"лагуна сити"
Сиздин жашооңуздун ар бир күнү сыйкырдуу жомокко айланат
"Лагуна Сити" - бул шаар четинде жайгашкан кыймылсыз мүлк рыногундагы эксклюзивдүү долбоор. Анын абдан уникалдуу жетишкендиктеринин бири - бул заманбап коттежде ыңгайлуу жашоо шарттарынын ажайып кооз жаратылыш менен айкалышкандыгы.
"Лагуна Ситинин" жайгашкан орду сейрек кездешчү жаратылыш жана экология өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Жылдын жылуу мезгилинде бүт аймакты жашыл чөп, өсүмдүк каптап, долбоордун көркүн ачып турат. Кыш мезгили сыйкырдуу жомок сыңары. Жааган кар кышы бою эрибейт. Ысык-Көлдө мындай кыш түндүк жээктин ушул жагында гана болот. Өзүңүздүн бош убактыңызды кар унааларын айдап жана коньки тээп, же болбосо жөн гана карда ойноп, өткөрсөңүз болот.
Коттеж айылдын 2 бөлүктөн турганы бул долбоордун негизги өзгөчөлүгү болуп саналат.
"Лагуна Ситинин" аймагынын негизги бөлүгүндө 6 таунхаус жана 20 элиталык коттедж жайгашкан. Ар бири жашоого ынгайлуу шарт түзүүчү жылытуу жана телекоммуникациялык тутумдар менен жабдылган.
Алдынкы фирмалардын жасалга материалдарын, аллюминий терезелерин, жумшак төшөнчүктү пайдалануу - булардын баары эл аралык деңгээлдеги эстетикалык жана функциялык дизайн сапатына төп келет.
Жашоочуларга тейлөөнүн кеңири спектри сунушталат.
Бул бөлүктө жайгашкан бассейн жана саунасы бар көңүл ачуучу спорт комплекси Сизге толугу менен чөмүлүп, эс алууга жардам берет.
Айылдын аймагында балдар үчүн салынган көп бас-кычтуу атайын балдар аянтчасы жайгашкан.
Аталган комплексте орун алган кафе, ресторандарда жөн гана тамактанбастан, романтикалуу өзгөчө кечти өткөрсөңүз болот.
Айылдын экинчи бөлүгүндө көңүл ачуу спорт комплекси жайгашкан: футбол аянты, баскетбол жана волейбол үчүн спорт аянты, теннис корту жана, албетте, кереметтүү кумдуу пляж. Суу - "Лагуна Ситинин" визиттик картасы жана айылдын жашоосунун эң кооз бөлүгү.

Семенов капчыгайы
Капчыгай саякаты Сизди кайдыгер калтырбайт. Бул жерде жаратылыш көркү күнү бүгүнкүдөй сакталып калган. Токой каптаган капчыгай Сизди жарлуу рельефтери менен суктандырат. Таза, тунук суусу бар тоо дарыясы капчыгайдан агып өтөт.


Балык улоо
Элиталык айылдын аймагында кереметтүү көлмө орун алган. Бул жерден Сиз форель, сига, пелядь балыктарын кармай аласыз. Сиз балык улоо шаймандарын ижарага жыл бою алсаңыз болот.


аңчылык
Аңчылык - эң кызыктуу иш. Жакын жерде жайгашкан капчыгайда Сиз кумарлуу аң уулоодон (канаттууларга, бугуга, каманга) ырахат аласыз.


Лыжа базасы
"Лагуна Ситинин" ийгиликтүү жайгашуусу Сиздин аз убакыт аралыгында Ысык-Көлдүн эң сонун тоо лыжалар базасына (Семён, Каракол) жетүүңүзгө ыңгайлуу. Карлуу чокуларды сүйүүчүлөрдү тоонун таза абасы, кереметтүү жаратылыш кайдыгер калтырбайт.


Ат клубу
"Лагуна Сити" Сизге кооз жерлерди ат үстүндө кыдыруу саякатын сунуштайт. Тажрыйбалуу инструктор Сизди атка минип, бастырууну үйрөтөт.


Элиталык айылдын негизги бөлүктөрүн долбоордун каймагы аталган, колдонуудагы cуу бириктирип турат:
- Бир убакта 100 катер жана яхта токтотууга мүмкүнчүлүгү бар жээктеги орнотмолор;
- Бул жерде эс алууга жана суудагы спорт: кеме швертботтор, калактуу кайыктар үчүн жеңил суу унаасын жайгаштыруучу аянтчалар;
- Суу унаасын түшүрүү жана көтөрүү, оңдоо иштерин аткаруу, катерлер менен яхталарды оңдоо, тазалоо, жуу жана техникалык жактан тейлөө үчүн каралган жайлар;
- Катерлер менен яхталардын кышында токтотуучу жайларына жылуу эллинг; эллингде үзгүлтүксүз берилген мээлүүн температура кымбат баалуу яхталарды муздак абанын зыянынан сактайт;
- Суудагы спорт жана эс алуу үчүн суу унаасын ижарага сунуштоо;
- Аквабайка, виндсерф, калак кайыктары, кеме швертботтору, суу лыжалары.

Сизди кызыктырган суроолор болсо, төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,
Семетей көч., 31 А.
Тел.: 0709 75-77-75; 0772 55-57-04
Электрондук дарек: www.laguna-city.com







Пикир: