Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
Стамбулдагы
II бизнес-форуму
Стамбулда кыргызстандыктардын II бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Kyrgyz Clubдын администрациясы билдирди.
"Кыргызстандын Түркиядагы достук жана маданият коому тарабынан уюштурулуп жаткан кыргызстандыктардын II дүйнөлүк бизнес-форуму 2013-жылдын 29-30-августунда Стамбулда өтөт. Форумдун негизги максаты - дүйнөнүн ар тарабынан келген кыргызстандык жеке ишкерлерге бири-бири менен таанышууга, тажрыйба алмашууга жана кызматташуу мамилесин өнүктүрүүгө шарт түзүү болуп саналат" - деп билдирди Kyrgyz Club.
Кыргызстандыктардын "Келгиле, таанышалы" деген ураан алдындагы I бизнес-форуму 2012-жылы өткөн жана бул демилгени аталган достук жана маданият коому көтөргөн. Анда форумга Британия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, АКШ, Украина жана Түркиядан жүздөн ашуун жеке ишкерлер катышкан.




"Оймо - 2013"
көргөзмө-жармаңкеси
26-28-июль күндөрү Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында "Оймо-2013" деген аталыштагы көргөзмө-жармаңке өттү. Бул көргөзмө 29-июлдан 5-августка чейин Чолпон-Ата шаарында уланат. Аталган жармаңке 8-Эл аралык кол өнөрчүлүк фестивалынын алкагында уюштурулууда. Катышуучулар атайын Тандоо комиссиясынан өтүп, "ЮНЕСКОнун сапат белгиси" сертификатына ээ болуп, катышууга жолдомо алышты.
Көргөзмөгө Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Кыргызстандын салттуу кол өнөрчүлүк продукциялары боюнча иш алып барган кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, "этно" стилинде тигилген буюмдардын авторлору катышууда.
Фестивалда ар кайсы улуттун кол өнөрчүлүгү, кийизден, жибектен, булгаарыдан, чоподон жасалган кийим, идиш-аяк, шырдактар, сүрөттөр ж.б. көптөгөн ар түркүн кооз буюмдар коюлду.
Иш-чара "CACSARC - kg" КФ тарабынан уюштурулду.




Райкан Шүкүрбековдун
100 жылдыгы белгиленет
29-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев акын жана драматург Райкан Шүкүр-бековдун 100 жылдыгын белгилөөгө арналган юбилейлик иш-чаралардын даярдыгы жана аны өткөрүү боюнча уюштуруучу комитеттин отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Кеңешме-жыйында Р. Шүкүрбековдун чыгармачылыгы элдик акылмандуулуктун түгөнгүс мурасы экендиги белгиленди. "Азыр, руханий жактан жакырлануу сезилип жатканда, анын чыгармаларын дагы бир жолу окуу бизге пайдалуу", - деди Т. Сарпашев.
Талкууда планга кошумча Кыргызстан менен Казакстандын акындарынын ортосунда конкурс өткөрүү, акындын чыгармачылык мурастары тууралуу баяндамалар менен китеп, дисктерди чыгаруу, борбордогу мектептердин бирине Р. Шүкүрбековдун ысымын ыйгаруу сыяктуу иш-чараларды өткөрүү маселелерин киргизүү чечими кабыл алынды.




жакын арада тарифтик саясат бекитилет
Жакын арада келээрки жылга карата тарифтик саясат бекитилет. "Бекитүү процедурасы ушул жылы башталат", - деп билдирди Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 29-июль күнү донорлор менен жолугушууда. Ал, ошондой эле, коммерциялык керектөөчүлөргө тарифтерди жогорулатуу, тагыраак айтканда, электр энергиясын өздүк наркы боюнча сатуу пландалып жатканын маалымдады. Мындан сырткары, саатына 300 кВттан жогору пайдаланган керектөөчүлөргө да тарифтер көтөрүлөт.
"Бул жылы суу аз. Биз кычыраган кышта электр жарыгын өчүрүп, калкты чектегибиз келбейт", - деп, министр электр энергиясын жылытуу максатында колдонбоого үндөдү.




Акыйкатчы кызматына
11 талапкер арыз берди
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызматына 6 талапкер арыз берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) бош кызмат ордунун мөөнөтүнөн мурда түзүлгөндүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 3-июлунда бул кызмат ордуна талапкерлерге сунуштоолорду кабыл алуу жол-жобосунун башталгандыгын жарыялаган.
2013-жылдын 29-июлуна карата төмөндөгү талапкерлерден арыз келип түштү:
Нурлан Мотуев - жеке ишкер;
Рахатбек Касымалиев - К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин юрист-консультанты;
Рита Карасартова - Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын доценти;
Асия Сасыкбаева - Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары;
Чолпон Койчуманова - УИАнын тарых институтунун илимий катчысы:
Дилшад Нажмидинов - Бишкек шаарынын ИИБнин Биринчи Май районундагы 8-шаардык милиция бөлүмүнүн участкалык инспектору;
Омурбек Рыскелдиев - юрист;
Мухтар Кожошев - Акыйкатчынын орун басары;
Акылбек Ташбулатов - "Ош облусунун юристтери" коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөсү;
Досаалы Иманбердиев - Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын башкы илимий кызматкери;
Нурбек Токтакунов - "Прецедент өнөктөштүк топ" коомдук уюмунун директору.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына Жогорку Кеңештин фракциялары тарабынан талапкерлерден документтерди кабыл алуу 2013-жылдын 15-августунда аяктайт.
Ошол эле учурда Турсунбек Акун Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн Акыйкатчы кызматынан мыйзамсыз алынган деп эсептеп, парламенттин чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылганын билдирди. Анын арызы боюнча сот процесси үстүбүздөгү жылы 16-августта Бишкек райондор аралык сотунда башталат.




н. түлеев
11 жылга соттолду
Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, борбордун экс-мэри Нариман Түлеевдин иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык анын үй-мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланып, 11 жыл күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратылды. Н. Түлеевдин бир туугандарынын жана жакындарынын банктагы эсебин, "Ак жол" компаниясындагы акцияларын жана мамлекеттик тиешелүү органда каттоодо турган мүлктөрүн да мамлекетке өткөрүүгө өкүм чыгарылды.
Мындан сырткары, экс-мэр менен кошо айыпталып жаткан мэриянын мурдагы кызматкерлери да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылды: мэриянын алдындагы шаардык автотранспорт ишканасынын мурунку жетекчиси М. Кожобергенов күчөтүлгөн режимде 13 жылга, мурунку вице-мэр В Корниенко, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Р. Бейшембаев жана Б. Токтобеков 10 жылга жаза өтөөгө өкүм чыгарылды. Мурда "Тазалык" ишканасынын жетекчисинин милдетин аткарып келген Б. Сыдыков 5 жылга эркинен ажыратылды. Соттолуучулардын баарынын үй-мүлкү конфискацияланды.
Н. Түлеев Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан 200 автобусту алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген делип, өткөн жылы августта камакка алынган. Андан кийин сот баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөндө таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө коррупцияга аралашты деп шектелип, тергөө абагында калтырылган. Мамлекеттик айыптоо аны бюджетке 100 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп билдирген.
Н. Түлеевдин адвокаты райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, аны Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирди.





Кыргызстандын экспорту
6 айда 31,1 млрд
сомду түздү
2013-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы айлануусу 4 млн 248,3 миң тоннадан 3,2 млрд 292,3 млн долларды же 158 млрд 126,6 млн сомду түзгөн. Бул туурасында мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
2012-жылдын январь-июнь айларындагы көрсөткүч менен салыштырганда бул жылы төмөндөп кеткен. 2012-жылдын 6 айында КР тышкы соодасы жалпы 3 млн 671,4 миң тоннанын негизинде 3 млрд 27,2 млн доллар же 141 млрд 897,3 млн сомду түзөт.
Бажы кызматынын маалыматына карай, 2013-жылда импорттун көрсөткүчү 2 млрд 642,2 млн доллар же 126 млрд 928,4 млн сом көлөмүн көрсөтүштү. Январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 млн 395,5 миң тонна көлөмүндөгү товар импорттолгон. 6 айдын ичинде Кыргызстанга СНГ өлкөлөрүнөн 1 млрд 356,7 млн доллар же 65 млрд 151 млн сомдогу жалпы көлөмү 2 млн 849,8 миң тоннаны түзгөн товар алынган. Алыскы чет өлкөдөн 1 млрд 285,4 млн доллар же 61 млрд 777,4 млн сом жалпы көлөмү 545,7 миң тоннаны түзгөн товар алынган.
Кыргызстандын экспорту тууралуу айтканда 2013-жылдын 6 айында 650,2 млн доллар же 31 млрд 198,2 млн сомду түзгөн жалпы көлөмү 852,9 миң тоннадагы товар көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, азыркы убакта Кыргызстандан 358,5 млн доллар же 17 млрд 225,5 млн сомду жалпы көлөмү 758,6 миң тоннаны түзгөн СНГ өлкөлөрүнө экспорттолгон. Алыскы чет өлкөлөргө 291,7 млн доллар же 13 млрд 972,6 млн суммадагы жалпы көлөмү 94,3 миң тоннаны экспорттоо ишке ашкан.





Пикир:






??.??