Кыш камын жазда көр
"Барометрдин" алдыдагы күз-кыш мезгилине карата электр станцияларынын ал-абалы жана даярдыгы туу-ралуу суроолоруна "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун (ААК) башкы директору Салайдин Абувалиевич Авазов жооп берди.

"Барометр": 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилине карата электр станцияларынын ал-абалы жана даярдыгы кандай?
С.А. Авазов: План боюнча 2013-жылга карата "Электр станциялары" ААК тарабынан 14201,9 млн. кВт/саат көлөмүндөгү электр энергиясы, 2345,9 миң Гкал көлөмүндөгү жылуулук энергиясы иштелип чыгары каралган.
2013-жылдын 17-августуна карата 8542,4 млн. кВт/саат көлөмүндөгү электр энергиясы өндүрүлгөн.
Ал эми өндүрүлгөн жылуулук энергиясы 1269,5 миң Гкал түзгөн.
2013-жылдын 17-августуна карата Кыргызстандан тышка экспорттолгон электр энергиясы 301 млн кВт/саатты түзгөн.
"Электр станциялары" ААКтын негизги милдеттеринин бири - 2013-2014-жылдардын алдыдагы күзгү-кышкы мезгилдерине (ККМ) карата электр станцияларын өз убагында жана сапаттуу даярдоо.
Өкмөттүн 2013-жылы 7-июнда кабыл алынган "Кыргыз Рес-публикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдерине карата даярдоо жөнүндөгү" токтомуна ылайык мамлекеттин бардык түзүмдөрүндө бүт багыттар боюнча иштер жүрүүдө. Анын ичинде негизги жана көмөкчү жабдууларды оңдоп-түзөө, жылуулук электр станцияларына отун даярдоо, суу сактагычтарга керектүү суу ресурстарын топтоо жана жабдуулардын сапаттуу иштөөсүн камсыздоо боюнча иш-чаралар кызуу жүрүп жатат.
Ар бир ГЭСте жана ЖЭЦте жабдууларды оңдоп-түзөө иштери бекитилген графикке ылайык аткарылып, эч кандай артта калуу же кечигүү жок. 2013-жылдын 1-ноябрына карата оңдоп-түзөө иштерин аяктап, жабдуу-ларды эң төмөнкү күч менен иштешине толук даяр кылуу мерчемделген.
Муну менен бирдикте жылуу-лук электр станцияларына да отун ташылып келинип жатат. 2013-жылдын 17-августуна карата келишимдерге ылайык Бишкек шаарынын ЖЭЦине шабыркүл көмүрүнөн 58,0 миң тонна (450 миң тонна каралган), кара-кече көмүрүнөн 21,45 миң тонна (60 миң тонна каралган) алынып келинген. 2013-жылдын 17-августунда кара-кече көмүрүнөн 290,0 миң тонна, таш-көмүр көмүрүнөн 50,0 миң тонна алып келүүгө тендер жарыяланган.
Бишкек ЖЭЦине "Кыргызнефтегаз" ААК менен 10,0 миң тонна мазуттун алынып келиниши боюнча келишим түзүлгөн. Ал эми Ош ЖЭЦине ошол эле "Кыргызнефтегаз" менен 20,0 миң тонна мазут боюнча келишим түзүлүп, анын 9,6 миң тоннасы ташылып келинген.
Жалпы жонунан бүгүнкү күнгө карата Бишкек ЖЭЦиндеги көмүрдүн запасы 96,2 миң тоннаны түзөт. Көмүр 2014-жылдын март айына чейин алынып келе бермекчи. Отун катары жагылуучу (топочный) мазуттун эки ЖЭЦтеги жалпы запасы учурда 22,6 миң тоннаны түзөт.
2013-жылдын 17-августуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15,3 млрд куб/м түздү. Бул көрсөткүч 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,86 млрд куб/м аз болуп чыкты. Күзгү-кышкы жылытуу мезгилине карата суунун көлөмү 15,8 млрд куб/м чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө. Топтолгон суунун запасы республиканын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга, алдыдагы күз-кыш мезгилдеринде гидроэлектр станцияларынын туруктуу иштешине жана жылытуу сезонунун аягына карата суу сактагычта 9,0 млрд куб/м кем эмес суунун запасы менен чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Нарын дарыя-сынын бассейнинде түзүлгөн гидрологиялык кырдаалдардан улам үстүбүздөгү жылы электр энергиясынын экспорту 500 млн кВт/саатка чейин азайтылган.
1. ГЭСтердин жана ЖЭЦтердин жабдуулары өтө узак мөөнөттөн бери пайдаланылып, эскилиги жеткендиктен улам аларды коопсуз жана ишенимдүү иштетүү жыл өткөн сайын кыйынчылык жаратып жатат. Жабдуулардын иштөө мөөнөттөрү төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн:
Жабдуулардын колдонуу мөөнөтүн узартуу максатында "Электр станциялары" ААК оңдоп-түзөө иштеринен тышкары инвестиция тартууга жигердүү аракет көрүүдө. Ишкана өз каражатынын эсебинен бир катар долбоорлорду ишке ашыра баштады. Маселен, Ош шаарынын ЖЭЦине учурдагы трансформатордун ашкере иштөөсүнөн ага келген күчтү азайтуу үчүн 110/35/6 кВ 40 МВА кубаттуу-луктагы жаңы күч трансформатору орнотулуп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишке берүү үчүн монтаждоо ишине даярдыктар жүрүп жатат.
Дүйнөлүк Банктын 14,7 млн АКШ доллары суммасында насыя түрүндө берилген чукул жардамынын эсебинен ушул жылы төмөндөгү жабдууларды сатып алуу боюнча долбоор ишке ашырылып жатат:
- Ош ЖЭЦи үчүн 110 кВ өчүргүчтөр (выключателдер);
- Күрпсай ГЭСи үчүн 110-220 кВ өчүргүчтөр;
- Токтогул ГЭСи үчүн 500 кВ өчүргүчтөр;
- 7-8-автотрансформаторлордогу ашкере иштөөдөн келтирилген күчтү азайтуу максатында Бишкек ЖЭЦи үчүн 110 кВ/125 000 кВА трансформатор алынган. Учурда трансформатор орнотулуп, ушул жылдын сентябрь айында ишке берүү үчүн даярдыктар жүрүүдө;
- Токтогул ГЭСи, Күрпсай ГЭСи жана Бишкек ЖЭЦи үчүн аккумулятор батареялары (учурда орнотулган);
- ГЭС жана ЖЭЦ үчүн 110-500 кВт трансформаторлор (монтаждоо иштери жүрүп жатат);
- Токтогул ГЭСинин каскады жана жаңы курулуп жаткан ГЭС-тердин ишканасы үчүн жогорку вольттуу көчмө лабораториялар (учурда ишке берилген).
2013-жылы Токтогул ГЭСин заманбап талаптарга ылайык жаңылоо максатында Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан берилген 49,6млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя иштетиле баштады: мурдагы электромеханикалык жабдуулар, 500 кВ кабелдер, генератордук өчүргүчтөрдүн (выключателдердин) козгоочу тутумдары (системы возбуждения), жөнгө салуучу тутумдары алмаштырылды, аны менен бирдикте эле генератордун статорунун оромдору жаңы алынууда.
Бүгүнкү күндө АӨБ Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун арттыруу максатында негизги жабдууларды жаңылоо жана реконструкция-лоо үчүн экинчи траншты берүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Швейцариялык жана Кыргыз өкмөттөрү ортосунда "Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо" (экинчи этап) долбоорун каржылоо үчүн 19,8 млн швейцариялык франк түрүндөгү финансылык жардамды берүү боюнча келишим түзүлгөн. Бул долбоорго ылайык электр станциясынын негизги жабдуулары жаңыртылат. "Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо" долбоорунун биринчи этабы 2007-2008-жылдары суммасы 2,2 млн швейцариялык франкка ишке ашырылган.
Алдыдагы жылытуу сезонунда республиканын бардык керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылуу үчүн биздин ишкана жана филиалдарыбыздын эмгек жамааты тарабынан бардык зарыл иш-чаралар аткарылууда.

"Барометр": Чыгымдарды азайтып, акча каражатынын тартыштыгын төмөндөтүү максатында кандай чаралар көрүлүүдө?
С.А. Авазов: Бишкек шаарынын ЖЭЦиндеги сегиз кичи казан агрегаттары жергиликтүү кара-кече таш көмүрүн жагууга ылайыкташтырылып которулган жана кайра жабдылган. Мунун натыйжасында сырттан ташылып келген көмүрлөргө болгон көз карандылыгыбыз жана газ, мазут сыяктуу отундарга кеткен чыгымдарыбыз да азаят.
Бишкек ЖЭЦинде жергиликтүү көмүрдү жагуунун көлөмү 2009-жылкы 50,0 миң тоннадан 2013-жылы 400,0 миң тоннага чейин акырындап отуруп өстү. Газ жана мазутту азыраак пайдалануудан улам үнөмдөлгөн акча 2013-жылдын 1-жарым жылдыгына карата 304,0 млн сомду түздү. Экинчи жарым жылдыкта үнөмдөлө турган акча болжол менен 165, млн сомду түзүшү мүмкүн.
Өткөн жылкы жылытуу сезонунда баасы 304,5 млн сомго барабар болгон 14,5 миң тонна мазут үнөмдөлүп калган.
В 2013-жылы акционердик коом импорттук мазутту сатып алуудан баш тартып, керектүү көлөмдөгү 30,0 миң тонна мазутту бүт бойдон "Кыргызнефтегаз" ААКтан сатып алган. Ортодогу баа айырмасынан улам бир жылда 60,0 млн сом үнөмдөлгөн.
Негизги жабдуулардын капиталдык жана орто деңгээлдеги оңдоп-түзөө иштери мурда атайын келишимдин негизинде адистешкен уюмдар тарабынан аткарылып келген болсо, эми ремонт иштери станциялардын оңдоп-түзөөчү персоналынын күчү аркылуу чарбалык жол менен аткарылып жатат. Мунун аркасында болжол менен 50-60 млн сом үнөмдөлүп калууда.
Материалдык запастарды натыйжалуу иштетүү жана "Электр станциялары" ААКтын бюджетинин тартыштыгын азайтуу максатында ишкананын кампаларындагы материалдык буюм-тайым запастарын инвентарлоо жана катталган мүлктү оптималдуу пайдалануу боюнча иштер аткарылып жатат.

Ишкана жабдууларды, запас-тык бөлүктөрдү жана башка материалдарды кайсы бир заводдон сатып алып жатканда ошол завод менен милдеттүү түрдө түздөн-түз ортомчул компанияларсыз келишим түзүүдө. Мунун натыйжасында сапаттуу материал бир кыйла арзан баада алынат.
Үстүбүздөгү жылы суу аз болгондугунан улам Казакстанга сатылуучу электр энергиясынын көлөмү 500 млн кВт/саатка чейин чектелип, 1 кВт\саат энергиянын баасы 2012-жылкы 2,8 центтен 4 центке чейин көтөрүлгөн. Баадагы 1,2 цент айырмадан эле 300 млн сом кошумча каражат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Экспорттон түшкөн бардык каражат банкка топтолуп, негизинен ЖЭЦке отун алуу үчүн жергиликтүү компанияларга төлөөгө жана кыштын камылгасына байланышкан башка чыгымдарга жумшалат.
"Барометр": Генерация-лоочу кубаттуулуктарды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө айтып берсеңиз.
С.А. Авазов: Бүгүнкү күндө кыргыз энергетика тутумундагы генерациялоочу кубаттуулук 3746 МВт түзөт, бирок технологиялык шарттар боюнча алганда анын 3270 МВт гана станциянын ишин үзгүлтүксүз камсыз кылып турууга даяр.
2012-жылы республиканын бардык электр станциялары биригип 14,99 млрд кВт/саат электр энергия-сын өндүрүп, анын ичинен 13,48 млрд кВт/саат республика ичинде керектелсе, 1,5 млрд кВт/саат коңшу өлкөлөргө экспорттолгон.
Электр энергиясынын өндүрүлгөндүгү жана керектелгендиги боюнча маалыматтарды талдоого алганда 1991-2012-жылдар аралыгында республикада электр-ди керектөө жыл сайын 1,5%га, ал эми кубаттуулук 2,0%га өсүп жаткандыгы белгилүү болгон.
Улам өсүп жаткан керектөөнү жабуу жана кубаттуулук менен электр энергиясынын ортосундагы тартыштыкты болтурбоо максатында "Электр станциялары" ААК 2030-жылга чейин жаңы электр станциялардын курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыра баштады.
Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында Орусия Федерациясынын каржылоосу менен ишке ашырыла баштаган долбоорлор кеңири чагылдырылып жатат. Алар - ГЭСтин Жогорку Нарын каскады жана Камбарата ГЭС-1. Бул объектилерди куруу боюнча келишимге Орусия жана Кыргызстан өкмөттөрү 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюшкан.
Нарын дарыясынын жогорку жагына болжолдонгон долбоордун алкагында жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт болуп, 942 млн кВт/саат чейинки электр энергиясын өндүрө турган 4 ГЭС курулат (Акбулуң, Нарын -1,2,3). Курулуштун мөөнөтү 2014-2019-жылдарды камтыйт, бирок 2016-жылдан тартып ишке киргизиле баштайт. Бул долбоор "РусГидро" ААК (РФ) менен бирдикте ишке ашырылмакчы.
Жогорку Нарын каскады боюнча долбоор ишке ашырыла баштады. Нарын районунун Таш-Башат айылында куруучулардын базасынын жана шаарчасынын курулуш иштери башталды. Учурда жабдуулар сатылып алына баштап, өндүрүш базасынын объектилеринде пландоо жана жер казуу жумуштары да жасала баштады.
Курулушка жумушчулардын негизги бөлүгү жергиликтүү калк-тан алынат. Курулуштун кызып турган маалында жумушчулардын саны 2000 адамга чейин жетиши мүмкүн.
Мунун аркасында жергиликтүү калк ичиндеги жумушсуздук маселеси чечилип, элдин материалдык абалы оңолуп, куруучу кадр- лардын кесиптик деңгээли да өсөт. Аймактын инфраструктурасы да кыйла жакшырат: жолдор оңдолот, курулуш материалдары чыгарыла баштайт, коомдук тамактануу жайлары, байланыш жана коммуникация өнүгөт. Курулуштун башталышы экономикага мультипликациялык оң таасирин берет.
Ишке ашуусу күмөн туудурбаган дагы бир долбоор Камбарата ГЭС-1 . Бул ГЭСтин болжолдуу техникалык мүнөздөмөсү төмөнкүчө: белгиленген кубаттуулугу 1900 МВт, 5,1 млрд кВт/саат ашык электр энергиясын өндүрөт. Курулуштун мөөнөтү 2016-2022-жылдарды камтыйт. 2019-жылдан тартып ишке бериле баштайт. Бул долбоор "Интер РАО ЕЭС" ААК менен биргеликте ишке ашырылмакчы (РФ).
Азыркы тапта SNC Lavalin аттуу канадалык компания тарабынан курулуштун техникалык-экономикалык негизине даярдыктар көрүлүп жатат (ТЭН). Курулуш аймагында чалгындоо иштери жүрүүчү жерлерге жолдор салынып, ТЭНди иштеп чыгуу үчүн материалдарды топтоодо зарыл боло турган бургулоо жана геофизикалык жумуштар аз-аздан жасала баштады.
2010-жылы Камбарата ГЭС-2 нин биринчи агрегаты ишке берилгени баарыбызга маалым. Бул долбоор "Электр станциялары" ААКтын өз күчү жана каражаты менен ишке ашырылган алгачкы ири энергетикалык долбоор болуп саналат. Кийинчерээк 2015-жылдарга карата Камбарата ГЭС-2нин 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи гидроагрегатын ишке берүү мерчемделүүдө. Бул убакта "Датка-Кеминдин" 500 кВ электр чубалгылары да ишке берилип калат. Натыйжада жылына 1,05 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп калат.
Нарын дарыясында жана анын куймаларында башка долбоорлорду ишке ашыруу да каралып жатат.
Жаңы объектилердин курулушу менен биргеликте учурда иштеп жаткан объектилерди реконструкциялоо да мерчемделип жатат: Бишrек ЖЭЦи, Үч-Коргон ГЭСи, Ат-Башы ГЭСи. Бул долбоорлордун алкагында өндүрүмдүүлүгү жогору болгон заманбап жабдуулар орнотула тургандыктан жогоруда аты аталган станциялардын реконструкциясы электр энергиясын мурдагыдан да көбүрөөк өндүрүүгө шарт түзөт.
Реконструкция ишиндеги эң ири долбоор болуп Бишкек ЖЭЦиндеги 1961-жылдан бери иштетилип келе жаткан жабдууну заманбап талаптарга ылайык жаңылоо саналат. Учурда ТВЕА аталышындагы кытай компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Курулуштун биринчи жана экинчи кезегиндеги 1960-1970-жылдардан бери иштетилип келе жаткан негизги жабдууну алмаштыруу жана кайра монтаждоо каралган, аны менен биргеликте 5 казаны пайдалануудан чыгарылган 8 казандын, экөөсү пайдалануу мөөнөтүн өтөп бүткөн 4 турбоагрегаттын ордуна ар бири 150 МВт заманбап 2 турбогенератор жана ар биринин буу өндүрүүсү саатына 550 тоннаны түзгөн 2 казан агрегаты орнотулат. Реконструкциядан кийин энергетикалык кубаттуулук 666 МВттан 791 Мвтка чейин жогорулап, ал эми жылуулуктун кубаттуулугу 1224,7 Гкал/саат жетет. Муну менен биргеликте станциянын экономикалык көрсөткүчтөрү да жакшырат. Жаңы энергетикалык блокторду ишке киргизгенде шарттуу отундун 1 кВт/саат энергияны өндүрүүгө кеткен салыштырмалуу чыгымы 425 граммдан 330 граммга чейин азаят. Жылына 600 миң тонна көлөмүндө кара-кече көмүрү пайдаланылып, ал 1,8 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат. Мындай шартта өндүрүлгөн 1 кВт/саат электр энергиясынын болжолдуу наркы 1,8 сомду түзүп, 2012-жылкы фактылык наркынан 22% аз болот. Ал эми 1 Гкал жылуу-лук энергиясынын наркы 750 сомду түзүп, 2012-жылдагы фактылык баасынан 8%га арзан болот. Бул жумуштардын бардыгы алдыдагы жылдарда жасалып, биринчи блокту 2015-жылы ишке берүү күтүлүүдө.
1970-жылы ишке берилген Ат-Башы ГЭС инин жабдууларын да түп-тамырынан бери алмаштыруу зарыл. Швейцария өкмөтүнүн каржылык жардамынын аркасында станцияны толук бойдон реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Азыркы тапта реконструкциянын биринчи фазасы аягына чыгып калды: ГЭС жана ОРУнун айрым электр техникалык жабдуулары алмаштырылды. Кезекте гидро агрегаттарды заманбап генераторлорго алмаштыруу иши күтүлүп жатат.
Кыргыз энергетикасынын дагы бир төлбашы -Үч-Коргон ГЭС и 1962-жылы ишке берилген. Бул ГЭС өз техникалык ресурсун толук бойдон өтөп бүткөнүнө карабастан, өлкөгө дагы деле электр энергиясын берип келүүдө. Келечекте бул ГЭСтин кубаттуулугун 180ден 220 Мвтка чейин жогорулатуу максатында генераторлорун заманбап, өндүрүмдүүлүгү жогору болгон генераторлорго алмаштыруу мерчемделген.
"Барометр": "Электр станцияларынын" келечек иштери тууралуу айтсаңыз.
С.А. Авазов: "Электр станциялары" ААК Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо үчүн инвестиция тартуу ишин жүргүзүп келет. Бул маселе боюнча Кореянын, КЭРдин, араб мамлекеттеринин дараметтүү инвесторлору менен сүйлөшүлүп жатат.
Корутундулап айтсак, жогоруда саналып өткөн иш-чаралардын бардыгы ишке ашса, натыйжада биздин энергетикалык тутум 2023-жылга карата 3270 МВттан 5547 Мвтка чейинки генерациялоочу кубаттуулукка ээ болот б.а. учурдагыдан 1,7 эсеге көп кубаттуулукка жетишет. Мындай кубаттуулук менен өлкө ичиндеги керектөөнү толук канаат-тандырып гана тим болбос-тон, электр кубатынын запасына да ээ боло алабыз. Электр кубатынын ашканын кошуна өлкөлөргө экспорттоп, ордуна Кыргызстандын элине жана экономикасына зарыл болгон башка энергетикалык ресурстарды алсак болот.
Республиканын энергетикасы мамлекет жетекчилиги тарабынан чоң колдоого ээ болуп жаткандыгын баса белгилей кетишибиз керек.
Жогоруда саналып өткөн энергетиканы өнүктүрүү боюнча бардык долбоорлор Кыргыз Рес-публикасын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын приоритеттүү программаларынын тизмесине киргизилген. Республиканын өкмөттүк мекемелери, анын ичинде Энергетика жана өнөр жай министрлиги энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында дараметтүү инвесторлорду издеп табуу жана каражат тартуу үчүн чет өлкөлүк уюмдар менен чоң иш алып барып жатат.
"Барометр": Маегиңиз үчүн ырахмат.



Пикир: