Москва олимпиадасы - кыргыз спортунун туу чокусу
Мындан 33 жыл мурда Москвада 22-жайкы олимпиадалык оюндар болуп, 81 өлкөдөн 5748 спортчу катышып, мөрөй талашкан. Кыргызстандык 9 спортчу 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байге утуп, олимпиадалык бийиктик жаратышкан.
1980-жылы жайкы олимпиаданын шылтоосу менен Мос-квада 45 миң адам сыя турган жабык стадион, олимпиада айылы, Крылатскиде велотрек, Таллинде олимпиада айылы, суу, парус спорт имараттары курулган. Бул олимпиадага социалисттик жана капиталисттик түзүлүштөрдүн карама-каршылыгынан айрым өлкөлөр байкот кылып келбей калган.
Москва олимпиадасына 81 өлкөдөн 5748 олимпиадачы катышып,аны 59 өлкөнүн 1,5 млрд. теле көрүүчүлөрү көрө алышкан.
Ушул Москва олимпиадасында 35 дүйнөлүк, 74 олимпиа-далык рекорддор жаңыртылган. Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Оcмоналиевдин айтымында бул олимпиадалык таймашуулар Кыргыз спортунун туу чокусу, бийиктиги болгон.
Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, кыргызстандык Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова, Александр Мелентьев, Александр Блинов жана Николай Чернецкий олимпиада чемпиону аталып, 5 алтын медалдын ээси болушуп, өлкөнү таанытканы үчүн алардын байгесине эл аралык мелдештер өткөрүлүп жүрөт.
Ат спорту боюнча Александр Блинов жеке таймашууда экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болгон.
Ошол учурда совет доорунда биринчи ирет марафондук жарышта маркум Сатымкул Жуманазаров коло байге уткан.
Фехтования-кылыч чабышууда кыргызстандык Александр Абушмахмедов менен Леонид Дунаев да коло медаль жеңип алууга жетишкен.
Бул Олимпиадага АКШнын жана аны менен мамилелеш 17 өлкөнүн спортчулары келген эмес.
Эмесе, кыргыз спортунун сыймыгы болгон ошол олимпиаданын 5 чемпиону тууралуу окурмандарга учкай баяндай кетели.


Көзгө атаар мерген, олимпиада чемпиону Александр Мелентьев
Ок атуу боюнча олимпиада чемпиону Александр Мелентьев 1954-жылы жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1969-жылдан баштап ок атуу спортуна, тапанчадан атууга машыга баштайт. Анын биринчи устаты Александр Кирилович Курбанов болгон.
Чынында эле Александр Мелентьевдин багын Москва олимпиадасы ачты. Мытицидеги ок атуучу жайда олимпиадалык баш байге үчүн 33 мерген атаандашып, тапанчадан таамай атышкан. 50 метр аралыктан, 60 ирет ок чыгарып, тегерек бутаны атууда бул жолу спорттук ийгилик Александрга жылмайды. Ал тапанчадан таа-май атууда дүйнөлүк рекордду 581 упай менен жаңыртып, Олимпиаданын чемпиону болуп калды. 1982-жылы да дүйнө чемпионатында жеңишке жетип, алтын медаль тагынган.
1985-жылы СССРдин жана Европанын чемпиону болсо, 1984-жылы Сеулда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын медаль жеңип, дүйнөлүк рекордду дагы жаңырткан. 1989-жылы Аргентинадан дүйнө чемпиону болуп кайткан эле. 1990-жылы Москвада өткөн Дүйнө чемпионатында командалык экинчи орунга илинген.
1991-жылы 663 упай менен Европанын чемпиону болгон.
Александр Мелентьев мергендердин арасынан ХХ кылымдын эң мыкты спорт чебери аталды. Александр бир топ жыл АКШда, Катар жана башка чет өлкөлөрдө устат, машыктыруучу болуп иштеп келди. Учурда Бишкекте жашап, балдарга ок атуу спортунун сырын үйрөтсөм деген тилекте. Бирок, "колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, аны спорт мектебине чакырып, ал-абалын сурап койгон адис, жетекчи жок. Анын үстүнө чет өлкөлөрдөн чоң айлык алып жүргөн, олимпиада чемпиону Александр дагы арзыбаган айлыкка иштээри да күмөн.
Өлкөнүн коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги биригип, демилге көтөрүп, олимпиада чемпиону Александр Мелентьевдин байгесине арнап, эл аралык турнир уюштурса, мекенди коргоочулардын чеберчилиги артып, мергендер сыналып, мыктылары тандалат эле. Ушул ири үч мекеме Александрга шарт түзүп берип, кызматкерлерине тапанчадан таамай атуунун сырларын, ыкмаларын үйрөтсө ашыкча болбойт эле да.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова
Москва Олимпиадасында жылдызы жанып, олимпиаданын алтын медалын тагынып, Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткандардын бири Татьяна Алексеевна Колпакова - жеңил атлетика боюнча 1973-жылы Фрунзеде машыга баштаган. Ал 1959-жылы туулган, улуту орус, Кыргыз Мамлекеттик Университетин бүтүргөн. Аны чоң спорт дүйнөсүнө алып келген устаты - Л.М. Эльтерман. Татьяна жаш кезинен эле тааныла баштаган. 1977-жылы СССР спорт чебердигине талапкер, 1978-жылы "СССР спорт чебери" деген ардактуу наамга арзыган. 1979-жылы СССР спортунун эл аралык чебери аталган. Москва олимпиадасынын алдында 1979-жылдын мартында ФРГда өткөн эл аралык мелдеште бешинчи орунга жетип, СССРдин олимпиадалык курама командасынын катарына кабыл алынган. Ошондон кийин иргеп алуу мелдештери Москва жана Ленинградда (Санкт-Петербург) өтүп, анда ал 678 см жана 683 см алыс секирип, үчүнчү жана экинчи орунга ээ болуп, ХХII Олимпиадалык оюндарга катышуу укугуна ээ болду. Т.Колпакованын рекорддору 621 смден башталып, үч жылда 706 смге чейин жеткирген, мындай рекордду ушул кезге чейин Кыргызстанда эч ким жаңырта алган жок.
Кыз-келиндер арасында узундукка секирүү боюнча олимпиадалык рекорд 682 см болуп, аны 1968-жылы Мехикодо румын В.Вискополян жаңырткан. Кийин 12 жыл андан эч ким аша албай, 678-672 см менен олимпиада чемпиону болуп кетишкен.
Москва олимпиадасындагы таймаш курч мүнөздө өткөн. Советтик Т.Скачко биринчи секиргенде эле 12 жыл кебелбеген рекорддон ашык секирди. Татьяна Колпакова да биринчи секирүүдө эле 684 см аралыкты багындырып койду. Андан кийин ГДРдин өкүлү Б.Вуяк 688 см чекке жетти. Үчүнчү ирет секиргенде Т.Скачко 701 см аралыктан ашып, лидерликти колго алды. Татьяна төртүнчү жолу - 687 смге жетсе, польшалык А.Влодарчик 688 см секирип, Татьяна төртүнчү орунга жылып калды. Бешинчи жолу секиргенде деле 673 см болуп, ийгилик күмөн эле. А.Влодарчик 695 см секирип, экинчи катарга көтөрүлдү. Татьянанын 6-жолу секириши 706 смге (7м 6 см) жетип, атаандаштарын артка калтырды. Бул олимпиадалык чемпиондун алтын медалы Татьяна Колпакованын шыбагасына буюрганы эле. Ага "СССРге эмгек сиңирген спорт чебери" деген ардак наам да ыйгарылган. Ошондой эле "Эл достугу" ордени менен сыйланган 1981-жылы Универсиаданын да чемпиону болгон. 1985-жылы СССРдин чемпионаты, Кубогунда байгелүү орунду ээлеген. Чоң спорттон кийин машыктыруучу болуп иштеп жүрөт.
ХХ кылымдагы эң мыкты жеңил атлетчи деп Т.Колпакова аталып, урмат- сыйдын ээси болду.
Учурда Орусиянын Москва облусунун Королев шаардык спорт мектебинин жетекчиси. Ар жыл сайын Бишкекке келип, өзүнүн байгесине арналган эл аралык жеңил атлетика турнирине катышып, достору, курбулары менен жолугуп, жаштарга кеп-кеңештерин айтып турат.

Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев
Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Каныбек Осмоналиев - кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан азаматтардын бири. Ал жөнүндө даректүү тасма тартылып, акын Акбар Рыс-кулов поэма жаратып, өзү да бирин-экин китеп жазууга үлгүрдү. Каныбекке кандай мактоо айтса жарашат, себеби ал - улут сыймыгы, элдик баатыр.
Каныбек Кемин районунун Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгы айыл жергесинде өттү. Атасынан эрте ажырады, анда Каныбек болгону 2 жашта болчу. Беш баланы эрезеге жеткирүү түйшүгү апасы Жийдекандын мойнуна жүктөлгөн. Каныбек жашынан эмгекчил, мээнеткеч болуп, чыйрак өстү. Жаш кезинен эле спортко ынак эле, боюнун кичинесине карабай, футбол, баскетбол ойночу. Кыргыз мамлекеттик Университетинин тарых факультетинде окуп жүргөндө, күрөшкө барып жүрдү.
Анын жөндөмүн байкап, багын ачып, чоң спортко алып келген ийгиликке жеткирген устаты Семен Давыдович Иткин болду. Жылдан жылга чеберчилиги өсүп, устатынын үмүтүн актай баштады. 1978-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Гетисберг шаарында дүйнө чемпионатынын алтын медалын тагынды. Андан кийинки жылы Грециядагы Солоники шаарында экинчи жолу дүйнө чемпио-ну болуп калды. Ал СССРдин көп жолку чемпиону, Европанын чемпионатын 2 ирет жеңген. 1980-жылы да дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээлеген.
Москва олимпиадасы - Каныбек үчүн да, кыргыз эли үчүн да унутулгус. Эң жеңил салмактагы оор атлетчилердин атаандашуусу курч мүнөздө өткөн.
Алгач жулкуп көтөрүүдө кореялыктар менен венгерлер негизги атаандашы болуп, Каныбек 107,5 кг көтөрсө, КНДРдын өкүлү Хан Ген Си 113 кг багындырып, дүйнөлүк рекордду жаңыртып койду. Анын мекендеши Хо Бонг Чон да 110 кг көтөрүп, олимпиадалык рекордго жетти.
Түртүп көтөрүү, олимпиадалык алтын медалдын тагдырын чечмек. Кореялыктар 135 кг оордукту көтөрүп, жалпы көрсөткүчү 245 кг болду. Каныбек болсо экинчи көтөрүүдө 137,5 кг. чоюн көтөрүп койду.
Кореялыктар 140 кг салмакты багынта албады. Каныбек да өзүнүн акыркы чыгышында 142,5 кг түртүп көтөрө албады, ошентсе да тагдырдын буйругу менен Каныбек Осмоналиев кыргыздан чыккан биринчи олимпиадалык чемпион болуп калды. Себеби, анын салмагы атаандаштарынан 300 граммга жеңил болчу. Күрөштүн өтө курч мүнөздө өткөнү дале көңүлдө, эсте турат. Жалпы көрсөткүч боюнча 245 кг салмакты төрт балбан көтөрүшкөн. Алар кореялыктар Хан Ген Си менен Хо Бонг Чон, венгриялык Беила Олах жана кыргызстандык Каныбек Осмоналиев эле. Булардын арасынан эң жеңили Каныбекке алтын медаль ыйгарылды. Анын салмагы 51,7 кг эле. Бул учур кыргыз эли үчүн чоң жеңиш, майрам болчу. Каныбек эл ишеничин, үмүтүн ушинтип актаган.
Кыргызстанды дүйнөлүк аренага тааныткан үч-төрт адам болсо, Каныбек - ошонун бири. Чыңгыз, Сүймөнкул, Каныбек - кыргыз элинин өчпөс жылдыздары.
СССРдин тушунда Европанын, дүйнөнүн чемпиону болуу азап болчу. Жогорку чеберчилик менен катар, чоң сыноолордон өтчү. Чоюн билек балбандардын арасында союздун көп жолку, Европанын, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болуп, олимпиадалык алтын медалга арзыган, СССР спортуна эмгек сиңирген чебери, "Эмгек Кызыл Туу" орденинин ээси Каныбек Осмоналиев - спорт дүйнөсүндөгү эң жогорку бийиктикке жеткен кыргыздын туңгуч спорт чебери.
Каныбектин жеңиш санжырасы жөнүндө көп айтылды. Көп жазылып легендага айланып баратат. Жылдар өтсө да анын эрдиги, балбандыгы, олимпиадалык алтын медалынын өңү өчпөй кичүүлөргө өрнөк боло бермекчи. Кыргызды кыргыз кылган Манас бабабыздын салтын улантуучу эр-азаматтар бар экенин Каныбек далилдеди. Азыр жети бала тарбиялап өстүрүп жатат. Балким дагы чемпион чыгып калаар... Каныбек Осмоналиев - азыркы учурда Республикалык ат спорту олимпиадалык резерв мектебинин директору.
ХХ кылымда Кыргызстанда оор атлетика боюнча эң мыкты спорт-смен К.Осмоналиев деп аталды..
Каныбек Осмоналиев тууралуу мурдакы сандарыбызда кеңири баяндаган элек. Ал жакында 60 жашка чыкканы турат кыргыз спортуна зор эмгек сиңиргени үчүн Кыргыз Республикасынын эл баатыры наамына татыктуу деп ойлойм.

Олимпиада чемпиону, жөө күлүк
Николай Чернецкий
Николай Чернецкий 1953-жылы туулган. 1979-жылы кыргызстандык жөө күлүк Николай Чернецкий жаштар арасында Европанын чемпионатында алтын медаль тагынып чемпион аталса, ошол жылы СССРдин чемпионатында 400 метр жарышта бардык атаандаштарынан алдыга озуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, СССРдин чемпиондук наамын жеңип алган. Машыктыруучу Ю.В.Ушаков таптаган бул жөө күлүк эл аралык мелдештердин көбүндө баш байгеге арзыган.
СССР спортуна эмгек сиңирген Николай Чернецкий 400 метр аралыкка чуркоодо СССРдин чемпиондугун 1979 жана 80-жылдары да жеңип, рекордго жаңы чек койгон. Ошондой эле 400 метрден 4 жолу чуркап эстафеталык жарышта СССРдин жөө күлүктөр командасы 1980-жылы Москва олимпиадасында марага биринчи келип олимпиадалык оюндардын алтын медалына ээ болушкан. Алардын, 4 жигиттин (Р.Валюлис, М.Линге, Н.Чернецкий жана В.Маркин) катарында кыргызстандык Николай Чернецкийдин турганы өзгөчө сыймык болгон. Николай табына келип турганда 1979- жана 80-жылдары жабык стадиондогу жарыштарда Европанын чемпиондугун эки ирет жеңип, мыкты жөө күлүктөрдүн алдыңкы сабына кошулган. 400 метр аралыкка чуркоодо Кыргызстандын рекордун 1977-жылы Вильнюстагы мелдеште жаңырткан. Анын көрсөткүчү 46,72 секунд эле. Николай дүйнөдөгү эң мыкты жөө күлүктөрдүн катарына кирген. Ал көп жыл Москвада жашап, иштеп турду.

Олимпиада чемпиону Александр Блинов
ХХII Олимпиадалык оюндарда кыргызстандык ат спортунун өкүлү Александр Блиновдун да багы ачылып, олимпиадалык алтын медаль тагынды. Ал Москва олимпиадасынын мелдештеринде ат спортунун үч түрү боюнча мөрөй талашкан. Ат спортунда жеке жана командалык байге ыйгарылып, упай топтолот. Манеждеги ат ойнотуу мелдешинде Александр Блинов тулпары "Галзун" менен араң 18 орунга ээ болгон. Андан үмүт деле кылбай калышкан.
Экинчи тур мелдештери өтө татаал шартта өтүп жатты. Себеби, жамгыр катуу жаагандыктан Битцевский токой-паркындагы трасса ылай-баткакка айланып, ат менен өнөр көрсөтүү кыйынга турду. Өзгөчө ат секирүүчү тоскоолдуктардын эки жагы тең тайгалак болгону, атчандар үчүн кооптуу эле. Анан калса 33 тоскоолдуктан өтүү керек. Мына ушундай катаал шарттарда Александр Блинов чеберчилигин, шамдагайлыгын эркин көрсөтүп, экинчи орунга ээ болгону кубандырды. Биринчи орунда италиялык Ф.Роман келген.
Ал эми үчүнчү тур - чечүүчү мелдеш болчу. Мында Александр "Галзун" күлүгү менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, 15 тоскоолдуктарды таамай, так секирип өтүп, 120,8 упайга ээ болду. Ошентип, кыргызстандык Александр Блинов жеке таймашта күмүш медалдын ээси болсо, командалык эсепте СССРдин курама командасынын намысын талашканы үчүн ага тарыхта биринчи жолу чемпиондук алтын медаль ыйгарылган.
Александрга ат спортунун сырын үйрөткөн устаты, Кыргызстандын биринчи олимпиадачысы Сайботтал Мурсалимов болгон. Ал "Галзун" күлүгүн олимпиадалык мөрөй талашууга даярдоодо саяпкердик өнөрүн көрсөтүп, көп эмгек жумшаган. Бул сүйкүмдүү тулпары анын уулу Марат Мурсалимов менен көп мелдештерде мөрөй алган.
1979-жылы Голландиядагы эл аралык мелдеште Марат жыгылып, ийнин сындырып алгандан кийин "Галзунду" Александр Блиновго беришкен. Александр азыр Москвада жашайт. Ал көптөн бери Бишкекке келелек. Ошондуктан, Ат спорт мектеби Александрды атайын чакырып, чеберлер классы сабактарын өткөрүп, бул спортту өнүктүрүүгө салымын кошсо дейм. Анткени, олимпиада чемпиону болуп, дүйнөгө таанылганы үчүн ал Кыргызстанга, кыргыз спортуна милдеттүү.

Олимпиада оюндарынын
коло медаль ээси -
Александр Абушахметов
Александр кыргыз спортунан таалим, тарбия алып, чоң спортто багын сынады. Фехтование өнөрүнүн шпага түрү боюнча ал жеткен бийиктикке азырынча эч ким жете элек. "СССР спортунун чебери" ардак наамын алуу ал мезгилде абдан түйшүктүү болчу.
1971-жылы Канадада дүйнөнүн чемпионатында күмүш медалды жеңип алып, адистердин көңүлүн бурат. Андан мурда 1970-жылы СССРдин чемпионатында алтын медалга ээ болгон, аны СССРдин курама командасынын катарына кабыл алууга түрткү болгон. 1973-74-жылдары "Таллин кылычы" эл аралык мелдешинде, мыктылардын сабына кошулуп, күмүш байгени камсыз кылган.
А.Абушахметов 1976-жылы Монераль Олимпиадасына, 1980-жылы Москва олимпиадасында өнөр көрсөткөн. Командалык эсепте коло медалдын ээси болгон.
1977-жылы Таллинде өткөрүлгөн СССРдин чемпионатында да баш байгеге арзып, алтын медаль тагынган. Анын жаркын элеси ар дайым эсибизде сакталат.

Олимпиадалык оюндардын
коло медаль ээси -
Сатымкул Жуманазаров
Москва Олимпиадасында 42 км 195 м марафондук жарышка 43 өлкөнүн жөө күлүктөрү күч сынашкан. Ошол мезгилдеги СССР командасында Европа чемпиону Леонид Мосев, союздун чемпиону Владимир Котов СССРдин биринчилигинде күмүш медаль жеңген жердешибиз Сатымкул Жуманазаров бар эле.
Марафондо 35 км аралыкта кимдин ким экени, чеберчилиги аныкталып калат. Алдыга жутунган В. Котов кала берди. Мексикалык Р.Гомес алдыга чыкты. Сатымкул алдыңкы топтон калбай бараткан. Монералдагы олимпиада чемпио-ну немец Вальдемар Цирпински да байгеге жутунуп, алдыга озду. Голландиялык күлүк Г.Нейбур да Сатымкулдан калбай келатты.
Сатымкул мурда Л.Мосевди сүрөөнгө алып, аны марага кое берүүгө демөөрчү болуп келаткан. Тапшырма да, тактикада ошондой болчу. Леонид да өжөрлөнүп, Сатымкулду алдыга кое бербей, алаксытып, убактысын алып койду. Өнөгүн таштап, алдыга кете бербей кылчактап калган Сатымкул Леониддин шайын, чамасын билгенде, Сатымкул башка тактика колдонмок. Ошентсе да, марага үчүнчү келип, СССРдин тарыхында олимпиадалык коло медаль алган биринчи марафончу Сатымкул Жуманазаров болуп калды.
Чынында 42 км чуркаш өтө кыйын. Аттар араң чуркайт. Сатымкул - Талас аймагынын Көк-Дөбө айылынын кулуну. Анын сөзгө чечен, төгүп, жамактап ырдап жибермей адаты да бар болчу.
Сатымкул 1951-жылы 17-сентябрда Манас районунун Көк-Дөбө айылында туулган. 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин окуусун Таластагы N 6-кесипчилик окуу жайында уланткан. Сатымкулга спорт дүйнөсүн ачкан мына ушул окуу жай жана биринчи устаты - Анаркул Кибраев болгон. Райондук, областтык, республикалык мелдештерде мөрөй алып жүрүп, машыктыруучу В.Борисовдун көңүлүнө толот. Анын алгачкы ийгилиги кесипчилик окуу жайларынын арасындагы республикалык биринчиликте баш байгени жеңип алганы болду. 1969-жылдан бери орто жана алыс аралыкка чуркоодо союзга таанылат.
С.Жуманазаров СССР элдеринин VII Спартакиадасында коло медалга ээ болуу менен тагдырын биротоло марафондук жарышка арнады. 1976-жылдан бери түрдүү, эл аралык марафондук мөрөй талашууларга катышып, такшалды. Польшанын Дебно шаарындагы эл аралык марафондо - 2 саат 16 минута чуркап, марага төртүнчү болуп келген.
1977-жылы Прагада өткөн Европанын биринчилигинде Сатымкул күмүш медаль тагынды. Москва олимпиадасынын алдында "Жердештеримди, Мекенимди Олимпиадалык медаль менен кубантууга аракет кылам" деген убадасына турду.
Өлкөнүн Улуттук олимпиадалык комитетинин спорт федерациялары менен иштөө департаментинин жетекчиси Турат Калыбаев Москва олимпиадасына Кыргызстандын командасын жетектеп барганын эскерип, олимпиада кыргыз спортунун бийиктиги болгонун айтып, совет доорунун тарыхында олимпиадалык коло медаль алган биринчи марафончу, маркум Сатымкул Жуманазаров болуп калганын айтат.
Анын жараткан ийгилигин союз убагында дагы, учурдагы Шериктеш өлкөлөрдөн бир дагы марафончу кайталай элек.
Сатымкул андан кийин дагы далай мелдештерде мөрөй алып, намыска жарап берди. Сатымкул Жуманазаров 1986-жылы чоң спорт, марафондук жарыш менен коштошту. Чынында беш баланы багып, тарбиялоо үчүн машыктыруучулук ишке барууну чечкен. Бирок тилекке каршы ошол мезгилдеги спорт жетекчилери ага машыктыруучулук ишти да ыраа көрбөй, жумушсуз калат. Үй-бүлөнү багыш үчүн жеңил машинасы менен такси кызматын кылып, кийин СССР спорт комитетинин кийлигишүүсү менен жеңил атлетикадан СССР курама командасынын Кыргызстан боюнча машыктыруучусу болот. Союз ыдыраганда жумушсуз болуп калат.
1990-жылдары Ысык-Көлдө Кажы-Сайда спорттук база түзүлүп, ошого директор болуп дайындалат. Бул базаны союздук, дүйнөлүк деңгээлде куруу тилеги ишке ашпай, эптеп спортсмендер үчүн сактап калуунун аракетинде болот. Каражат, жабдуулар жок, иштен чыгып, базанын аты эле калган. Ал жерде иштегендер 7-8-жылдап айлык албай, жеке демилге менен иштеп келишкен. Акыры аргасы түгөнгөндө базаны Улуттук Олимпиада Комитетине берип, Сатымкул ар кимден каражат сурап, ремонттоп алууну көздөйт. Ошондон бери Кыргыз дене тарбия, спорт мекемесинде ондон ашуун жетекчи алмашып, бирөө да Сатымкул көп мээнетин сарптаган спорт базасынын абалын сурап коюшкан жок. Ал түгүл спорт коомчулугу анын 60 жылдыгын да белгилеген жок. Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун жеке демилгеси менен гана ар жыл сайын Сатымкул Жуманазаровду эскерүү эл аралык турнири өтүп келетат. Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун демилгеси, аракети менен ар жыл сайын спортко эмгек сиңирген инсандарга Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлык ыйгарылып жүрөт.

Москва Олимпиадасынын катышуучусу
Марина Сысоева
1978-жылды Марина Сысоеванын жылдызы жанган учур десек жарашат, себеби жаш болсо да топ жарып, жаштар арасында СССРдин чемпионатында бийиктикке секирүүдө атаандаштарын артка калтырып, чемпион аталып, алтын медаль көкүрөгүндө жаркырап, жеңиштерге шыктандырып турду.
Марина Сысоеванын келечегинен үмүттөнгөн союздун спорт жетекчилери аны 1980-жылкы Москва Олимпиадасына катышчу жеңил атлетчилер курама командасынын катарына кошту. Ошентип Москвадагы ХХII Олимпиадалык оюндарда Марина бийиктикке секирүүдө 5-орунду камсыз кылган. Олимпиадалык оюндарда 6-орунга чейин байгелүү деп эсептелгендиктен Маринанын бул көрсөткүчү ийгилик деп айтсак жарашат. Анын жеке көрсөткүчү - 1м. 93 см. бийиктик болуу менен Кыргызстандын рекорду болуп эсептелген. Ал 1959-жылы туулган. Азыр Бишкекте жашайт.
Марина Сысоева жеңил атлетика менен 10 жылдан ашуун машыгып, Кыргызстандын рекордун 1974-жылдан 80-жылдарга чейин 1 м 74 смден 1м. 93 смге чейин жеткирип, 8 жолу жаңырткан. Анын мындай ийгиликтерге жетүүсүнө устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Л. Вогулдун салымы зор.
Кыргызстандын чемпионаттарында, союздук мелдештерде Марина Сысоева баш байгени жеңип, чеберчилиги жогору бааланган.
Учурда Кыргызстанда Москва олимпиадасынын чемпиондору Каныбек Осмоналиевдин, Татьяна Колпакованын байгесине жана коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровду эскерүү эл аралык мелдештери ар жыл сайын өткөрүлүп жүрөт. Чыгаан, келечектүү спортчуларга Москва олимпиадасынын чемпиондору Каныбек Осмоналиевдин, Татьяна Колпакованын, Александр Мелентьевдин, Александр Блиновдун, Николай Чернецкийдин жана коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун ысмындагы стипендия-лар же сыйлыктар берилип турса, спортко болгон жаштардын кызыгуусу артмак деп ойлойм. Чемпиондордун ысымдары, эрдиктери да унутулмак эмес.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргызстандын спорт
журналисттер федерациясынын башкы катчысы








Пикир: