Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
Бүтүрүүчү жумушту кайдан табат?
Бул суроо жыл сайын жогорку окуу жайдын (ЖОЖ) ар бир бүтүрүүчүcүнүн алдында турат. Негизги маселе - тажрыйбасыз адамды көпчүлүк жетекчилер жумушка алгысы келбейт. Жумуш берүүчү жаш бүтүрүүчүнүн келечегине карабайт, компанияга эмне жардам бере аларына басым жасайт. Тажрыйбасы жок болсо, кандай майнап чыгарып, эмне жардам бере алмак эле? Биз бул макалада ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнө жумуш издеп, табуунун сырларын баяндайбыз. Ал үчүн сиз төмөнкү жагдайларды эске алышыңыз керек:

1. Жумуш сизге жагыш керек. Эгерде жакса, сиз тапшырма аткарууга кызыкдар болсоңуз, сиздин ишиңиздин натыйжалуулугу жогору болот. Жумуш берүүчүлөр көп учурда бул маселеге чоң басым жасашат.
2. Сиз акчаны - маянаны негизги максат катары койбоңуз. Эң биринчи орунга тажрыйбаны коюңуз. Адам өзүнө жакын багыттагы жумушка канчалык эрте киришсе, ошончолук көп тажрыйба топтойт. Эгерде адам студент кезинен эле иштеп баштаса, жакшы тажрыйбага ээ болуп, окуу жайды бүткөндөн соң маянасы жогору жумушка орношууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде бүтүрүүчүнүн бир нече жылдык эмгек тажрыйбасы бар болсо, жумуш берүүчүлөр ага жакшы көз караш менен мамиле жасашат.
3. Жумушка орношууга керектелчү документтерди эртерээк дайындап алыңыз. Мындай документтердин бири - сиз жумушка орношо турган мамлекеттин жарандыгын тастыктаган паспорт. Жарандык, албетте, чечүүчү роль ойнобойт, бирок жумушка орношуп жатканда жумуш берүүчүлөр чет өлкөлүк жаранды эмес, оболу өз жаранын тандашат. Ошондой эле, алар каттоосу жок адамдарга этият мамиле жасашат. Баса белгилей кетчү нерсе, европалыктар үчүн каттоо эч кандай роль ойнобойт.
4. Бир аз акча камдап алыңыз. Жумуш издөө процессинде жумуш берүүчүлөргө чалууга, алар менен ар кандай жолугушууларга барууга, вакансияларды издеген интернетке акча төлөөгө ж.б. акча көп кетет. Бул процесс өтө эле түйшүктүү.
Мансабыңыздын өсүшүнүн планын студент кезден баштап эле түзүп баштоо керек. Аны эки ооз сөз менен төмөндөгүчө айтса болот:
1. Практикадан өтүү үчүн кайсы ишканаларга бөлүштүрүүлөр жүрүп жатканын билиңиз. Эгерде компания анча белгилүү болбосо, анда ал жөнүндө көбүрөөк маалымат топтоого аракет жасаңыз, анткени дал ошол компания сизди узак мөөнөткө жумуш менен камсыздашы мүмкүн.
2. Эгерде өзүңүзгө ылайыктуу бир да компания таппасаңыз, интернеттен жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан сизди кызыктыра турган иш жүргүзгөн ишканаларды издеңиз.
3. Окуу жайдын жетекчилиги менен сиз тандаган компанияда практикадан өтүү жөнүндө макулдашыңыз.
4. Эгерде окуу жайдын жетекчилиги сиздин өтүнүчүңүздү канааттандырбаса, студенттер жана ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү менен иш жүргүзгөн компанияларды издеңиз. Мындай ишкана, уюмдар чынында көп, бирок аларды табуу оңойго турбайт.
Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр (95%га чукул) жумуш издөө учурунда ар кандай көз боёмоочуларга, алдамчыларга туш болушат. Ошондуктан сиз менен баарлашкан адам ким - чыныгы жумуш берүүчү экенин же башка кызыкчылыктагы адам экенин билүү үчүн жумуш издөө жөнүндө кулактандыруулар (жарыя) аркылуу жумуш берүүчүлөр жөнүндө кененирээк маалымат топтоңуз.
Бүтүрүүчү жумушту кайдан табат? Бул суроого сиз жооп таптыңыз деп ишенебиз. Тажрыйбасыз адамга жумуш табуу кыйын, бирок табуу мүмкүн. Негизгиси - өз максатыңызга жетүү үчүн талыкпай аракеттениңиз.

(Napomosh.com
сайтынан которулду)



Инвесторго таасир этчү
10 жагдай
Реалдуу бизнес ачып, аны узак мөөнөткө негиздеңиз
Бул айтпаса да түшүнүктүүдөй сезилет, бирок жеке ишкерлердин бааары эле мындай иш жасашпайт. Көпчүлүгү IPOнун (IPO - акцияларды баштапкы жайгаштыруу жана сунуштоо) кескин секирик жасоосуна жана алып сатууга көңүл коюшат. Бирок венчурдук (тобокелдүү) капиталисттер үчүн дүйнөгө таасир этчү жана өмүрү узак компаниялардан кыйла кызыктуу эч нерсе жок.


Ички булактар
Венчурдук капиталисттер жалкоо келишет. Биз дайыма алтын аяктан суу ичкибиз келет. Биз өзүбүз билген жана ишенген адамдардын жакшы идеяларды айтканын жактырабыз. Корпорациялык каржылык өкүлдөрүнүн, жогорку окуу жайларынын профессорлорунун жана СЕО компаниялардын сунуштары - биз үчүн мыкты сунуштама.

10/20/30 эрежесин
сактаңыз
Сиздин Power Pointтогу бет ачаарыңыз 10 слайддан ашпастан, 20 мүнөттүн ичинде көрсөтүлүп бүтүү керек, ал эми андагы эң кичинекей шрифт 30 пункттан кем эмес болушу зарыл. Бул сиздин ачык булактардан патент, графика жана маалыматыңыз бар экендигинен кабар берет.

Оң өсүштү
көрсөтүңүз
Сиздин бизнесиңиз татыктуу иш экендигин далилдөөнүн эң жөнөкөй ыкмасы - ал киреше алып келээрин көрсөтүү. Сиздин бет ачаарыңызга ишендирүүнүн бир гана ыкмасы - компанияңыздагы накталай акчанын агымын көрсөтүү. Кирешелериңизди көрсөтүңүз. Ошентип, инвесторлордун ишенимине киресиз.

Бизнестин
тазалыгы
Венчурдук инвесторлор жалкоо келет дебедикпи. Ошондуктан сиздин бизнес таза болушу керек. Сиздин бизнес боюнча эч кандай сот процесстери өтпөгөнү, сиздин мүлкүңүздү талашкан адам болбогондугу ж.б. ошол тазалыкты түшүндүрөт.

Оозу ачыктык
Эгерде сизде жашыра турган нерселер бар болсо, алардан тазаланар менен инвесторлорго дароо айтуу зарыл эмес, бирок кийинчерээк айтканыңыз абзел. Шашып айта салсаңыз, венчурдук инвесторлорду терс жаңылыктар менен чоочутуп аласыз.

Жаңы калп
Өткөн айдын отчётундагы цифраларды дагы бир ирет карап чыгыңыз. Ар бир жаңы калп сиздин каржы табуу мүмкүнчүлүгүңүздү 25%га төмөндөтөт. Төрт жолу калп айтсаңыз, куру жалак каласыз.

Душман барбы?
Инвесторлор атаандаштыкты жакшы көрүшөт. Атаандаштык рынок бар экендигин далилдейт.

Тузакка салчу
суроолор
Инвесторлор тузакка түшүрчү суроолордун эки түрүн пайдаланышат: "Сиз өзүңүздү компаниянын көп мөөнөттүү СЕОсу катары көрөсүзбү?" жана "Сиздин компанияңыздын ликвиддүүлүгү эмнеде?"
Биринчи суроого туура жооп: "Менин максатым - чоң компания куруу. Эгерде компаниянын кызыкчылыгы үчүн менин компаниядан кетишимди убакыт көрсөтсө, мен аны ырахаттануу менен аткарам".
Экинчи суроого туура жооп: "Чынын айтканда, мен ликвиддүүлүк тууралуу өтө көп ойлонбойм. Мен жана менин командам бүт көңүлдү продуктыга бурабыз. Эгерде биз ири компания кура алсак, анда ликвиддүүлүк сөзсүз түрдө болот".

Көп убада
бербеңиз
жана ашыгы
менен аткарыңыз
Сиз эмне тууралуу айтсаңыз да бардык жыйынтыктар күтүлүп жаткан болжолдорго төп келээрине ишениңиз. Мурдараак тажрыйбадагы үлгүнү көрсөтүңүз. Мурдараак сунуштамалардын тизмесин бериңиз. Бир гана нерсени - акча коротууну мурдараак кылбаш керек.

Макала www.openbusiness.ru сайтынан которулду




Адам жана мыйзам
Окурмандардын суроолоруна нотариус
Дамира Алсеитова жооп берет

1. Суроо: Жашы жете элек бала менен чет жерге чыгуу үчүн балага чет өлкө үчүн паспорт (загранпаспорт) алууга ата-энесинин атынан арыз жазуу үчүн кандай документтер талап кылынат?
Жооп: Жашы жете элек балага Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алыш үчүн ата-энесинен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз керек. Ал үчүн ата-энеси нотариуска баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана паспортторун алып барышы керек.
2. Суроо: Мен авто унаалар менен иштегендиктен "Азамат" автомобиль рыногундагы жеке нотариустарга унаалардын ишеним катынын ырастоосун алуу үчүн тез-тез кайрылам. Нотариустардын саны базарда жыл сайын өсүүдө. Аларды ким карайт жана алардын кимисинин автомобиль рыногунда нотариалдык кызмат көрсөтүүгө укугу бар экендигин кантип текшерсе болот?
Жооп: Кыргыз Республикасынын "Нотариаттар жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык жеке нотариустардын саны чектелбейт. Жеке нотариалдык кызмат көрсөтүүгө нотариустун нотариалдык иш жүргүзүү үчүн нотариалдык округдун чегинде (нотариустун ишинин аймагы) орду болуш керек. Нотариалдык округ (иш аймагы) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүштүрүүсүнө ылайык коюлат. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жеке нотариалдык иш жүргүзүү үчүн 5 жылдык лицензия жана нотариалдык жайга (кеңсеге) каттоо күбөлүгү берилет. Лицензияда жана каттоо күбөлүгүндө нотариалдык округ (нотариустун ишинин аймагы) көрсөтүлөт. Нотариустардын кимиси "Азамат" автомобиль рыногунда нотариалдык иш жүргүзүүгө укуктуу экендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтындагы "Жеке нотариустардын мамлекеттик реестри" Сокулук району маалымат базасынан билсеңиз болот.
3. Суроо: Мен күйөөм менен ажырашып жаткам. Ортобузда жашы жете элек балабыз бар. Күйөөм мени алиментке бербешимди өтүнүп жатат, анткени ай сайын акча жагынан жардамдашып тураарын айтты. Мени алдап кетет деп корком. Баламдын алиментке болгон укугун сактоо үчүн кандай документ даярдашым керек?
Жооп: Эки тараптын макулдугу менен сотко алимент алуу тууралуу кайрылбас-тан, жашы жете элек баланы камсыздоо үчүн алимент төлөө тууралуу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугун түзүүгө болот. Бул макулдукта алименттин ченеми, төлөөнүн шарттары жана ыкмалары көрсөтүлөт. Алимент төлөө тууралуу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук аткаруу күчүнө ээ.







Пикир:






??.??