ысык-көл оюндары
Эл аралык ысык-көл оюндары өтүүдө
5-сентябрдан бери Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында эл аралык Ысык-Көл оюндары улантылып жатат. Аталган иш-чара "Азия - байланыштын жана тынчтыктын аймагы" деген ураан менен уюштурулууда. Бул тууралуу оюндардын башкы калысы Канат Арпачиев билдирди.
- Ысык-Көл оюндарынын жадыбалындагы волейбол, кум үстүндө волейбол, кум үстүндө күрөш, гиря спорту, жеңил атлетика, кичи-футбол, үстөл тенниси, теннис, сууда сүзүү, пауэрлифтинг, аркан тартуу, кол күрөш, стритбол, спорттук үй- бүлө, кум үстүндө футбол, дартс, "Ысык-Көл баатыры" жана "Ысык-Көлдүн чүрөгү" мелдештерине жалпы эки жарым миңдей спортчу катышууда.
Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын кол күрөш боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында чүйлүк Канат Молдогазиев, Кудрет Имаров, таластык Бактыбек Байдыралиев биринчи орунду ээледи. Кыз-келиндерден казакстандык Зоя Ананьева жана чүйлүк Марина Ахмадиева жеңүүчү деп таанылды.
Быйыл Ысык-Көл оюндарынын жадыбалына жаңы кошулган кум үстүдөгү күрөштөн да жеңүүчүлөр аныкталды. Мында 35 жашка чейинкилерден бишкектик Дмитрий Чупранов, чолпонаталык Жакшылык Жукеев алгачкы чемпион аталды. 35 жаштан жогорку курактагы балбандардан бишкектик илим Байсырахманов, токмоктук Кубаныч Идинов, таластык Замирбек Эшенкулов, канттык Сааданбек Ниязов биринчи орундарды камсыз кылышты. Кыз-келиндер да кум үстүндө күрөшүп, оштук балбан кыздар Айжан Садыкова менен Бүбүсара Абилманап кызы жана Чынара Жамалова Ысык-Көл оюндарынын чемпиону деп таанылды.
Спорттун 18 түрү боюнча мелдештерге жети облустун жана Орусия менен Казакстандын командалары катышууда. Оюндар 12-сентябрда жыйынтыкталат.





дзюдо
Адилет Ботоканов -
Шериктеш өлкөлөр чемпиону
7-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында дзюдо күрөшүнөн Шериктеш өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн биринчилиги соңуна чыкты.
Анда Кыргызстандын намысын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубунун өкүлдөрү коргоду. Жыйынтыгында Адилет Ботоканов Шериктеш өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн чемпиону аталды. Эдил Беккулов, Бектур Рысмамбетов, Юрий Краковетцкий финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Болот Токтогонов бул ирет коло медаль тагынды.




"БАРОМЕТР"
кызматташууга чакырат!
"БАРОМЕТР" - маданий, коомдук-саясый гезит, кыргыз тилинде жума сайын чыгат.
Сандары 24 беттен негизинен түстүү чыгуучу "БАРОМЕТР" коомдук-саясый гезити "Барометрдин" жарнамасы" деген ат менен жарнамаларды, жарыяларды, кулактандырууларды, билдирүү, билдирмелерди жарыялап турмакчыбыз.
Биздин жарнама - сиздин това­рыңыздын жана көрсөтүп жаткан кыз­матыңыздын өтүшүнө, акчаңыздын көбөйүшүнө, атыңыздын аттын кашкасындай таанылышына, барып-келип, кадыр-баркыңыздын жогорулашына жардам берет. Тиражы республиканын көп региондоруна таратылган гезиттин жарнамалары негизинен түстүү беттерге жарыяланып, жарнама берүүчү үчүн башка гезиттердикине салыштырмалуу абдан арзан - 1 бет (полоса) 10 (он) миң сом! Буга кошумча бонус белгиленет - ал жарнама "Барометрдин" кийинки үч санына акысыз жайгаштырылат! Жыйын-тыгында 1 эле жарнама 1 (бир) айда 4 жолу жарыяланат!
Төмөндө жарнама-маалымат материалдарын жарыялоонун шарттары (Келишимдин үзүндүсү) менен сиздерди тааныштырууну ылайык таптык.

"Барометрдин" жарнамасы
(Келишимден үзүндү)
Аткаруучу б.а. гезит редакциясы Тапшырыкчынын (Заказчынын) тапшырмасы боюнча төмөнкү кызматтарды көрсөтүү милдетин өзүнө алат:
1. Тапшырыкчыдан Техникалык тапшырмалар келип түшкөнүнө жараша "Барометр" гезитинен (мындан ары - гезит) Тапшырыкчынын жарнама-маалыматтык материалдарын (мындан ары - ЖММ) жарыялоого орун (мындан ары - Орун) бөлүп берет.
2. Ушул Келишимде каралган шарттарга ылайык Тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча өз ресурстарынын жана өз каражаттарынын эсебинен фото, тексттик материалдар жана ЖММнын макетинин түп нускасын (мындан ары - материалдар) жасайт, ал эми Тапшырыкчы жасалган ишти кабыл алат жана төлөп берет.
3. 1. жана 2. пункттарында көрсө­түлгөн кызматтар мындан ары тейлөө­лөр деп аталат.
4. Техникалык тапшырманын формасы ушул Келишимдин 1-тиркемесинде бекитилет.
5. ЖММны гезитке жайгаштыруу толук бойдон Тапшырыкчынын Техникалык тапшырмасына ылайык жүргүзүлөт. Техникалык тапшырмадан четтөөгө жол берилбейт.
6. ЖММны гезитке жарыялоодо Тараптар ЖММнын макетин сөзсүз түрдө макулдашат. Асыресе, гезитке жарыяланган ЖММ алардын макулдашылган макеттерине ( текст, схемалар, фото, сүрөттөр, түстөр-боёктор ж. у. с.) туура келүүгө тийиш.
Тейлөө көрсөтүү тууралуу келишимге ЖММны жарыялоого Техникалык тапшырма:
1. Аткаруучу ушул Техникалык тапшырмага так ылайык кызмат көрсөтүү милдетин алат.
* Зарылчылыкка жараша бул бөлүмдө схема, сүрөт, логотип ж.б. так варианты (гезитке кандай жайгаштырылса, ошондой) көр­сөтүлөт.





шахмат
Артур Жакыпов -
Азия чемпиону
8-сентябрда Шри-Ланка өлкөсүнүн Хиккадуве шаарында жеткинчектер, өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандыктар жеңиш менен 3 алтын, 3 күмүш медаль утуп, мекенине олжолуу кайтып келди. Мында 14 өлкөнүн төрт жүздөй жаш шахматчысы акыл таймашына катышты. Тез ойнолгон шахмат боюнча 15 жаштагы кыргызстандык Артур Жакыпов Азия чемпиону аталды.
- Классикалык шахмат таймаштарында өлкө намысын жаш курактарына жараша 12 мектеп окуучусу коргоду. 9 тур мелдештин жыйынтыгында жети жаштагы Элдияр Орозбаев финалга чейин жетип, индиялык атаандашына гана утулуп, күмүш байгелүү болду. 11 жаштагы Дария Ли да шриланкалык курбусунан гана утулуп, Азия чемпионатында экинчи орунду камсыз кылды. 11 жаштагы Руслан Сьездбеков да өзбекстандык Шамсиддин Вохидовдон гана жеңилип, Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. Ошондой эле блиц-турнирде Элдияр Орозбаев менен Руслан Сьездбеков дагы алтын медаль утуп алышты. Байге алган спортчунун баары менин шакирттерим. Каражат жок, айрым мыкты оюнчуларым Азия чемпионатына барбай, арманда калышты. Эгерде алар дагы барганда мындан да жогорку ийгиликтер болмок. Бул Азия чемпионатына балдарга ата-энелери гана демөөрчү болуп, бардык чыгымдарды төлөп беришти. Өкмөт Азия чемпионатындагы ушундай ийгиликтерден кийин балдарга көңүл бурса, - дейт жаш шахматчыларды Шри-Ланкада жетектеп барган таанымал машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева.





күрөш
Ольга Ярославцева
дале табында
8-сентябрда Польшанын Гдыне шаарында кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын 9 спортчу коргоду. Алардын катарында кыз-келиндер арасында былтыр дүйнө чемпиону болгон бишкектик Ольга Ярославцева бул ирет 1 күмүш жана 1 коло байгелүү болду. Азия чемпиону Александр Ли да 90 кг салмакта күмүш медаль тагынды. Команданы армрестлинг федерациянын президенти Жээнбек Мукамбетов жетектеп, өзү да ардагерлер арасындагы мелдешке катышты.






Пикир: