук угуулар өткөрүлөт. Жаны бюджет долбоору келерки аптадан тарта талкуулана баштайт.


Бош жумуш орундар жармаңкеси
2013-жылдын 16-сентябрында саат 10-00до Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы Абдрахманов, 208 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында бош жумуш орундар жана кесипке даярдоо жармаңкесин өткөрөт.
Бул иш-чарага Бишкек шаарынын 30дай ишкана, уюмдары жана 18 кесиптик лицей катышат. Алардын арасында "Народный" ЖЧК, "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" ЖАК, "Евростиль" ЖЧК, "Жаннат" мейманканасы ж.б. ири чоң ишканалар бар.
Жумуш издегендерге 4 миңден ашуун бош жумуш орундары сунушталат.
Жарманкенин катышуучулары ишканалардын өкүлдөрүнөн жумушка орношууга коюлган талаптар жана башка кызыктырган суроолор боюнча маалыматтарды ала алышат. Сурап билүү үчүн телефондор: 64-17-60, 64-17-70.




2013-жылдын 1-сентябрына карата эмгек рыногу
Кыргыз Республикасынын калкынын саны баа берүүчү маалыматтар боюнча 2013-жылдын 1-июль айына карата 5 млн 712,9 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Экономикалык жактан активдүү калк 2012-жылдын 1-январына карата 2490,1 миң адамды түзгөн. Калктын экономикалык жактан активдүүлүгүнүн деңгээли 64,9%ды түзгөн.
2012-жылдын 1-январына карата иштеген калктын саны 2277,7 миң адам болуп эсептелет.
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 8,5%ды түзгөн.
2013-жылдын 1-сентябрына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 2,4%ды түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги деңгээлинде.
Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 95,6 миң адамды түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 0,4%га аз.
Расмий катталган жумушсуздардын саны 58,8 миң адамды түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 0,6%га аз.
2013-жылдын 1-сентябрына карата бош орундардын саны 33,7 миң бирдикти түзгөн, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылган. 2013-жылдын 1-сентябрына карата 7,4 миң жумушчу орун суроо-талап кылынбай калган жана бир бош жумушчу орунга 13 адам талапкер болгон.
2013-жылдын 1-сентябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылган жарандардын саны 100,1 миң адамды түзгөн. Алардын ичинен эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча 52,3миң адам кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесипти тандоо боюнча консультацияларды алган.
Отчеттук мезгилде иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 27,3 миң жумушсуз жаран ишке орноштурулган, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3%га көп.
Мындан тышкары, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү эмгек рыногунда жигердүү чараларды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун белгилүү бир адистиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, 2013-жылдын 1-сентябрга карата иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 5,5 миң адам жөнөтүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 0,7% аз.
Эмгек рыногунда жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен жумушсуз жарандарга микрокредиттерди берүү боюнча чаралар көрүлгөн.
2013-жылдын 1-сентябрына карата 1,5 миң жумушсуз жаран чакан кредит алышкан. Жумушсуз жарандар чакан кредиттерди өздөштүрүүнүн натыйжасында тигүү цехтери, элдик-кол өнөрчүлүк товарларды өндүрүү, чакан тегирмендер, соода-сатык жана коомдук тамактануу, автомобилдерди оңдоо боюнча ишканалар, мал багуу ж.б. уюштурулган.
2013-жылдын 1-сентябрына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 15,3 миң адам жөнөтүлгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10%га аз.
2013-жылдын 1-сентябрына карата эмгек рыногунда активдүү чаралар менен (коомдук акы төлөнүүчү жумуштар, кесиптик окутуу, микрокредит берүү) 22,3 миң жумушсуз камтылган.




Күлүйпа Кондучалова
дүйнөдөн кайтты
Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик чоң кызматтарында узак жылдар бою иштеген биринчи аял - көрүнүктүү саясатчы Күлүйпа Кондучалова 94 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1938-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумун аяктап, мамлекеттик бөлүштүрүү боюнча Тянь-Шань облусуна барган. Ал жерден Куланак айылында башталгыч класста мугалим, андан соң 7-жайкы мектепте директордун окуу иштери боюнча орун басары, кийин директору болуп эмгектенген. 1943-1945-жылдары БКП БКга караштуу Жогорку партиялык мектепте окуган. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри болуп иштеген. 1958-жылы Күлүйпа Кондучалова Маданият министри болуп дайындалып, бул кызматты 22 жыл өтөгөн. Так ушул мезгилде бизде мыкты кино тасмалар тартылып, Ч. Айтматовдун чыгармалары дүйнө жүзүнө таанылган, балет өнөрү туу чокусуна жеткен. Анын жакын курбулары искусство жылдыздары Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаевалар болгон. Анын демилгеси боюнча композитор Дмитрий Шостакович орус-кыргыз темасына арнап, сюита жазган.
XX кылымдын жана Кыргызстандын тарыхында ата мекендик маданияттын жана искусствонун гүлдөп-өсүшү Күлүйпа Кондучалованын аты менен тыгыз байланыштуу. Ал маданият министри болгон жылдары кыргыз маданияты кыйла өнүгүп, көптөгөн театрлар, музыкалык жана көркөм мектептер, окуу жайлар салынган.
Жарандык жаназа 9-сентябрь күнү Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуп, Күлүйпа Кондучалованын сөөгү Ала-Арча мүрзөсүнө коюлду.






Пикир: