Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
адамкерчилик -
улуу касиет

Редакциядан.
Бүгүнкү күндө жаштар адам рухун, табият сырын билүүгө, дегеле дүйнө таанууга, көркөм жана илимий адабиятка мурдагы муундардай кызыкпай, китептерди окубай бараткандарына күбө болуп отурабыз. Коомубузга, мектептерге, үй-бүлө институтуна байкоо жүргүзгөн айрым инсандар мындай үзгүлтүк жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында заркакшап айтышууда. А бирок, алардын үнү айталаага кеткен кыйкырыктай көпчүлүккө жетпей калып жатат.
"Барометр" ушул маселелердин тегерегинде ой бөлүшүү жана жарыкка чыккан китептер тууралуу өз окурмандарына маалымат берүү максатында "Жакшы китеп окудум" деген жаңы рубрика ачты.
Редакция Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдон ушул рубриканын "тушоосун кесип" берүүнү суранды. Окурмандарыбыз да бул демилгеге кошулуп, өз ой-пикирлерин, сунуштарын жазат жана ыктызар катышып турат деп ишенебиз.

Китеп икаясы
Китеп - байыртадан берки адам баласынын акылы, ой жүргүзүүсү, сулуулукка көз карашы, сезим даремети, рухий мурасы. Үйдө китептер жыйылып турганда илгерки ыйыктар, даанышмандар, акылмандар жол көрсөтүп, жаныңда отургандай сезесиң. Жакшы китепти колго алганда, ал: "Мына эми, колуңа тийдим, эсиң болсо жакшылап оку. Мен сага көптү айтамын. Жолуңду ачып, жардам берем. Акылдуу, адамкерчиликтүү болосуң" деп айтып тургансыйт.
Мен китепти колума алганда шам кармагандай болом. Китепти тандап окуу - парз. Анын сырын, осуят, керээзин сен ички рухий дүйнөңө жараша угасың. Жакшы китеп окуу - жеке майрам. Непадан чын ыкласта кунт коюп окууга өзүңдү даярдабасаң, анын акылы сага эзели жукпайт.
Тизилген китептен Конфуцийдин "Изречение (Луньюй)" дегени негедир капыстан көзүмө урунду. Мындай ылгоо бекер жерден болбосо керек. Бишкекте кытайча жазуулар кыйла көбөйдү, китеп дүкөндөрүндө Конфуцийдин орусча китептери толтура, а түгүл, "Конфуций" деген ашканалар пайда болду, ушундан улам бул даанышмандын накылын мурда, жашыраак кезде окугамын. Китепти барактап кирдим.
Баса, Конфуций жөнүндө дагы бир кыргызча китеп бар экенин эстедим. Мен бул китептин автору жөнүндө көптөн бери айтайын деп жүргөмүн.
"Адамкерчилик" деген кыргызча китепти Кытай өлкөсүндө Үрүмчүдө жашап, илим чөйрөсүндө иштеген Токтокан Исмайыл кызы жазган. Кыргыздын кызы - Шинжан Уйгур автоном райондук башкаруу институтунун философия кафедрасынын мугалими. Ал Бишкекке келип, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасында окуп, Конфуций (Куңзы) боюнча философия илиминин кандидаттык диссертациясын жактап, илимий даражага ээ болгон. Анын "Адамкерчилик" деген китеби Бишкектен 2007-жылы аз нускада жарык көргөн. Китепте Кытайдын улуу ойчулу Куңзынын өмүрү, эмгеги баяндалат жана анын "Талкуу" (Изречение) деген эмгеги кыргызча толук которулган.
"Адамкерчилик мени ар кандай
ойго салды"
Сөз күнү
Ар элдин жашоо-тиричилигине жана маданиятына жараша урунган, Жараткан шыпаа кылган жүрөктө сапырылган не бир мөлмөл сөздөрү бар. Аларды көркүнө келтирип, ой-акыл тиреп, шурудай тизип айтууну таланттуу сөзмөр бабаларыбыз сонун билген. Атамзамандан бабаларыбыз күнүмдүк жашоого, тиричиликке гана далбастабастан, бу тирүүлүктө кооз, таза, нарктуу жашоонун руханий үлгүсү болгон адамкерчиликке да жан үрөп, далаалаттанып келген.
Биздин балдарыбыз, момунунан ажосуна дейре, карысы же жашы дебей, ширин сөздөрүндө, сырларында, дастандарында, макал-лакаптарында, санжыра, осуят, накыл-керээздеринде адамкерчилик жөнүндө нечендеген кундуу, ыйык мурасты калтырган. Алардын насааттары нечен замандан бери атадан балага, муундан муунга саймедиреп айтылып келатат.
Сөз - элдин руханий кенчи, көөнөрбөс байлыгы. Ал калктын арбындыгына жараша байкалбайт, элдин талантына, жашоо тиричилигинин табият менен шайкеш, акылман жашоосуна, руханий дүйнөсүнүн бай, тазалыгына, сулуулугуна, көз карашынын кудуретине, аздектеп, асырашына жараша өнүгүп-өсөт, баркталып, жаралат.
Биздин үлкөн сөзүбүздө элдин акыл байлыгы, сезимдин көркөм сулуулугу тунуп жатат. Башкалардан жарды же эл саны аз болсок да, улуу сөзүбүздүн молдугу, куну, таалими, акылмандыгы башкалардыкынан кем эмес, кайсы эл менен болсо да теңтайлаша алат. Ошо береги накыл сөздөн эстелик курган бабаларыбыздын мурасын кыргыз баласы бүгүнкү күндө сөздүн беделин түшүрбөй, акылмандыктын улуулугун, ойдун молдугун, ыйыктыгын туюп, сыймыктанып, аздектеш парз.
Акыл эрөөлү
Улуу "Манас" эпосунда кыргыздар менен кытайлардын жортуулу, казаты, жапырыгы жөнүндө кеңири айтылат. Анда баатырлардын эрөөлү, тулпарлары, жоокер куралы жана эрдиги көркөм даңазаланат. Оозеки чыгармаларда көбүн эл майданды, эрдикти, намысты гана эстеп, кыргыздар менен кытайлар ортосундагы маданияттын, мамиленин байланышы жөнүндө жайбаракат айта да, изилдей да элекпиз.
Тарыхый жактан иргеп, тактай келгенде кыргыз-кытай эли байыртадан бери кошуна жашап келишкен. Эки элдин ортосунда соода-сатык, маданий байланыш, катташуу күчөгөн доорлор болгон. Кыргыздар жөнүндө алгачкы маалымат байыркы кытай жазмасында калган. Илгерки кытайлар менен кыргыздардын Теңирчилике карап сыйынышканы, аңыздарга, пирлерге ишенишкени, далай ырым-жырымдарынын, каада-салтынын окшош жактары бар. Оозеки чыгармачылыкта, поэзия дүйнөсүндө, ыр саптардын архитектоникасында окшоштуктар байкалат. Кытайдын улуу акындары кыргыздардын боз үйү, кошуна көчмөндөрдүн жортуулу жөнүндө ырларды жазышкан. Ыйык жерлерге курмандык чалуу, жоокердик өнөрдүн ыкмаларын үйрөнүшү, көзү ачыктык, үй-бүлөнү тескөө ж.б. толгон жорук-жосундардын, акылман сөздөрүнүн бири бирине дал келиши жок жерден болбосо керек. Бүгүнкү күндө да байыркы кытайдын кыргыз тилине кирген сөздөрү учурайт. Ошо береги илгерки замандан кыргыз тилинен кытай тилине өткөн уюткулуу сөздөр бардыгына күмөн санабайм. Андай изилдөөнү, тарыхый ачылышты Кытайда жашаган кыргыз боордошубуздун таланттуу мууну келечекте ачат деп ишенемин.
Эмнегедир Куңзынын "Талкуусун" окуганда китеп мага жеңил, түшүнүктүү болду. Кытай адамынын акылман сөзүн эмес, бабаларыбыздын осуят, керээзин угуп жаткандай жагымдуу сезилди. Куңзы менен биздин акылман бабаларыбыздын акыл-насааттарын салыштырып көрөлү.
Өткөн доорлордо кыргызда Куңзы сыяктуу акылмандар, таланттуулар, айкөлдөр болгону чындык. Теңирчилик заманында биздин акылман бабаларыбыздын акыл-насааттарын салыштырып көрөлү.
Өткөн доорлордо Куңзы сыяктуу кыргыз акылмандары, таланттуулары, айкөлдөрү болгону чындык. Теңирчилик заманында биздин бакшы бабаларыбыз индустардын йогдорундай, кытайлардын досторундай, исламдын сопуларындай Чыгыштан Батышка, Батыштан Чыгышка каттап, элге өнөрүн, дарыгерлигин, акылмандыгын көрсөтүп, ээн-эркин кете беришкен. А тургай, алардын калтырган мурастары, даңазасы, аты өчүп, ошол жергиликтүү элге таандык болуп кала берген. Бабаларыбыздын акылман сөздөрү жазылып калбагандыктан, ооздон оозго айтылып отуруп, кээси унутулса да, айрымдарынын дайыны 21-кылымга, бизге жетти. Алардын башат сөздөрү эми макал-лакап, осуят, керээз, нуска, накыл болуп, эл жүрөгүндө акыл баканы, жан тирөөчү болуп калды. Мындайча айтканда, биздин бабаларыбыздын акыл сөздөрү, таалими Куңзыныкынан эзели кем айтылбаган.
Куңзы дүйнөсү
"Адамкерчиликти" жазган Токтокан кызыбыз замандаштарына үлгү, белек жасаптыр, кытай элинин улуу ойчулу Куңзы жөнүндө бизден озунуп, кыргыз окурмандарына жакшы эмгек тартуулаптыр. Китепти ачканда эле "Адамкерчилик - адам таануунун бийик чокусу" деген эпиграф көзгө урунат. Бу каадалуу сөз автордукубу же Куңзыныкыбы, арийне, ыраса алынган, жамы окурманга китепти окууга жана дит коюп түшүнүүгө чакырык болуптур.
"Адамкерчилик" кыргыз китеп чыгаруу жана жазуу маданиятына жаңылык гана алып келбестен, жаңы руханий акыл-ой алып келди. Бул эмгек кытайдагы залкар инсандардын жалпысынан бизге кеңири жайыла элек идея - адам таануу идеясы жөнүндө эмгектерин жана айрыкча улуу Куңзынын адам таануу таалиминин илимий багыттагы маңызын ачууга аракеттенген. Мага дагы бир жакканы - автордун кытай философиясына ой чабыты, улуу инсандардын өмүрү, эмгектери жөнүндө тастыктоосу жана терминдерге түшүндүрмөлөрү окууга элпек жана терең ой менен илимий негизде жазганы. Бул эмгектин кытай дүйнө таанымын түшүнүүгө пайдасы тиеринде шек жок.
Адатта байыртан бери адамзаттын улуу инсандары адам дүйнөсүнүн, табиятынын керемет сырын ачууга, ойлонуусун, сезимин, жаратылыш берген касиетин билүүгө жана алардын адеп-ахлак ак жолдоруна түшүп, өзүн тарбиялоого, макулуктан кутулууга терең ой жүгүртүп, аруу жашоого, акылмандык жолуна түшүүгө тынбай безилдеп келет. Акылмандардын нечен кылымдан берки чакырыгы улуу үндөө болсо да, адам баласы ошол чындыкка дагы эле ынанбай, таза жолго түшпөй, жанталашып баш бербейт. Улуу инсандардынбы же элдикиби, нечен кылымдан бери айткан акылмандыктын чапкан даана рухий жолу, кенчи бар. Улуу Куңзы жана анын эмгектери буга мисал, далил боло алат.
Бүгүнкү күндө Куңзынын өмүрүн, адам таануудагы эрежелерин билбеген кытай адамын табуу кыйын. Анткени, негизинен байыртан бери кытай эли Куңзынын акылмандыгынын таалими менен жашап, аны өтө урматташат. Батышчыл философтор аны ойчул катары бааласа, кытайлар жашоосуна руханий жол төшөгөн өлбөс мугалим сыяктуу көрүшөт. Куңзынын башкаларга үлгү болоор негизги талаптары: ар адам каада-салтты түшүнсүн, көңүлдүү жүрүүгө ыр-күү, бийди билсин, жаа ата алсын, араба айдасын, кат таанысын, эсеп-кысапты так чыгарсын, байыркы чыгармалардан үлгү алсын, астрономия, география, саясий, аскерий иштерди, тарых, фольклор сыяктуу илим-билимдерден ар тараптан билим алууну көздөсүн деген. Эң зарылы - моралдык эрежеге моюн сунуу.
Кытайлар атамзамандан бери Куңзынын осуят-таалимин б.а. каада-салтты тутууну, ыр-күүнү билген шайырлыкты, жоокерликке көндүрүш үчүн жаа атууну, калк-ты башкарып кетүүнү, колтамганы кооздоп жазууну, күнүмдүк турмушка эсеп-кысапты сөзсүз үйрөнүүсүн балдарынан талап кылышат. Ага кошумча иретинде классикалык чыгармаларды окууга, жүрүм-турум, өз ара мамилеге чоң маани беришет.
Куңзы б.з.ч. 551-жылы туулган. Ал атасынан эрте айрылып, апасынын колунда, тайларынын тарбиясында чоңойгон.
Тайы ак сөөктөр болуп, билим, өнөр, каада-салтты эрте үйрөнгөн. Анын өзүнүн өмүр таржымалы жөнүндө минтип айтканы бар: "Мен он беш жашымда билим алууга бүт дитимди бердим. Отуз жашымда каада-салттын талабы боюнча кишилик жашоо турмушуна кирдим. Кырк жашымда кыйналууну туйбас болдум. Элүүмдө бешенеге жазган жазмышты кабылдадым. Эми мына жетимиш жашымда эреже бузбай, жүрөгүмдүн кагышы менен каалагандай жашап жатам".
Куңзы элүү беш жашынан он шакирти менен онго жакын бектерди он төрт жыл кыдырган. Ал Кытайдагы атактуу инсандар менен жолугуп, маек, талкуу, маслет курган.
Куңзы мекенинде адегенде элден чыккан экимет ойчул, акыл кошчу катары бааланган. Көзү өткөндөн кийин мугалиминин сөзүн кагазга түшүргөн шакирттери, изилдөөчүлөрү анын баркын даңазалап, нуска, маектерин, насааттарын, ой-пикирлерин чогултуп, илимий жандырмакка салып, дүйнөлүк философ деңгээлине көтөрдү.
Куңзы кытайларга адамдын жашоодогу жүрүм-турумунун, адеп-ахлагынын, тарбия-таалиминин беш эрежесин өзгөчө сактоону айткан. Алар: адамкерчилик, адилеттүүлүк (ар-намыс, акыйкаттуулук), каада-салттуулук, акыл-эстүүлүк, ишеним. Негизи ушул беш милдетти аткарууда адамдагы табигый жети түрлүү сезим - кубануу, ачуулануу, кайгыруу, коркуу, сүйүү, жамандык, напсини тыюу жөнүндө кенен-кесир чечмелейт.
(Уландысы кийинки сандарда)







Пикир:






??.??