"Көгүлтүр Ысык-Көл"
"Көгүлтүр Ысык-Көл" ("Голубой Иссык-Куль") санаторийи - Кыргызстандагы эң таанымал жана эл арасында сүймөнчүлүккө ээ мейманканалардын бири болуп эсептелет. Ал көлдүн түндүк жээгинде курорттук аймактын так борборунда - Чолпон-Ата шаарында орун алган. Санаторий жээкте жайгашкан мейманкана комплекстеринин ичинен эң ириси болуп эсептелип, 1060 орунга ылайыкташкан.
Эң бир ыңгайлуу, көңүл сергитер, ошону менен бирге эле ден соолукка пайдалуу эс алуу деген кандай болот? Бул суроолордун бардыгына жоопту Сиз "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинен табасыз. Биздин санаторий конокторду жайкысын гана эмес, жыл бою кабыл алууга даяр.
"Көгүлтүр Ысык-Көлдө" эс алуу менен Сиз бир нече айларга жетерлик күч топтоп, ден соолугуңузду чыңдап аласыз. Таза аба, уникалдуу минералдык булактар менен дарылоочу баткак дарыгерлердин көп жылдык тажрыйбасы менен биргеликте дем алуу органдарынын, жүрөк-кан тамыр тутумунун, муундардын, нерв тутумунун жабырланышынан жана гинекологиялык оорулардан запкы тарткан оорулууларды ийгиликтүү дарылоого мүмкүнчүлүк берет. Баткак жана минералдык ванналардын дарылык касиетин массаждын үч түрү арттырат: гидромассаж, кол менен жасалуучу массаж жана механикалык массаж.
Эс алуучулар арасында төмөндөгүдөй процедуралар да кеңири колдонулуп келет: мануалдык жана ийне рефлекс терапиясы, фитобочка жана нымдуу чүпүрөк менен ороо, "туз шахтасы", колоногидротерапия, ошондой эле, деңиз суусу жана минералдык суу менен толтурулган шыпаалык касиети бар уникалдуу бассейн.
Мындан тышкары, санаторийде жогорку категориядагы эң мыкты врачтар - невропатолог, УЗИ врачы, гинеколог, педиатр, лор жана стоматолог жыл ичи бою Сизди кабыл алып, кеп-кеңештерин берип турушат.
Эс алуучулар бардык шарттары бар, көк тиреген тоолор менен көгүлтүр көл терезесинен көрүнүп турган 1, 2, 3 жана 4 орундуу номурларга жайгаштырылат. Кардарларыбыз эс алып гана тим болбостон, биздин мыкты ашпозчуларыбыздын колунан даярдалган улуттук жана европа ашканасынын түркүн-түмөн даамдуу жана аш-болумдуу тамактарынан тамшана даам тата алышат. Биздин ашпозчулардын, кондитерлердин атагы, чынында, Ысык-Көлдөн ары кеткен.
Бардык керектүү жана заманбап жабдуулар менен жабдылган спорт аянтчалары санаторийдин өзгөчө сыймыгы болуп эсептелет. Алар - волейбол, теннис жана футбол аянттары. Ушуга байланыштуу бир нече жылдардан бери биздин санаторий ири спорттук жарыштарды, спартакиадаларды жана Эл аралык деңгээлдеги ар кандай мелдештерди уюштурууда негизги арена катары кызмат өтөп келүүдө. Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын курама топтору бизде спорттук чогулуштарды жана машыгууларды өткөрүүнү салтка айландырып алышкан.
Кумдуу жээк - биздин дарылоочу жайдын сыймыгы же заманбап тил менен айтканда, визиттик карточкасы. Ар дайым таза кармалган, күндөн коргоочу чатырлар жана шезлонгдор менен жабдылган пляждар көл суусундай эле ырахат тартуулайт. Куунак күнүңүздү кечкисин ыңгайлуу кафе жана барларда эс алуу менен өткөрсөңүз болот. Ал эми санаторийдин аллеяларында сейилдөө өзүнчө эле ырахат. Биздин кызматта теннис, бильярд, компьютер клубдары, балдар бөлмөлөрү, кинотеатр, ар түркүн суу аттракциондору, кызыктуу саякат, экскурсиялар жана мындан башка да көптөгөн кызыктар бар. Жай бою санаторийде анимациялык команда эмгектенет. Алардын түзүмүндө Кыргызстан Шайыр жана тапкычтар клубу (КВН) жогорку лигасынын мыкты оюнчулары Сизге эстен кеткис шоу-программаларды, оюндарды, тамашаларды, конкурстарды жана толгон-токой кызыктуу башка көңүл ачууну тартуулашат. "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийин тандасаңыз, эч өкүнбөйсүз. Мыкты эс алуу менен дарылоочу процедуралардын айкашы - бардык дарттардын табылгыс дабасы!







Пикир: