Спорт
жаңылыктары

жеңил атлетика
Москвада дүйнө чемпионаты өтүүдө
18-августка чейин Москва шаа-рында жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын жарыштары улантылат. Ага 200дөн ашуун өлкөнүн эки миңдей спортчусу катышууда. Мында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргоп жатат. Бул тууралуу жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов билдирди.
10-августта марафондук таймашка Лондон Олимпиадасынын катышуучусу, быйылкы Азия чемпионатында марафондук жарышта коло байге уткан Юлия Андреева катышып, байгелүү орунга илинбей калды. Марафондук 42 км 195 метр жарышта марага кениялык Эдна Киплагат озуп келип, дүйнө чемпионатынын биринчи алтын медалын тагынды.
800 метрге чуркоо боюнча жарыштарга бишкектик Илья Мухин катышып, мыктылар тобуна кирбей калды.
Чемпионатка каалаган эле спортчу катыша албайт, ал үчүн тандоо турнирлеринен атайын талаптарды аткарып, анан жолдомого ээ болуу шарт.
Баш байге фонду 7 млн АКШ долларына барабар. Дүйнөлүк рекордду жаңырткан спортчуга 100 миң доллар сыйлык берилет. Мындан тышкары, биринчи орунга 60 миң доллар, күмүш байгеге 30 миң доллар, коло медалга 20 миң доллар сыйлыктар белгиленген.
Акчалай сыйлыктар 8-орунга чейин берилет. Сегизинчи орун үчүн 4 миң доллар сыйлык бар. Олимпиаданын 6 жолку чемпиону, жамайкалык Усэн Болт бул дүйнө чемпионатында үч алтын медаль утуп алам, деп маалымдаган. Орусия спорт тарыхында биринчи ирет өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты Москвада 10-августта башталды, 18- августта жыйынтыкталат.


шахмат
михаил Марков - дүйнө кубогунда
9-августта кыргызстандык шахматчы Михаил Марков Норвегияга жөнөп кетти. Ал бул өлкөнүн Тромсё шаарында 10-августта баштала турган шахмат боюнча Дүйнө кубогуна катышмакчы. М. Марков мындай укукка Ош шаарында өткөн шахмат боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо мелдешинде ээ болгон. Анда Борбор Азия жана Ооганстан өлкөлөрүнөн 30дан ашык шахматчы катышкан.
Кыргызстандык шахматчы М. Марков дүйнө Кубок үчүн таймашта биринчи атаандашы армениялык Левон Аганян менен беттешип, эки партиядан турган раунддун 1-партиясын уттуруп койду.
Эл аралык шахмат федерациясынын расмий маалыматында, учурда армениялык шахмат оюнчусу дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда турат. Биринчи катарда - норвегиялык Магнус Карлсен.
М. Марков - кыргызстандык шахматчылардын ичинен эркектер арасындагы дүйнөлүк Кубок мелдешине биринчи жолдомону утуп алган алгачкы оюнчу.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк Кубокко эң күчтүү делген 128 шахматчы катышат. Мелдеш Норвегияда 10-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.


грек-рим жана эркин күрөш
Жеңүүчүлөр евразия оюндарына барат
Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде өспүрүмдөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдеш өттү. Бул турнирде жеңип чыккан балбандар сентябрда Алматы шаарында өтө турган уландардын евразиялык оюндарына катышат, - деди федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев.
Эркин күрөштө 11 салмак боюнча эки жүздөй балбандан иргелип, Чыңгыз Майрамбек уулу, Кадыржан Кыргызбаев, Анарбек Сыдыкбеков, Эрмек Садыркулов жана башкалар баш байгенин ээлери болушту.
Грек-рим күрөш мелдешине эки жүздөй жаш балбан катышты. Мында дагы 11 салмак боюнча күч сынашуулар курч мүнөздө өтүп, мыктылар иргелди. Баш байгени Абдыалишер Жеңишбек уулу, Бексултан Макешов, Акжол Махмудов, Нурбол Абдыбеков жана башкалар жеңип, уландардын Алматыда өтө турган Евразия оюндарына жолдомо алышты.
Кырктай кыз балбан эркин күрөш таймаштарына катышты. 9 салмак боюнча мыктылар иргелип, алар дагы Евразия оюндарына барууга укук алышты. Алардын катарында жакында эле Монголияда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло байге утуп келген Каным Бургхан кызы, Азия-нын былтыркы чемпиону Юлия Филистеева жана башкалар бар.

веложүрүш
Вело арабадагы үйлөнүү үлпөтү
11-августта Бишкекте велоараба жана велосипед үстүндөгү үйлөнүү үлпөтүнүн алгачкы веложүрүшүнө шаар тургундары күбө болуп, маанай көтөргөн окуя болду.
Бишкек шаарынын тургундары архитектор Рамис Хабирахманов менен "Акипресс" маалымат агенттигинин кызматкери Светлана Ахметшина бүгүн үйлөнүп, алардын урматына достору веложүрүш уюштурушту.
Бул веложүрүш үй-бүлөлүк ден соолукка кам көрүү, экологиялык унааны жана Кыргызстандагы тоо велоспортун жайылтуу максатын көздөйт.
Рамис менен Светлана толкунданып, ушундай жол менен өзгөчөлөнүп үйлөнүп жатышканын айтып беришти.
- Ушундай жол менен өзгөчө үйлөнүү үлпөтүн уюштуралы дедик. Анын үстүнө велоспортчулардын көбү досторубуз болгондуктан, бул идеяны алар колдоп кетишти, деди Рамис.
- Мен дагы бул идеяны дароо колдоого алдым. Рамис ушул вело арабаны өз колу менен чогултту. Мурдагы салт, адаттарды дагы бузуп, жашоонун сергек ыңгайын жайылтуубуз керек да. Чынында эле жомоктогудай көрүнүш болуп, менин кыялым орундалды, - деди Светлана Ахметшина.
Веложүрүш Байтик Баатыр менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Жеңиш" сейил багынан башталып, "Бакыт Өргөсүнө" келип токтоду. Анын катышуучуларынын коопсуздугуна МАИ кызматкерлери кам көрүп, "Бакыт өргөсүнө" чейин коштоп келди.


футбол
ошто - азия таймашы
Азия футбол конфедерациясынын чечими менен Ош шаарында 16 жашка чейинки Азия чемпионатына мыктыларды иргеп алуу мелдештери өтмөк болду. Бул тууралуу федерациянын башкы катчысы Дас-тан Конокбаев билдирди.
F тобунда Оштогу мыктыларды иргеп алуу оюндарына Кыргызстан, Оман, Катар жана Бангладеш өлкөлөрүнүн уландарынын тандалма командалары катышат. Беттешүүлөр Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин өткөрүлөт.
Азия чемпионатынын мыктыларды иргеп алуу мелдештерине 43 өлкөнүн тандалма командалары катышып, алар 10 топко бөлүнгөн. Ал эми финалдык таймашууларга 10 топтун жеңүүчүлөрү жана 5 мыкты команда катышып, 2014-жылы Тайланд өлкөсүндө өтөт.


Футболчу кыздар - польшада
Футболдон Кыргызстандын кыз-келиндер тандалма командасы 9-августта Польшага жөнөп кетти. Алар 10-августтан 18-августка чейин Польшанын Познань шаарында өтө турган көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатына катышып жатат. Кыздарга демөөрчү табылбай, өздөрүнүн үйлөрүн барымтага коюп, банктан каражат алып кетишти. Мында 15 команда мөрөй талашат.Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады. Былтыр Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз-келиндер командасы 5-орунду ээлеп, адистердин көңүлүн бурган.


өлкө кубогу үчүн
Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан-2013 кубогу үчүн жарым финалдык оюнга чучукулак кармалды. Бул тууралуу федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди.
Өлкө кубогу үчүн жарым финалга Бишкектин "Алга", "Дордой", Канттын "Абдыш-Ата" жана Оштун "Алай" командалары чыккан.
Чучукулактын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн 8 жолку чемпиону жана 2012-жылдын кубогунун ээси "Дордой" Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен беттешмек болду. Экинчи жарым финалда Бишкектин "Алга" командасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Оштун "Алай" командасы менен ойнойт.
Биринчи жарым финалдык оюндар 18-августта өтөт. Ал эми 25- августта "Дордой" өз стадионунда "Абдыш-Ата" менен беттешсе, "Алай" Ошто "Алга" менен күч сынашат.

фехтование
Кылычты дат бастырбай, таймаштарга
катышуу керек
11-августта Венгриянын борбору Будапештте фехтование боюнча дүйнө чемпионатынын таймаштары жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын коргогон 4 жигит ийгиликке жетпеди. Эки жүздөн ашуун спортчудан өлкө чемпиону Александр Черных 112-орун, Евгений Наумкин - 120, Роман Петров - 144, Данышман Жумабай уулу 179-орун менен чектелди.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Каныбек Төлөгөновдун пикиринде, каражаттын тартыштыгынан спортчулар эл аралык мелдештерге катышпай, чеберчилик жагынан аксап турат.

Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы





Пикир: