футбол
футболчу кыздар
коло байгеден куру калды
Футболдон Кыргызстандын кыз-келиндер тандалма командасы 10-августтан бери Польшанын Познани шаарында өтүп жаткан көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатына катышып, адистердин көңүлүн бурууда. Өз тобунда экинчи орунду ээлеп, жарым финалга чыккан. Алар 5 оюндун үчөөнү жеңип алышкан. Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы көчө футболу боюнча Польшаны, Англияны утканда сүйүнгөн элек. 14-августта Болгариянын футболчу кыздары менен негизги убакытта 4:4 эсебинде тең чыгып, оюндун тагдыры жекеме-жеке топ тебүү менен чечилди. Жыйынтыгында кыргызстандык кыздар бир топту жаза тээп, жеңиш болгариялыктарга ооп кетти. Кийинки беттешүү Кыргызстан менен Швеция кыз-келиндер командалары ортосунда болду. Мында 10:0 эсебинде кыргызстандык футболчу кыздар шведдерди жайдак кылып, жеңип алды.
Кыргызстан биринчи оюнда Польша менен беттешип, аны 8:3 эсеби менен жеңип алган. Тилекке каршы, экинчи беттешүүдө мексикалыктарга 15:3 эсебинде утулуп калган. Бирок, үчүнчү оюнда футболдун мекени аталган Англиянын кыз-келиндер командасын 13:2 эсебинде утуп алган эле.
18-августта коло медаль үчүн Венгриянын футболчу кыздары менен беттешип, 11:5 эсебинде утулуп, 4-орунга илинди.Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады. Финалга Мексика менен Чили өлкөлөрүнүн кыз-келиндер командалары чыгып, 4:1 эсебинде мексикалыктар былтыркы чемпиондук наамын сактап калышты. Былтыр Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз-келиндер командасы 5-орунду ээлеген. Ушинтип, жылыга бир тепкичтен өйдөлөй берсе, эмдиги жылы коло медаль тагынып, кийинки жылдары алтын, күмүш байгелерге талапкер болушаар. Жигиттердин колунан эч нерсе келбей жатканда, жок дегенде футболчу кыздар Кыргызстанды дүйнөгө таанытканына шүгүр дейли.





бокс
мушкерлер - чеченстанда
15-августта Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы орусиялыктар менен бирге машыгуу өткөрүү жана эл аралык турнирге катышуу үчүн Грозныйга жөнөп кетти. Алардын катарында жакында эле Азия чемпиону болгон Азат Үсөналиев жана башкалар бар. Бул тууралуу улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди.
Кыргызстандык мушкерлер Чеченстандын борборунда 2 жума болушат. Алар машыгуу менен бирге Чеченстандын биринчи президенти Ахмат Кадыровду эскерүү эл аралык турнирине да катышмакчы. Аталган мелдешке 23 мамлекеттин өкүлдөрү чакырылган. Бул машыгуулар октябрда Алматыда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдыктын бир этабы болмокчу.




өлкө кубогунун жарым финалы - "Дордой" алдыда
17-августта Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстан-2013 кубогу үчүн жарым финалдык оюну болду. Мында өлкөнүн 8 жолку чемпиону жана 2012-жылдын кубогунун ээси "Дордой" Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен беттешти. Анда "дордойчулар" талаа ээлерин 2:1 эсебинде утуп алды. Эки топту тең "Кара кыргыз" атыккан ганалык Дэвид Тетте киргизди. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө канттык чабуулчу Азиз Сыдыков жооп иретинде бир топту таамай тепти. Бул тууралуу федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди.
18-августта экинчи жарым финалда Бишкектин "Алга" командасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Оштун "Алай" командасы менен ойноп, 2:1 эсебинде оштук футболчулар жеңишке жетти. Биринчи таймдын 28 мүнөтүндө оштук чабуулчу Айбек Орозалиев эсепти ачты. 35-мүнөттө бурчтан берилген топту "Алга" командасынын чабуулчусу Ильяз Алимов башы менен сүзүп киргизип, эсепти теңдеди. Экинчи таймда "алгалыктар" бир нече жолу чабуулга өтүп, натыйжасы болбоду. "Алайдын" чабуулчусу киргизген экинчи топ, 2:1 эсебинде оштук футболчуларга жеңиш тартуулады.
Жооп иретинде 24-августта Бишкекте "Дордой" клубу "Абдыш-Ата" менен беттешсе, 25-августта "Алай" Ошто "Алга" менен күч сынашат.
Өлкө кубогу үчүн жарым финалга Бишкектин "Алга","Дордой" , Канттын "Абдыш-Ата" жана Оштун "Алай" командалары чыккан. Өлкө кубогунун финалы 31-августта Эгемендик күнү болмокчу.




грек-рим жана эркин күрөш
азаматсың, Айсулуу!
18-августта Болгарияда жаштар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. 15-августта килем үстүндө кыздар эркин күрөш боюнча күч сынашты. 59 кило салмакта өлкө намысын жаштар арасында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова коргоп, биринчи атаандашы канадалык Брекстон Рей Стоунга 4:3 эсебинде бир упай айырма менен утулуп калды. Айсулуу канадалык кызды утуп жаткан, тобокелге салып дагы бир ирет ыкма жасайм деп, жаңылыштык кетирип, анын каталыгын атаандашы учурунда пайдаланып, бир упай айырма менен утуп кетти. Акыры канадалык балбан кыз финалга чыкса деп тилеп турдук. Ошондо гана Айсулууга коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылмак. Чейрек финалда Рей Стоун орусиялык Анжела Фоменкону утуп, жарым финалга чыкты. Ал финалга чыгуу үчүн германиялык Луиса Хельд Герда Неймеч менен күрөшүп, баш байгеге талапкердин бири болуп, биздин Айсулууга оңдой берди болду.
Ошентип, канадалык Брекстон Рей Стоун финалга чыккандыктан Айсулуу Тыныбековага коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылды. Орусиялык Анжела Фоменкону Айсулуу утуп, үчүнчү орун үчүн германиялык Луиса Хельд Неймеч менен күрөштү. Жыйынтыгында Айсулуу атаандашын зор артыкчылык менен утуп, Кыргызстандын тарыхында алгач ирет кыздардан дүйнө чемпионатынын коло медалын жеңип алды. Мындай ийгиликке кыргыз балбан кыздарынан бирөө да жеткен эмес. Азаматсың, Айсулуу, кыз болсоң да чыгаан балбан катары кыргыз өңүн, тааныта бер!




"БАРОМЕТР"
кызматташууга чакырат!
"БАРОМЕТР" - маданий, коомдук-саясый гезит, кыргыз тилинде жума сайын чыгат.
Сандары 24 беттен негизинен түстүү чыгуучу "БАРОМЕТР" коомдук-саясый гезити "Барометрдин" жарнамасы" деген ат менен жарнамаларды, жарыяларды, кулактандырууларды, билдирүү, билдирмелерди жарыялап турмакчыбыз.
Биздин жарнама - сиздин това­рыңыздын жана көрсөтүп жаткан кыз­матыңыздын өтүшүнө, акчаңыздын көбөйүшүнө, атыңыздын аттын кашкасындай таанылышына, барып-келип, кадыр-баркыңыздын жогорулашына жардам берет. Тиражы республиканын көп региондоруна таратылган гезиттин жарнамалары негизинен түстүү беттерге жарыяланып, жарнама берүүчү үчүн башка гезиттердикине салыштырмалуу абдан арзан - 1 бет (полоса) 10 (он) миң сом! Буга кошумча бонус белгиленет - ал жарнама "Барометрдин" кийинки үч санына акысыз жайгаштырылат! Жыйын-тыгында 1 эле жарнама 1 (бир) айда 4 жолу жарыяланат!
Төмөндө жарнама-маалымат материалдарын жарыялоонун шарттары (Келишимдин үзүндүсү) менен сиздерди тааныштырууну ылайык таптык.

"Барометрдин" жарнамасы
(Келишимден үзүндү)
Аткаруучу б.а. гезит редакциясы Тапшырыкчынын (Заказчынын) тапшырмасы боюнча төмөнкү кызматтарды көрсөтүү милдетин өзүнө алат:
1. Тапшырыкчыдан Техникалык тапшырмалар келип түшкөнүнө жараша "Барометр" гезитинен (мындан ары - гезит) Тапшырыкчынын жарнама-маалыматтык материалдарын (мындан ары - ЖММ) жарыялоого орун (мындан ары - Орун) бөлүп берет.
2. Ушул Келишимде каралган шарттарга ылайык Тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча өз ресурстарынын жана өз каражаттарынын эсебинен фото, тексттик материалдар жана ЖММнын макетинин түп нускасын (мындан ары - материалдар) жасайт, ал эми Тапшырыкчы жасалган ишти кабыл алат жана төлөп берет.
3. 1. жана 2. пункттарында көрсө­түлгөн кызматтар мындан ары тейлөө­лөр деп аталат.
4. Техникалык тапшырманын формасы ушул Келишимдин 1-тиркемесинде бекитилет.
5. ЖММны гезитке жайгаштыруу толук бойдон Тапшырыкчынын Техникалык тапшырмасына ылайык жүргүзүлөт. Техникалык тапшырмадан четтөөгө жол берилбейт.
6. ЖММны гезитке жарыялоодо Тараптар ЖММнын макетин сөзсүз түрдө макулдашат. Асыресе, гезитке жарыяланган ЖММ алардын макулдашылган макеттерине ( текст, схемалар, фото, сүрөттөр, түстөр-боёктор ж. у. с.) туура келүүгө тийиш.
Тейлөө көрсөтүү тууралуу келишимге ЖММны жарыялоого Техникалык тапшырма:
1. Аткаруучу ушул Техникалык тапшырмага так ылайык кызмат көрсөтүү милдетин алат.
* Зарылчылыкка жараша бул бөлүмдө схема, сүрөт, логотип ж.б. так варианты (гезитке кандай жайгаштырылса, ошондой) көр­сөтүлөт.







Пикир: