Улуу жазуучунун 85 жылдыгын утурлап

Чыңгыз Айтматовдун
акыркы
басма сөз жыйыны

Азыркы адабиятыбыздын күнү Ала_-Тоонун ак кар, көк муздуу чокуларынын ары жагына батып кеткенден бери ортодон үч жыл убакыт өттү.* Демек, биз үч жыл бою Биринчи мугалимибизди жана Түбөлүк жазуучубузду кадыресе жоктоп, жашоо кечирүүдөбүз. Бирде барбалаңдап кубанып, бирде тырбалаңдап азап чегип, кээде ардеме-бирдеме колубуздан келгенсип, кээде, тескерисинче, колубуздан кокон тыйын да келбей дегендей. Кыскасы, кезинде ата-бабаларыбыз чубаган Улуу көчтүн учугу баягы калыбынан жазбай уланып узарууда. Ушунусуна шүгүр...


Асыресе, жазуучунун өзү өлсө да, китепке ынак окурмандардын дүйүм тобунда адамдын адамды таанып билүүсүнө, адамдын адамды сүйүүсүнө көмөктөш асыл данек сөзү эгерим өлбөйт тура. Анын үстүнө, ага түздөн-түз тийешелүү айрым бир жылуу эскерүүлөр дагы унутулчудай эмес. Кеп оролу ошолордун бири тууралуу.
2007-жылдын 13- ноябрында Республикалык Кино үйүндө, - киночулар береги имаратты Айтматовдун үйү деп аташат жана бул аталыш Бишкектин Логвиненко көчөсү 13 дарегиндеги (Кудай сакта, эки жолу 13!) согуштан бери карай курулган кош кабат тамдын макамы жөнүндөгү бийлик мекемелеринин чечимдерине ылайык, - Чыңгыз Төрөкуловичтин, эми талдап карасам, Мекениндеги эң акыркы басма сөз жыйыны - жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бир сааттык бетме-бет дидарлашуусу болуптур. Аны эсе ачып көздү жумгуча даярдаганбыз.
Арада Европадан учуп келген Чыңгыз Төрөкулович мурдагы "Кыргызкино" Улуттук концернинин кеңсесине ирегелеш жайгашкан жумушчу бөлмөсүндө демейдегисиндей узанып отурганын кинематография боюнча ведомстводогу кесиптештеримден угуп, улуу-кичүү барктап-сыйлаган аксакал менен учурашып коюуну туура таптым. Эки иштен бир иш демекчи, авторго "Тоолор кулаганда" романын которуудагы кыйынчылыктар туурасында абайлап айтып, акырын актанып чыгуум абзел эле. Анткени агезде күнү-түнү, айрыкча, ишемби- жекшембидеги дем алышта котормого көз майымды коротуп, мунумду мөөнөтүнөн кечиктиргеним үчүн өзүмдү өтө айыптуу сезип жүргөн чагым. "Аттиң, ушундан көрө Толстой же Достоевскийдин чыгармаларына урунбай, -дейм мукураганда, -тигил алптар бүгүн тирүү болсо деле, баары бир кыргызчага кантип тиши өтмөк?".
Жазуучу жалгыз эмес экен. Бирок, мен тиерде салыштырмалуу көпкө кармалдым. Себеби, андагылар тек чыгармачылык маселелерди чөп башылап, ээн-жайкын турбайбы. Пикир алмашууга кыпчылып, ысымы Эльазык шаарындагы бакка ыйгарылганын сүйүнчүлөсөм, агайы-быздын жүзү жайдарыланып, аны кайдан эшиттиң деди. "Кечээ сиздин Түркияга барганыңыз жөнүндө гезитке кабар басылды" деп-дебей, майданчадагы күркөдөн "Слово Кыргызстана" басылмасынын жаңы санын алып келүүгө чуркадым.
Ч.Айтматов, гезит бетиндеги сүрөттөргө бир сыйра көз чаптырып, чет өлкөдөгү, көркөм өнөрчүлөрүбүздүн жамы жамаатына буга дейре түзүк белгисиз аймактагы парктын расмий ачылышында көргөн-туйганын биртике кобурады. - Манасчы Уркаштын "ушу бактын чырпыгы чынар болсун, ушу бактын чымчыгы шумкар болсун" дегени түрктөргө жакты, -дейт сүрөткер. Анан мага кайрылды: -Сен беш-алты журналистти батыраак чогулта аласыңбы, жаңылык бар? Мен "аный" дебедим, бирок, арылай кеңешип-таңашып, аягында Кино үйүндө, жогоруда белгиленгендей, он үчүнчү ноябрда, саат он бирде толук кандуу басма сөз жыйынын уюштурууга токтодук. Анан, негизинен, алдыдагы иш-чараны бири-бирибизге кулактоо максатында эки курдай телефон аркылуу учкай сүйлөшкөнбүз.
Классиктин журналисттердин маңдайында адегенде оозанган сүйлөмдөрү анын дипломатиялык кызматты ташташына байланыштуу эле:
- Жетишет, ансыз деле, эл аралык эрежелерде тастыкталган мөөнөттөргө карабастан, узак эмгектендим, - деди ал эч кандай жасалмасы жок, жаркылдап. - Мен качандыр бир туулган жериме, силерге кайтып келишим канимет. Сааты чыкты...
Баса, ошол күнү кечинде, эртеси эртең менен дээрлик бардык теле-радио каналдар, басылмалар менен интернет медиа-ресурстар Кино үйүндөгү басма сөз жыйынын чагылдырууда Ч.Айтматовдун Кыргыз Республикасынын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана Франциядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчисинин, НАТОнун өкүлүнүн кызматтарынан чегинишине бөтөнчө басым коюшканын байкадым. Чыңгыз Төрөкулович Брюсселден кайткан соң, ал эми 2008-жылдын жарымында о дүйнө салганда ого бетер, дал жанагы отставка бүт ааламга таанымал кексе ишмердин чукулдагы операциянын этегинде алсырап, айныган саламатчылыгына терс таасир этти дегенчелик ушак-айың тарады.
Балким. Ий-е, тиричиликке ыңгайлуу конуш деген түшүнүк тегинден айтылбас. Акыркы жыйырма жылда, тээ кайра куруу доору күчөгөндө андагы жаңыча ой жүгүртүү жаатындагы санаалашы Михаил Сергеевич Горбачёв дайындап жиберген сакадай Люксембургдан, сансыз дөбөлөрдүн, материктер аралык каржы пирамидаларынын борборунан тартып Европанын ойдуңдары менен түздүктөрү, шарты мыкты өнүккөн, маданияттарынын тарыхы бай, ар бир кишиге бирдей мүмкүнчүлүк ыроолоп, аракетине жараша калыс баалаган, инсандары өз ара сылык да сыпаа мамиледеги мамлекеттер кыргыз даанышманын турмуш өтөгөн конушуна гана эмес, жан жыргатар жаратман эмгегинин жана бир ыргактагы, жемиштүү өмүр-ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө айланган. Экинчи жагынан, биз ак-караны ачык-айрым ажыратып көнгөндүктөнбү, баары, анын ичинде, жүз жылдыктын чыгаан ойчулунун деңгээлине шексиз көтөрүлгөн жердешибиз, бир боор тууганыбыз Чыңгыз Айтматовдун өлүмү дагы Жараткандын амиринде экенин моюндайбыз.
Мен алып баруучу сыпатында залкардын жанында элем. Ошондуктан, мөртүндөгү салтанаттуу, майрамдык маанай, алиги жыйынга катышкан калемдештеримдин алым-сабакка астейдил кызыгуусу, баарлашуунун маңыз-мазмуну күнү бүгүнкүдөй жадымда.
Албетте, брифингдин жүрүшүндө бөлөк, маанилүү жаңылыктар да жар салынды, социалдык-рухий мүнөздөгү ар түрдүү түйүндүү маселелер козголду. Жергиликтүү кабарчылар "чү" дегенден бир аз апкаарып, некин, бара-бара бир нече олуттуу соболдорду узатышты. Чыңгыз Төрөкуловичтин болумуштай илгеркисине, болжолдуу болочогуна, прозасынын экрандаштырылышына, саясий көз караштарына, жада калса, жашы сексенди таяган, бирок, кыймылы тың, акылы тетик сөз чеберинин ооруп айыккан саламатчылыгына чын дилден кызыгышты. Өгүнү даректүү фильм жасоо үчүн Москвадан Манастын жергесине сапарга аттанышкан кинодокументалисттер башкы каарманды накта иш үстүндө тартышты.
Аны-муну чиймелеген кагаздарды дароо айрып ыргытууга ашыккан адатымды эске алганда, аталган басма сөз жыйынына чакырылган ЖМКлардын тизмесинин такталган нускасынын, телефон номурлары менен, өзүмдө сакталып калышы жышаналуу кубулуш. Сыналгылардын немесин калтырбаптырмын: УТРК, "Мир", НТС, НБТ, ЭлТР, "Пирамида", "5- канал", Чүй облустук "Сары-Өзөн" телевидениесине, РТРдин Бишкектеги кабарчылар пунктуна да коңгуроо каккан экем. Үналгылар: "Азаттык", "Би-би-си", "Европа плюс", республикалык радио жана "Заман" студенттик радиосу. Маалымат агенттиктери: "Кабар", "Акипресс", "24.kg", "Франс-Пресс".
Андан ары гезиттер. Кыргызстандын баардык аттуу-баштуу басылмалары. "Комсомольская правда" в Киргизии", "Российская газетанын" кызматкерлерине чалыптырмын, азырынча анчалык белгисиз жалтырак проспекттерди да кыйгап өтпөптүрмүн. Баш-аягы - кырк дарек. Мүмкүн ар кайсы жүйөлүү себептерден улам тигилердин айрымдары кулактандырылган маалда Айтматовдун үйүнө кадам аттабаган чыгар, арийне, кадам аттагандар Чыңгыз Төрөкуловичтин андан аркы тагдырын, тандаган жолун тикелей аныктаган кабарды тарам-тарам таратууга татыктуу үлүшүн кошушту. Чоң ыракмат. Телевизордон анда -санда баягы окуядан азганакай үзүндүлөр тартууланат. Айтса, мени миңдердин-түмөндөрдүн пири менен ийиндеш сүрөт тасмасына сүртүп, мезгилдүү басма каражаттарыбыздын "Куюн Маамыты" "Вечёркага" заматта жарыялаган, жаш Айтматовдун атпай калкыбыз тааныган устаттарынын бири, улуттук адабиятыбыздын даркан кара сөзчүсү Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси Темир Сыдыкбековго ыраазымын.
Басма сөз жыйынынын акырында телеоператорлор, беркилерди ээрчип жолугушуунун башка катышуучулары жез таңдай жомокчунун жупуну кабинетине дуу агылды. Эч ким эч кайда шашкан жок. Мага булар бир укмуш сөзгө кумардай, жоо-март пейил Кыдыр Алеки Саламга жууктап, андан бир ырыс-ыйман жуктурууга ынтызардай, кырдаалдын кайталанбастыгын кыйбастан кыңырылгандай сыяктанды. Чын-чынында, эки калың тарыхый журналдын - "Литературный Киргизстан" менен "Иностранная литературанын" баштагы баш редактору, кырчын талдай курагында кубат - каркындуу "Правданын" Орто Азия жана Казакстан боюнча өз кабарчысы, жалпы Советтер Союзу жактырган "Новый мир" менен "Литератруная газетанын" редакциялык коллегияларынын мүчөсү, тамшандырган очерк-тердин, таасын макалалардын, татынакай шыр баяндардын, ал эле бекенби, ар кыл басмалардан басылган публицистикалык чыгармалардын барандуу жыйнактарынын, - андай жыйнактардын анабашы 1978-жылы Фрунзеде жарык көргөн "Жер, суу менен биргелешип..." аттуу китеп десем жаңылышпайм, -автору, англичандардын "рейтерлеринин", кытайлардын "синьхуаларынын", алмандардын "шпигелдеринин" олуттуу маектеши, кашыңда беймарал аңгеме -дүкөн куруп, идеяларды оң-солго жаадырып турса, сенин али муун-жүүнү ката элек суроолоруңа жооптошуудан моюн толгобосо, оңойбу, анан!?"
Тилекке каршы, баягыда жүзөгө ашырган жумушубузду ич ара чыпкалап, жыйынтыктабадык. Анткени, Ч.Айтматовдун убактысы тар болду. Басма сөз жыйынынан соң жазуучунун жеке өзүн тартуу аракетинде бир нече мүнөткө буйдалган Москвалык меймандардын курчоосунда жуп коштошуп баратып, экинчи кабаттан биринчи кабатка созулган тепкичте Чыңгыз Төрөкулович минтип кобурады: - Мунубуздан бирдеме чыгабы? Мен анын айлана-төгөрөгүндөгү иштиктүү, салмак-салабаттуу абалга непадам тоскоол этүүдөн чоочулап, кандайдыр бир жашырын сырды угузгандай шыбырадым: - Кам жебеңиз, айтышат, көрсөтүшөт, жазышат.
Ал, ынангандай кебетеленди. Ошонусу ошол, кол алышып, кайырлаштык. Кийинчерээк, кайрадан карпа- курпа кабылып, бирин-серин кезиккенибизде бул тема талкууланбады.
…Ар качандан бир качан кулагымда Чыңгыз Төрөкуловичтин өзүнүн акыркы басма сөз жыйынындагы көөдөнүнөн куюлуп, көкөлөгөн жагымдуу доошу жаңырат. Кашка жазуучу көңүлдө баккан ой-пикирин пайгамбардай кесе айтат: Мен качандыр бир туулган жериме, силерге кайтып келишим канимет...
Оопасыз, бир кем дүйнө, кайтып келет да, келбейт...
Абибилла Пазылов,
Эл аралык
Айтматов сыйлыгынын ээси






Пикир: