өлкөбүздү күзүндө кандай өзгөрүүлөр күтүп турат?

Курманбек Осмонов,
Жогорку Кеңештеги
"Ата-Журт" фракциясынын
депутаты:
1. Ооба, андай толкундоолор болушу мүмкүн. Анткени, күзүндө же эмки жылдын жай айында коомдук абал курчуп кетиши мүмкүн, деп президентибиз деле бир сөзүндө айтпадыбы.
2. Соңку мезгилде коомубузда элдин же кандайдыр бир топтун нааразычылыгын туудурган 4-5 факт пайда болбодубу. Буларга карата нааразычылыктар жаралууда. Мына ошолор күзгү толкундоолорго шылтоо болот го деп ойлойм. Маселен, Батукаевге байланыштуу маселелер коомчулук алдында азыр чечилбей, ачык бойдон турат. Ошондой эле, мародерчулукка байланыштуу иштер, ага депутаттардын байланышы боюнча тергөө иштери аягына чейин чыккан жок. Кумтөргө байланышкан маселелер да окуялардын курчушуна сөзсүз түрдө өз таасирин тийгизет. "Ата-Журттун" төрт депутатынын - Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдордун соттолушу буларга кошумча болот. Мындан сырткары, экс-министр Равшан Сабиров дагы туура эмес соттолду деп атышат.
3. Көз ачыктык кылбайын. Ар кандай натыйжага алып келиши мүмкүн. Коомдогу ар кандай топтордун нааразычылыктары кагылышууга алып келиши мүмкүн. Мындан, албетте, кыргыздар гана утулат.

Тургуналы Арипов,
"Тагай Бий" коомунун
төрагасынын орун басары:
1. Менин оюмча, орчундуу деле толкундоо болбойт. Эгерде кырдаал саясый жактан бышып жетилген болсо, аны чечүү үчүн мамлекет башчы А. Атамбаев өзү ар кандай кадамдарга барат деп ойлойм. Буга чейин эки революция болду, баарыбыз көрдүк. Эгер кырдаал курчуп баратса, президентибиз "тырышып оту-ра бергенде эмне?" деген ойго келип, ордун татыктууларга бошотуп берет деп ишенем. Андыктан, чоң толкундоолорго жетпейт деп ойлойм.
2. Андай толкундоолорго алып барчу олуттуу деле себептер жок. Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү кысым көрсөтүп, толкундоолорго алып барышы мүмкүн. Өкмөттүн ишинин солгундугу, фракциялардын ыркынын бузулушу ошого алып барышы мүмкүн. Ал эми Кумтөр жөнүндө айтсак, бул жерде менчикке байланыштуу эл аралык сотто чечиле турган маселе экен да. Бүгүн биз көтөрүлсөк эле ал баары бир чечилбес-тиги түшүнүктүү болуп жатпайбы. Аны эл деле түшүнүп калды да. Бирок Кумтөр маселесин себеп кылып, бетке кармап, чуу чыгаргандар болушу мүмкүн. Батукаев боюнча да Жогорку Кеңештин депутаттары, Ак үйгө секирип киргендер, бул маселени жогорудагыдай себептер менен көтөрө бериши мүмкүн. Менин оюмча, бизде негизинен тынч эле болушу керек. Өлкөбүздө жүрүп жаткан жакшы иштер деле бар. Андыктан өтө курч абалдын түзүлүшү үчүн бизде олуттуу себептер деле жок деп ойлойм.
3. Өтө оор натыйжаларга алып келет. Биз -жалпы кыргыз эли түшүнбөй жатабыз. Өз алдынча мамлекет болгондон кийин мамлекеттүүлүк кыргызга гана керек. Революцияны кыргыздар гана жасап атпайбы. Башка улуттар жасаган жок. Биз мамлекеттин келечегин ойлобой атабыз. Эгерде мамлекеттин кадыр-баркын түшүнө турган болсо, кыргыз эли революция жасаганды токтотуш керек. Мындай калпыстыктан мамлекетти жоготуп алышыбыз, экиге бөлүнүп калышыбыз толук мүмкүн, ар кандай оор кырдаалдар болушу мүмкүн. Америка, Россия өлкөлөрүнө окшогон алп мамлекеттер кийлигишип атпайбы. Бул жерде ири кызыкчылыктар бар. Кыргыз элибизде биримдик жок, улуттук тарыхыбызды калыптандыра элекпиз. Ушундай кырдаалдан башкалар пайдаланып кетиши толук ыктымал, андыктан бийлик толкундоолорду болтурбай, алдын алып, ар кайсы маселеге олуттуу мамиле жасап, элдин биримдигин сакташы керек.

Топчубек Тургуналиев,
коомдук ишмер:
1. Өлкөдө абал өтө начар. Азыркы бийликтин 70-80%ы биротоло уурулукка, коррупцияга малынып калган. Революция болот, эртеси күнү бийликте кайра эле Акаев, Бакиевдин кишилери калып жатат. Бийликтин бир дагы тармагында таптаза чөйрө жок. Ошондуктан күзүндө бир топ толкундар болот го деп ойлойм. Мисалы, "Кумтөрдүн" айланасындагы проблема ушул күнгө чейин чечиле элек, кадрлар боюнча маселелер дегеле чечилген жок. Эгерде дагы бир жолу элдик революция болбосун десе, анда бийлик башчылары бийликти тазалап, кадрлар тарапта революция жасаш керек. Мен айтып өткөндөй, азыркы бийликтегилердин 70-80%ы жалаң гана шылуундар, өзүнүн чөнтөгүнө иштегендер. Тескерисинче, 60-70% таза адамдар бийликке келип, калгандарын аз-аздан тазаласа, Кыргызстан оңолуп кетер эле. Бул кадр боюнча, башкача айтканда, аң-сезим тараптагы, эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылуу тараптагы революция болот эле. Мекенчил, Кыргызстанды алдыга жылдыралы, өз чөнтөгүнө эмес, эл үчүн, элдин байлыгы үчүн, келечеги үчүн иштеп берели деген эң мыктылар келсе, ошондо гана өлкөбүз оңолот. Башка өлкөлөрдө деле ушундай болгон. Революциянын эртеси күнү эле кайрадан шылуундар, шүмшүктөр бийликке келип, анан кайра дагы революция болуп келген. Бир дагы өлкөдө революциядан кийин, тилекке каршы, таза адамдар келген эмес. Кыргызстанда 90-жылдардын башында, 2005, 2010-жылдарда революция болду. Эл улам эле үмүттөнөт, бирок жеңиш уурдалып, бийликке кайра эле баягы эски шылуундар келип калат.
2. Менин оюмча, эң биринчи коррупция маселеси, "Кумтөр" маселеси, дегеле адилетсиздик Кыргызстанда ушунчалык жайнап кетти. Коррупция таркабаган чөйрө калган жок. Бала бакчалардан баштап, жогорку чөйрөгө чейин коррупция бар. Мындан сырткары, быйыл кышта кар көп болду, жазында, жайында дагы жамгыр көп болду. Азыр Токтогул суу сактагычында суу өтө азайды деп айтып атышат. Суу кантип азаят? Мунун бир эле себеби бар. Мурдагыдай эле бир топ шүмшүктөр сүйлөшүп алып, сууну сатып атса керек. Ошондуктан көйгөйлөр, маселелер өтө көп. Мамлекеттин бардык бийлик тарабында адилетсиздик абдан катуу орун алган. Адилетсиздик, экономика маселелери, анын ичинде, "Кумтөр", дагы башка көптөгөн маселелер бар. Ошолордун бардыгы чогулуп, элдин толкундоосуна алып келиши ыктымал.
3. Толкундоолор болуп, жетекчилер убада берип, аны кайра аткарбай жатпайбы. Мына 2 айдан ашты Ысык-Көлдөгү өкмөт мүчөлөрү чыгып, бир айдын ичинде чечебиз деген. Кана чечилгени? Андан бери эки жарым ай өтүп кетти. Анан, өзгөчө, кадрлар маселесинде айтып атпаймынбы, ушунчалык туура эмес чечимдер көп болуп атат. Революция жөн жерден эле боло бербейт да.

Асия Сасыкбаева,
ЖК төрагасынын орун басары,
"Ата-Мекен"
фракциясынын депутаты:
1. Менин оюмча, чоң деле өзгөрүү болбойт. Анткени баары мыйзам чегинде болуп жатат. "Кумтөр" маселеси Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайык жакшы чечилет деп күтүп жатабыз. Эгерде толкундоо болсо, мыйзам чегинде болот го, бирок мен болот деп деле ойлобойм. Парламенттин депутаттарынын соттолушу боюнча айтсам, бул маселе соттун жогорку инстанциясы тарабынан чечилип атпайбы. Муну эч ким талкуулай албайт. Адамдар талкуулай берет, бирок муну өзгөртүүгө болбойт.
2. Экономика жагынан маселелер болбосо, башка өбөлгө деле жок. Бирок экономика жагында деле жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Анткени, өзүңөр билгендей, "Датка-Кемин" иштетилип жатат, андан башка дагы инвестициялар болууда, жардам деле келип атат. Өзүбүздүн ички маселелерибиз, чек ара боюнча бүгүнкү күндө маселе чечиле элек. Ушул маселени кошуна өлкөлөр менен жакшы сүйлөшүүлөргө барып, чечүүгө аракет кылсак, анда маселе азыраак болот. Бирок ал жерде да иш башталды деп Өкмөттөн кабар берип атышат. Андан тышкары, эгин деле жакшы болуп атат деп айтышууда. Башка маселе деле жок.
3. Негизи прогнозду статистика боюнча же илимий жагынан, аналитика жагынан чыгарыш керек. А бизде ар бирибиз серепчи болуп, жаман прогноздорду жасап атабыз. Анан кайра өзүбүз маселени мыжып отуруп алабыз. Мына ушундай болуп атат да. Журналисттер, серепчилер мына ушундай башташат да, кандайдыр бир жаман нерсени күтүшөт. Тескерисинче, элибизди жакшы нукка салып, жакшы ойду ойлоп, жакшы прогноздорду койсок жакшы болот эле. Биз жаңы эле 20 депутат Кытайга он күндүк иш сапар менен барып келдик. Кытайлыктардын сүйлөгөн сөздөрү, ой-тилектери оң болот. Чындыгында, буд өлкөдө Европага салыштырмалуу көптөгөн жылыштар болуп, аябай өнүктү. Көчөлөрдүн аталыштарын угуп, таң каласыз. Биринчиден, маанайды көтөрүш керек, экинчиден, элди коркутпаш керек. Толкун болсо дагы, болбосо дагы адамдар күтүп, коркуу сезими менен жүрүшөт. Ушакчылардын деңгээлине түшпөй, маданиятты көтөрүш керек. Маданиятты көтөрбөсөк, биз эч качан өнүкпөйбүз.






Пикир: