Конкурс
- Бөлүштүрүүчү электр компанияларын изилдөө боюнча иштерди пландаштырат;
- Электр энергиясын пайдалануу маселелери, техникалык абалы жана коопсуздук техникасы боюнча материалдарды жалпылайт жана талдайт.

Адис
- "Өнөр жай ишканаларын жана шаарларды электр менен жабдуу", "Өнөр жай орнотмолорунун электр кыймылга келтиргичтери жана автоматташтыруу", "Электр эсептөө машиналары", "Электр станциялары", "Жылуулук газ менен жабдуу жана желдетүү" , техникалык орто билим;
- Энергетика жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды, КР "Энергетика жөнүндөгү", "Электр энергетика жөнүндөгү", "Энергияны үнөмдөө жөнүндөгү" Мыйзамдарын билүүсү.
Иш милдеттери:
- Төмөнкүлөргө көзөмөлдүк жүргүзөт:
- Энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча КР мыйзамдарынын, электр жана жылуулук тармактарынын жана энергетикалык жабдууларын куроодогу пайдалануу эрежелеринин сакталышына:
- Бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын, өнөр жай жана башка ишканалардын, уюмдардын , мекемелердин жана тиричилик керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорунун түзүлүш эрежелеринин талаптарын электрдик жана жылуулук пайдалануучу орнотмолорду техникалык пайдалануу эрежелерин аткаруусуна жана аларды коопсуз пайдаланууга, электр жана жылуулук энергиясын пайдалануунун жана эсептөөнүн эрежелерин, техникалык талаптарын жана башка ченемдик-укуктук актыларды аткаруусуна;
- Электр-жылуулук орнотмолорду жана жабдууларды бөлүштүрүүчү компаниялар жана керектөөчүлөр тарабынан пайдалануу учурунда техникалык регламенттердин, техникалык шарттардын талаптарын аткарууга.

Жер көзөмөлдүгү боюнча башкы жана жетектөөчү адис:
- Жогорку адистиктер боюнча: жогорку, атайын орто билим: жерге жайгаштыруу инженери, юриспруденция, инженер-геолог, инженер-гидротехник, айыл чарбасы жана тоо өнөр жайы боюнча инженер-механик, инженер-эколог; инженер-куруучу; агрономия, география, айыл чарба өндүрүшүнүн технологу.
- КР Жер кодексин, КР "Кен байлыктар жөнүндөгү", "Жайыттар жөнүндөгү", "Кыймылсыз мүлктөргө укуктарды жана аны менен бүтүмдөрдү каттоо жөнүндөгү", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөгү", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндөгү", "Ишкердиктин субъектилерин текшерүүнү жүргүзүү жөнүндөгү", Мыйзамдарды, "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатуу-сатып алуунун тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу", "Кенди пайдалануу үчүн жер участокторун берүү жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу " КР Өкмөтүнүн токтомдорун билүүсү.
- Чиймелерди, схемаларды, генпландарды ж.б. окуй билүү жана талдоо артыкчылык болуп эсептелинет;

Иш милдеттери:
- Республикада жерлерди рационалдуу пайдаланууну, ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан бардык жер пайдалануучулардын жер мыйзамдарын сактоосун, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалануусун координациялайт жана мамлекеттик көзөмөлдүк кылат;
- Башкаруу багыты боюнча ар кандай иш чараларды уюштурууну жана жүргүзүүнү камсыз кылат;
- Жетекчиликтин тапшырмасы менен өз компетенцияларынын чегинде контрол жүргүзөт жана пайда болгон талаш-тартыш кырдаалдардын чечилишин камсыз кылат;
- Айлык, кварталдык, жарым жылдык, жылдык отчетторду жерлердин бардык категориялары боюнча региондук башкармалыктардын инспекторлорунан бекитилген иш планга ылайык кабыл алат;
- КР жер боюнча мыйзамдарын бети ачылган бузууларды жойуу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдарды жана каттарды даярдоого жооп берет;
- Жерди пайдалануучулардын маалыматына КР Жер кодексинин талаптарын жеткирет;
- Айыл чарба багытындагы жерлерди айыл чарбасы эмес керектөөлөргө пайдалангандыгы үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун эсебин чыгарат;
- Өсүмдүк катмарын бузуу жана жок кылуу боюнча зыяндын эсебин чыгарат.

Адис:
- Төмөнкү адистиктер боюнча жогорку, атайын орто билим: жерге жайгаштыруу инженери, юриспруденция, инженер-геолог, инженер-гидротехник, айыл чарбасы жана тоо өнөр жайы боюнча инженер-механик, инженер-эколог; архитектура (курулуш) инженер-куруучу; агрономия, география, айыл чарба өндүрүшүнүн технологу.
- КР Жер кодексин, КР "Кен байлыктар жөнүндөгү", "Жайыттар жөнүндөгү", кыймылсыз мүлктөргө укуктарды жана аны менен бүтүмдөрдү каттоо жөнүндөгү", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөгү", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндөгү", "Ишкердиктин субъектилерин текшерүүнү жүргүзүү жөнүндөгү", Мыйзамдарды, "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатуу-сатып алуунун тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу" , "Кенди пайдалануу үчүн жер участокторун берүү жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу " КР Өкмөтүнүн токтомдорун билүүсү.
- Чиймелерди, схемаларды, генпландарды ж.б. окуй билүү жана талдоо артыкчылык болуп эсептелет.
Иш милдеттери:
- Башкаруу багыты боюнча ар кандай иш чараларды уюштурууну жана жүргүзүүнү камсыз кылат;
- Жетекчиликтин тапшырмасы менен өз компетенцияларынын чегинде контролдук жүргүзөт жана пайда болгон талаш-тартыш кырдаалдардын чечилишин камсыз кылат;
- Айлык, кварталдык, жарым жылдык, жылдык отчетторду жерлердин бардык категориялары боюнча региондук башкармалыктардын инспекторлорунан бекитилген иш планга ылайык кабыл алат;
- КР жер боюнча мыйзамдарын бети ачылган бузууларды жойуу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдарды жана каттарды даярдоого жооп берет;
- Жерди пайдалануучулардын маалыматына КР Жер кодексинин талаптарын жеткирет.

Өрт коопсуздугу боюнча
Башкы жана жетектөөчү адис
- Төмөнкү адистиктер боюнча жогорку билим - өрт коопсуздугу боюнча инженер, куруучу, энергетик, укуктук;
- Өнөр жай коопсуздугу боюнча КР ченемдик-укуктук актыларын, бардык багыттар боюнча өрт коопсуздугунун талаптарын билүүсү;
- Жеке жана укуктук жактардын сурамдары боюнча каттар менен иштөө көндүмдөрү.
Иш милдеттери:
- Объектилерге өрткө каршы техникалык текшерүүлөрдүн өз убактылуулугуна жана сапатына мамлекеттик контролдук жана көзөмөлдүк жүргүзөт;
- Өрт көзөмөлдүгү боюнча мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылат;
- Өрткө каршы иш чаралардын маселелери боюнча скерептердин, маалыматтардын, сунуштамалардын жана каттардын даярдалышын камсыз кылат;
- Автоматтык өрттөн коргонуу орнотмолорун пайдаланууну имараттарды долбоорлоо, куруу процесстеринде жана аракеттеги объектилерде контролдойт;
- Ушул орнотмолордун эсебин алат, аларды техникалык тейлөөсүн уюштурууну, туура пайдаланууну контролдойт.

Адис
- Билими: өрт өчүргүч, куруучу, энергетик, укуктук адистиктери боюнча техникалык - орто;
- Өнөр жайлык коопсуздук боюнча КР ченемдик укуктук актыларын жана өрт коопсуздугунун бардык багыттары боюнча талаптарды билүүсү;
- Чарбалык объектилерде контролдук-алдын алуу иштерди уюштуруу жана жүргүзүү боюнча көндүмдөрүнүн болушу;
- Жеке жана укуктук жактардын сурамдары боюнча каттар менен иштөө көндүмдөрү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
- жеке арыз (кайсы кызмат экендигин так көрсөтүү менен);
- кадрларды каттоого алуучу жеке баракча (фотосүрөтү менен) жана таржымалы;
- билими жана квалификациясын жогорулатуусу боюнча документтердин көчүрмөсү (нотариус же иштеген уюмунун кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же иштеген уюмунун боюнча кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- паспортунун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (түп нускасы конкурс маалында көргөзүлөт).

Конкурска катышуу үчүн документтер КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга төмөндөгү дарек боюнча тапшырылат: Бишкек ш., Ахунбаев к., 119, 409-б. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин. Документтер бул жарыя жарыкка чыккандан тартып, 7 күндөн кечиктирбестен тапшырылуусу тийиш.

Байланыш телефону: (0312)54 30 94
Конкурс, квалификациялык талаптар жана иш милдеттер боюнча толук маалымат КР Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында - www.mkk.kg, Мамэкотехинспекциянын сайтында - www.geti.kg берилген.

Эскертүү: талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска катышуу үчүн чакырылат. Бул үчүн талапкер өзүнүн байланыш телефонун көрсөтүүсү зарыл.





"БАРОМЕТР"
кызматташууга чакырат!
"БАРОМЕТР" - маданий, коомдук-саясый гезит, кыргыз тилинде жума сайын чыгат.
Сандары 24 беттен негизинен түстүү чыгуучу "БАРОМЕТР" коомдук-саясый гезити "Барометрдин" жарнамасы" деген ат менен жарнамаларды, жарыяларды, кулактандырууларды, билдирүү, билдирмелерди жарыялап турмакчыбыз.
Биздин жарнама - сиздин това­рыңыздын жана көрсөтүп жаткан кыз­матыңыздын өтүшүнө, акчаңыздын көбөйүшүнө, атыңыздын аттын кашкасындай таанылышына, барып-келип, кадыр-баркыңыздын жогорулашына жардам берет. Тиражы республиканын көп региондоруна таратылган гезиттин жарнамалары негизинен түстүү беттерге жарыяланып, жарнама берүүчү үчүн башка гезиттердикине салыштырмалуу абдан арзан - 1 бет (полоса) 10 (он) миң сом! Буга кошумча бонус белгиленет - ал жарнама "Барометрдин" кийинки үч санына акысыз жайгаштырылат! Жыйын-тыгында 1 эле жарнама 1 (бир) айда 4 жолу жарыяланат!
Төмөндө жарнама-маалымат материалдарын жарыялоонун шарттары (Келишимдин үзүндүсү) менен сиздерди тааныштырууну ылайык таптык.

"Барометрдин" жарнамасы
(Келишимден үзүндү)
Аткаруучу б.а. гезит редакциясы Тапшырыкчынын (Заказчынын) тапшырмасы боюнча төмөнкү кызматтарды көрсөтүү милдетин өзүнө алат:
1. Тапшырыкчыдан Техникалык тапшырмалар келип түшкөнүнө жараша "Барометр" гезитинен (мындан ары - гезит) Тапшырыкчынын жарнама-маалыматтык материалдарын (мындан ары - ЖММ) жарыялоого орун (мындан ары - Орун) бөлүп берет.
2. Ушул Келишимде каралган шарттарга ылайык Тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча өз ресурстарынын жана өз каражаттарынын эсебинен фото, тексттик материалдар жана ЖММнын макетинин түп нускасын (мындан ары - материалдар) жасайт, ал эми Тапшырыкчы жасалган ишти кабыл алат жана төлөп берет.
3. 1. жана 2. пункттарында көрсө­түлгөн кызматтар мындан ары тейлөө­лөр деп аталат.
4. Техникалык тапшырманын формасы ушул Келишимдин 1-тиркемесинде бекитилет.
5. ЖММны гезитке жайгаштыруу толук бойдон Тапшырыкчынын Техникалык тапшырмасына ылайык жүргүзүлөт. Техникалык тапшырмадан четтөөгө жол берилбейт.
6. ЖММны гезитке жарыялоодо Тараптар ЖММнын макетин сөзсүз түрдө макулдашат. Асыресе, гезитке жарыяланган ЖММ алардын макулдашылган макеттерине ( текст, схемалар, фото, сүрөттөр, түстөр-боёктор ж. у. с.) туура келүүгө тийиш.
Тейлөө көрсөтүү тууралуу келишимге ЖММны жарыялоого Техникалык тапшырма:
1. Аткаруучу ушул Техникалык тапшырмага так ылайык кызмат көрсөтүү милдетин алат.
* Зарылчылыкка жараша бул бөлүмдө схема, сүрөт, логотип ж.б. так варианты (гезитке кандай жайгаштырылса, ошондой) көр­сөтүлөт.







Пикир: