Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї Кыргыз гезиттер
 
Спорт
Грек-рим күрөшү - Кыргызстанда
Грек-рим күрөшүнүн
кыскача тарыхы
Бул күрөш илгерки замандан бери белгилүү. Байыркы замандагы Олимп оюндарына да кирген күрөш. Гректер, римдиктер, ал түгүл, биздин ата-бабалар да күрөшкөнү маалым. "Манас" эпосубуздагы Кошой менен Жолойдун күрөшү жөнүндө эпизоддо да грек-рим күрөшүнүн элементтери, ыкмалары баяндалган.
XXVIII кылымда бул күрөш Францияда кеңири тараган. Европага таралышына да француз балбандарынын салымы зор болгон. Күрөштүн ыкмалары байыркы Греция менен Римде күрөшкөн балбандардын ыкмаларына окшош болуп, ал өзгөчөлүктөрдү сактоо талап кылынган. Ошондуктан "грек-рим күрөшү" деп аталып калган.
1896-жылы күрөштүн жаңы эрежеси толукталып, кайра иштелип чыгып, биринчи Афина Олимпиадалык оюндардын, 1921-жылы дүйнө чемпионатынын программасына киргизилген. Эл аралык федерациясы 1921-жылы негизделип, учурда эки жүздөй өлкө мүчө.
Орусияда, мурдагы СССРде күрөштүн бул түрүнүн аталышы жана эрежеси бир нече жолу өзгөртүлгөн. Алгач ал "француз күрөшү" деп аталса, 1947-жылы "грек-рим күрөшү", 1948-жылдан "классикалык күрөш", 1991-жылдан баштап кайрадан "грек-рим күрөшү" деп аталган. Бул күрөш боюнча СССРдин биринчилиги 1924-жылы алгач ирет өткөрүлгөн. Грек-рим күрөшү Болгария, Швеция, Польша, Түркия, Франция, Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерде жакшы өнүгүп, таасири арткан.

Кыргыз эли байыртан эле спорт, дене тарбиясы, күрөш менен тааныштыгы болгон. Улуттук оюндарында азыркы күрөш түрлөрүнүн элементтери кеңири колдонулган. Байыркы гректердей эле кыргыздар илгертен эле аш-тойлорунда спорттун улуттук күрөш түрлөрү боюнча мөрөй талашууларды, мелдештерди атайын эрежелер менен өткөрүп, жеңүүчүлөрдү, балбандарды даңазалап келишкен.
"Манас" баатырдык эпосубузда аскердик-спорттук мелдештер - эр сайыш, оодарыш, жамбы атмай, күрөш, кылыч чабышуу, ат спорту жөнүндө кеңири маалыматтар камтылган. Ошондуктан кыргыз эли үчүн спорт улуттук оюндары, улуттук кыргыз күрөшү эр Манас-тан, бабалардан мурас катары калып, муундан-муунга өтүп келген десек, жаңылбайбыз.
Кыргызстандын Орусия мамлекетинин катарына кошулушу, башка улуттардын өлкөгө келиши менен грек-рим күрөшү өлкөдө кеңири тарала баштаган. Совет доору учурунда грек-рим күрөшүнүн өнүгүүгө жолу ачылып, балбандар союздук, эл аралык мелдештерде мөрөй алып, чеберчилиги өскөн.
Эгемендүүлүктүн шарапаты менен кыргыз спортунун мүмкүнчүлүгү кеңейип, эл аралык, азиялык, олимпиадалык оюндарга, Азия, дүйнө чемпионаттарына балбандар кыргыз туусун көтөрүп баруусуна жол ачылды. 2008-жылы Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн балбандарыбыз Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш жана коло медаль утуп, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткандан бери жаштардын бул күрөш түрүнө кызыгуусу артты. Ошондуктан ар жыл сайын өлкө чемпионаты да курч мүнөздө өтүп, жалын жүрөк жаш балбандар жеңишке умтулуп келүүдө.
Күрөштүн
өзгөчөлүктөрү
Грек-рим күрөшүн биз бала кезде "классикалык" күрөш деп билчүбүз. Бул - күрөштүн бир түрү б.а. колдун жана тулку-бойдун кыймылына негизделген ыкмаларды колдонгон күрөш. Грек-рим күрөшү "партерде" тизе таянып, чөгөлөп жана тикесинен буттарына туруп, таймашуу абалында өткөрүлгөн күрөш болуп саналат. Бел ылдый алууга, кол менен атаандашынын буттарын кармоого, чалууга, булкуп тартууга, кийимден алууга тыюу салынат.
Бул күрөштөгү негизги максат - атаандашынын эки далысын тең килемге тийгизүү, ушундай учурда гана жеңиш таза жеңиш катары бааланат. Эгерде берилген убакытта балбандар бири-биринин далыларын килемге тийгизе албай калса, жеңиш техникалык ыкмалар менен арбын упай алган балбанга ыйгарылат.
Балдар, уландар, өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор (18 жаштан өйдө) арасында мөрөй талашуу мелдештери өткөрүлүп жүрөт. Мурда чоңдор арасында 11 салмак категориясы боюнча күч сынашуулар болуп келсе, кийинки учурда кыскартылып, 7 салмак боюнча гана таймашуулар өткөрүлүп калды. Азыр 55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 120 кг салмактарда гана күч сынашуулар болуп келүүдө. Балбандар кандай кийим кийип күрөшөрү, диаметри 9 метр болгон килем үстүндө күч сынашаары баарыга маалым.
Грек-рим күрөшү - биздин өлкөдө
Бул күрөштөн кыргызстандык балбандар да таанылып, ийгиликтерге жетишкен. Алардын башатында Али Мухаммед турат. Ал 1923-жылы Ирандан келип, көп жолу циркте мыкты балбандар менен күрөшүп, күйөрмандарды 1957-жылга чейин ыраазы кылып келген. Эгерде даңазалуу балбаныбыз Кааба уулу Кожомкул чындап эле ушул күрөшкө түшүп, эл аралык мелдештерге, дүйнө чемпионаттарына катышса, дүйнөлүк атак-даңктын баарына ээ болуп, дүңгүрөп, кыргыздарды ааламга таанытмак экен… Арман кылабыз, кезегинде жарыктык бул балбанды айтып түшүндүргөн, калыптантып, мелдештерге алып чыккан жан болгон эмес тура. Бул күрөштүн өлкөгө жайылышына Петр жана Алексей Жуковдор чоң салым кошкон. Андан кийин Д. Рыбалов (1968), П. Дейс (1974), А. Жусупов (1979), А. Шамиев (1981) балдар, өспүрүмдөр арасында СССРдин чемпиону болгон. Э. Никифоров СССРдин биринчилигинде экинчи орунду ээлеп, И. Поддубныйдын байгесине арналган эл аралык мелдеште мөрөй алган. В.И. Баканач - СССРдин биринчилигинде үчүнчү орун алса, Капар Мухтаров бүткүл союздук жаштар Спартакиадасынын жеңүүчүсү, Юрий Мельниченко уландар, жаштар арасында дүйнө чемпиону, СССРдин чемпиону, Атланта Олимпиадасынын чемпиону деген атак-даңкка жеткен.
Эгемендүү өлкөбүздү дүйнөгө тааныткандар
Эгемен өлкө болгону грек-рим күрөшүнүн жаңы тарых барактары ачылып, Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары Азия, дүйнө чемпионаттарына катыша баштады. 1995-жылы Прагада грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага Сүйүн Сейитбеков, Дамир Чынаев, Манас Мураталиев, Дмитрий Звягинцев, Владимир Романенко, Раатбек Санатбаев катышкан.
1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында өткөн 12-Азия оюндарында кыргыздын даңазалуу балбаны Раатбек Санатбаев Кыргызстанга алгачкы күмүш медаль тартуулап, бул ийгилигин 4 жылдан кийинки Бангкококто өткөн 13-Азия оюндарында да кайталаган. Ал тууралуу "Барометрдин" өткөн санында кеңири сөз кылган элек. Аман-эсен болсо Р. Санатбаев спортубузга дагы далай эмгек сиңирип, өлкөгө кызмат кылмак деп арман кылам, аттиң…
Раатбектин жолун жолдоп, анын таасири менен грек-рим күрөшүнөн таанылган жаштар арбын. Алардын бири - Уран Калилов. Атасы Жусуп күрөштүн сырларын үйрөтүп, өлкөнү эл аралык 25 мелдеште таанытты. Сидней олимпиадасында 8-орунду ээлеген. Борбор Азия оюндарын эки ирет уткан. Жаштар, уландар арасында дүйнө чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону болгон. Руслан Гебеков да - өлкөнү тааныткан балбан. Ал 12-Азия оюндарында коло медаль утуп, эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен.
Эгемендүү өлкө болгону уландар, жаштар жана чоңдор арасында Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алып, келечегинен үмүткөр кылган жаштар, балбандар аз эмес. Алар - Данияр Көбөнов, Акылбек уулу Динарбек, Геннадий Чхаидзе, Жанарбек Кенжеев, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Асылбек Бөдөшев, Куралбек Ордобаев, Нурбек Ибраимов, Азат Эркинбаев, Каныбек Жолчубеков, Арсен Эралиев, Сергей Фуфачев, Азат Бейшебеков, Атай Койчукулов, Урматбек Аматов, Шадыбек Сулайманов, Ринат Усупжанов, Султан Мухтаров, Улан Темирбеков, Алексей Глома, А. Жайлообаев ж.б.
Акыркы жылдары балбандарга көңүл бурулбай, жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн, спорт жетекчилери маани бербей, кайдыгер болуп койгондуктан бышып, жетилип, даяр болуп калган олимпиада, дүйнө чемпиону болууга бир кадам калган Юрий Мельниченкону Казакстанга алдырып жиберип, дагы бир жолу арманда калдык. Ал жаштар арасында дүйнө чемпиону болуп, табына келип турган учуру эле. Казак туугандарга оңдой берди болуп, 1996-жылы Атланта олимпиадасында биздин, жалалабаддык Юрабыз алгачкы алтын медалын утуп бергенде алар мактанып жатып калышты.
Ал эми Бээжин олимпиадасында Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин күмүш жана коло медаль жеңип, Кыргызстанды таанытканы айтып бүткүс тарыхый окуя болду. Калыстардын айынан гана Канатбек алтын медалды колдон чыгарып, абдан ыза болуп, намыстанып калды. Канатбек менен Русландын эрдиктери, жеңиштери 28 жылдан кийин Кыргызстанга олимпиадалык медаль жеңип беришкени тууралуу гезитибиздин кийинки сандарында кененирээк кеп кылабыз.
Федерация жетекчилери,
башкы устаттар
Өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын алгачкы жетекчиси, коомдук ишмер Сүйөркул Косаков болгон. 1994-жылдан 2003-жылга чейин федерациянын президенти Болотбек Кененбаев болуп, балбандарга колунан келишинче жардам берди. 2003-жылдан 2009-жылга чейин грек-рим күрөшү федерациясын Бейшен Абилдаев жетектеп, Азия, дүйнө чемпионаттарында, Бээжин олимпиадасында балбандар ийгиликке жетүүсүнө демөөрчү, көмөкчү болуп, өлкөнү таанытты. Жаңы жылда жаштарга кезек берели, "кан жаңырталы" деген демилге менен финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев Федерация президенти болуп шайланып, учурда жигердүү иштеп жатат.
Грек-рим күрөшүндө опол-тоодой эмгек кылып, балбандарды табына келтирип таптаган өлкөнүн улук машыктыруучуларынын алгачкысы Алмаз Касенов болуп, эгемендүүлүктүн алты жылында (1992-1998) эки Азия оюндарында (Хиросима, Бангкок), Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алууга зор салым кошту. Андан кийинки эки жылда Виталий Филипповский башкы машыктыруучу болду.
1994-жылдан 2013-жылга чейинки убакытта өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов үй бетин көрбөй, балбандарга баш-көз болуп, кыргыз балбандарын дүйнөгө таанытып, дем-күч берип, шыктандырып зор эмгек кылды.
Эгемендиктин 20 жыл аралыгында кыргызстандык жүздөгөн балбандар эл аралык мелдештерде, Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алып, ийгиликтерге жетишти. Учурда өлкөнүн тандалма командасынын башкы устаты болуп, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло медалын уткан, даңазалуу балбан Канатбек Бегалиев жаштык жалын менен шымаланып иштеп жатат.
Жеңиштер али алдыда
Кыргызстандын жаштар тандалма командасы 2-3 жылдан бери Азия чемпионаттарында командалык эсепте биринчи орундарды ээлеп, күрөш державалары аталган Иран, Жапон, Түштүк Корея, Казакстан, Индия өлкөлөрүн артка таштады. Балбандардын баркы көтөрүлүп, "биздин өлкөгө келгиле, шарт түзүп беребиз" деп жаштарды азгырып, чакыргандар арбын. Былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатында да командалык эсепте кичинекей Кыргызстаныбыз биринчи орунду ээлеген. Кечээ эле Монголияда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпионатында биринчи күнү эле кыргыз балбандары 2 алтын, 5 коло медаль утуп, сүйүнүчкө батырды. Ушундай кызыктуу спортту, дүйнө элинин 40 пайызы күрөшүп келаткан грек-рим күрөшүн Олимпиадалык оюндардын программасынан чыгарабыз деген Эл аралык Олимпиада Комитетинин чиновниктеринин жоругу жолдо калсын! "Аккан арыктан суу агат" дегендей дале уучубуз куру эмес, грек-рим күрөшүнөн Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган жаш балбандар жетилип, балтыр эти толуп, баралына келип, жеңиштерди карай алгалап бараткан учуру. Ылайым эле ушундай болсун! Эми 2016-жылы Бразилияда өтө турган олимпиадалык оюндарда кыргыз өңүн тааныткан балбандар чыгаарына ишенип, үмүт кылып туралы. Эмдиги жылы 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчон шаарында 17-Азия оюндары болот. Мында дагы 16-Азия оюндарында чемпион аталып, кыргыздардан биринчи алтын медаль тагынган Данияр Көбөновдун жолун жолдоп, баш байге утсам деп дегдеп, жеңишти самап, күн санап, машыгып жүргөн жигиттер да бар. Ошондуктан кыргыз балбандарыбыздын жеңиштери али алдыда...
"Шумкардан шумкар туулат, шаңкылдаган" дегендей бабалары балбандардын урпактарынан сөзсүз балбан чыгат. Ошондуктан айыл-кыштактарда бабалары чоюн билек балбандардын тукумдарынан жаш балбан чыкса, аны сүрөп, багын ачып, кыргызды дүйнөгө таанытууга, асыл окурман, ар бирибиз да салым кошо алабыз!
Кабыл МАКЕШОВ,
журналист
Редакциядан: Грек-рим күрөшү боюнча Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатындагы балбандарыбыздын жараткан ийгиликтерин 16-беттен окуйсуздар.







Пикир:






??.??