Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
азия оюндары
азиядагы кыргыз балбандарынын жеңиштери
27-июлда Монголиядан спорт күйөрмандарын сүйүнткөн жакшы кабар келди. Улан-Батордо өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпионатынын экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары дагы 1 алтын, 2 коло медаль утуп алды.
Бул күнкү таймаштарда 76 кг салмакта Абдулазиз Ашымбековго теңдеш атаандаш чыкпады. Ал бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Ошондой эле, 85 кг салмакта Узур Жусупбеков менен оор салмакта Нурсултан Макмудов коло байгелүү болду.
Ошентип, Монголиядагы Азия чемпионатына грек-рим күрөшүнөн 10 салмак түрү боюнча катышкан кыргызстандык 10 балбандын баардыгы байгелүү орунду ээлеп, командалык эсепте биринчи орунду камсыз кылышты. Алар бул азиялык таймашта 3 алтын, 7 коло медаль жеңип алышты. Биздин балбандар мелдештин биринчи күнүндө эле 2 алтын, 5 коло байге утуп алган. Ал эми казакстандык жаш балбандар 2 алтын, 4 күмүш жана 1 коло байгеси менен командалык экинчи орунду камсыз кылды. Күрөштүн ордосу аталган Иран бул ирет үчүнчү орунда калды.
Жаш балбандар командалык биринчи орунду үчүнчү ирет ээлеп, чоң ийгилик жаратканын федерация президенти Арзыбек Кожошев кубаныч менен белгиледи.
58 кг салмакта Нуржигит Ташболотов, 63 кг салмакта Рустам Рахматулаев жана 76 кг салмакта Абдулазиз Ашымбеков бардык аттандаштарын утуп, Азия чемпиондору аталды. Бул жигиттер жашында ушундай ийгиликтерди жаратып, эми "жылдыз" оорусу менен оорубай, ырыс-даңк көтөрө алышса, болочокто кыргызды Канатбек Бегалиевдей, Руслан Түмөнбаевдей, Данияр Көбөновдой дүйнөгө таанытарында шек жок.
Монголиядагы Азия чемпионатында жеңил салмактарда Азат Төлөнбай уулу, Адилет Таалайбеков, 50 кг салмакта Тынарбек Шаршенбеков, 54 кг салмакта Тынч-тыкбек Абдыкеев, 69 кг салмакта Болотмырза Асанбеков, 85 кг салмакта Узур Жусупбеков менен оор салмакта Нурсултан Макмудов коло байгелүү болуп, келечектеринен үмүт жандырып койду.
Мамлекет Азия чемпионатына катышуу үчүн ушул 10 балбандын бешөөнө гана каражат берген. Калган беш балбанды ата-энелери, дос-тууган, демөөрчүлөр, машыктыруучулар кыйындык менен каражат таап, Монголияга аттандырган.
Эсиңиздерге сала кетели, 2011-жылы Тайландда өткөн Азия чемпионатында кыргыз балбандары алгач ирет командалык эсепте биринчи орунду ээлеген. Ал эми 2012-жылы Бишкекте өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында кыргыз балбандары 8 медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду экинчи жолу камсыз кылган. Анда 2 алтын, 4 күмүш жана 2 коло байге болгон.
Ушундай жеңиштерге зор салым кошкон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Раатбек Мамбетов, Жусуп Калилов, Мейрамбек Ахметов, Шухрат Ушуров, Садыкжан Юсупходжаев жана башкалардын эмгектерин унутууга болбойт. Көп учурда балбандар даңкталып, акчалай сыйлык алып, урмат-сый көрүшөт да, аларды таптаган устаттары унутта калат. "Жоону сайса эл сайды, аты калды Манаска" дегендей балбандарды ушундай жеңиштерге жеткирген машыктыруучуларды, ата-энелерди да унутпасак...




теннис
Эл аралык
теннис турнири
Бишкекте 6 күнгө созулган эл аралык Bishkek Open теннис турнири соңуна чыкты. Мында Кыргызстан, Вьетнам, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Украина, Орусия, Түркия баштаган жыйырмадай өлкөнүн жаш 80 спортчусу мөрөй талашты. Бул тууралуу федерация мүчөсү Таалайбек Дүйшеев билдирди.
Жыйынтыгында уландар арасында баш байгени кыргызстандык Даулет Жумаев жеңип алды. Ал финалда орусиялык Николай Батановду утту. Кыздардан биринчи жана экинчи орундарды орусиялык Анас-тасия Нафодова менен Екатерина Казюонова жеңип алышты. Уландардын жуп болуп беттешүүлөрүндө биринчи орунга казакстандык Нарсултан Чымбатаев менен Болот Мамыр чыкты. Экинчи орунду өзбекстандык Тамир Эгембердиев менен орусиялык Валентин Подгорный камсыз кылды.
Кыздардан жуп болуп ойногон орусиялык Елизавета Люкшинова менен Анастасия Нафодова баш байгенин ээлери болушту. Өзбекстандык Мелисса Бекирова менен Гузаль Юсупова күмүш медаль тагынды.




азия чемпионатында
дагы эки коло медаль
Улан-Батордогу Азия чемпионатынын акыркы күнүндө эркин күрөшү боюнча 54 кг салмакта уландар арасында Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков алгач ирандык балбанды уткан. Бирок, ал чейрек финалда монгол жигиттке аз упай менен алдырып койду. Кийин үчүнчү орунга талапкер болуу үчүн таймашта Улукбек казак жана корей балбандарын утуп, коло байгелүү болду. Бул ирет балбандар ишенимди актай албай, жаштык кылып койгонун федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев айтты.
- Миржан Алтымышев (76 кг) жана Ислам Ниязов ( 100 кг) үчүнчү орунга бир кадам жетпей бешинчи болуп калды.
27-июлда 42 кг салмакта кыргыз балбаны Феликс Бактыбеков коло медаль утуп алган.
Жыйынтыгында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте жетинчи орунга илинди. Индия - биринчи, ирандыктар - экинчи жана казактар үчүнчү орундарды ээледи.




ат спорт оюндары
Чолпон-ата шаарында ат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү
26-июлда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында ат оюндары боюнча мелдештер өттү.
Ат оюндары боюнча спорттук мелдештер Ысык-Көл районунун ат кармоочулар ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты - ат спорт оюндарын жайылтуу жана облустун туристтик деңгээлин жогорулатуу.
Ат оюндары боюнча мелдештеринин байге фонду 500 миң сомду түздү. Мелдештин программасында 6 түрдүү аралыкка жарышуу болду. Андан тышкары каалоочулар үчүн күрөш жана аркан тартышуу боюнча мелдештер уюштурулду.
Булак: Баракелде





эркин күрөш
Кыздары кыйын кыргыздын...
Монголиядагы жаштардын Азия чемпионатында кыздардын эркин күрөш таймаштарында 40 кг салмакта Динура Сулайманова жарым финалда монголиялык Чимгее Буйандалайды жеңип алды. Ал Азия чемпиондугу үчүн финалдык таймашта казакстандык Светлана Анкичеваны 4:3 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Динура Сулайманова былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген.
38 кг Канайым Бургхан кызы да коло байгелүү болду.
Былтыр Бишкекте Азия чемпиону наамын жеңип алган Юлия Филистееванын бул ирет жолу болбоду. Ал алгач индиялык атаандашын утканы менен, монгол балбан кызга алдырып койду. Негизинен Азия чемпионатына 10 кыз барышы керек болчу. Каражаттын тартыштыгынан мамлекет 3 кызга гана каражат бөлүп, калган 5 кызга ата-энелери, демөөрчүлөрү, устаттары каражат таап, жөнөткөн. Алар бул ирет 47 упай топтоп, командалык эсепте 6-орунду камсыз кылышты. Азияда алтынчы болуш деле кыздар үчүн дурус көрсөткүч. Кыздардан командалык эсепте биринчи орунду Жапония, экинчини - Казакстан, үчүнчү орунду Индия өлкөлөрү ээледи. Былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатында кыргыздын балбан кыздары 1 алтын, 3 коло байге алып, командалык эсепте бешинчи болушкан.
Кийинки кезде кыргыз кыздары эркин күрөшкө кызыгып, Айсулуу Тыныбековадай олимпиадалык оюндарга катышууга дилгир экенин федерация президенти Асейин Төрөгелдиев белгиледи.





олимпиада
Дүлөйлөрдүн дүйнөлүк олимпиадасы
26-июлдан бери Болгариянын борбору София шаарында дүлөйлөрдүн дүйнөлүк олимпиадалык оюндары өтүүдө. Мында 90 өлкөнүн 4 миңден ашуун өкүлү спорттун 19 түрү боюнча мөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын 6 спортчу коргоп жатат. Алар грек-рим, эркин күрөш, дзюдо, ок атуу жана сууда сүзүү боюнча мөрөй талашууда. Алардын катарында мурдагы дүлөйлөр олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн коло байге уткан эл аралык спорт чебери Арам Акопян да бар. Бул тууралуу дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Бул атайын олимпиада 5-августта жыйынтыкталат.


Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы





Пикир:






??.??