Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
Мамлекеттик тил маселеси - Жалал-Абадда
Мамлекет башчынын "Кыргыз Рес-публикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койгондон бери аз гана убакыт өттү. Ага чейин үстүбүздөгү жылдын 5-мартында "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" Өкмөттүн №114 токтому чыккан. Ага ылайык көпчүлүк мамлекеттик органдарда кыргыз тили боюнча курстарга окутуу башталган. Кызматкерлерге кыргыз тилин окутуу демилгесин биринчилерден болуп өкмөттүк аппарат колго алып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен бирдикте кыргыз тили боюнча окуу курстарын уюштуруп, алардын биринчи этабы аяктады. Экинчи этапта окутуулар уланып жатат. Жогоруда аталган Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча биргелешип иш жүргүзүү, алдыдагы иштерди пландоо максатында вице-премьер-министр Камила Талиева Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жамааты менен жолукту. Анда Жарлык боюнча кээ бир орчундуу маселелерди биргелешип аткарууга жооптуу болгон Маданият, маалымат жана туризм, Билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү да келип, алдыдагы аткаруучу иштери тууралуу пикир алышты. Жолугушууга чакырылгандардын арасынан Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Жалал-Абад шаардык мэриясынын адиси Асаналиева Үпөл Садышевнага кайрылып, ал аймактагы мамлекеттик тилдин абалы тууралуу айтып берүүсүн өтүндүк.


- Үпөл айым, мамлекеттик тилде иш алып баруу боюнча силердин региондо кандай көйгөйлөр бар?
- Мамлекеттик тилде иш жүргүзүү жагы Бишкектегиге салыштырмалуу негизинен жакшы жолго коюлган. Биз көптөн бери жыл жаңырган сайын "Шаардын аймагындагы мекеме, уюм, ишканалар арасында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү тууралуу" деген буйрук чыгарабыз. Ошонун негизинде иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлө берет. Мекемелер аралык иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү да жолго коюлган. Өлкөбүздүн көпчүлүк мекеме, уюмдарында ченемдик укуктук документтердин аткарылышы жеткиликтүү деңгээлде көзөмөлдөнбөгөндүктөн, канча токтом токулуп, жыйынтык чыкпай калып жатканын билесиңер. Андыктан буйрук чыккандан кийин ар бир мекеме, уюмдун "сары изине түшүп", текшермей бизде адатка айланган. Бул боюнча Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы менен бирдикте жуманын ар бир бейшемби күнү мекеме, уюм, ишканаларда иш кагаздардын жүргүзүлүшүн текшерүүнү көзөмөлдөө жана жакындан жардам көрсөтүү максатында рейддер уюштурулуп турат. Жыл жыйынтыгындагы коллегияда мекеме, уюм жетекчилеринин эне тилге карата мамилеси каралып, тилдин өнүгүшү боюнча алгылыктуу иш кылган жетекчилер сыйланып, ал эми кайдыгер караган чиновниктер уяткарылып турат.
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү, тилди дилге жеткирүү боюнча силерди көч алдында деген сөздөрдү угуп жүрөбүз...
- Бул эми сырттан көзө-мөлдөгөн адистерге дайын болсо керек. Негизинен бизде сөз кыла турган саамалыктар арбын. Тилге байланыштуу иштерге шаардын жетекчилигинин кайдыгер эмес, түз мамилеси оң таасирин тийгизүүдө. Алсак, мэриянын атайын буйругу менен журналисттер арасында "Тилдин көйгөйү жана касиети" деген кароо-сынак жарыяланган. Ошондой эле, шаар тургундарынын арасында "Тил - улуттун башаты, тамыры жана өзөгү" деген темада сынак жарыяланып, буга мэрия тарабынан 30 миң сом акча бөлүнгөн.
Жакынкы күндөрү шаардын көчөлөрүнө 30 тарыхый инсандын сүрөттөрү, аты-жөнү менен жазылып, илингени турат. Барс-бек каган, Ормон хан, Тагай бий баш болгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсандарыбызды азыркы муунга таанытуу максатында мэрия 34 миң сом бөлүп берген. Биздин облустагы саамалыктар башка региондорго да жайылтылса, тилибиздин өнүгүшүнө бараандуу салым болор эле. Себеби, мага борбор калаабызда, Ысык-Көл, Чүй облустарында тилди массалык пропагандалоо иши аксап тургандай таасир калтырат.
- Бул оюңузду бекемдей турган фактылар да бар чыгар?
- Жакында эле эмгек өргүүмдө эс алууда жүрүп, Каракол шаарындагы көрнөк-жарнактарга көзүм түштү. Ал жерде дагы борбор шаарыбыздагыдай көрүнүш, илинген көрнөк-жарнактар кыргыз тилине которулган эмес, которулса да "тантык" тилде илинип турат. Мен мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү катары атайын рейд уюштуруп, эскертүү берип кайттым. Ушул маселелер боюнча Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Роза Кайыкова жана Каракол шаарынын жетекчилиги менен жолугуп, мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын талаптарынын аткарылышынын абалы тууралуу маалымат бердим. Мындан сырткары Ысык-Көл телерадио компаниясы аркылуу Жети-Өгүз районундагы "Жети-Өгүз" курортундагы көрнөк-жарнактар, илинүүчү көрсөтмө материалдардын абалы, мамлекеттик тилдин көйгөйү туурасында да маек бердим.
- Сиз айткандай, мамлекеттик тилдин айланасында аткарылчу иштер арбын. Андагы эң биринчилерден болуп аткара турган иштер кайсылар жана аны кимдер аткаруусу керек деп ойлойсуз?
- Чейрек кылымдан бери эле тил деп "чыркырап" келе жатам. "Кыбыраган кыр ашат" дегендей, ошол демилгем аракетим менен биздин облуста бир топ иштерди аткардым. Андыктан биринчи болуп, жетекчи болобу, жөнөкөй жаран болобу, эне тилди дилинде таанып, сыйлашы керек. Мындан сырткары, ар бир тармакта жетекчилер мамлекеттик тилге карата муктаждык чөйрөсүн түзүү менен, кыргыз тилин билгендерге артыкчылык берип, билбегендерге үйрөнүү үчүн шарт түзүүлөрү керек. Ал эми жаштарга карата эне тилин урматтоону тарбиянын башаты катары кароо керек, ал үчүн патриоттук маанайдагы иш-чараларга алардын өздөрүн аралаштыруу зарыл.
- Рахмат, ишиңизди ийгиликтер жылоолосун.
Тамара КОЗУБЕКОВА




Поддельная "медаль"
от "Вечерки"
Газета "Вечерний Бишкек" недавно на целую полосу поместила статью Айымбека Садыбакасова "Оборотная сторона языковой медали" (12.07.2013). Пробираясь сквозь все алогичные сплетения словес и нудные перечисления ("в-шестых,…. в-седьмых,…"), можно уловить главную "мысль" автора и все то же неблагосклонное отношение газеты к кыргызскому языку: госчиновнику незачем знать кыргызский - пусть его учат себе "любознательные чудаки"; мол, лучше лишить этот язык статуса государственного. Упаси боже, от таких "лелеятелей", как Садыбакасов!
Постараемся внести ясность в эту сплошную мглу.


Сумеречно-темные "мысли" от "лелеятелей" и пояснения
от Турдубаева:
Итак, любое общество раскалывается на исполнителей и клиентов, причем первым всегда выгодно, чтобы у вторых все было не так, как надо… "Артем, тебе что, больше всех надо? Я готов ставить тебе тройку…"
Жолдош Турдубаев: - Артем, не ходи к таким преподавателям математики и др. предметов - им выгодно, чтобы ты всегда оставался недоучкой. К счастью, добросовестных специалистов больше, иначе мир бы давно перевернулся. А людей правильнее делить по отношению к работе: это высококлассные профи, всегда старающиеся поддержать "марку фирмы", с одной стороны, и халтурщики, привыкшие паразитировать на незнании клиентов, с другой.
"И без того тьма соперников в борьбе за теплые места, а тут еще на свою голову научили русскоговорящих кыргызскому".
Жолдош Турдубаев: - Так вы на стороне монополии в номенклатуре, что способствует процветанию паразитизма, г-н Садыбакасов?
Им, привыкшим козырять языковой картой, нечего будет противопоставлять бывшим сугубо русскоговорящим депутатам, зачастую более образованным и умеющим мыслить более масштабно и разносторонне в интересах республики, а не отдельной партии или региона.
Жолдош Турдубаев: - Это же здорово, когда депутат начинает, наконец-то, мыслить, освободившись от стереотипов шовинизма или узколобого национализма, регионализма! "Вечеркинцы" подтверждают, сами того не желая, что необходимо требовать от народных представителей знания языка представляемого ими НАРОДА!
У нас честным гражданам даже с помощью русского языка трудно защищаться, а что уж говорить о будущей новой ситуации, когда некыргызскоязычные фактически станут глухонемыми.
Жолдош Турдубаев: - Во-первых, нынешняя власть не собирается отменять официальный статус русского языка. Что же касается судебных процессов, большие трудности из-за языкового барьера сегодня испытывают и кыргызскоязычные участники, когда не обеспечивают их переводчиком. Помнится, когда при Бакиеве Верховный суд Кыргызской Республики по сути оправдал виновников Аксыйских событий и тем самым вызвал переполох в обществе, судьи пытались отговориться, мол, митингующие неправильно поняли приговор на государственном языке, о чем поспешила провизжать "Вечерка" с нескрываемым злорадством. Но ведь и в официальном языке до сих пор не вынесено толкового решения! Дело в том, нечестные люди всегда используют "великий и могучий" (как и любой) в явно узкокорыстных целях. И не в будущем, а как раз сегодня русскоязычные наши сограждане оказываются часто в состоянии глухонемого - по причине незнания языка основного населения страны. А когда они научатся кыргызскому, такой тупиковой ситуации просто-напросто не будет.
P.S. Лишь в конце большого текста Садыбакасова тускло просвечиваются отблески логики, пусть и половинчатой: кыргызам русский язык нужен. Ну, это прописная истина, такая же бесспорная, что государственные служащие и работники сферы обслуживания обязаны владеть языком основного населения страны! Это понимают все здравомыслящие и честные люди. Например, многие русскоязычные выпускники Медакадемии довольно хорошо научились говорить по-кыргызски. Молодцы!
Жолдош ТУРДУБАЕВ, журналист







Пикир:






??.??