Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
Күндүн темасы
Кыргызстандын газ тутуму модернизацияланат
Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда Москва шаарында Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен Россия Федерациясынын энергетика министри Александр Новак Кыргызстандын аймагына жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу тармагында кызматташуу боюнча өкмөт аралык келишимге кол коюшту. Ага ылайык, кыргыз тарап "Кыргызгаз" акционердик коомунун алдындагы өзүнчө ишкананын түзүлүшүн камсыз кылат. Аны башкаруу Россия тарапта болот. Ал ишканага келишимдин долбоо-руна киргизилген республиканын баардык газ түтүктөрү, газ бөлүштүрүүчү станциялары, газды жер астында сактоочу жайлар, жер участкалары жана башка мүлк өткөрүлүп берилет.
"Кыргызгаз" менен "Газпромдун" ортосундагы келишимдин негизинде Кыргызстандык компаниянын уставдук капиталынын 100 пайызы "Газпромго" түздөн түз сатылат. Береги капитал 1 (бир) АКШ долларына бааланды.
Россиялык тарап "Кыргызгаздын" 100 пайыз менчигин алгандан кийинки беш жылда республикабыздын газ тутумун модернизациялоого жана реконструкциялоого 20 млрд рублдан кем эмес өлчөмдөгү инвес-тиция берүүгө тийиш.
Келишимге кол коюу алдында "Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөргөн. Анын сөзүнө караганда, менчиктештирүү бүткөндөн кийин газ берүүнү "Газпром" каржылайт. Буга байланыштуу Т. Кулмурзаев "Россия өз газын Кыргызстанга түздөн түз ташып жеткире албайт, бирок, бизде алмаштыруу аркылуу Ирандан, Сауд Аравиясынан жана Түркмөнстандан газ алууга мүмкүнчүлүк бар" деп билдирди.
"Кыргызгаздын" жетекчиси аталган басма сөз жыйында компаниянын акционерлеринин тагдырына да токтолду. Учурда "Кыргызгаздын" 87,97 пайыз акциясы мамлекеттики, 5,66 пайызы Социалдык фондго таандык, калган пайызы укуктук жана жеке жактардыкы болуп эсептелет. Уставдык капиталдын жалпы баасы 307 миллион 706 миңге жетет. Ал, демек, 4 миллион 590 миң 203 даана акцияга барабар. Акциялардын номиналдык наркы - 67 сом.
- Ар бир акционерге акциясынын баасы төлөнүп берилет. Бул "Кыргызгаз" ыктыярдуу түрдө жоюлуп кетти дегенди билдирет, - дейт Т. Кулмурзаев.
Келишимге кол коюлгандан кийин б.а. кечээ өткөргөн басма сөз жыйында "Кыргызгаздын" жетекчиси минтип айтты: "Бизде азыр финансылык абал жакшы эмес, терс көрсөткүчтө - 1 млрд 900 млн сом. Нарк көрсөткүчтө 7% рентабелдүүлүк киргизилген. Макулдашууда рентабелдүүлүк 12%, бирок муну эми Антимонополия чечет. Макулдашуу 25 жылга түзүлдү. Бул убакыттын бүтүшү менен Кыргызстан аны төлөп кайта ала алат. Нарк көрсөткүчтөр, "Газпром" жеткирген газдын сатып алуу баасынан чыгат. Жеткирилген газ бүгүнкүгө караганда арзаныраак болот".
Т. Кулмурзаев кошумчалагандай, азыркы кезде Кыргызстан "Узтрансгаздан" 1 миң кубметр газ үчүн 224 доллардан төлөп сатып алууда. Анын ою боюнча "Газпром" 1-ноябрдан тартып Кыргызстанга газды тынымсыз ташып баштайт: "Мындан ары Өзбекстандан жана Казакстандан газ алынбайт". Былтыркы жылдын декабрь айында "Узтрансгаз" тарабынан "Казтрансгазга" газ толук жеткирилген эмес. Ошол себептен Кыргызстандын түндүк тарабында 5 күн газ берилбей калган.
"Биз "Кыргызгаздын" туунду компания-сын түздүк. Учурда туунду компаниянын техника-каражаттары боюнча иш алып барып жатабыз. Ал эми "Кыргызгаз" толугу менен "Газпромго" сатылат", - деди ишкананын жетекчиси.
Анын айтымында, акционердик коомдо азыр 1 миң 650 адам иштейт. "Кыргызгаздын" бардык кызматкерлери жумуш орундарында калат деп ишенем. Өзүм жөнүндө айтсам, муну жетекчилик чечет", - деп билдирди Т. Кулмурзаев.
Эки министр кол койгон келишим 25 жылга б.а. 2039-жылга чейин эсептелген. Эми келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерация-сынын Мамлекеттик Думасында бекитилиши абзел.




ктркнын жаңы долбоорлору
Коомдук телерадио берүү корпорациясы (КТРК) тарабынан "Достук" жаңы радио каналы жана балдарга билим берүүчү телеканалы ишке киргизилет. Бул тууралуу КТРК билдирди. Башкы директор Кубат Оторбаевдин айтымында, радио, адегенде, интернеттен тарта баштайт, ал эми 2015-жылы санариптик пакеттен тартат. "Радионун негизги максаты - өлкөбүздө жашаган этностор аралык достук мамилелердин өнүгүшүнө жана бекемделишине көмөк көрсөтүү", - деп белгиледи ал.
Радио корпорациянын 2013-2015-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясына жана мамлекет башчысынын жарлыгы менен кабыл алынган өлкөдөгү этностор аралык мамилелер концепциясына ылайык ачылып жатат. Радиоберүүлөр маданият, тарых, искусство жана адабият сыяктуу темаларды камтыйт. Ошондой эле, радиодо президенттин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө жарлыгынын аткарылышы үчүн кыргыз тилин окуп-үйрөнүү боюнча өз алдынча долбоор орун алмакчы. Радио суткасына 18 саат бою берилет.
Радионун редакциясы диаспоралар жана Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы менен кызматташууну пландаштырууда, алар таанып-билүүчү жана окутуучу берүүлөрдүн авторлору болуп калышмакчы. Бул баарлашуу үчүн аянт даярдоого, аймактар ортосунда байланыштарды түзүүгө шарт түзөт жана маданий баалуулуктар менен алмашуу мүмкүндүгүн берет.
Ал эми балдардын жаңы телеканалы мектеп жашына чейинки балдарга, ошондой эле, төмөнкү класстардын 7 жаштан 15 жашка чейинки окуучуларына багытталган.
Жаңы телеканалдын ачылышы эң жаш көрүүчүлөр үчүн таанып-билүүчү жана окутуучу мазмундагы телеберүүлөрдү түзүүгө басым коёт. Бул өлкөбүздүн маалыматтык коопсуздугунун, маалымат тандоодо өсүп келе жаткан муундун коопсуздугунун негизин түзүүгө мүмкүндүк бермекчи.
КТРКнын 2013-2015-жылдарга карата өнүгүү стратегиясына ылайык кошумча түрдө эки телеканалдын ачылышы пландаштырылган, алардын бири - балдарга билим берүү темасында. Азыркы учурда телеканалды эфирге чыгаруу боюнча даярдык көрүү, техникалык студиялардын жабдылышы жана телеканалдын аталышын тандоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ушул жылдын 20-июнунан тартып балдар каналынын мыкты аталышына карата сынак өткөрүлүп жатат. I турдун жыйынтыктары боюнча атайын комиссия тарабынан аталыш үчүн тогуз вариант тандалып алынган. Алар - Бүчүр, Балажан, Селкинчек, Келечек, Наристе, Балдар ТВ, Баластан, Байчечекей, Шаттык.
Азыркы учурда, көрүүчүлөр өздөрүнө жаккан вариант үчүн добуш бере турган II тур башталды. Жыйынтыктары август айынын башында чыгарылып, сынактын жеңүүчүсүнө баалуу сыйлык тапшырылат.




Дагы бир жолу XXI кылымдын Кет букасы туурасында
Элденби же кимден кеткен каталык,
Кет Буканын жүрөт ыры аталып.
Шайлообектин калеминен жаралган,
Ырды угуп, бир кумарга баталык.
Улукбек Омокеев, акын


29-июлда "Баракелде" сайты 0ш шаарынын мэри М. Мырзакматов Кет Бука акындын ырларын шаардагы бардык мекеме-ишканалардын имаратына илип коюу тапшырмасын бергенин мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып, маалымдады.Анда минтип баяндалат: "Ош шаардык мэриясынын биринчи жарым жылдык боюнча өткөрүлгөн коллегиясында Мелис Мырзакматов Кет Бука акындын "Сак болгула" аттуу ырынын мааниси тууралуу айтып өттү. "Бул ыр мындан бир канча жыл мурда жазылган. Бирок, анын мааниси бүгүнкү күндө өтө актуалдуу. Кет Бука ошол жылдары кыргыз элинин келечегин алдын ала билип жазган сыяктуу. Учурда кээ бир жарандар баңги затын ташуу менен алектенет. Ал эми өздөрү мечит куруп, кээ бирөөлөр намаз окуп, кечинде спирт ичимдиктерин ичишет. Бул туура эмес", - дейт ал. М. Мырзакматовдун айтымында, имарат ээлери жана көчөдө бара жаткан адамдар, акындын насааттарын окуп, руханий жактан өсөт".
"Барометр" өзүнүн 5-санында жетиштүү далилдер менен ХХI кылымдын Кет Букасы тууралуу макала жарыялаган эле. "Сак болгун" деген ыр жазып, бийликтин кысымынан чочуп, атымды жашырып, ичимден "Кет Буканын арбагы колдоп жүрсүн" деп, Кет Буканын аты менен жарыялап жиберген ырымды кийин окурмандардын баары эле Кет Буканын ыры деп кабыл алышты", - деген эле ал макалада Эл акыны Шайлообек Дүйшеев.
Жаңы окурмандарыбыз үчүн Ш. Дүйшеевдин "Сак болгун" деген ырынын бир куплетин дагы бир жолу жарыялайлы:
"Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тили калп минип,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун".





Пикир:






??.??