Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
Ширшовдун схемасы бүгүн да иштеп жатабы?
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев: "Электр энергиясын жоготууларды кыскартуу азыркы учурда мекемебиздин негизги милдеттеринен болуп саналат. Биз бүгүн элге тарифтерди жогорулатуу зарылдыгы тууралуу айтканыбызда, эл бизге уурулукту жоюу же жоготуулардын деңгээлин нөлгө чыгаруу маселесин чечүүнү айтып жатат. Биз эл менен макулбуз, бул жылы энергетика компанияларынын деңгээлинде жоготууларды 16%га төмөндөтүү милдетин койдук".
1. Ширшовдун схемасы деген эмне?
2. Коомчулуктун тынчын алган бул схема бүгүн да колдонулуп жатабы?
3. Энергетика тармагындагы коррупцияны токтотуунун натыйжалуу кандай жолдору бар?


Бердикеев Бийназар
Акбаралиевич,
энергетика боюнча эксперт:
1. Ширшовдун схемасы жалпысынан айтканда энергетика тармагындагы чырмалышкан коррупция десек болот. Ал убагында энергетика тармагынын бардык тепикичине, башкача айтканда, сырттан түшкөн инвестицияны бөлүштүрүүдөн, тендерден баштап, электр энергиясын керектөөчүлөргө сатканга чейинки иштердин бардыгына өз кишилерин дайындаган. Ширшовдун схемасы - бул жоопкерсиздик. "Карга карганын көзүн чокубайт" принцибинде, биринин кылганын экинчиси жаап-жашырып, эч ким эч нерсеге жооп бербей, иш кылып келишкен. Ширшовдун схемасы - бул уурулук, ага ар тараптан жол ачуу. Алсак, канчалаган жыл бою электр энергиясын керектөөчү карапайым калктан баштап, ири ишкана жетекчилери, бул тармакты тескөөчү энергетиктер баары чырмалышып, уурулук менен гана алектенип калышкан. Бул уурулукту жөн коелу, тыштан тартылган инвестицияны да, энергетика тармагын оңдоого сарптабай, "кумга сиңген суудай" жок кылышты. Ширшовдун схемасы - жалпы элдин, мамлекеттин байлыгынан белгилүү бир топтун ири өлчөмдөгү чексиз пайда табышы. Мына ушундай терс көрүнүштүн бардыгын биз Ширшовго жабыштырып, анын схемасы деп алганбыз. Негизи ал схеманы иштетип жаткан Ширшов эмес, андан сабак алып калган биздин эле чиновниктер. Бул - энергетика тутумунун өтө терең коррупцияга айланганы.
2. Азыркы учурда да ошол эле схема иштеп жатканын бизге окшогон адистер эле эмес, карапайым калк да билет. Бирок жакында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда "Датка" 500 кВ көмөк чордонунун ачылышы жакшы жөрөлгөнүн башталышы десек болот. Ал түштүктөгү электр энергиясына болгон таңсыктык маселесин чечти. Ал эми жалпысынан алганда, энергетика тармагында азырынча жакшы, олуттуу жылыштар байкалбайт. Анын себеби биз жогоруда айткан "Ширшовдун схемасынын" басаңдабай жатышында. Буга мисал, "Түндүк электр" АККсында 2012-жылы техникалык жана коммерциялык жоготуулар 1млрд 300 млн кВт электр энергиясын түздү. Ушунун себебинен "Шамалды Сай" ГЭСи бир жыл абага иштеди. Негизи "коммерциялык жоготуу" деген ченемдик укуктук акт болуп эсептелбейт. Бул жоготуулар "коммерциялык" деп, ушул күнгө чейин эсептен чыгарылып келатканы эле "Ширшовдун схемасынын" иштеп жатканынын орчундуу далили. Бул - "сен уурдай берсең болот" деген ишаарат. Ошондой эле, мамлекеттик бөлүштүрүүчү компаниялардагы жоопкерсиздик да чегинен чыкты. Бул компанияларга жетекчилер директорлор кеңеши тарабынан шайланат, алардын макулдугу болмоюнча Энергетика жана өнөр жай министрлиги тигил же бул жетекчини кызматтан алып, же кандайдыр чечкиндүү чара колдоно албайт, андайга укугу да жок. Мамлекеттик бөлүштүрүүчү компаниялардагы жетекчиликтин улам алмашышы, жетекчиликке иш билги адам шайланбай, партиялык кызыкчылыктардын айланасындагы интригалардын кесепетинин кесипкөй адистердин келбей жатышы да ишке терс таасирин тийгизүүдө. Мындан сырткары, миллиарддаган кВт электр энергиясын жоготуп, энергия берүүдө чыгым гана жаратып жатышкан бөлүштүрүүчү компаниялардын кызматкерлери ири суммада сыйлык - маяна алышат. Ал эми директорлор кеңешинин маянасы 40 миң сомдун тегерегин чамалайт. Мунун өзү мамлекетти каалагандай алсырата бер, ошонуңа сыйлык аласың дегендик эмеспи. Ошол эле учурда энергетика тармагын абдан жакшы билген, ак ниети менен иштеген орто звенодогу инженер-адистер аз маяна менен иштеп, мамлекет тарабынан берилген сыйлыктардан четте кала беришет. Ушул убакка чейин мамлекеттик бөлүштүрүүчү компаниялардын кызматкерлерине бир дагы үй курулган эмес, же аларга социалдык жеңилдиктер жок. Жакында эле "Ширшовдун схемасынын" экинчи этабын ишке ашырууга далалаттар көрүлүп, бир топ талаш-тартыштар жаралды. Алардын ойлору боюнча мамлекеттеги бардык бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирип, энергохолдинг түзүү керек. Менин оюмча, бул коррупцияга азыркыдан да көбүрөөк жол ачат.
3. Жогоруда айтылгандай коррупциялык схемаларды жойбой туруп, энергетикада алга жылууга болбойт. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн баарыдан мурда тутумду түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Биринчи кезекте Энергетика жана өнөр жай министрлигине толук кандуу рычагдарды бериш керек. Антпесе, бөлүштүрүүчү компаниялардын иши боюнча министрлик жоопкерчиликти алат да, аларга карата эч кандай чараларды колдоно албайт. Кадр маселесин министрлик чечмейинче, мындай баш-аламандыктар улана берет. Маселен, "Түндүк электр" тармагындагы терс иштердин бардыгы министрликке көлөкөсүн түшүрөт, ал эми андагы директорлор кеңеши кадрларды каалагандай калчай берет. Мындай жоопкерсиздик өз кезегинде энергетикада кооптуулукту жаратып, чоң көйгөйлөргө алып келет.
Ошондой эле электр энергиясына тарифти көтөрмөйүнчө кырдаалдан чыгууга мүмкүн эмес. Айрым "эксперттердин" ойлору менен тарифти көтөрбөй, жасалма кармап тура берсек, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендей, энергетика тармагында бир күнү кыйроого учуроо коркунучу турат.
Тарифти ириде пансионат, сауна, кафе, ресторандарга, электр энергиясы менен жылыткан мартабалуу үйлөргө карата көтөрүү керек. Азыр булардын көпчүлүгү тарифтин көтөрүлүшүнө макул. Себеби, өзүн сыйлаган ар бир бизнесмен ишинин улам үзгүлтүккө учурашын каалабайт. Мындайча айтканда, ар кандай ыңгайсыздыктан көрө алар кымбатыраак төлөп, энергетика тармагынан талаптагыдай кызмат көрсөтүүнүн болушун эп көрүшөт. Ал эми 500 кВттан ашкандан кийинки тарифти жогорулатуу деген - болбогон нерсе. Эгер мындай кадамга барсак, кайрадан коррупцияга жол ачкан болобуз. Себеби, кайра эле 500 кВтка жеткирбей, "артка тегеретүүлөр" башталат. Буга чейин деле электр энергиясын көпчүлүк эл отун катары пайдаланып келишкен, бирок контролер менен сүйлөшүп алып, 200 сом гана төлөшчү, ал эми хан сарай ээлери деле бул ыкмадан кеңири колдонушары айдан ачык. Андыктан электр энергиясын көп талап кылуучу жана кышында жылытуу үчүн пайдалануучуларга карата тарифти кескин түрдө көтөрүү керек. Ошондой эле "Түндүк электр" сыяктуу ири компаниялардын башкаруучу аппаратын 40%га кыскартып, алардын айлыгын энергетика тармагынын ысык-суугуна күйгөн, энергетика коопсуздугун сактап турган орто звенодогу инженер-энергетиктерге берүү зарыл. Мындан сырткары, 2009-жылдын декабрынан тартып, 1 кВт энергиясына товар статусу ыйгарылган сон, мамлекеттин бөлүштүрүүчү компанияларынан баштап, электр энергиясын сатуу боюнча бөлүм башчыларын, жооптуу жетекчилерин, контролдоочуларын баш кылып, жоопкерчиликтерин күчөтүү зарыл.

Кайрат Осмоналиев,
Башкы прокуратуранын
алдындагы мамлекеттик
укук коргоо органдарынын
коррупцияга каршы
Координациялык
жыйынындагы эксперттик
кеңештин төрагасы:
Ширшовдун схемасы коррупциялык схема деп аталат. Алексей Ширшов "серый кардинал" катары аты калды. Бакиев убагында абдан гүлдөгөн. Кыргызстандын бардык энергетика тармагы Ширшовдун көзөмөлүндө болгон. Анын учурунда электр энергиясына баалардын тарифи көбөйтүлдү. Жакында болуп өткөн күч органдарынын жыйынында президент А. Атамбаев энергетикадагы коррупцияны ооздуктоо боюнча маселе көтөрдү. Анда электр энергияны ит бекер алышып, бөлүштүрүүчү компаниялар элге 70 тыйындан, ишкана-мекемелерге 1 сом 50 тыйындан сатышып, андан да жаманы - кайра сатуудан жалган карыздарды түзүшүп, аны жоготуу дешип, акчаларын өздөрүнө алып жатканы жөнүндө сөздөр болду. Ушул жерде өтө чоң акчалар жатат. Ширшов ушулардын баарын түзүп, өзү аралашып турган. Алар ошол кезде Токтогул суу сактагычындагы сууну да жайкысын Өзбекстанга, Казакстанга чоң акчага сатышкан. Ошондуктан, мөңгүлөр эрип түшүп турса деле суу азайып кеткен. Мындай көрүнүш Киров суу сактагычында да бар. Ушул суу сактагычтардагы сууларды сатуудан байыйбыз дегендер ГЭСтердеги агрегаттардын талкаланышына алып келиши мүмкүн. Агрегаттар талкаланса, таптакыр жарыксыз калабыз. Мына, Ширшовдун схемасы кайда алып барууда? Дагы бир схема - энергетика секторундагы ортомчулар. Алар учурунда көмөк чордондорду, линияларды тыйынга эле менчиктештирип алышкан. Көрсө, Кыргызстандагы негизги төлөөчүлөр - Улуттук банк, министрликтер, башка мекемелер, Ысык-Көлдөгү ири пансионаттар ортомчулар аркылуу электр энергияны сатып алышат. Ушундан ортомчулар да, бөлүштүрүүчү компаниялар да укмуштуудай акча табышууда. Ошентип, энергетикада кызыкчылыгы бар адамдардын баары ууру болуп алышкан. Мындай уурулук, сүткөрлук Акаев мезгилинен бери келатат, азыр деле толук жоюлуп кете элек.
1. Азыркы учурда энергомафияны жоюу боюнча маселе козголгону менен натыйжалуу иш-аракет боло элек. Мына, азыр электр энергиясы Казакстанга сатыла баштады, ордуна алардан көмүр алабыз. Бирок бул дагы ортомчулар аркылуу сатылууда. Мамлекет үчүн электр энергиядагы ортомчулардын кереги жок, аларды таптакыр жоюп салуу керек. Булар жеп-ичкичтер. Энергетикада булар иштеп жаткандан кийин коррупцияга каршы чындап күрөштүн башталышы кыйын. Ишти таза баракт ан баштайлы десек, жеп-ичкичтерден дароо эле кутулуу керек. Анүчүн мамлекет электр энергияда өздөрүнүн линияларын орнотуп, ортомчулар сатып алган көмөк чордондорду, линияларды колдонуудан баш тартыш керек. Аларга "биз өзүбүздүн линиябыз аркылуу иштейбиз, силерге рахмат" деп коюш керек. Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн дагы керек. Бул ичкич, жегичтер көмөк чордондорду атайын өчүрүп, тарифтин көтөрүлүшүн талап кылышы, көмөк чордондордун баарын жеке менчикке чыгарып алууну каалап, андан кийин элди өздөрү каалагандай калчашы мүмкүн.
2. Тарифтерди көтөрүүдөн мурда коррупциялык схемаларды жоюу керек. Коррупциячылардан коркпой эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аларды кыскартып салыш керек. Азыркы технология өскөн заманда элди электр энергиясы менен камсыз кылуунун жаңы ыкмаларын пайдалануу керек. "Росгидро", мисалы, мыйзамдын чегинде иштейт. Ошол сыяктуу бир компания түзүш керек дагы алар бүтүндөй электр энергияны көзөмөлдөп, отчетторун интернетке эл үчүн ачык чыгарып, тендерлерди таза, ачык жарыялап, ак иштеш керек. Мындан башка жол жок. Эгер биз азыркы жол менен дагы кете берсек, агрегаттар талкаланып бүтөт, тынымсыз авариялар болот. Электр энергиядан ишеним кетип, көмүрдү топтоо керек болуп калат. Мындан элдин нааразычылыгы башталат. Азыр бизде коррупцияны жоюу ишинде чечкиндүүлүк жетишпей жатат. Биздин бийлик электр энергияны алууну, аны элге таратууну таза, айкын жүргүзүп, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергияны бекер бериш керек. Анткени биз электр энергияны мол чыгарган өлкөбүз. Ал эми кафе, ресторан, ири ишканаларга, цехтерге, заводдорго электр энергияны сатууну мамлекет өзү колго алып, бөлүштүрүүчү компаниялардын элди кыйнашына жол бербөө керек. Алардын эч кереги жок, президент коррупцияга каршы согуш ачты, ал согуш биринчи кезекте энергомафияларга багытталса. Күзүндө ушул маселе катуу колго алынса, көп проблемалардан арылабыз.
Уюштургандар
Сымбат МАКСУТОВА,
Нестан Токтобаева






Пикир:






??.??