Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
Коопсуздук аркылуу өнүгүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" жана Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомдоруна ылайык калктын, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоо жана экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (Мамэкотехинспекция) түзүлгөн. Анын түзүмүнө 9 борбордук жана 17 региондук башкармалык кирет. Алар экологиялык, суу, жер, энергетикалык, өнөр жай, тоо-кен, архитектура-курулуш, өрт коопсуздугун, эмгекти коргоону жана эмгек мамилелерин көзөмөлдөйт жана контролдойт.
Негизги стратегиялык максаты - коопсуздук аркылуу өнүгүү.


Мамэкотехинспекциянын
учурдагы негизги милдеттери:
1. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик контролду жана текшерүүнү ишке ашырууну күчөтүү.
2. Өнөр жай ишканаларында экологиялык жана техникалык коопсуздукту жакшыртуу боюнча коомчулук, жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз иш алып баруу.
3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана Мамэкотехинспекциянын экологиялык жана коопсуздук маселелери боюнча ички (локалдык) чечимдерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу ж.б.


Бизнес түзүмдөрү менен кызматташуу
Мамэкотехинспекция түзүлгөн 1 жыл ичинде бизнес-уюмдары менен ондогон жыйналыш, жолугушууларды өткөрдү. Аларга 40тан ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты. Жыйналыштар "Коопсуздук аркылуу өнүгүү" деген ураан алдында өтүп, инспекциянын ишкерлер менен жаңы багытта иштөө жана кооптуу жагдайды азайтуу боюнча иш-аракеттери тууралуу маселелер талкууланды.
Мамэкотехинспекциянын негизги максаты - ишкерлердин укуктук талаада - мыйзам алкагында иш жүргүзүүсүнө өбөлгө түзүү.


Инспекциянын күчү - коомчулук менен
тыгыз байланышта иштөөдө
Мамэкотехинспекциянын интернет-порталы www.geti.kg. Сайтта инспекция жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жана иштин жүрүшү тууралуу маалыматтар берилип, коомчулук менен байланыш мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Коомдук кабылдама ачылган, "ишеним телефону"- 0312 56 30 27. Ушул жана региондук башкармалыктардын төмөндө көрсөтүлгөн даректер аркылуу иш боюнча сунуш, пикир, арыз менен кайрылсаңыздар болот.


Региондук башкармалыктар, алардын даректери:
1.Бишкек шаары, Сокулук, Аламүдүн райондору боюнча: Бишкек шаары, Эркиндик Бульвары, 2. Тел. 0312 30-00-67, 0312 30-00-68. getibas@mail.ru.
2. Токмок шаары, Кемин, Чүй, Ысык-Ата райондору боюнча: Токмок шаары, Горький көч. 2. Тел. 0312 60-72-50, 0312 60-72-63. tokmok.ru02@mail.ru.
3. Кара-Балта шаары, Жайыл, Москва, Панфилов райондору боюнча: Беловодск айылы, Ленин көч. 25. Тел. 0312 60-77-63. ruj_geti@mail.ru.
4. Талас облусу боюнча: Талас шаары, Бердике Баатыр көч. 297. Тел. 03422 5-28-25. geti_talas@mail.ru.
5. Балыкчи, Чолпон-Ата шаарлары, Тоң, Ысык-Көл райондору боюнча: Чолпон-Ата шаары, Совет көч. 2. Тел. 03943 6-26-24. ch-ata.geti@mail.ru.
6. Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча: Каракол шаары, Карасаев көч. 1б. Тел. 03922 4-37-11. inspekciya.gos@inbox.ru.
7. Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо райондору, Нарын шаары боюнча: Нарын шаары, Сейталы Жакыпов көч. 4. Тел. 03522 5-19-34, 03522 5-14-39. gietb.naryn@rambler.ru.
8. Жумгал, Кочкор райондору боюнча: Кочкор айылы, Исакеев көч. 460. Тел. 03535 6-03-05, 03535 5-00-20, 03535 5-02-00. kchgietb@ktnet.kg, karybekov_k69@mail.ru.
9. Жалал-Абад шаары, Сузак району боюнча: Жалал-Абад шаары, Барпы Сеил көч. Тел. 03722 2-29-04. getijal@mail.ru.
10. Майлы-Суу шаары, Ноокен, Базар-Коргон райондору боюнча: Ноокен району, Масы айылы, К. Султанов көч. 27. Тел. 03734 5-13-55. almazbek.egemberdiev. 76@mail.ru.
11.Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай штп, Токтогул району боюнча: Кара-Көл шаары, Куруучулар аянты 1. Тел. 03746 5-17-02, 03746 5-15-54. Kara-kulgeti@mail.ru.
12. Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча: Алабука айылы, Султан Ибраимов көч. 37. Тел. 03741 5-08-04, 03741 5-02-09. aalabuka@mail.ru.
13. Ош шаары, Ноокат, Араван, Кара-Суу райондору боюнча: Ош шаары, Курманжан Датка көч. 224а. Тел. 03222 7-56-59, 03222 5-65-83, 03222 75-7-39. getiosh@mail.ru.
14. Өзгөн шаары, Кара-Кулжа, Өзгөн райондору боюнча: Өзгөн шаары, Ленин көч. 126. Тел. 03233 5-06-98. uzgengeti@mai.ru.
15. Алай, Чон-Алай райондору боюнча: Алай району, Гүлчө айылы, Ленин көч. 110. Тел. 03234 5-00-68, 03234 5-15-83. alay-eti@mail.ru.
16. Сүлүктү, Баткен шаарлары, Баткен, Лейлек райондору боюнча: Баткен шаары, Раззаков көч. 19. Тел. 03622 5-01-58. batkengasn@mail.ru.
17. Хайдаркан штп., Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай району боюнча: Кадамжай шаарчасы, Орозбеков көч. 180а. Тел. 03655 5-04-34. abdkaarov@list.ru.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы







Пикир:






??.??