Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер
 
ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИ
Лицензия АЛ № 254, 302
2013-2014-жылдарга студенттерди кабыл алууну жарыялайт


Сары-Өзөн Чүй боорунда түптөлүп, касиеттүү жердин атын алып жүргөн Чүй университети 1991-жылы тилдерди ыкчам үйрөтүү боюнча Республикалык борбор катары негизделген. 1992-жылы Республикалык жогорку колледжге өзгөртүлүп, 1996-жылдан бери Чүй университети катары жаштарга татыктуу билим берип келатат.
Университетте билим берүү процесси жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына толук дал келет. Чүй университети мамлекеттик аккредитацияга ээ жана бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү, ошондой эле эл аралык стандарттагы дипломду ыйгарат.


Жогорку кесиптик билим берүүнүн программасы
"Бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен базалык жогорку билим берүү (окуу мөөнөтү 4 жыл - күндүзгү).

Бакалаврларды даярдоо
580100 Экономика;
521400 Юриспруденция;
531000 Филология (англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты);
530200 Политология;
510200 Колдонмо математика математика и информатика.

Окутуунун аралыктан окутуу (дистанциялык) формасы
531000 Филология (кыргыз тили, орус тили);
521400 Юриспруденция;
580100 Экономика.

Профессордук-окутуучулар курамы
Чүй университетинин негиздөөчүсү, президенти, академик Султан Мамбеткалиев - көрүнүктүү тилчи-окумуштуу, бүт өмүрүн Кыргызстандын жогорку билим берүү тутумуна арнаган адам, кыргыз тилин окуп-үйрөнүү усулдарын иштеп чыгууга катышкан илимпоз.
Чүй университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов да илимий ишин жогорку билим берүү тутумуна айкалыштырып, жаштарга татыктуу тарбия берип келаткан окумуштуулардын бири. Аталган окуу жайда өз тармагында ири ийгиликтерге жетишкен илимпоздор арбын.
Чүй университетинде жүздөн ашуун окутуучулар эмгектенишет. Алардын 62%ы илимий окумуштуулук даражага ээ адистер: илимдин доктору, кандидаты, профессор, доцент, ага илимий кызматкерлер.
Чүй университетинде окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт, чет тилдерди үйрөнүүгө толук шарттар түзүлгөн.

Билим берүү тутуму
Университеттин окуу процесси Болон тутумуна негизделген кредиттик технология боюнча жүргүзүлөт. Мындай окутуунун негизги максаты - студенттин билимге жана илимге кызыгуусун арттыруу, өз алдынча билим алуусун өнүктүрүү, эл аралык стандарттагы дипломго ээ болуу.
Университет жөнүндө
Университет түзүмү (структурасы):
- экономика факультети;
- укук факультети;
- колдонмо математика жана информатика факультети;
- кадрлардын даярдыгын жогорулатуу жана кайра даярдоо борбору;
- Тургут Өзал атындагы кыргыз-түрк институту;
- Чет тилдери факультети;
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
Университетте 8 кафедра иштейт:
- экономика, менежмент жана бизнес;
- колдонмо математика жана информатика;
- мамлекет жана укук теориясы менен тарыхы;
- атайын укук сабактары;
- кыргыз жана орус филологиясы;
- чет тилдер;
- социалдык-гуманитардык илимдер;
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу;
- тилдерди ыкчам окутуу.
Окутуунун кредиттик технологиясы студенттин жекече кызыкчылыгын жана муктаждыгын эсепке алуу менен базалык (типтүү), жумушчу, жеке (студенттин өзүнүн) окуу пландарына негизделген. Окуу учурунда студент Болон тутумуна кошулган жогорку окуу жайларынын окуу планына шайкеш келген курстарды өз каалоосу менен тандоо укугуна ээ; ал, ошондой эле, белгилүү сандагы кредиттерди топтошу керек. Бул кредиттер студентке өз алдынча чыгармачылык менен билим алууга өбөлгө түзөт.

Тарбия иштери
Университетте 1000ге жакын студент окуйт. Алар окуу жайдын сыймыгы жана ишеними болуп саналышат. Билим берүү жаштарды тарбиялоо менен тыгыз биримдикте жүргүзүлөт. Ошондуктан студенттерге көңүл буруу менен мамиле жасоо негизги маселелердин бири.
Университеттин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик башкаруу, укук коргоо органдарында, окуу жайларында эмгектенишет. Бүтүрүүчүлөрдүн 70%га жакыны өлкөнүн билим берүү тармагында иштейт. Мындан тышкары, университет Кыргызстанды дүйнөлүк аренага тааныткан спортчулары менен сыймыктанат.

Эл аралык
карым-катнаштар
Чүй университети ушул тапта эл аралык кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүп келаткан окуу жайлардын бири. Университет Россия, Казакстан, Татарстан, Түркия мамлекеттеринин жогорку окуу жайлары, Пакистандын "Даха" университети сындуу дүйнөлүк белгилүү окуу жайлары менен бекем карым-катнашты түзгөн. Университеттин окутуучулары тажрыйба алмашуу, илимдин акыркы жетишкендиктери тууралуу маалыматтарга ээ болуу жана өз ара байланыштарды чыңдоо максатында аталган өлкөлөргө илимий сынактарга барып турушат.
Илимий жана окуу усулдук карым-катнаштарды чыңдоо максатында Түркиянын "Жүзүнчү жыл", "Каратекин", М. Акиф Эрсой университеттери, Калифорниянын (АКШ) "Сан Жоуз" университети, ошондой эле, Түркиянын Тургут-Өзал институту менен тажрыйба алмашууну ишке ашырып келе жатат. Азыркы мезгилде Пакистандын, Германиянын, Монголиянын, Кипрдин жана Кореянын окуу жайларынын өкүлдөрү менен түрдүү багыттар боюнча жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кытай жана Түркия элчиликтери менен экономика, филология тармактарында адистерди биргеликте даярдоо боюнча макулдашуулар жүрүүдө.
Магистратура борбору
Лицензия АЛ № 302
"Юриспруденция" багытындагы магистрлер төмөнкүдөй адистиктер боюнча даярдалат:
- мамлекеттик-укук ишмердүүлүгү;
- жарандык-укук ишмердүүлүгү;
- кылмыш изилдөө-укук ишмердүүлүгү;
"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багытындагы магистрлер төмөнкүдөй адистиктер боюнча даярдалат:
- муниципалдык башкаруу;
- муниципалдык кызмат.

Окуу мөөнөтү: 2 жыл.

ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИНЕ КАРАШТУУ
БИШКЕК КОЛЛЕДЖИ
Лицензия АЛ № 379
2013-2014-жылдарга студенттерди кабыл алууну жарыялайт


9-жана 11-класстардын базасында күндүзгү жана кечки окутуу формасында төмөнкүдөй адистиктерге даярдайт:
- укук таануу;
- экономика.
Окуу үчүн акы төлөөдөгү жеңилдиктер:
- Көп балалуу үй-бүлөдөгү (5тен ашуун) же ата-энесинин бирөөсү жок студенттер - 5%;
- Томолой жетим, майып студенттер - 20%;
- Олимпиадада жеңишке жетишкен студенттер:
o Райондук, шаардык - 15%;
o Республикалык - 20%.
Орто окуу жайын (мектепти) эң мыкты бүтүргөн студенттерге - 1-сессияга чейин - 30%, эң жакшы окуусу үчүн - окуу жайын бүткөнгө чейин.

"Эң жакшы" баага окуган студенттер:
- бир жылдын ичинде - 10%;
- эки жылдын ичинде - 20%;
- үч жылдын ичинде - 30%;
- төрт жылдын ичинде - 40%.

Окууга тапшырууга зарыл документтер:
- ЧУнун президентинин атына арыз;
- Билими тууралуу документ (түп нус-касы);
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) сертификаты (бар болсо);
- Медициналык маалымкат (форма №086-у);
- Сүрөт (3х4см) 6 даана;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү же паспортун өзү көргөзөт.
Кирүү сынактары: аңгемелешүү, ЖРТ жана бланкалык тестирлөө.
Окууга документтерди кабыл алуу - 15-июлдан сентябрга чейин.
Иштөө убактысы:
9:00дөн 17:00 чейин.


Чүй университетинин алдында түзүлгөн "Султан - башталгыч мектеби"
2013-2014-окуу жылына 1-жана 4-класстарга
документтерди кабыл алууну жарыялайт


Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгүнүн сериясы: УРЭ № 0067759 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Бишкек шаардын юстиция башкармалыгы тарабынан 2010-жылдын 13-августунда берилген.
Менчик түрү: жеке.
Мектепке кирүү үчүн керектүү документтер: мектеп директорунун атына арыз, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, окуучунун өздүк документтери, 3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт, 026, 063 формасындагы медициналык карточкалар, жашаган жеринен маалымкат.








Пикир:






??.??