Азия чемпиону - Канатбек Бегалиев
Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Канатбек Бегалиев учурда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын тандалма командасынын башкы машыктыруучусу катары жигердүү иштеп жатат. Анын спорттогу жеңиштери, ийгиликтери жаштарга үлгү. Мындай ийгиликтер - көп жылдык талыкпаган машыгуулардын, мээнеттин үзүрү. Спорттук баяндамачы катары Канатбек менен көп ирет баарлаштым. Анын эмгекчилдигин, өжөрлүгүн, намыска бекемдигин, кайрат-күчүн, бийиктиктерге жетсе дагы "жылдыз" оорусу менен оорубай, жөнөкөй жүргөнүн, адамкерчиликтүү, кичи пейил сапаттарын байкап, баа бердим. Айрыкча 2008-жылы Кытайдын борбору Бээжинде олимпиада оюндарында калыстар көз көрүнөө эле Канатбекти басынтып, женишти француз балбанына ыйгарып койгондо, мен дагы капа болгом. Ошондой кырдаалда өзүн кармап, ачууга жеңдирбеген Канатбекке бир чети таңкалгам. Бир чети кичинекей Кыргызстанды басынтып койгон калыстарга, мындай көрүнүштөргө көз жуумп койгон Эл аралык күрөш федерациясынын жетекчилерине нааразы болгом. Ошондой болсо да мурдагы Совет доорундагыларды эсепке албаганда эгемен Кыргызстанга алгачкы күмүш медалды утуп берген Канатбек Бегалиев экени - факт.

Даңазалуу Төлөш балбандын небереси Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Грек-рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршакеев үйрөткөн. Чоң спорттун эшигин ачып, бийиктиктерге жетелеген устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов. Канат өлкөнүн биринчилигин бир нече ирет жеңип алууга жетишкен. 2001-жылы уландар арасында Азия чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган.
2007-жылы Бишкек шаарында өткон грек-рим күрөшү боюнча ХХ Азия биринчилигинде 66 кг салмактагылардын ичинде алтын байгенин ээси болгон. 2006-жылы Кытай Эл Республикасынын Гуанжоу шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 66 кг салмактагылардын арасында күмүш байгенин ээси. 2003-жылы Индиянын борбору Нью-Дели шаа-рында өткөн чондор арасындагы Азия биринчилигинде коло байгени жеңип алган. 2002-жылы Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн жаштар арасындагы Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси, 2001-жылы Ирандын Тегеран шаарында болуп өткөн Азия биринчилигинин алтын медалынын, 2000-жылы дагы Иран мамлекетинин Хамадан шаарында өткөн өспүрүмдөр арасында Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси болгон. Бул Канатбектин айрым гана олуттуу мелдештердеги ийгиликтеринин тизмеси. Баарын айта берсек, гезит бети түтчүдөй эмес. 2004-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. 2004-жылы Ташкентте өткөн Гран-при эл аралык турниринде экинчи орунду камсыз кылуу менен Афина олимпиадасына жолдомо алган. 2004-жылы Афина олимпиадасында намыс талашып дүйнөдөгү эң атактуу балбандарга каршы туруп 8-орунга жетип, дүйнөнүн 10 мыкты балбанынын катарына кошулган. Ошол Афина олимпиадасында жаштык кылып койгону байкалып, кийинки Бээжин олимпиадасына мыкты даярдануу зарылдыгын түшүнүп, олимпиадалык таймаштардын кандай курч мүнөздө болоорун жон териси менен сезип, билген.
Кыргызстанга дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утуп берген Канатбек Бегалиев Монголияда өткөн студенттердин дүйнөлүк чемпионатында коло байгенин ээси болгон. 2006-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган.
...2008-жылдагы Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшүндө 205 өлкөнүн спортчулары күч сынашты. Мында кыргызстандык балбан, Азия чемпиону К. Бегалиев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Ал таймашууларга Кыргызстандан 20 спортчу катышса, грек-рим күрөшүнөн 2 жигит, эркин күрөштөн 3 балбан мөрөй талашкан эле. Балким, бардык 7 салмак боюнча балбандар жолдомо алышканда дагы бир-экөө байгеге илинип калышы мүмкүн эле дешет спорт адистери.
Бээжиндеги олимпиадада грек-рим жана эркин күрөшүнүн таймашуулары курч мүнөздө өтүп жатты. Айрыкча грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Руслан Түмөнбаев коло медаль утуп, байгенин жолу ачылды. Эми Канатбек олимпиада чемпиону болуп, алтын медаль тагынса деп тилек кылдык. Бээжинде 66 кг салмакта Азия чемпиону, кыргызстандык балбан Канат Бегалиев эң күчтүү атаандаштарын, дүйнөнү дүңгүрөткөн балбандарды - Европа чемпиону, дүйнө Кубогунун коло байге ээси, укрианалык Армен Варданянды, дүйнө чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону, болгария-лык Николай Греговду артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн талапкер болгондо ага ишенип турдук. 66 кг салмактагы олимпиада чемпионунун алтын байгеси үчүн финалдык беттешүүдө К. Бегалиев Дүйнө кубогунун күмүш байге ээси, франциялык балбан Стив Гинье менен күрөшүп, биринчи бөлүктө чучукулак атаандашына түшүп, бир упай менен алдырып койду. Экинчи бөлүктө Канатбек атаандашын так көтөрүп, килемдин четине келиштире чапканда, калыс-тар килемден чыгып кетти деген шылтоо менен Канатбекке 2 упайды ыйгарбай коюшту. Андан кийин калыстар атайын чучукулакты французга түшүрүп, артыкчылыкты ага оодарышты. Ошентип, Бээжиндеги олимпиадалык таймашта калыстар калыстыктан тайып, Канатбектин 2 упайын эсепке албай, жеңишти атаандашына ыйгарышкан. Ошондо экинчи бөлүктө маселе калыстык менен чечилгенде, таймашуу уланып, үчүнчү бөлүктө ким чыныгы чемпион экени айдан ачык болуп калмак. Анда Канатбек сөзсүз жеңип, олимпиада чемпиону болмок. Себеби, Канатбек табында эле, ал эки бөлүктө тең өзүн сергек сезип, көзү күйүп, жеңишти самап турган эле. Ал эми француздун шайы кете баштаган. Калыстар каратып туруп эле, Канатбекти басынтып, упайларын эсепке албай, Эл аралык күрөш федерациясы коррупцияга батканын айкындап койгон. Андан кийин дагы 2012-жылы Стамбулдагы дүйнө чемпионатында дагы К. Бегалиевди калыстар басынтып, Лондон олимпиадасына жолдомо албай калганын адистер айтып жүрүшөт. Эгерде, Канатбек Лондон олимпиадасына жолдомо алганда, ал сөзсүз олимпиада чемпиону болмок деп ойлойм.
Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча тандалма командага 15 жылдан ашуун башкы машыктыруучу болгон Эмил Алыкуловдун айтымында, шакирти Канатбек Бегалиев кыргыз спорт тарыхындагы алгачкы күмүш медалды утуп бергени эле чоң эрдик.
- Грек-рим күрөшүнөн К. Бегалиев Бээжин олимпиадасынын алгачкы күмүш медалын тагынды. Ал Кыргызстанды даңазалады. Мурда кыргыз спортунун тарыхында 1999-жылы маркум Раатбек Санатбаев гана дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болгон. Бул жолу да Бээжин олимпиадасында калыстардын айынан алтын байгеден куру калдык. Себеби, калыстар колдо турган алтын медалды франциялык балбанга каратып туруп эле негизсиз ыйгарып койду. Канатбек финалга чейин эмне деген гана залкар, атактуу балбандарды жеңди. Ушул француз балбаны менен кийин Стамбулдагы дүйнө чемпионатында беттешип, өткөн намысты кайра алып, Канатбек күчтүү экенин далилдеп, утуп алган эле.
Кыргызстандын күрөшүнүн тарыхында олимпиаданын биринчи күмүш медалы экенин өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын ошол учурдагы президенти Бейшен Абилдаев кубануу менен билдирип, К. Бегалиевдин жеңишке тынымсыз умтулган эрки күчтүү балбан экенин белгилеген эле.
- Грек-рим күрөшүнөн К. Бегалиев Бээжинде олимпиаданын күмүш медалын татыктуу тагынды. Биз аны олимпиада чемпиону деп билебиз. Себеби, калыстардын айынан гана алтын медалдан куру калдык. Ал Кыргызстанды дүйнөгө даңазалап, кыргыз өңүн таанытты. Анын ушул жеңишин өкмөт, спорт жетекчилери татыктуу баалап, көңүлүн өстүрүп, жакшы шарт түзүп берди. Бул жигит Лондон олимпиадасында чемпион болууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Марага келаткан күлүктү сүрөөнгө алгандай, жеңиштин бийик чокусун багындырган балбанды да сүрөп, камкордук көрүү зарыл болчу. Анын жеңишке умтулуусу, максатына жетүү аракети башкаларга үлгү. Бирок Канатбекке кийин жакшы шарт түзүлбөй калган сыяктуу. Себеби, Стамбулдагы, Астана, Кытайдагы мелдештерде Лондон олимпиадасына жолдомо албай калды. Ал учурда ден соолугун калыбына келтирүүгө шарт болбой калган сыяктуу сезилди мага.
Канатбектин апасы Батма Бегалиева алгач уулунун күрөшкө барышына каршы болгонун эскерип, Кыргыз улуттук университетинде экономика факультетин бүткөнүн айтып, анын талантын байкап, бийиктиктерге жетүүсүнө салым кошкон машыктыруучусу Майрамбек Ахметовго ыраазычылык билдирди:
- Мындай жигиттер көчө таптап, оюн-күлкү менен жүрүшсө, балам күндө 2 маал машыгып, баарынан кечип жүрдү. Алгач күрөшкө баруусуна каршы болуп, "мал баксын, отун алып, бизге жардам берсин" деген элем. Атасы менен машыктыруучусу Майрамбек Ахметов суранып жатып, Бишкектеги спорт окуу жайына алып кетишкен. Ошондо көгөрүп туруп алсам, баламдын багын байлап коймок экемин. Азыр уулумдун ийгиликтерине жетине албай сүйүнүп жүрөм. Кудайга шүгүр 4 уул, 2 кызыбыз бар, Канатбек - төртүнчүсү. Университеттеги окуусуна да, спортко да жетишип, кыргыздын намысына жарап берди.
Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиевди спорт коомчулугу ийгилиги менен куттуктап, ошол учурдагы өлкө жетекчилери 100 миң доллар жана "Мицубисси" үлгүсүндөгү жип автомашинасын тартуулаган эле.
Канатбектин чоң атасы Борбор Азияга таанымал балбан болгон, эки бир тууганы да спорт чебери. Атасы Кубат дагы учурунда кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону болгон.
Канатбек Бегалиевдин 2008-жылы Бээжин олимпиадасында күмүш медаль утканын кыргызстандык күйөрмандарга алгачкылардан болуп сүйүнчүлөп, "Азаттык" радиосу аркылуу Кытайдан түз репортаж берген элем. Бул - тарыхый окуя. Ошол репортаждын кыскача мазмуну менен тааныштыра кетели.
"Азаттык": - Канатбек мырза, жеңишиң кут болсун! Бээжин олимпиадасынын таймаштары кандай деңгээлде өттү?
К. Бегалиев: - Чоң рахмат! Бээжин олимпиадасы өтө жогорку деңгээлде өтүп жатат деп айтып кетсем болот. Мен катышкан мелдешке дүйнөнүн тандалган спортчулары катышты. Чынын айтсам, бул мелдешти, олимпиаданы көптөн күткөм, оюмдагыдай болду деп айтсам болмок, бирок мындан да жакшы болмок окшойт. Анын себептерин өзүңүз деле байкап турдуңуз окшойт.
"Азаттык": - Биринчи таймашты америкалык балбан менен өткөрдүң. Андан кийин атаандаштарың кандай болду?
К. Бегалиев: - Негизи, балбандар топ-топ болуп бөлүнөт. Аябай күчтүү Олимпиаданын, Дүйнөнүн, Европанын чемпиондору менен кармаштым. Менин оюмча, мен жеңишке даяр окшойм. Ошондуктан аларды утуп, финалга чейин жеттим.
"Азаттык": - Килемге төрт жолу чыктың, үчөөндө жеңишке жетиштиң. Атаандаштырыңдын ичинен эң кыйын таймаш ким менен болду?
К. Бегалиев: - Эң кыйын таймаш финалда француз Гинье Стив менен болду. Жарым финалда болгар Николай Грегов менен күрөшүү да татаалыраак болду. Анда көп күч-кубатымды коротуп койдум. Аны таза, артыкчылык менен утуп албасам, финалга чыкпай калмакмын. Себеби, калыстар ар кандай шылтоо издеп, менин жолумду тосууга аракет кылып жатышканын сезип турдум.
"Азаттык": - Финалдык таймашта сенин эки упайыңды эсепке албай коюшту. Эмне себептен? Финалдык таймаш таза өттүбү?
К. Бегалиев: - Финалдык таймашты бардыгыңыздар көрдүңөр. FILA (International Federation of Associated Wrestling Styles) - Эл аралык күрөш сүйүүчүлөрдүн федерациясы) президенти Рафаэль Мартиэнетти (Raphael Martienetti) карап туруп, калыстардын жоругуна көз жуумп койду. Себеби, анын аялы француз, калганы баарына эле түшүнүктүү болуш керек.
Учурда Канатбек - машыктыруучу. Ал башкы устат болгону эл аралык турнирлерден, Азия чемпионаттарынан кыргыз балбандары байгелүү орундарды ээлеп келатат. Канатбекти кумир тутуп, андай ийгиликтерге жетүүнү самаган жаш балбандар арбын.
- Ушул жылдын сентябрь айында Венгриянын борбору Будапештте дүйнө чемпионаты болот. Кыргызстандын тандалма командасын ушул дүйнөлүк таймашууга даярдап, үй бетин көрбөй талаалап жүрөм. Мурда спортчу катары өзүмдүн гана жоопкерчилигим болсо, эми бүтүндөй өлкөнүн, балбандардын жоопкерчилиги менин мойнумда. Кыргызда таланттуу жаштар арбын, аларды тандап, таптап, күлүктөй марага кошуу оңой-олтоң түйшүк эмес. Буюрса, кыргыз жигиттеринен сөзсүз олимпиада, дүйнө чемпиону чыгаарына ишенем, - дейт Канатбек Бегалиев.
К. Бегалиевдин саясатка да аралашып, коомдук иштерге да активдуу катышып, теле конкурс-тарда дагы ырдап, шайыр болуп жүргөнүн жакшы билесиздер. Эки кыздын атасы Канатбек былтыр уулдуу болуп, маңдайы жарыла кубанып турган кези. Баатырдын уулу атасын тартып кыргыздын керегине жараган чыгаан жигиттерден болушун биз да каалайбыз.
Учурда К. Бегалиев үй-бүлөсү менен Бишкекте жашайт. Жеңиштерге балбандарды баштап, үлгү боло бер, Канатбек мырза!
Кабыл МАКЕШОВ,
журналист







Пикир: