Елена Исинбаеванын 7 бийиктиги
Москва шаарында Орусиянын тарыхында алгач ирет жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында атагы таш жарган дүйнөнү дүңгүрөткөн жөө күлүктөр жарышып, спорт күйөрмандарынын да бүйүрү кызып турган учуру. Мени суктандырган, атүгүл, таңгалдырган орусиялык шыргый менен бийиктикке секирүүчү Елена Гаджиевна Исинбаева дале табында экен. Бул ирет дагы өз үйүндө күйөрмандарын сүйүнтүп, дүйнө чемпиону аталды. Анын айрым гана спорттук ийгиликтерине сереп салып көрөлү. Балким, кыргызстандык спортчулар үчүн дагы үлгү, сабак болоор.

Елена Гаджиевна 31 жашта. Олимпиаданын эки жолку чемпиону. Былтыр Лондондогу олимпиадалык оюндарда коло байге уткан. Дүйнөнүн жети жолку чемпиону. Дүйнөлүк рекордду 28 ирет жаңыртып, учурда дагы ал рекордчу болуп турат. Атасы табасаралык Гаджи - Дагестандын Хива районунун Чувек айылынын тургуну. Апасы Наталья Петровна - улуту орус. Кыргыздар айтмакчы, "курама темир курч чыгат", - деген ушул.
Елена көп жыл Монте-Карло жана Монакодо жашап, ошол жакта машыкты. 5 жашында аны ата-энеси спорттук гимнастика ийримине алып барышкан. 15 жашында Еленаны жөндөмсүз, келечеги жок дешип, спорт жатак-мектептен чыгарып салышкан. Анын жөндөмүн, аракетчилигин байкаган биринчи устаты Александра Лисова жеңил атлетика боюнча машыктыруучу Евгений Трофимовго сунуштаган. Жарым жылга жетпей Елена 1998-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк өспүрүмдөр оюндарында 4 метр бийиктикти багындырып, ишенимди жараткан эле. Андан кийин жаштар арасында дүйнө чемпиону аталып, чоң спорттогу жеңиштүү жолу башталды. Анын спорттогу ийгиликтерин санай берсек, гезит бети түтпөйт. Устатынын айтымында, Елена быйылкы жазындагы мелдеште 5 метр 11 см бийиктикти багындырган. Бирок, бул көрсөткүч расмий дүйнөлүк рекорд катары катталган эмес. 2004, 2005, 2008-жылдары дүйнөдөгү эң мыкты спортчу аталган. Бир нече орден, медалдар, эл аралык сыйлыктар менен дагы сыйлаган. Ал педагогикалык илимдеринин кандидаты жана Орусиянын армиясынын запастагы офицери да болуп саналат.
Елена бир катар ийгиликтерге жетишип, он бир жылга чукул убакыттан бери бийиктикке шыргый менен секирүүдө лидер болуп келатат. Он жыл айтканга оңой болгон менен артында канча мээнет, түйшүк, талбаган машыгуулар турат. Анын эрки чынында эле темирдей бекем экен. Анын спорттогу 7 гана бийик ийгиликтерин санап, белгилей кетсек эле жетиштүү болоор.


2004-жылдын 6-марты.
Жабык имараттардагы дүйнө чемпионаты (Будапешт) - 4,86
Ал учурда Еленаны дүйнө коомчулугу рекордчу катары тааный элек болчу. Будапештеги дүйнө чемпионаты ал үчүн ак жолтой болду. Мурда Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, атаандаштарынын үшүн алып койгон. Мюнхендеги Европа чемпионатында экинчи орунду ээлеп, өзүнө болгон ишеним жаралган. Ошентип, Венгриядагы жеңиш анын узак мезгил жеңил атлетика канышасына айландырып, атак-даңктын башаты болуп берди. Он жыл убакыт жаңыртылбай турган дүйнөлүк рекордго Елена Исинбае-ва жаңы чек койду. Мындан мурда америкалык Стейси Драгула 4 метр 81 см менен дүйнө чемпиону, рекордчусу болуп келген эле. Елена биринчи эле секирүүдө 4 метр 86 см бийиктикти багындырып койгон.
2004-жылдын 24-августу.
Грециядагы жайкы олимпиадалык оюндар
(Афина) - 4,91
Чынында эле бардык спортчулардын тилеги олимпиада чемпио-ну болуу. Олимпиадалык оюндар бардык мелдештердин туу чокусу десек жарашат. Олимпиаданы утуп алуу үчүн спортчулар кандай гана мээнет кылышат. Елена да ушул жолду басып, олимпиада чемпиону болууга дыкат даярдык көрдү. Албетте, толкундоолор, сүрдөп эмоцияга алдырган учурлар да болот. Афинада ал алгач
4,70 метр, жана 4,75 метр бийиктикти багындыра албай койду. Мен дагы бул мелдешке күбө болуп, Еленага күйөрман болуп тургам. Анан ал 4 метр 80 см бийиктикти "заказ" кылды. Мен дагы ичимден кабатыр болуп, тиги андан жапыз бийиктикти багындыра албагандан кийин неге тобокелге салды деген ой кетти. Азамат экен, бул бийиктикти оңой олтоң эле багындырып койду. Андан кийин 4 метр 91 см ченемди коюп, аны дагы ашыра шыргый менен серпилип секирип, дүйнөлүк рекордду жаңыртып, олимпиада чемпиону аталды. Аны менен кошо өзүм секиргендей мен дагы олимпиаданын алтын медалын уткандай сүйүнүп жүрдүм. Себеби, Афинада Кыргызстандын спортчулары ийгилик жараталбай, биздин да маанай чөгүп жүргөн эле. Ошондой болсо дагы ушундай көз ирмемдер, ийгиликтер башка замандаштардын көңүлүн көтөрүп коерун далай ирет жон терим менен сезген элем.
2005-жылдын 22-июлу.
Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын атайын Гран-при Супер кубогу (Лондон) - 5,00
Бул күн дүйнөлүк спорт тарыхында алтын тамга менен жазылып,Еленанын жылдызы жанып, ал дүйнөлүк рекордду беш метрлик чекке жылдырып, адис-тердин оозун ачырды. Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын атайын Гран-при Супер кубогунда Елена жеңишке тез жетип, экинчи аракетинде эле дүйнөлүк рекордду жаңыртып, 4 метр 96 см бийиктикти багындырып, атаандаштарынын маанайын түшүрүп койду. Ал бул чек менен токтой турган эмес. Марага чабылган күлүктөй, өзү менен өзү гана атаандашып, табында турган эле. Себеби, мурдакы секиргенде белгиленген чектен 5-6 см бийик серпилгенин адистерда, өзү да байкап, ишеним жаралган. Анан чекти 5 метрге жылдырганда, күйөрмандар дымып калышты. Бул кыз эмне кылаар экен, тобокелчил тура, 5 метрди дүйнө жүзүндө бир аял дагы секирген эмес, дешип шыпшынып турушту. Елена азамат экен. Шыргыйын колуна бекем кармап, күүлөнүп чуркап келип, серпилип барып, 5 метрлик чектен ашыра секирип кетсе болобу! Лондондогу күйөрмандар өздөрү секиргендей кыйкырып, сүрөөнгө алып, куттук айтып ыраазы болуп калышты. Елена ошентип, 5 метрди багындырган дүйнөдөгү биринчи аялзатынын алгачкы өкүлү болуп, тарыхта калды.
2005-жылдын 10-августу.
Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты (Хельсинки) - 5,01
Беш метрлик бийиктикти багындыргандан бир айга жетпеген убакытта Елена дагы бир эрдик жаратты. Негизинен бир чоң мелдешке катышкандан кийин спортчу ден соолугун калыбына келтирүү үчүн 2-3 ай эс алып, дене боюун жазып турнирлерге катышпай калат. Елена болсо ар дайым табында турган күлүк сымал жан экен. Мындай деңгээлди кармап, чеберчилигин түшүрбөй улам бийиктиктерди багындыруу чыныгы эрдик. Ал түгүл, эркектердин деле эси ооп, мындай удаа-удаа жеңиштерди жаратышы күмөн экенин моюнга алып коюш керек. Бул ирет дүйнө чемпиону жана дүйнөлүк рекордду жаңыртуу үчүн Еленага 3 жолу гана секирүү жетиштүү болду. Польшалык Моника Пирек 4 метр 70 см бийиктикти багындырып, өзүн кыйын сезип калды эле. Елена 5 метр 1 см бийиктикке "заказ" бергенде, адистердин көзү чакчайды. Мына, экинчи эле аракетинде өзүнүн рекордун дагы жаңыртып, бул чек 2008-жылга чейин былкылдабай турду го, чиркин.
2008-жылдын 18-августу.
Кытайдагы жайкы олимпиада. (Бээжин) - 5,05
Бул олимпиада биз үчүн дагы олжолуу болду. Грек-рим күрөшүнөн эки балбаныбыз барып, Руслан Түмөнбаев коло медаль тагынса, Канатбек Бегалиев күмүш байге утуп, биз дагы башты бийик көтөрүп калган элек. Үч жылдай убакыт Елена дагы жарк эткен ийгиликтерге жетпей, өзү койгон дүйнөлүк рекорд жаңырбай турса, айрым адистер анын карерасы бүттү деген тыянак да чыгарып жиберишкен. Көрсө, Елена Бээжин олимпиадасын күтүп, дагы бир жолу дүйнөнү дүңгүрөтүп салайын деп дыкаат даярдык көрүп жүргөн тура. Анын атаандаштары да оңой жоо эмес болчу. Алгач ал абайлап, 4 метр 70 см бийиктик менен баштады. Экинчи аракети эле аны олимпиада чемпиону болууга жеткирди. 4 метр 85 см чекти багындыруу менен эле Елена эки жолку олимпиада чемпиону болуп, алтын медалды тагынып баса берсе болмок. Марага чабылган дулдул күлүктөй өзүн токтото албады көрүнөт. Же өзүнө ишенип турдубу, айтор чекти 5 метр 5 см аралыкка жылдырганда, менин көз алдымда эки кабат үй элестеп, ушундай бийиктиктен кантип секирит деп таңгалып турдум. Елена Исинбаева бул ирет дагы шыргыйы менен серпилип барып, эки кабат үйдөй бийиктиктен ашып, секиргенде дүйнө калкынын ээги түшүп, эси ооп калды көрүнөт. Ошентип, Бээ-жинде Елена бийиктикке секирүү боюнча робот же атайын жасалган машинадай таасир калтырган эле. Мына чыныгы олимпиада чемпиону, дүйнөлүк рекордчу деген ушундай болот.
2009-жылдын 28-августу.
Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын Алтын лигасы. (Цюрих) - 5,06
Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын Алтын лига турнири беш этаптан туруп, мында дүйнө жүзүнөн тандалган мен-мен деген спортчулары гана катышууга укуктуу. Елена мындан мурдакы Берлин, Осло, Рим жана Париж шаарларында өткөн 4 этапта тең биринчи орунду ээлеп, бирок өзү койгон дүйнөлүк рекорддорун жаңырткан эмес эле. Швейцарияда Елена дагы дүйнө калкын таңгалдырып, өзү койгон рекордго дагы жаңы чек коюуга бел байлады. Чен таякты 5 метр 6 см бийиктикке жылдырганда дүйнө жүзүндөгү спорт күйөрмандары бул кандай шамалдай шуулдаган аял дешип таңгалып, жаңы рекорд жаралабы дешип, демдерин ичине катып, өздөрү секирчүдөй сексетип турушту. Елена Исинбаева бул бийиктикти багындырып, учурда дагы дүйнөлүк жеңил атлетиканын рекорддук тизмесинин башында дале жаңыртылбай, 4 жылдан бери ага таандык болуп, башкалар багынта албаган бийиктик боюнча турат.
20013-жылдын 13-августу.
Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты . (Москва) - 4,89
Өз мекенинде алгач ирет өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Еленанын күйөрмандары алтын медаль утса деп тилек кылышты. Андан ушундай ийгиликти, жеңишти гана күтүп жатышты. Спорт деген чоң атаандаштык, тобокелге баш байлоо эмеспи. Елена деле Москвада дүйнөлүк атак-даңкын сактап, Исинбаеваны эстерине дагы салып коюуга көп мээнет кылып, аракетинин акыбети кайтты. Алгач Бээжин олимпиадасынын чемпиону, америкалык Женнифер Сур жана бразилиялык Фабиана Мюрер 4 метр 65 см чек менен чектелип, мелдешти андан ары уланталбай калышты. Елена менен кубалык Ярислей Сильва гана тең тайлашууга аракет кылып, 4 метр 90 см бийиктикти багындырып, күмүш байгелүү болду. Бул ирет Елена 4 метр 89 см чекте ашыра секирүү менен дүйнө чемпиону аталып, мекендештерин кубантып койду. Анан дагы ал алдыдагы үч жыл аралыгында турмушка да чыгып, балалуу болуу башкы максаты экенин маалымат каражаттарына жарыя кылды. Чоң спорттон бир аз эс алып, үй-бүлө куруп, анан Бразилиядагы олимпиадагы катышып, анан гана спорт менен биротоло коштошсом деген тилекте.
Елена - миллионер
Бир эле быйылкы Москвадагы дүйнө чемпионатын утканда Еленага 60 миң АКШ долларын Эл аралык жеңил атлетика федерациясы сыйлык катары ыйгарды. Дүйнөлүк рекорд үчүн быйыл 100 миң доллары байге коюлган. Мурда деле ушундай сыйлык берилсе керек. Ошондой дүйнө рекорддун 28 ирет жаңырткан Елена Исинбаеваны миллионер десек да жарашчудай. Ушунтип анын акчасын да болжолдоп санап жиберген себебим, кыргыз жаштары дагы Еленадан үлгү алып, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытып, дүйнө, олимпиада чемпиону болуп, миллионер болсо деген гана тилектемин. Орусия-лык жөө күлүктөр, бокс чеберлери, Казакстандын тандалма командалары, велоспортчулары жайы-кышы дебей керемет Ысык-Көлдө машыгып, дүйнөлүк атак-даңкка жетип жүрөт. Ысык-Көлдүн жаратылыш шарты, абасы спортчулар үчүн абдан пайдалуу. Бизден дагы Еленадай чемпиондор чыгаарына ишеним кылалы. Жаштар аракет кылып көргүлөчү, сөзсүз берекети болот.
М. КАБЫЛАН









Пикир: